"Сапаттуу билим" долбоору
ЮСАИДдин "Сапаттуу билим долбоору"
"Сапаттуу билим" долбоору
Мс:
- Биринчи суроого жооп бериш үчүн биз сиздер менен мурда караган окутуу түрмөгүнүн схемасына кайрылалы.
Биз кантип окуйбуз ?
Эмне үчүн окуучу окуш керек ?
Биз кантип окуйбуз жана окуучулардын жетишкендиктерин кантип баалайбыз?
Окуучуларга биз эмнени окутууну каалайбыз? (Окутуунун күтүлүүчү натыйжалары)
Окутууда кандай усулдар жана ресурстар пайдаланылат?
"Сапаттуу билим" долбоору
Тапшырма:
- Бул түрмөк боюнча баалоо менен окуп үйрөнүү жана окутуу түрмөктөрүнүн башка элементтери менен кандай байланыштары бар?
Билим берүү процессиндеги баалоонун орду
- Окутуу процессинин үч негизги компоненти бар: мазмун, окутуу, баалоо
Максаттари
Окутуу
Мазмун
Баалоо
Булар өз ара тыгыз байланышта жана алардын бардыгы окутуунун максатына таянат. Алар калыпка салынышы керек ( формализованы ) жана натыйжага айландырылууга (сформулированы) тийиш.
Окутуунун максаттары стандартта аныкталат, окуу курсун өздөштүрүүдөгү ийгиликтер ошого карата бааланат.
?
- Биз эмне үчүн баалайбыз?
- Баалоонун мүмкүн болгон бардык себептерин айтып чыксаңыздар
Тиркеме 15.2.
Баалоонун себептери
- Ченемдик талап
- Ата-энелер алдында отчет
- Билим берүү министрлигине окуучулардын жетишкендиктери жөнүндө берилмелерди даярдоо
- Эмгек акыны жогорулатуу
- Окуучулар өзү өз де ң гээлин баалай алышы үчүн
- Үйрөнүп-билүү процесси жүрүп жатканына ынануу үчүн
- Кийинки кадамды аныктоо үчүн (тандоо укугуңуз бар деп божомолдогондо)
- Жекече муктаждыктыры ң ызды аныктоо үчүн – дагы эмнени үйрөнүш керек
- Биздин (окутуунун) максаттар орундалып жатабы
- Мектептин ичиндеги тенденцияларды аныктоо үчүн
- Окуучулардын жетишкендиктерин бири-бири менен же Мамлекеттик стандарттар менен салыштыруу үчүн
"Сапаттуу билим" долбоору
2 ден 5ке чейин эсептеп топторго б өлүнүңүздөр
- Сиз өзүңүз ошондой баа алганда өзүңүздү кандай сезгенсиз?
- “ 2”алган окуучулардын арасында өзүңүздөрдү кандай сезгенсиздер?
- Менин турмушумдагы “2” же “3” алгандагы ыңгайсыз абалым.
Баалоону колдонуу жана максатка жетишүүнү баалоо
- Бул кадамда биз баалоо техникаларын колдонуу аркылуу алынган маалыматтын маанисин баалайбыз: биз окуучунун жетишкендиктеринин деӊгээлин аныктоо үчүн жана окутууну жакшыртуу үчүн пайдаланабыз. Бул сессиянын жыйынтыгын чыгаруу үчүн 1.6. “Класста ички баалоо”таркатмасы таркатылат.
Класста ички баалоо
- Класста ички баалоону кантип аныктоо керек? Баалоо – бул окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да кайтарым байланыш. Класста ички баалоо – бул педагогикалык ыкма да, техника да. Ыкма катары ал мугалимдин окуу процесси кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө билүүсү, бул ага окуу тапшырмаларын, класста иштөөнү пландоого жана окутууну структуралаштырууга жардам берет. Техникалар өтө жөнөкөй, анонимдүү келип, класстагы абалга таянып, окутуучуга да, окуучуларга да окутуу процесси боюнча кайтарым байланыш берет.
