Мугалим:
Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар жана бугунку майрамдын катышуучулары.
Эмесе, ушул кичинекей аруу журок, таза тилек наристелердин кучу менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиниздер.
Мугалим:
Конгуроонун кумуш уну чачырап
Биринчи ирээт классына чакырат,
Талпынагой темир канат бобоктай
Таалай жолун ушу бугун ачылат-
демекчи, конур куздун конгуроо уну менен кече эле алгачкы билим сабагына келген 1-класстын окуучулары мына бугун жыл айланып бир ашууну ашып отурат. Алгач ирет колдоруна китеп кармап, тамга тааныган окуучулардын «Ырахмат сага Алиппе» аттуу коштошууга арналган майрамына кош келипсиздер. Анда эмесе майрамдык кечени баштоо алдында турушкан окуучуларды чакырып алсак.
Мугалим:
Окуу жайын тушундук,
Алиппени бутурдук,
Алиппенин майрамын,
Ар кун сайын кутундук,
Мугалим:
Кана, балдар бүгүн бизде кандай майрам?
Окуучулар:Тыбыштардын салтанаттуу майрамы.
Мугалим:Дагы?
Окуучулар:Алиппе майрамы.
Мугалим:Анда эмесе бүгүнкү майрамга келген ата-энелерге, ага-эжелерге.
Окуучулар:Алиппе майрамына кош келиниздер.
Мугалим:
Кымбатту окуучулар, бугун биз учун кубанычтуу күндөрдүн бири болгон АЛИППЕ МАЙРАМЫН тосуп олтурабыз. Бул күнү, бул кубанычтуу майрамды биз эле эмес, бизге окшогон миндеген
1-класстын окуучулары суйуктуу Алиппеси менен коштошоор алдында турат. Силер Алиппе китеби менен билимдин биринчи эшигин ачтынар. Алдыда дагы биз биле элек, биз уга элек көп нерселер күтүп турат.
Мугалим:
Адабий окууну окуйсунар. Андан силер шар, корком окууга жетишуу менен бирге суйуктуу Ата Мекенди, кыргыз эли, жери, эмгек каарамандарын, шаар жана айыл кыштактарын, жаратылыш кубулуштары, уй жана жапайы айбанаттардын тиричиликтери жонундо окуп, ырларды, табышмактарды, макал-лакаптарды, жомокторду үйрөнөсүңөр. Эми балдар бүгүнкү кунгө чейин алиппе силерге эмнелерди үйрөттү өзүңөр айтып бергилечи.
ХОР:
Тамгаларды,
тыбыштарды,
ырларды,
макалдарды,
жомокторду
Окуучу:
Арыбаңыздар, энелер,
Барсынарбы бөбөктөр.
Сөзүмө кулак салыңыз.
Бир серпилип калыңыз.
Алиппеге арналат.
Бүгүнкү ыр кечебиз.
Окуучу:
Бүгүн биздин мектепте,
Алиппенин майрамы.
Окуп калдым бүт таанып,
Отуз алты тамганы.
Окуучу:
Алгач жүрсөк апкаарып.
Анан көнө баштадык.
Жаңылмачка тил көнүп,
Жакшы ырларды жаттадык.
Окуучу:
Көптү билдик, көп окуп,
Алиппе менен достошуп.
Сезимдерди ойготту,
Оюбузга ой кошуп.
Окуучу:
Суйуктуу ушул алиппе,
Китептердин төл башы.
Жолуктурган дөөлөргө,
Жомогу бар көп жакшы.
Окуучу:
Быйтын-быйтын басамын,
Мектепти көздөй шашамын.
Сабагымдан беш алып.
Конулумду ачамын.
Окуучу:
Отуз алты тамганы,
Оңой эле үйрөндүм.
Сөзүн окуп алиппенин.
Эжейимдей сүйлөдүм.
Окуучу:
Жакшы окуп билим алдык,
Болсун бизге калайык,
Эмне үйрөнүп, эмне билдик.
Кана, ортого салайлык.
