СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 04.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Арифметикалык прогрессия

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын конспект планы

Просмотр содержимого документа
«Арифметикалык прогрессия»

Назгүл Каныбекова

Билим” лицейинин математика мугалими


САБАКТЫН ТЕМАСЫ: АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

КЛАССЫ: 9


САБАКТЫН МАКСАТЫ:

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөрү:

Когнитивдик:

-Окуучулар арифметикалык прогрессия түшүнүгүнө ээ болушат;

-Арифметикалык прогрессиянын мүчөлөрүн жана айырмасын ажырата алышат;

-Арифметикалык прогрессияны сандык удаалаштыктан айырмалап биле алса;

-Берилген арифметикалык прогрессиянын каалаган мүчөсүн таба алса;

-Прогрессиянын айырмасын таба алса;

Жүрүм-турумдук:

Окуучулар топ менен жана жекече иштөөдө өз оюн жактоону билишет жана далилдеп, тыянак чыгара алышат;

-Турмуштан арифметикалык прогрессия кездешүүчү жагдайларды баяндап берсе;

-Көйгөйдүн берилишине жараша чыгаруу жолдорун сунуштаса;

Баалуулук:

Өз алдынчалуулук, сынчылдык, математикалык каражаттар менен реалдуу турмуштагы процесстерди салыштырып, анализдей алышат.

-Топ менен иштей алса;

-Өз позициясын коргой алса же өз катасын моюнуна ала билсе;

Cабактын тиби:

Жаны материалды өздөштүрүү

Сабактын формасы:

Сабак-практикум

Предмет аралык байланыш:

Медицина, экономика, биология

Сабактын жабдылышы:

Проектор,  компьютер, экран, таблица, баалоо карточкалары, бор, окуу китеби, таркатма материалдар

Сабактын ыкмасы:

Көйгөйгө багытталган окутуу (КБО)


Күтүлүүчү натыйжалар

Негизги компетенттүүлүк-төр

Предметтик компетенттүүлүк-төр

9.2.2.3. Жалпы мүчөнүн формуласы боюнча удаалаштыктардын маанилерин эсептегенди билет.


Маалыматтык НК1

Эсептөөчүлүк ПК1

9.2.3.1. Прогрессиянын п-мүчөсүнүн формуласы боюнча анын каалаган мүчөсүн табууга мисал-маселелерди чыгара алат.


Социалдык-коммуникативдик


НК2

Аналитика-функционалдык


ПК2

9.2.4.2 Курча турган дүйнөдө келип чыккан маселелерди белгилөө жана чечүү үчүн арифметикалык прогрессияларды пайдалана алат.



Өз ишин уюштуруу жана өз көйгөйүн өзү чече билүү

НК3

Көрсөтмөлүү-образдык

ПК3







Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убакты

сы

Мугалимдин

ишмердүүлүгү

Окуучулардын иш-мердүүлүгү

1

Шыктандыруу

2-3 минут

Мугалим кандайдыр бир фигуранын (тегерек, тик бурчтук) сүрөтү тартылган кагазды топторго берет. Ал сүрөткө биринчи окуучу бир окуучу бир элемент, экинчи окуучу эки элемент, үчүнчү окуучу үч элемент ж.б.у.с. кошуп олтуруп, сүрөттү толукташ керектигин жана жыйынтыгында алынган сүрөттүн креативдүүлүгү эске алынарын айтат.

Окуучулар берилген кагазга ар бири өзүнө тиешелүү өлчөмдө элементтерди кошуп олтуруп, жаңы сүрөт чыгарышат.

2

Топторго бөлүнүү


3 минут

Окуучуларга “козу”, “улак” деген сөздөр жазылган кагазды таркатат.

Окуучулар өзүнө кайсы сөз түшкөн болсо ошол үндү чыгарып, шериктерин табышы керек.

3

Баалоо критерийлери менен тааныштыруу


1-2-минут

1. Үй тапшырмасы:

2. Активдүү катышуусу:

3. Топто иштей билүүсү:

4. Кошумча баллдар:

Окуучулар ар бир учурда мугалимден алган баллын кагазга түшүрүп турушат.

4

Үй тапшырмасын текшерүү


4-мин

Мурунку сабакта үйгө берилген тапшырманын жоопторун экранга чагылдырат.

Окуучулар маңдайлашынын тапшырмасын текшерет жана баалоо баракчаларына балл коет.

5

Окуучулардын билимин актуалдашты--руу

7-8 минут

Мугалим окуучулардын көӊүл буруусун топтоштуруу, жаӊы сабактын темасын жана максатын аныктоо үчүн кыскача талкуу уюштурат. Жаңы теманы ачуу үчүн кроссворд сунуштайт.