- Класста ички баалоо текшерүүнүн башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат. Кадимки тесттерге караганда анын айырмасы мындай баалоонун максаты натыйжаларды маркировкалоодо, жетишкендиктерди градациялоодо эмес, балдардын кандай окуп жаткандыгына көз салууда турат. Бул окутуу процессине б.а. курсту өркүндөтүүгө таасир этүүгө тийиш.
Класста ички баалоонун артыкчылыгы эмнеде?
- Мугалимдер үчүн:
- окуу процессине өзгөртүү киргизүү этаптарында чакан кайтарым байланышты камсыз кылат;
- стандарттуу тесттерге, текшерүү иштерине ж.б. караганда окуу процесси жөнүндө аз чыгым жумшоо менен маалымат берет;
- балдар менен жакшы байланыш түзүүгө жардам берип, окутуунун натыйжалуулугун жогорулатат;
- окутууну кайтарым байланыштын жардамы менен өнүгүп туруучу калыптануудагы процесс катары көрө билүүгө мүмкүндүк берет.
- Окуучулар үчүн:
- өздөрүнүн окуп-үйрөнүү процессине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт;
- окуучуларда бөтөнчө көп кездешкен анонимдүүлүк, окутуучулардын көңүл буруусунан тышкары калгандык сезимин жокко чыгарат;
- окуп-үйрөнүү кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө окутуучунун кам көрүп жаткандыгын далидейт;
- иштин ыкмаларын өзгөртүү зарылдыгын, өзүнүн окуп-үйрөнүү стилине өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгын көрсөтөт. Баалоо мектеп окуучуларынын «натыйжалуу», өзүн-өзү баалай билген жана өзүн-өзү багыттай билген окуучулардан болушуна жардам бериши мүмкүн.
- Класста ички баалоонун келечектүүлүгү эмнеде? Класста ички баалоонун техникаларын колдонуунун алгылыктуулугу коюлган окуп-үйрөнүү максаттарын ишке ашырууга карата мугалим менен окуучулар кандайча илгерилеп бараткандыгын аныктоого мүмкүндүк берүүчү каражат болгондугунда .
- Мындай баалоо мугалимге төмөндөгү суроолорго жооп берүүгө жардам берет:
- Окуучуларым коюлган максаттарга кандай даражада жетишти?
- Кезектеги тема үчүн сабактын убактысын кандай бөлүштүрүү керек?
- Мен бул теманы дагы кыйла натыйжалуу өткөрө аламбы?
- Окуучулар курстун кайсы бөлүктөрүн кыйла маанилүү деп эсептешет?
- Мен бул курсту эмки жолу өткөндө аны кантип өзгөртө алам?
- Окуучуларга кандай бааларды коюу керек?
Баалоо окуучуларга болсо башка суроолорго жооп берет:
Мугалим кыйла маанилүү деп эсептеген нерсени мен билемби?
- Мен курстун материалын өздөштүрдүмбү?
- Мен өзүмдүн окуп-үйрөнүү ыкмаларымды кантип жакшырта алам?
- Бул курс үчүн мен кандай баа алам?
- Булардын бардыгы класста ички баалоону окуу процессин өнүктүрүүнүн каражаты кылат.
Тапшырма:
- Баалоо
- Баа берүү
- Баа
- Аныктамаларды флипке жазуу
- “ V ”-билгениме дал келет
- “ +”- жаңы маалымат
- “ -”- менин оюма карама-каршы маалымат
- “ ?” менде суроо бар
БААЛОО - окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана интерпретациялоо (түшүндүр мө берүү) процесси.
БАА БЕРҮҮ– бул баалоо процессинин натыйжасы, кайтарым байланыштын сапаттык мүнөздөлүшү.
БАА – бул символ (белги), окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун цифралар, тамгалар жана башкалар аркылуу шарттуу-формалдуу туюнтулушу.