Окуучу:
Өттү бизде сан сабак,
Бугун бизде салтанат.
Башка окуу менен достоштук,
Алиппе менен коштоштук.
Окуучу:
Алиппе менен кош айтышып калабыз
Эми колго башка китеп алабыз.
Ата-эне кубанычка орток бол.
Сабаттуу болуп чыкты эми балаңыз.
Мугалим:
Балдар уккулачы.
Ичи толгон арипке,
Билим берген бул бизге,
Биринчи колго кармаган.
Кайсы китеп ал сенде?
Хор: Келечекке жол ачкан, ал сүйүктүү алиппе.
Мугалим: Андай болсо баарыбызга кымбат болгон дос алиппени
ортого чакырып алалы.
Хор: Балдар хор менен окуучулар чакырат. Алиппе.
Алиппе:
Арбаныздар жаш достор,
Келечекке жол ачар.
Алиппен келди ортого,
Билим деген баланын.
Алиппесин мен берген,
Тамгаларды билсенер,
Мени урматтап журсонор.
Айткылачы угайын.
Ар бириндин ырларын.
Окуучу:
Ооба алиппе биз бугун.
Даярданып келгенбиз.
Тамгалардын ырларын,
Баарын айтып беребиз.
Окуучу:
Ынтымактуу баарыбыз,
36 тамгабыз.
Ундуу, унсуз тамга деп,
Топторго болуп алганбыз.
Окуучу:
Бугун бизде чон майрам,
Алиппенин майрамы.
Тыбыш менен тамгалар,
Биздин алга кадамдар.
Окуучу:
Кана эмесе бир бирден,
Тыбыштарды козгойлу.
Тамгаларды кезектеп,
Ролу менен ойнойлу.
Окуучу:
Майрамы деп алиппенин,
Ыр жаттап келдик баарыбыз.
Кайсы тамга экенин,
Ырларынан тааныныз.
Мугалим: Урматтуу алиппе. Балдар алиппеден алган
билимдерин ырларын айтып беришсин анда.
Тамгалардын ырлары.
Окуучу:
Алфавиттин башаты,
А тамгадан башталат.
Ата, апа ыйык соз.
А тамгада айтылат. Айжаз
Окуучу:
Билек туруп баатырларча,
Б тамгасы боломун.
Жакшы окуп келечекте,
Билим алуу тилегим. Кутман
Велосипед, вертолёт,
«В» тамгадан башталат.
Вокзал жакка паровоз
Вагон сүйрөп баратат. Таттыбубу
Гимн,гербди жазганда,
Керек дайым “Г” тамга.
Гүлай,Гүлзат баратат,
Гүл тергени талаага. Арууке
Д деген тамга мен болом,
Достукту бекем колдогон.
Душманды чектен өткөзбөй,
Эр болом мекен коргогон. Адахан
Жаа сыяктуу ийилген,
Ж тамгасын билип ал.
Жыргалдуу кен заманда,
Жакшы окуп билим ал. Алия
З тамгадан башталган.
Зулфия акын эжем бар.
Ыр жазууну ойлосон,
З тамганы билип ал. Аруузат
Ийне,илгич,ийнелик-
“И” тамгасын билелик.
Илим кудук казгандай,
Ийне менен изденип. Адиля
Кийим кийип калыңдап,
Канат кайда камынат?
Карасаңар баарына
“К” тамгасы жазылат. Айназик
Лампочкага, лыжага,
“Л” жазылат башына.
Лейла кооздоп алыптыр,
Лента байлап башына. Самина
Мыкты окуп мектепте,
Медаль менен бутуром.
Министр болуп бишкекте,
Мен апамды суйунтом. Нурислам
Нандын ыйык экенин,
Нуржан эстейт кезинде,
Нан болсо ыр болоору, Арген
Наристе балдар эсинде.
Дөңгөлөнөт дөнгөлөк,
Дөңгөлөккө “ң” келет.
Дагы кайсы сөздөргө,
“ң” тамгасы эң керек? Фатима Ң тамгасы
Тоголонгон топко окшош,
“О” тамгасы тоголок.
