Просмотр содержимого документа
«Атмосфералык басым»
Тема : Атмосфера басымы .Атмосфера басымын өлчөө .Торричелли тажрыйбасы
Билим берүүчүлүк
Өнүктүрүүчүлүк
Окуучулар атмофера басымы жөнүндө түшүнүк алышат.
Тарбия берүүчүлүк
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: атмофера басымы жөнүндө түшүнүк алышса
Атмосфералык басымдын маанисин түшүнушөт ,ой жүгүртүшөт
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: Атмосфералык басымдын маанисин түшүнушсө ,ой жүгүртүшсө
Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдерин калыптанат, таанып–билүү жөндөмү жогорулайт, формуланы пайдаланып эсеп чыгарып көнүгүшөт
Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдерин калыптанат, таанып–билүү жөндөмү жогорулайт, формуланы пайдаланып эсеп чыгарып көнүгүшсө
- Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.
- Сабактын методу: Интерактивдүү методдун айрым стратегиялары (демонтрация жасап берсе да болот, мугалимдин ишмердүүлүгүнө жараша)
- Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сүрөттөр, слайд жана карточкалар
- Атмосфера – бул (грек. атмос-буу, сфера-шар) Жердин газдуу катмары. Атмосфералык басым – бул жер бетиндеги бардык нерсеге бирдей тараган гидростатистикалык басым. Ал абанын бул планетага болгон гравитациялык тартылуу күчүнөн улам пайда болот. Атмосфералык басымды өлчөөчү бирдик «атмосфера» деп аталат да, 101 325 Па га же 760 сымап мамычасы на барабар болот. Улам бийиктеген сайын газдардын азайышы менен атмосфералык басым да азаят .
- Нормалдуу атмосфералык басым – деңиз деңгээлиндеги 0 C температурада жана 45 градус кеңдиктеги 760 мм бийиктиктеги сымап мамычасынын 1см2 аянттагы массасына карата аныкталат .
Торричелинин тажрыйбасы Аны италиялык физик жана математик Еванджелиста Торричелли 1644-жылы жүргүзүп, атмосфералык басымдын биринчи өлчөөсүнө алып келген. Бул тажрыйба шаарларда суу менен камсыздоону жакшыртуу зарылчылыгынан улам келип чыккан. Тоскана Улуу Герцогу Фердинанд IIнин сот математиги болгон Евангелиста Торричелли (1608-1647) Галилей менен гидротехникалык кубулуштарды изилдеген
Торричелли тажрыйбасы
- Торричеллинин тажрыйбасынын мазмуну төмөндөгучө. Узундугу болжол менен 1м болгон айнек түтүк сымап менен толтурулган . Анын бир учу туюк, ал эми экинчи учу ачык. Эгер түтүктү көңтөрүп. Анын ачык учун сымап куюлган идишке салсак, андагы сымаптын бир азы идишке куюлат да, калганы тутукто калат (86-сурот). Түтүктө калган сымап мамычасынын бийиктиги болжол менен 760 мм ге барабар .
Атмосфера басымы
Жер бетинен бийиктеген сайын аба сейректелип отуруп, жуздөгөн же миндеген километрде абасыз мейкиндиктин да болушу мүмкүн.
Атмосфера басымы бийиктикке көз каранды болот
Атмосфера басымын өлчөө үчүн практикада анероид деп аталуучу металл барометр колдонулат. Анероид грек сөзү, бизче суюктуксуз дегенди билгизет. Анероиддин тышкы көрүнүшү сүрөттө көрсөтүлгөн .
Торричеллинин тажрыйбасында колдонулган сымабы бар түтүккө шкаланы бекитип, эң жөнөкөй сымап барометрин -атмосфера басымын өлчөөчү куралды алса болот. Барометр- грек сөзү, бизче барос-оордук, метрео-өлчөйм дегенди билгизет.
Бышыктоо :
- Атмосфера басымы дегенде эмнени түшунөсүнөр?
- Атмосфера басымы кандай аныкталган ?
- Торричелли тажрыйбасын түшүндүрүп бергиле
- Атмосфера басымы бийиктикке кандай көз каранды болот ?
- Үйгө тапшырма : Атомофера басымы деген темада реферат жазып келүү.