"Сапаттуу билим" долбоору
Баа,баа берүү, баалоо
- Кайсы закондо айтылган? Эмне деп айтылган?
- Нормативдүү документтер кайсылар?
КР «Билим берүү» закону
Статья 37. Компетенция образовательных организаций
«Мугалимдин статусу жөнүндө» закону
- Статья 4. Принципы педагогической деятельности учителя
- Основными принципами педагогической деятельности учителя являются:
- - личностно-ориентированный подход к обучению, воспитанию, развитию учащегося;…
- свобода выбора организационных методов и форм педагогической деятельности…
Тапшырма:
- Баалоонун түрлөрүн тизмелеңиз.
- Билем
- Билгим келет
- Билдим
Тапшырма:
- Текстти окуп, баалоонун үч түрүнүн ортосундагы айырмачылыктар жана окшоштуктарды Венндин диаграммасынын жардамы менен жазып чыккыла.
- (Баалоонун түрлөрү-тиркеме 8.4)
!
- Диагноздоочу баалоо - бул окуучунун комп е т е нтт үүлү гүнүн калыптануусунун алгачкы д ең гээлин аныктоо. Диагноздоочу баалоо адатта окуу жылынын башында ж е т е маны, бөлүмдү, бай т ты окуп- үйрөнүп баштагандагы биринчи сабакта жүргүзүлөт.
- Диагноздоочу баалоонун максаты - тийиштүү пр е дм е ттик курста окутула турган т е малардын же бөлумдөрдүн (баптардын) башталышында окуучулардын окуп-үйрөнүү максатына канчалык жакын ж е алы с эк е ндигин аныктап, тактап алуу. Диагноздоочу баалоо мугалимдин окуу планына окуучулардын муктаждыгына жооп б е ргидей ж е алар туш к е лг е н кыйынчылыктардан чыгууга көмөктөшкүдөй оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүсүнө мүмкүндүк б е р е т.
- Диагноздоочу баалоонун биринчи өңү т ү - бул пр е дм е т боюнча окуп-үйрөнгөндүк д ең гээлин ж е тиги ж е бул көндүмдөрдүн жө комп е т е нттүүлүктөрдүн калыптануу д ең гээлин (окуучунун курсту же теманы оку п -уйрөнө баштаганга ч е йинки камдап алган билимд е рин) алдын ала т алдоо. (Мурунку окутулган т е малар, бөлүмдөр боюнча мамл е к е ттик ста н дартка шайк е ш к е лг е н суроолор). Бул иш-аракеттер мугалимг е жаңы мат е риалды окутуунун кайсы бөлүгүндө окуучу кыйынчылыктарга туш к е лиши мүмкүн экендигин болжолдоп, алардын алдын алуу үчүн тийиштүү кадамдарды пландаштыруу жагынан жардам б е р е т.
- Диагноздоочу баалоонун экинчи өңүтү - бул окуучулардын жаны т е м а боюнча комп е т е нттүүлүк д ең гээлин текш е р үү . (Ж аң ы окутула турган т е малар, бөлүмдөр боюнча мамл е к е ттик стандартка шайк е ш к е лг е н суроолор). Мугалим ушул эле тапшырмаларды окутуп-үйрөтүлгөн т е манын. баптын аягында да мат е риалдын канчалык д ең гээлд е өздөштүрүлгөндүгүн т е кш е рүү максатында пайдаланышы мүмкүн.
!
- Калыптандыруучу ( ф ормативдик) баалоо - бул окуучунун окуусуна үз гүлтүксү з, мак саттуу багытталга н_байк оо жүр гүзүү процесси. Калыптандыруучу баалоо формалдуу эм е с (көп учурда баа коюлбаган) баалоо болуп саналат. А л крит е рийл е рг е н е гизд е л е т д а, кайтарым байланышты камсыздайт.
- Калыптандыруучу баалоонун максаты - окуп-үйрөнүү процессинде мугалим м е н е н окуучунун иш -арак е тт е рин е оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү.
