СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 09.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата - Журт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Ата - Журт»

СООЛУТПА ЖАНДЫ, СОО БОЛСУН ДЕСЕҢ АТА ЖУРТ!

Сабактын максаты:

Окуучулар арактын зыяндуулугун, анын адам жашоосуна тийгизген таасирин түшүнүшөт. Арактын Ата журт темасына кандай байланышы бар экендигин билишет. Арак ичпөөгө, адептүү, патриот инсан болууга тарбияланышат. Арактын кесепетинен турмуштагы пайда болгон көрүнүштөрдү байкоого, баамдоого, андан жыйынтык чыгарууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Ичкиликтин зыяндуулугу жөнүндө жазылган лозунгдар, ар түрдүү арактын бөтөлкөлөрү, арактын айынан көчөдө тентип жүргөн, кылмышка баргандардын сүрөттөрү, Э.Балтагуловдун «Ичпечи апа» ырынын диски.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Эмил Балтагуловдун «Ичпечи апа» деген ырын уктуруу менен башталат. Ыр уктурулуп бүткөндөн кийин окуучулар эки топко бөлүнүп 1-топ «Арактын зыяндуулугу», 2-топ «Арактын пайдасы» деген темада кластер түзүшөт. Түзгөн кластерлерин жалпы талкуулашат. Мугалимокуучуларга «Соолутпа жанды, соо болсун десең Ата Журт!..» деген темада лекция окуйт же 5 мүнөттүк эссе жаздырып, каалоочуларды класста окутса да болот.



Сый тамак

Кыргыз эли меймандос келет эмеспи. Көптөгөн аш-тойлор ар бир үй-бүлөдө өткөрүлүп келет. Баарынан аянычтуусу –ошолордун баары, жадагалса, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты да ичимдиксиз өтпөй, арактын сыйлуу тамактардын бирине айланып калганы, илгертен бери атадан балага, урпактан урпакка мурасталып келген салт-санаа, үрп-адаттарыбыздын башка нукка бурулуп, башкача мааниге ээ болушу. Той берген адам арак-шарапты мол берсе, «О-уу, кыйын экен, өткөн тойдо жашиктеп арак берди, март адам экен!» - деп, көпкө дейре макташат. Дасторкон четинде отурганда, жакшы каалоо-тилектер араксыз айтылбайт. Сөзсүз колго стаканды карматып: «Ичпесең таарынам, ачууңду калтырба!» - дешип, бирибирин кыйнамай.



Адатка айланган көрүнүш

Өкмөт берген пенсия, жөлөк пулдардын айрым учурларда чыныгы ээлерине жетпей калып жатканы эч кимге деле жаңылык эмес. Азыр өкмөт акенин ченепбычып бергендерин орто жолдон «тоноп», жолбун иттерге окшоп көчө таптап, бир бурчка чогула калышып: «Сен мени сылайсыңбы?» -дешип, бири-бирин «жинди сууга» тойгузмайлар көбөйүп кетти. Мунун баарын өлкөбүздүн сайсийэкономикалык абалына, жумушсуздукка, жашоо деңгээлибиздин төмөндүгүнө байланыштуу десек да болчудай. Анан да, жашоонун татаал шартына нааразы адамдар ызага уугуп, мүңкүрөп турушканда, теледеги жарнамалардан аракты аянбай үгүттөп жатышканын кандайча жорусак болор экен? Арак өндүрүүчүлөрдүн уялбайэтпей туруп, баланча пайызы бюджетке, баланчасы балдар жана карылар үйлөрүнө жардамга кетет дешкени эмнеси?



Сандар сайрайт

Ичке кирсе куйкалаган, адам ичсе жөн турбаган, ойноктотуп буту-колун, сүйлөтүп баары-жогун, жолборстун күчүн берген мөлтүр суюк зат канчалаган адамдын өмүрүн алып, нечендеген үй-бүлөнү зар какшатты, канчалардын жүрөгүнө кир толтурду. Республикалык наркология борборунун берген маалыматы боюнча, аракечтердин саны жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, 2005-жылы 2668 адам алкоголизмден жабыркаган болсо, 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча, алардын саны 30395 адамды түзгөн. Контрабандалык жол менен алынган, сапатсыз спирт ичимдиктерин ичүүдө пайда болгон психикалык оорулардан жабыркаган, жөөлүгөн адамдардын саны 620 чакты. Ал эми аймактар боюнча бөлүштүрүп карасак, 1000 кишиге Таласта –49,3, Жалал-Абатта –22,7, Нарында –39,2 пайызы туура келет. «эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт» демекчи, аксакалы жайкалган абышкадан тартып кылмурут жигиттерибизге чейин баштары арактан чыкпаса, аларды көргөн жаштардан кандай келечекти күтүүгө болот. 2005-жылы арактын айынан 161 мектеп окуучусу милицияга түшкөн.



Арактын тарыхынан

3-4-кылымдарда Арабстандык бир окумуштуу картошканын калдыктарынан, канттын ширесинен суюктук жасап, аны татып көрүп таң калган. Анан «Мен карыганды жашарта турган, чарчаганды эс алдыра турган укмуштуу эликсирди таптым» деп жарыя кылган. Анын аты араб тилинде «Аль-коголь» кыргызчасы «Баш айланткыч» дегенди түшүндүрөт. Мына ошол күндөн тартып ичимдик коомго кеңири жайылып, убагында ага кайрылбаган жазуучулар, сүрөтчүлөр болгон эмес. Негизги темаларынын бири ошол арак болгон.



«Аракечтин арманы…»

«Кош бол, жаным! Кош бол, жарык дүйнө! Мына акыркы жолу айланага көз чаптырып, көкүрөк кере дем алып жатам. Ырас, бул –жашоомдогу акыркы жолку жүрөгүмдүн согушу. Менин бул дүйнөдө тирүүлөй өлүк болуп жүргөнчө, кара топурак кучактап жатканым оң болор. Себеби, менин эч кимге керегим жок, таянар жөлөгүм да жок. Менден баары эбак эле кол жууп коюшкан. Бирок, Буга ким күнөөлүү?!.. Чиркин жашоо, баарын артка кайра жылдырууга мүмкүн болсо, кайрадан баарын түптамырынан бери өзгөртүп, таптакыр башкача жашамакмын. Бала-бакырамдын чоңойгонун көрүп, күлкү аралаш «ата» деген сөзүн угуп, назик, мээримдүү жубайымдын жанында отурмакмын. Ишимдин үзүрүн көрүп, досторум менен чогуу жүрмөкмүн. Өз убагында түшүнбөй, гүлгө учкан аарыга окшоп, кайдан жүз грамм таап, кайдан моокумумду кандырам деген ой башымды ээлеп алыптыр. Ал ишимдин үстүнөн чыкканда, балын ууртаткан аары сыяктуу,жинденип, аялым кош бойлуу кезинде курсакка тепкеним көз алдыман кетпейт. Мен баарыңардан кетирген күнөөлөрүм үчүн миң мертебе кечирим сурайм. Кечиргиле, мени, кечиргиле…Бардык адамдарга айтарым –эч качан аракечтикке берилбегиле, жеке керт башыңардын кызыкчылыгын ойлобогула. Жанын берген жакындарыңардын келечегин ойлогула, кудайым берген бакытты туура колдонгула. Менин кылган кылыгым, мен жашаган жашоо эч кимдин башына түшпөсө экен. Ал эми мен үчүн бардыгы кеч. Кош бол, жашоо!..»

(Элеонора Абдылдаеванын «Шоокум» журналындагы материалынан

пайдаланылды. 2007-жыл,

Жалган куран)






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!