Окуу, отун, орокко,
“О” тамгасы колдонот. Мухсина
Өжөрлөнүп бек туруп,
Өнөр жайды көп куруп.
Өндүрүүгө киришсек,
Өнүгөт өлкөм кулпуруп. Баяман
Пахта, пилге, партага
“П” жазылат баш тамга,
“П” тамгасы болбосо
Парча айланат арчага. Жибек
Региондорду өнүктүрүп,
Райондорду өстүрүп.
Рахмат алып үлгүлүү окуп жүрүшүм,
Өлкөмө кошкон үлүшүм. Алина
Суу менен өмүр уланат,
Суу менен гүлдөйт туш тарап.
Суу менен түшүм мол алып,
Сурахмат абам кубанат. Самидин
Түрк атанын балдары,
Туугандай болуп жүрөлү.
Таарынышты билбестен,
Тынчтыкта өмүр сүрөлү. Нурманбет
Урмат кылып Чынгызды,
Улуу эл деп кыргызды.
Угуп келсе достору,
Утурлап сунат кымызды. Айша
Үтүк, үлүл, үйгө,
Ү келет деп билемин.
Үйүбүздүн тынчтыгын,
Үмүт менен тиледим. Медина
Ф тамгадан башталат,
Форма, фартук такталат.
Формалар түргө бөлүндү,
Номер 7 сонун көрүндү. Элиза
Халат,Хасан,халвага
“Х” тамгасын жазабыз.
Көк тиреген чокуну,
Хан-Теңир деп айтабыз. Али
Айлананы кагазга
Циркуль менен чиебиз.
Сонун оюн көргөнү,
Циркке барып киребиз. Нуржаз
Чабалекей,чагылган,
“Ч” тамгасы жазылган.
Чынчыл болуп чоңойгун,
Чындык ыйык баарынан. Айтунук
Шаарды кесип өтүптүр,
Шаркырап аккан дарыя.
Шашылып айтты Шарипа,
Ак Буура -деп жарыя. Багдыяна
Щ деген тамга бар,
Щетка сөзгө келет ал.
Тазалыкты сүйгүн деп,
Жардамын сага берет ал. Нуркел
Ь
Шаарларды карадым,
Подьезддерди санадым.
Жумшартуучу белгини,
Досторумдан сурадым. Айназик
Ъ белгиси:
Ажыратуу билгисимин
Зарыл менин өмүрүм
Эл, эл менен достошкондо
Тилдери ачат илимдин
Съезддерде сүйлөшүп
Подъезддерде жөө жүрөмүн. Нуртилек
Ыйласан соороткон,
Ырдатып ойноткон.
Ырыстуу эжекем,
Ыймандуу энекем. Нуртилек
Эшик,элик, эмерек-
“Э” тамгасы эң керек.
Эң бир ыйык адамың,
Эне десең “Э” келет. Амир
Юрий агам сыяктуу,
Шарипов учкан космоско.
Юлия учкуч болом дейт,
Юпитерге коном дейт. Адахан
“Й” менен “А” кошулса,
“Я” тамга деп аталат.
Якорь, Ялта,январь
“Я” тамгадан башталат. Баяман
Ё
“Й” менен “О” биригип,
“Ё” тамга деп аталат.
Жашыл ёлка балаты,
Жаңы жылда жасанат. Самидин
Е
Жашайт экен токойдо,
Енот деген жаныбар.
Кудум мышыкка окшогон,
Куйругунда чаары бар. Арген
Йогурт менен йодду
“Й” тамгадан баштайбыз.
“Й” башында бөлөк сөз,
Издесек да таппайбыз. Багдыяна
Инсценировка
Ичкертүү жана ажыратуу белгилеринин капа болушу.
Автор: Бир күнү. Ичкертүү белгиси менен ажыратуу белги капа болуп келишет.
Тамга эне – Келгиле ь белгиси жана ъ белги.