- Калыптандыруучу баалоо мугалимгө окуучунун окуп үйрөнүү максаттарына жакындоо проц е ссине б айкоо жүргүзуу гө, ал эми окуучу г а - өзүнүн билим алуусундагы жоопк е рчилигин т е р ең ирээк а ң да п -с е зүүгө мүмкү нчүлүк б е р е т.
- Калыптандыруучу баа л оо:
- күнүмдүк практикада колдонулат (ар бир сабакта, күн сайын);
- мугалим үчүн да. окуучу үчүн да ыңгайлуу формада колдонулат.
!
- Жыйынтыктоочу (суммативдүү) баалоо белгилүү убакыт аралыгында теманы, б ө лүмдү аяктоо учурунда билимдердин, билгичтиктердин жана к ө ндүмд ө рдүн калыптаныш деңгээлин аныктоого арналган. Жыйынтыктоочу баалоо ар түрдүү текшерүүчү иштердин (тест, текшерүү иши, лаборатордук, изилд өө иши, дилбаян, эссе, долбоор, оозеки презентация ж.б.) жы й ынтыктары боюнча жүргүзүл ө т.
- Жыйынтыктоочу (суммативдүү) баалоонун максаты - белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди ө з дө штүрүү, билгичтиктеринин жана к ө ндүмд ө рүнүн калыптануу де ң гээлин белгил өө жана алынган натыйжалардын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо.
Жыйынтыктоочу баалоо жол-жобосу
- Сиздин окуучуларыңыз жетишүүгө тийиш болгон окутуу максаттарын караңыз.
- Индикаторлорду аныктаңыз (Алар окутуунун максаттарын коюу боюнча колдонмодо бар болушу керек). Бул индикаторлор – максатка жетишилеринин же жетишилбесин көрсөткүчү экендиги эсиңиздерде болсун.
- Баалоо каражаттарын иштеп чыгуу үчүн индикаторду пайдаланыңыз (эгерде бул үчүн окутуунун максаттарын өзүн пайдалануу мүмкүн болбосо).
- Критерийлерди жана бардык баалоого карата ар бир критерийдин проценттик катышын аныктаңыз.
- Баалоо жүргүзүлүүчү тапшырманы бериңиз.
- Критерийлерди пайдалануу менен иштин жыйынтыгын баалаңыз.
- Баа коюңуз жана ишти кайра бериңиз.
"Сапаттуу билим" долбоору
М:
- Роберт Стейк шорпону эки этап менен баалоого мындай мисал келтирген: Ашпозчу шорпону даамдап берсе - бул калыптандыруучу баалоо; тамактануучу (же эксперт) даамдаса - жыйынтыктоочу баалоо болот.
?
Тапшырма:
- 1.Баалоонун кандай түрү менен бааланды?
- Эмне үчүн мындай деп ойлойсуз?
- 2. Үй-бүлөөнүн, мугалимдин кийинки кадамдары.
- 3. Калыптандыруучу баалоо болуш үчүн мугалим эмне кылуу керек?
Топторго тапшырма:
- Т схемасы боюнча баалоонун түрлөрүнүн оң жана терс (артыкчылык жана кемчилик) жактарын аныктаңыздар.
Берилген текст боюнча баалоону аныктаңыздар.
- Багбандын ишмердүүлүгүн ө н эки мисалды карап чыгып, түшүнүүг ө жана бул суроого жооп берүүг ө аракеттенип к ө р ө лү: мисалдардын кайсынысы калыптандырууч у (формативдик) баалоого, кайсынысы жыйынтыктоочу (суммативдүү) баалоого тиешелүү?
