СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Архимед күчү.Архимед күчүн эсептөө

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Архимед күчү.Архимед күчүн эсептөө»

.Сабактын темасы: Архимед күчү

2.Сабакты максаты: Окуучуларга Архимеддин илимге, техникага жана жашоого жасаган ачылышы жөнүндө баяндаманы калыптандыруу. Ар кандай сууда сүзүүчү техникаларды курууда курулуш иштеринде эсепке алынуучу жагдайлардын далилдеп берүүгө окуучуларды үйрөтүү.Архимед күчүн эсептөөнүн формуласын чыгарууну калыптандыруу.

3.Сабактын милдети:

Ар кандай слайддар, баяндоолор, видео материалдар аркылуу теманын мазмунун ачып берүү.Архимеддин эмгегине таазим этүү, Архимед күчүн эсептөөнүн формуласын чыгаруу жана ага маселелер иштөө.Классташтарынын арасында чогуу бири бирин угуу жана бирге эмгектенүүгө үйрөнүү, жолдошторунун эмгегин сыйлоого үйрөнүү

4.Сабактын жабдылышы: Интернет булактарынан видео материалдар даярдоо, слайддар, резина шары, пружина, штатив ,жүктөр, резина шнуру ж.б.материалдар,компьютер,проектор,экран .

5.Сабактын жүрүшү:

Негизги багыттар

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Уюштуруу учуру

Классты сабакка уюштуруу, катышууну журналга тактоо, окуу каражаттарынын даярдыктарын байкоо

Керектүү куралдарын даярдоо

Өтүлгөн материалды кайталоо

  1. Суюктуктун ар кандай тереңдиктеги басымын кантип аныктоого болот?

  2. Чакадагы суунун эркин бетинен 20см тереңдигиндеги басымы канчага барабар?

Окуучулар басымдын формуласын жазышат

Сабакка шыктандыруу

Архимед жөнүндөгү легенданы(уламышты) окуп берүү

Кунт коюп угушат

Жаңы материалды түшүндүрүү



Архимед жөнүндөгү легендада бир бөлүк алтындын ошондой эле көлөмдөгү суудан 19,3 эсе оор экенин тапкан.Бул болсо, алтындын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан 19,3 эсе чоң дегенди билдирет. Эгер таажынын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан 19,3 эсе чоң болсо,таажы нак алтындан жасалган болот. Бирок Архимед ваннадагы сууга түшүп жатып

Эврика! Эврика! деп кыйкырып жиберет бул таптым! деген сөз эле.

Эми Архимеддин тажрыйбасына токтололу:

СУЮКТУККА МАТЫРЫЛГАН НЕРСЕНИ ЖОГОРУ ТҮРТҮҮЧҮ КҮЧ АЛ НЕРСЕ СҮРҮП ЧЫГАРГАН СУЮКТУКТУН САЛМАГЫНА БАРАБАР.

Суюктуктун ар кандай бийиктиктеги мамасынын басымы төмөнкү формула менен эсептелет.

ϜА=ρс gVн

Мында ρС -суюктуктун тыгыздыгы,

g= 9,8 н/кг

Vн – суюктукка салынган нерсенин көлөмү



Демек, эмне үчүн жыгач сууда калкайт,ал эми таш чөгөт?














Окуучулар мугалим менен бирге иштешет.











Суюктуктун ар кандай деңгээлдеги басымы

Р=ρgh































Түшүнүктөрүн дептерлерин жазышат

Теманы бышыктоо үчүн суроолор жана маселелер

1.Деңиз суусунда 1,6 м3 көлөмдөгү ташка аракет этүүчү түртүү күчүн аныктагыла.

Берилди: формула чыгаруу

V=1,6 м3 Ϝ=ρgV Ϝ=1030*9,8*1,6=

ρ=1030кг/м3 =16 480 Н=16,5 Н

g=9,8н/кг жообу: 16,5 Н

Табуу керек Ϝ=?

2.Керосинге салынган 0,1 дм3 көлөмдөгү темирге аракет этүүчү

түртүү күчүн аныктагыла.

Берилди: формула чыгаруу

V=0,1 дм3 = 1*10-4м3 Ϝ=gρV Ϝ=9,8*1000*10-4=

ρ =1000кг/м3 =0,98 Н=1 Н

g =9,8 Н/кг жообу: 1Н.

Табуу керек Ϝ=?

Мугалим менен бирге дептерлери-не иштешет.

Окуучуларды баалоо

Окуучулардын сабактагы аракети эсепке алынып баа коюлат.

Күндөлүккө баа коюлат

Теманы жыйынтыктоо

Ар кандай нерсе суюктукка салынганда суюктук тарабынан түртүү күчү аракет этет.Түртүү күчү б.а. Архимед күчү суюктуктун тыгыздыгына жана сууга салынган нерсенин көлөмүнө гана көз каранды экени далилденди.


Окуучунун тема боюнча пикири

1.Мен темага жакшы түшүндүм, маселе чыгарып айтып бере алам...

2.Мен темага жакшы түшүндүм ,бирок маселе чыгара албайм...

3.Мен үчүн бул тема өтө оор болду, себеби...

Жазып калтырышат

Үй тапшырмасы

Физика 7-класс Э.Мамбеахунов окуу китебинен §31,32

В.И.Лукащик Маселелер жыйнагы № 566,567,570

Күндөлүккө жазышат




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!