Ь жана ъ белгилери: — Биз… биз… (алар үн берейин дешсе үн чыкпайт капа болуп калышат)
Тамга эне:
-Эмне капа болуп жатасыӊар? ь жана ъ белгилери:
— Биз кандай тамгабыз? Б, В, О, Г, П сыяктуу үн берейли десек үнүбүз жок да.
Тамга эне:
– Жок тамгалар силер эч капа болбогула. Анткени силер керек болосуӊар. Азыр туруп тургулачы (деп даярдап койгон с ъ е з д, п а л ь т о өзүнчө сөздөрдү окутуп ъ жана ь белгилерин тамгалардын ортосуна коюп окутат).
Тамга эне:
— Ичкертүү белгиси сен болсо сөздөрдү түзүп жатканда сөздөгү тыбыштарды назик, сылык угузуп турасыӊ (карточканы же балдарды пайдаланса болот, лагер, пальто.
— Ал эми ажыратуу белгиси сен болсоӊ сөздөгү тыбыштарды ажыратып турасыӊ. Көбүнчө силер орусча сөздөрдө кезигесиӊер, с ъезд, под ъезд – (этаж үйлөр)
— Ажыратуу белгиси жана ь белгиси силер сөз түзгөндө керек болуп, тамга болуп көрүнөсүӊөр. Ал эми оозеки айтканда тыбыш болбойсуӊар, эми капа болбойсуӊар?
Ъ л ь белгилери – ооба.
— Тамга эне биз ырдап берели.
— Макул ырдагылачы.
Ь жана ъ белгилери:
Жалпы:
Назик, сылык сөздөрдү
Угузууга жаралганбыз
Айрым гана сөздөрдү
Ажыратып турабыз.
Тамга эне:
Дагы дагы айткылачы
Ыр даярдап жайкалсаӊар
Айткылачы шаӊданалы
Көӊүл кирин чайкасаӊар.
Ь белгиси:
Белги менмин ичкертүүчү
Айрым гана сөздөрдүн
Келе калып ортосуна
Же жабышып аягына
Өзүм тыбыш болбосом да
Көбү муктаж жардамыма.
Автор:
— Ошентип ичкертүү белгиси менен ажыратуу белгилеринин көӊүлдөрү ачылыптыр.
Инсценировка
«Йоттошкон тамгалардын жаралышы»
Автор: Бир маалда бир нерседен чоочугансып й тамгасы келет.
Й тамгасы – Ой тамгалар билесиӊерби?
Мен эки тамганы бириктирип бир тамга болом дагы, жок болуп кетем.
Тамгалар – Кантип жок болосуӊ?
Автор: — Й тамга А, О, У, Э үндүү тыбыштарды чакырат. Ар бир тамганын жанына туруп окутат.
Й тамгасы –А+Й-АЙ У+Й-УЙ
О+Й-ОЙ Э+Й-ЭЙ
Тамгалар – Ай, ой, уй, эй (деп окушуп)
Эй, й тамга мактанба, сен жок болгон жоксуӊ го?
Й тамга – Мен мында маани берген, муундарды түздүм, жоголгон жокмун.
Эми карагылачы, окугула.
ЙА, ЙО, ЙЕ, ЙУ
ЙА – окутуп Яны чыгарат да окутат
ЙУ – окутуп Юну чыгарат.
ЙЭ – окутуп Еени чыгарат
Йо – окутуп Ё тамгасын чыгарат
Дагы й тамгасы кетип калат.
Тамгалар – И и й тамгасы чын эле жоголуп кетти. Я, Ю, Е, Ё деп окушат
Й тамгасы келип:
— Мына көрдүӊөрбү. Оозеки айтканда, окуганда эки тыбыштан турабыз. Ал эми жазганда бир тамга болот. Ошентип мендеги үндүү тамгалар жок болуп, йоттошкон тамгалар жаралат.
Йоттошкон тамгалар: (ыр айтышат)
Эки тыбыш биригип
Бир тамга жаралдык
Айтып берип ырыбызды
Бир моокумдан каналы.