- Мисал 1. Багбан белгилүү бир мезгил ичинде ө сүмдүктүн ө сүшүн, жалбырактарынын санын жана к ө л ө мүн ченеп жана каттап турат ж.б.у.с. жана алынган натыйжаларга жараша ө сүмдүктүн ө сүшүн жана өө рчүшүн жакшыртуу үчүн алдын ала белгилүү бир аракеттерди жасайт. Мисалы кезектеги чен өө дөн кийин куюлуучу суунун к ө л ө мүн к ө б ө йтүп, жер семирткичтен дагы кошуп, ө сүмдүктү күнг ө жакын жылдырат...
- Мисал 2. Багбан белгилүү бир мезгил ичинде ө сүмдүктүн ө сүшүн, жалбырактарынын санын жана көлөмүн ченеп жана каттап турат ж.б.у.с.
Тапшырма:
- 8.5-тиркемеден Чакан топтордо баалоонун түрүн аныктаныздар.
- Мугалим экзаменди жылдын аягында өткөзөт.
- Мугалим топтогу окуучуларга, алар иштеп жатканда, тапшыр маны кандай түшүндү деген максатта байкоо салат, керек учурда аларга жардам берет.
- Окуучулар өздөрү иштерин баалап, талкуулап бүтүп мугалимге өткөзүп беришет.
- Мугалим жуманын аягында баяндамаларга баа коюп окуучуларга кайтарып берет.
- Окуучулар жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарып жатканда, мугалим классты кыдырып, ар бир окуучунун иши боюнча эскертүү жасайт. Жыйынтыктоочу баа эч кимге коюлбайт.
- Аткарылган баардык иштердин баалары эске алынып окуучуга бир жыйынтыктоочу баа коюлат.
- Баа коюунун ордуна мугалим ар бир окуучуга тапшырманы аткарууда кандай стратегияны пайдаланса жакшы болоорун түшүндүрөт.
- Мугалим оку у чу менен ал эл жаз у учусу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө баяндаманы даярдоодогу жетишкендиктерин талкуулайт.
- Мугалим окуучулар алгебрадан математикалык теңдемени чыгарууну өздөштүргөнүн билүү үчүн окуучулардын дептерлерин карап чыкты. Балдардын көбү теманы түшүнбөй калганын байкап, баа койбостон теманы дагы бир жолу түшүндүрүүнү чечти.
- Окуучулар тесттик иштерин тестердин жооптору менен салыштырышып, өздөрү баа коюшуп, мугалимге кайтарып беришип, баалардын жыйынтыгы боюнча кийинки жумадагы окуунун максаттарын аныкташат.
- Мугалим окуучунун кыргызча окушун ооз эки баалап, баа ко ё т.
- Мугалим этиштин пассивдүү формасынын колдонулушун түшүндүрүп жатып, класста түшүнбөстүк жаралганын байкайт. Ал теманы дагы бир жолу түшүндүрүү керек деген чечимге келет, бирок бүгүн эмес, эртең, түшүндүрүүнүн натыйжалуурак түрүн тапкандан кийин.
- Мугалим окуучунун баяндамасынын даярдоо этабындагы варианты менен таанышып көрүп, эскертүүлөрүн жазып, окуучуга андан ары жакшыртуусу үчүн кайтарып берет.
- Мугалим окуучуларга диктант жаздырып, каталарын оңдоп туруп кайтарып берет.
!
Ж:
- 1-ж,
- 2-к,
- 3-к,
- 4-ж,
- 5-к,
- 6-ж,
- 7-д,
- 8-к,
- 9-д/к,
- 10-к,
- 11-к,
- 12-д/к,
- 13-к,
- 14-к,
Светофор
Бир мүнөттүк эссе
Редактордук кеңеш
- Дил баянды редакциялоодо критерийлер доскага илинет. “Редакторлор” ийгиликтин критерийине таянып,кунт коюу менен жазуу түрүндөгү аңгемени угушат, окуучулардын ишиндеги жетишкендиктерди көрсөтүшүп, дил баяндын мазмунун жакшыртуу планында сунуштарды беришет. Бул учурда текшерүүнүн формасы окуучуларга ийгиликтүү окууга жардам берет.