Мугалим ортого көйгөй таштайт:

1-тапшырма: IT фирмасына конкурстан өтүп Актан аттуу аракетчил жигит март айында жумушка кабыл алынды. Жетекчилик ага биринчи ай үчүн 1200 доллар айлык, андан кийинки ар бир айда мурдагыга салыштырмалуу 120 долларга көп маяна берүүнү убада кылды. Анда Актандын маянасы август айында канча долларга жете тургандыгын аныктагыла.


Окуучулар кроссворддогу сөздөрдү таап, жаңы теманы ачышат.





Топ менен кеңешип маселени чыгарышат жана өз позицияларын жактап беришет.

6

Жаңы теманы түшүндүрүү

15-20-минут

Экинчи мүчөсүнөн баштап ар бир мүчөсү өзүнөн мурдагы мүчөгө бир эле турактуу санды кошуудан алынган удаалаштык арифметикалык прогрессия деп аталат.

а1, а2, а3….аn арифметикалык прогрессиянын мүчөлөрү

d – прогрессиянын айырмасы

аn=a1+(n-1)d n-мүчөсү


2-тапшырма: Арифметикалык прогрессиянын белгисиз мүчөсүн жана айырмасын табуу

3-тапшырма: Эс алуучу доктордун кеңеши боюнча биринчи күнү күнгө 5 минута какталды жана улам кийинки күнү какталуу убактысына 5 минута кошулуп отурду. Канча күндөн кийин эс алуучу күндө 40 минута какталып отурат? (Маселени чыгаруунун оптималдуу жолун сунуштаганга аракет жасагыла)


Формула боюнча жогорудагы 1-тапшырманы эсептеп чыгып, өз позицияларын жакташат


7

Рефлексия

2-3 минут

“Беш манжа” методу менен рефлексия жасоо тапшырмасын берет.

  1. Баш бармак – мен эмнени үйрөндүм

  2. Сөөмөй – эмнени жасай алдым

  3. Ортон – эмнени түшүнбөдүм

  4. Чыпалак - менин сабактагы маанайым

Окуучулар рефлексия жасашат.

5

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Баалоо

(формативдик, суммативдик)

2 мин

Сабактын башында балдарга тааныштырылган критерийлердин негизинде топторду баалайт. Ар бир тапшырма боюнча топтордун топтолгон баллдарын эсептеп, баа коет.

30-40 балл “5”

20-29 балл “4”

5-19 балл “3”

0-4 балл “2”

Ар бир тапшырманы аткаруу учурунда топтогон баллдарынын суммасын чыгарышат.

6

Үй тапшырмасы

1 мин

Акылай ЖРТге даярдануу үчүн катуу аракет кылып баштады. Ал өзүнө мындай тапшырма койду. Бүгүн китептин 10 бетин, улам кийинки күнү мурунку күнгө караганда 4 беттен көп окуп турмак болду. Эгерде Акылай ушундай темпте кетсе 15 күндө китептин канча бетин окуп койгон болот?


Тапшырманы толук түшүнүшөт жана топ менен кеңешип көйгөйдү кандай чечүүнү ойлонушат.



Кроссворд:

1. Сан удаалаштыгында аn деген эмнени түшүндүрөт?

2. 1, 2, 3, 4, 5, ..., n, n+1,... натуралдык сандарынын ...... (толукта)

3. Сандык удаалаштык аn=2(n-1) ....менен берилген. (толукта)

5. Сандык удаалаштыктын берилиш жолу. Латын тилинен которгондо “артка кайтуу” дегенди билдирет.

6. а1, а2, а3….аn сандык удаалаштыкта а2 удаалаштыктын экинчи.... (толукта)

7. Далилдөөнү талап кылбаган сүйлөм

8. а1, а2, а3….аn сандык удаалаштыкта а2 удаалаштыктын экинчи.... (толукта)

9. Фибоначчинин удаалаштыгында 5 саны удаалаштыктын канчанчы мүчөсү?

10. Бардык нерсенин эмнеси болот? Бирок, удаалаштыктын ... болбойт.

Баалоо баракчасы:____________________________________



1. Үй тапшырмасы:






2. Активдүү катышуусу:






3. Топто иштей билүүсү:






4. Кошумча балл






Суммасы:










Үй тапшырмасынын жооптору:

№4 а) а10=47 г) а10=1

б) а10=-26 д) а10=0

в) а10= е) а10=0

№5 а) в)



б) г)

№6 а1=2, а2=2, а3=6, а4=30, а5=210

№7 а1=1, а2=-2, а3=-11, а4=-38

№8 а5=1,5

№10 1,1,2,3,5,8,13,....





4



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!