СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата -эне жана мектеп

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамды адам кылчу  сапаттар

Просмотр содержимого документа
«Ата -эне жана мектеп»

Адамды өзүнө тартуунун 9 сапаты

1. Боорукерлик менен адамдарга мамиле кылуусу керек.

Ал үчүн адам өзүнүн напсисин тыюу керек. Эч качан өзүңүздү кыйын сезип маектешиңизди басынтпаңыз. Боорукер адам мындай нерселерди жасабоосу керек. Ал өзүнүн жөндөмүнө ишенген, башкаларга жамандык каалабаган, бактылуу адам.

2. Ал өзүнүн кадыр-баркын билет.






Мындай адамдар жасаган иш аракетине жараша баа берерине ишенишет. Ал эми өзүнө ишенүү көптөгөн жагдайларда жардам берет.

3. Адамдарга аны менен болуу жагымдуу.



Жумушта мындай адам менен кезиксең өзүндү абдан жакшы сезип, жайыла түшөсүң. Аны менен сүйлөшүү эч кандай тоскоолдукту жаратпайт, анткени ал да жанындагы адамга ошондой мамиле жасайт. Ал эч кимди өзгөрткөнгө аракет кылбайт. Тескерисинче адамдардагы катылган сырларды көрүп, аларды сыртка чыгаруусуна жардам берет.

4. Ал терс сапаттардан качат, пайдалуу нерселерди кылганга умтулат.



Биз айланабыздагы адамдардын жүрүм-турумун көчүрүп алууга жакынбыз. Албетте, жакшы адамдардын жанында өзүбүздү жакшы сезебиз. Анткени биз алардан энергия, мотивация алабыз. Мындай адамдар менен убакыт өткөрүү жагымдуу.

5. Ал башкаларга жардам берет, колдойт.

Мындай адамдар башкаларга жылуу сөздөрду айтып сүйүндүрөт. Кандай гана жагдай болбосун сени угуп туура чечим чыгарууга жардам берет. Мындай адам айланасындагы адамдардын бактылуу болуусун каалайт.

6. Ал адамдар менен атаандашпайт, тескерисинче иштешет.

Ал ушак айтып, башкалардын көзүнчө өзүн көтөрбөйт. Мындай адамдар башкалар менен атаандашпайт, тескерисинче алар менен жакшы иштешкенге аракет кылат. Мына ушундай адамдар гана жеке жашоосунда эле эмес ишкерликте да ийгиликке жетишет.

7. Ал өзүн аялуу көрсөтүүдөн коркпойт.



Ачык адам өзүнүн сезимдерин башкалар менен бөлүшөт. Ал эми жанындагы адамдар да ага жооп берип, ишенип өзүлөрүнүн тажрыйбаларын айтып берет. Адамдарга кыйын учурларда жардам берип, аны угуп, колдоп турганга кимдир бирөө болуш керек.

8. Ал өзүнүн күчтүү сапаттарына басым жасайт.

Мындай адамдар өзүнүн сезимдери, ниети, жөндөмү жөнүндө ачык эле айтат. “Мен мындай кылсам болмок”, “мен аракет кылып жатам”, “мен билбейм” деген сөздөрдөн качууга аракеттенет. Анткени мындай сөздөр өзүнө ишенимин жоготот.

Мындай адамдар эмне каалаганын жана эмнени кыла аларын билет. Ал өзүнүн алсыздыгын көргөзүүнүн ордуна күчтүү жактарын көрсөткөнгө аракет жасайт.

9. Ал бүт нерсеге аракет жасайт.

Мындай адамдар бардыгын кылдаттык менен жасайт. Ал өзүн жагымдуу көрсөтүүгө аракет кылат жана ар кандай бизнес жолугушууга барарда ал адамдар жөнүндө алдын ала окуп маалымат алат. Бул көп убакытты талап кылбайт, жөн гана анын маектешине жагымдуу болот деп ишенет. Анткени алар бизди унутпаптыр деп сүйүнүп калышат.