Уя, ую, коён, чие
Тамгалар көзгө көрүнөт
Оозеки айткан кезде
Тыбыштар көбөйүп угулат.
Автор:
— Ошентип йоттошкон тамгалар пайда болушкан экен.
Мугалим:
Айткылачы тезирээк,
Алиппеден окуган ырлардан,
Макалдардан ким билет.
Жанылмачты жанылбай.
Бат айтканды ким билет.
Макалдар:
Эне сыйлаган,элине жагат
Ар бир кесип ардактуу.
Онорун болсо орго чап.
Эр эмгегин жер жебейт.
Билим кенч, эмгек анын ачкычы.
Улууну урматта, кичууну ызатта.
Аш атасы-нан, нан атасы-дан.
Ат адамдын канаты.
Сен деген сенек сөз,
Сиз деген сылык сөз.
Дары -чөптөн, акыл- көптөн.
Карысы бардын ырысы бар.
Жакшы эл камын ойлойт,
Жаман өз камын ойлойт.
Мугалим:
Жанылмач айтуу(Ата-энелер кайталайт.)
Ак кептер,
Көк дептер.
Көк кептер.
Топ дептер.
Бир түп тыт,
Бир түп түрп,
Түрп тытты түртөт,
Тыт түрптү түртөт.
Шарак шурак, шатым урап,
Шашма улак, карап турат.
Апам алмадан үчтү үздү,
Алмуруттан үчтү үздү.
Жетпегенин күбүсө,
Жерге баары түз түштү.
Мугалим:
Китептеги жаттаган ырлардан да айтып береличи балдар.
Окуучу:
Эй адамзат пендеси,
Аккан суну булгаба!
Суу чыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор.
Кыргыз тили-эне тилим,
Орус тилин билемин.
Эми болсо англисче,
Билсем деген тилегим.
Жайы-кышы кетпеген,
Монгусу бар Ала-Тоо,
Асман менен тирешкен,
Белгиси бар Ала-Тоо
Балдан ширин туптунук,
Булагы бар Ала-Тоо,
Тукабадай кулпурган,
Туланы бар Ала-Тоо.
Кыш кеткенде жаз чыгат,
Жаз алдында ким турат,
Байчечекей биринчи,
Баш чыгарып кымпыят.
Кыш кеткенде жаз чыгат,
Жазды тосуп ким турат.
Калын кара чыйырчык,
Учуп келет чыркырап.
Түрүн баркыт өңүндөй,
Каралыгын көмүрдөй,
Кайда жүрдүн чыйырчык,
Күздөн бери көрүнбөй.
Келсе экен деп айылга,
Сени күттүм айылда,
Ала шалбырт жаз менен,
Уя салдым бутакка.
Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы,
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.
Сүттөй таза тилеги,
Дениздей кен талабы,
Көктөй тунук акыйкат,
Анын ар бир барагы.
Ырыскынды бекерге,
Төкпөгүлө балдар ай.
Акарат кылып бирөөнү,
Сөкпөгүлө балдар ай.
Атка минсен сыланып,
Токтогула балдар ай,
Илим-билим пайдалуу,
Окугула балдар ай.
Математика:
Бул сандыктын ичинде,
Бирдик, ондук сандар бар.
Бут бардыгын салууга,
Батпай калды калгандар.
Мен деген нолмун,
О тамгасына окшотуп коргун.
Менин атым бир,
Санаттын башы экенин бил.
Бирге кошулган бирмин,
Эки эмей анан киммин.
Экиге бирди кошкун,
Сабакты орто билгендерге досмун.
Улактын канча буту бар. Билбеген мени утулар.
Менин атым беш,
Кээде эн жакшы дешет.
Мен алтымын, алтымын,
Бир нолу бар жалкымын.
Жалгыз буттуу жетимин,
Беш кошулган экимин.
Мен сегизмин, сегизмин,
Эки нолдуу эгизмин.
Бир орундуу сандардын,
Чону болуп калганмын.
Мен он деген чондукмун,
Кенжесимин ондуктун.