- Кээ бирөөлөрү, классташынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды угуп, өз ишин текшеришет жана окшош каталарды жана так эместиктерди табышса, аларды оңдошот.
“ Суроолор” (Сабакты жыйынтыктоо)
Топторго суроолор берилет:
- Сиздер бүгүн жаңы эмне биле алдыңар?
- Кайсы маалымат кызыктуураак болду?
- Сабакта сиздин көңүлүңүздү эмне бура алды?
- Эмне кыйынчылык туудурду?
- Эмне ишке тоскоолдук түздү?
- Эмнеге?
Окуучулардын ар бири бир гана суроону тандап алат жана баракка жоопту жазат. Окуучулар жалпы суроо боюнча биригип иштешет, бири-биринин жоопторун окушат, системалаштырышат жана аларды жалпылашат. Ар бир топтон өкүлдөр суроону жана ага берилген жоопту окуп чыгышат
“ Билим пирамидасы”
- Сабактын бул этабында эмнени билгендери боюнча окуучулар өзүнүн билим пирамидасын түзүшөт.Бул үчүн ар бир окуучу дептердин барагына тигинен төмөндөн жогору карай бир сүйлөмдөн жазышат, анда сабактын ушул темасына ылайыктуу билимдер камтылган. Бул кызыктуу фактылар, пайдалуу маалыматтар, оригиналдуу тапшырмалар, жагымдуу сезимдер (эмоциялар)ж.б. болушу мүмкүн.
- М: Суу түссүз;
- Суу бир абалдан экинчи абалга өтө алат;
- Суусуз жерде жашоо жок;
- Сууну кирдетүүгө болбойт.
Жазылган барактар класстын ичине (айланта) илинет. Бардык окуучулар туруп тегерете басышат, карашат, окушат
“ Сүйлөмдү толукта”
Сиз кандай жаңы билимдерге ээ болдуңуз? Өзүңүздүн жообуңузду толуктап жазыңыз:
- Мен.................билдим.
- Мен эми................ билем.
- Мага...........кызык болду.
- Мен дагы...........билгим келет.
Толтурулган барактарды окуучулар мугалимге тапшырышат. Мугалим окуучулардын жоопторун талдайт, ал эми кийинки сабакта аларды жалпылап, түшүндүрөт (комментарий берет).
“ Чыгармачылык дарагы”
Балдарда жалпы себетте (корзинада) жемиштер, гүлдөр, жашыл жана сары жалбырактар бар, аларды ата-энелер менен бирдикте түстүү кагаздардан ар бир жумада бештен жасашат. Сабактын аягында балдар аларды даракка чапташат:
- Жемиштер- иш пайдалуу, натыйжалуу өттү;
- Гүлдөр- бардыгы аткарылды, иш жаман эмес деңгээлде өттү;
- Жашыл баракча-баары ишке ашырылган жок, бирок мен аракеттендим;
- Сары баракча- тапшырманы аткара алган жокмун, дагы иштөө керек.
Калыптоочу баалоо-окутуу үчүн баалоо
А) Биз эмне үчүн калыптоочу баалоону жүргүзөбүз?
Б) Калыптоочу баалоонун негизги факторлору/компоненттери кандай?
В) Калыптоочу баалоого кандай белгилер мүнөздүү?
