Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесин жыйынтыктоо жана бышыктоо
Сабактын максаты:
Сабактын максаты:
Көрсөткүчтөр:
Билим берүүчүлүк:
Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси боюнча алган билимдерин бышыкташат.
Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесинин сюжетин толук өздөштүрө алышса;
Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ойлоо жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө кыскача маалымат алышат.Айрым сөздөрдүн маанисинин чечмеленишин билишет.
Суроолорго жооп беришет. Чыгарманын картасын толтура алышат.Чыгармадагы кездешкен айрым сөздөрдү маанилери менен туташтырышат
Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө маалымат алышып, кээ бир сөздөрдүн маанисин түшүнө алышса;
Тарбия берүүчүлүк: Чыгармадагы тарбиялык идеяларды достору менен бөлүшө алышат. Бири-биринин оюн сыйлоону, мамиле тузүүну үйрөнүшөт. Атанын барктуу экендигин туюшат.
.
Бири-бири сыйлоо менен туура мамиле түзүп, атанын барктуу экенин аңдап билишсе;
Үй тапшырма: Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесин окуп келүү жана окуя боюнча сүрөт тартуу
Сөздөрдү маанилери менен туташтырабыз
Сөздөр
Мааниси
Кашар
Койлордун жүнүн кырккан убак
Кыркын
Почтада телефонго жооп берген адам
Көчмө кино
Мал баккан жай
Замбирекчилер
Телефонист
Душманга каршы замбирек менен ок аткан адам
Ар башка айылдарга өчүп кино көрсөтүү
Согушта курман болгон
Бекер жүргөн адам
Жалгыз бой
Күйөөсү же аялы жок жалгыз адам
Безерман
Согуш болгондо өлгөн
Сөздөрдү маанилери менен туташтырабыз
Сөздөр
Мааниси
Кашар
Мал баккан жай
Кыркын
Койлордун жүнүн кырккан убак
Көчмө кино
Замбирекчилер
Ар башка айылдарга өчүп кино көрсөтүү
Душманга каршы замбирек менен ок аткан адам
Телефонист
Почтада телефонго жооп берген адам
Согушта курман болгон
Согуш болгондо өлгөн
Жалгыз бой
Күйөөсү же аялы жок жалгыз адам
Безерман
Бекер жүргөн адам
1.Баш каармандын аты ким? Авалбек
2.Баш каармандын апасынын аты ким? Жээнгүл
3.Баш каармандын атасынын аты ким? Токтосун
4.Авалбектин апасы ким болуп иштейт? Телефонист
5.Авалбек менен Жээнгүл кинону кайсы жерден көрүштү? Кашардан
6.Кино эмне жөнүндө эле? Ата Мекендик согуш жөнүндө
7.»Атадан калган туяк» чыгармасы кайсы жанрда жазылган? Аңгеме
Аңгеме — эпикалык түргө кирүүчү чакан, катышуучу каармандары аз, сүрөттөлүүчү окуясы чектелген кара сөз (к.) түрүндөгү чыгарма.
Рассказ — произведение прозы маленького объема, лаконично описывающее определенное событие или эпизод из жизни героев.
8.Авалбек кыркынга эмне үчүн келчү эле? Анткени аны караганга эч ким жок болчу
9.Жээнгүл кыркында эмне кылчу? Койдун жүнүн кыркчу
10.Көчмө кинону кантип сүйүнчүлөдү? «Кино келди! Кино келди!»
11. «Атадан калган туяк» чыгармасын ким жазган? Ч.Айтматов
12.Ч.Айтматов канчанчы жылы туулган? 12-декабрь, 1928-жылы
13.Ч.Айтматов кайсы жерде туулган? Талас облусу, Кара-Бура району,Шекер айылы
Чыгарманын картасын түзүү 1.Бүгүнкү сабакта кайсы чыгарманы өттүк? 2.Чыгарманын автору ким? 3.Чыгармада болгон окуя кайсы жерде, кайсы мезгилде болуптур? 4.Чыгармадагы башкы каармандар? 5.Чыгарманын башталышы кандай? 6.Чыгарманын кульминациясы? 7.Чыгарманын аягы эмне болуп бүтөт?
Үй тапшырма: Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин эскерүүлөрүн чоң ата, чоң энелерден сурап жазып келгиле