Мугалим:
Калайманды баштады.
Эки жуз экен балбаны.
Эсил Манас кабылан.
Баарын жайлап таштады.
«Манас- кыргыз рухунун туу чокусу»-дегендей кезекте манас эпосунан узунду айтуу.
АЛИППЕ: Азаматсынар балдар, копту уйронупсунор. Мындан ары адабий окуу китебин окугула. Мугалидин созу:
Балдар Алиппе менен коштошо турган учур жетип келди.
________________
Копту билдим озундон
журдук ысык достошуп
Тугол окуп бутсомда
Кыйбай турам озундон.
Окуучулар (хор)
Ата энедей досубуз
Алипебиз кошунуз
Эмки жылы инимди
Кучак жайып тосунуз.
Мугалимдин созу;
Алиппе сиз болдунуз
Эн бир жакын досубуз
Сизден коптуу уйрондук
Коштошунуз кошунуз.
Алиппенин созу:
Кагылайын балдарым
Ыраазымын силерге
Дагы деле даярмын
Илим билим берерге.
Келечегинер кен болсун
Ар дайым кундой жаркырап
Кыргыздын жакшы уул кыздарынан болгула.
Адабий окуу:
Уруксатпы? Саламатсыздарбы?
Хор: Саламатсызбы?
АЛИППЕ:
Мына адабий окуу да келип калды. Жалпы урматтап
Окугула. Барактарын кирдетпей, таза кармагыла. Эми балдар кош болгула.
Хор: КОШ АЛИППЕ!
АДАБИЙ ОКУУ:
Таанышып алалы балдар,
Мына мен адабий окуу.
Кир кылбай окуп билим ал.
Баарына тиет керегим.
КОНЦЕРТ.
Мугалим:
Мугалим жаркын омур эн бир кымбат,
Адамга ак жол тилейт чебер кылдат.
Билимдин акыл эстин саяпкери.
Мугалимге мин мертебе алкыш урмат-
демекчи бизге билим тарбия берип жаткан агай-эжелерибизге да ырларыбызды тартуулап келсек.
Окуучу:
Билимин алып ар убак.
Алдыга карай умтулам.
Келечекте мен дагы
Үмүт эжеме окшойм деп турам.
Тарбиялык иштерди,
Алып барат дайыма.
Концерттерди жетектеп.
Алга суройт Тагаева Рахат эжекем.
Мугалимди ар убак,
Ардактаймын даңктаймын.
Орус тили сабагын.
Ырыс,Раиса эжемдей барктаймын.
Мугалим мөмөлүү дарак дешет.
Мээрими ай аламга жетет дешет
Ыраазыбыз бизди окуткан мугалимге,
Убакыт бөлүп карап теңдеп келсе.
АТА-ЭНЕЛЕР ОЮНУ.
Мугалим: Кана балдар, бизди багып чоңойтуп, ушул даражага жеткирген ата-энелерибизге да арналган ырларыбызды айтып өтсөк.
Окуучу:
Эненин акылдыгын барктай билгин,
Даңазалап дүйнөгө даңктай билгин.
Жэтишээр деп даңазалап койбостон,
Кулча иштеп ак сутун актай билгин.
Айым кунум ата-энем.
Айланайын апакем.
Ак сутунду актайм мен,
Кичинемден бактың сен.
Ардагым менин апакем,
Түгөнгүс байлык берекем.
Алпештеп жүрүп өстүргөн.
Алтындай менин апакем.
Ата-энем ардактуу.
Бар болгула ар дайым
Ата-энемдин айтканын.
Дайым кылам заматта.
Мээримин төгүп өстүргөн,
Ардагым менин апакем.
Тендеши жок дүйнөдө.
Алтындан кымбат берекем.
Жеке номер. Апакем
АТА-ЭНЕЛЕР ОЮНУ.
ЖОМОК:
ЖЕКЕ НОМЕР. БИЙ. ХОР. ЖЫЙЫНТЫКТОО:
Грамота тапшыруу.
Соз директор,ата-энелерге берилет.