- Калыптоочу баалоо окуучулар үчүн маанилүү. Окуучулар өз алдына окуу милдеттерин өзү коюп, аны чечүү жолдорун өзү издеп, өзүнүн иш аракеттерин жана жетишкендиктерин өзү баалайт. Калыптоочу баалоо мугалим менен окуучунун ортосундагы натыйжалуу байланышты камсыз кылат. Мында мугалим ар бир окуучунун окуу материалын өздөштүрүү деңгээли тууралуу объективдүү маалымат алып, алардын билиминдеги кемчиликтерди жана мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктай алат. Баалоонун бул түрү баланын өнүгүшүндөгү курактык өзгөчөлүктөр менен шайкеш келип, анын билгичтиктери менен жетишкендиктери тууралуу кыйла толук маалымат берет
Калыптоочу баалоо аркылуу окуу ишмердигин жакшыртуу негизинен төмөнкү компоненттерге көз каранды:
- 1. Мугалимдин окуучулар менен натыйжалуу кайтарым байланышын камсыз кылуусу;
- 2. Окуучулардын өзү окуу процессине активдүү катышуусу;
- 3. Баалоонун натыйжаларын эске алуу менен окуу процессине түзөтүүлөр киргизүү;
- 4. Баалоонун окуучулардын шыктануусуна жана жекече беделине терең таасир этиши. Ал өз кезегинде алардын окуусуна маанилүү таасир тийгизет.
- 5. Окуучулардын өз билимин өз алдынча баалай билиши.
Калыптандыруучу баалоо (философиясы, шартуу техникалар)
Философиясы
- Инсанга багытталган билим бер үүнүн принциптерине таянышы;
- Ар бир баланын алга жылуусу, жетишкендиктери, өнүгүүсү маанилүү болушу;
Шартуу техникалары
- “ Кол коңгуроо”
- “ Ушул жерде жана азыр”
- Суроолорду берүү : Эмне үчүн? Кантип? Кандай?
- Шыбырап айтып жардамдашуу
- 3 мүнөттүк э ссе
- Кыскача тесттер
- Жазуу т үрүндө кайтарым байланыш
- 20 сек күтүү
Баалоонун критерийлери
- а) Баалоонун критерийлери эмне үчүн зарыл?
- б) Баалоонун критерийлери эмне үчүн иштелип чыгат?
?
- Критерий деген сөздү кандай түшүнөсүздөр?
- 20 сек.
Мс:
- Баардыгыбыз (мугалим, окуучу, ата-эне ж.б.)үчүн баалоо процесси ачык-айкын, түшүнүктүү болуш үчүн критерийлерди иштеп чыгуу жана сабактарда колдонуу абдан маанилүү.
- Критерийлерди биргелешип (мугалим, окуучу, ата-эне ж.б.) иштеп чыгуу окуучуларда баалоого карата оң мамилени түзүүгө мүмкүндүк берет.
Критерий деген эмне?
- Критерий – признак, на основании которого производится оценка чего-либо. Мерило оценки.
- Критерий – бул кандайдыр бир нерсеге баа берүү үчүн негиз. Баа берүүнүн чен –өлчөмү.
Окуучулар тарабынан баалоонун критерийлерин бил ү ү жана түшүнүү
- Критерийлерди иштеп чыгуу баалоо процессин бардыгы үчүн түшүнүктүү жана ачык кылат;
- Критерийлерди биргелешип иштеп чыгуу окуучуда баалоого карата позитивдүү мамилени калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет;
- Критерийлердин негизинде баа берүү жөндөмү адамда өмүр бою калат.
Критерийлерди качан, кантип бериш керек?
- Окуучуларды баалоонун критерийлери менен теманы өтүүнүн алдында тааныштыруу зарыл, ал эми кээ бир темаларды өздөштүрүүдө критерийлердин мазмунун биргелешип иштеп чыгуунун мааниси бар.
- Критерийлердин мазмуну окуучулар жана алардын ата-энелерине түшүнүктүү б.а. илимий-педагогикалык терминдерден турбастан жөнөкөй болушу керек.
- Критерийлердин мазмуну тууралуу негизги маалымат окуу кабинеттердеги такталарда жана окуучулардын күндөлүгүндө чагылдырылышы мүмкүн.
Тапшырма:
- Окуучунун ишин жеңил баалоого мүмкүн болгон критерийлерди тандаңыз. Атаңыз жана эмне себептен Сиз мындай ойлой турганыңызды түшүндүрүңүз?
Критерийлердин мисалдары:
- Иш аракеттерди, операцияларды туура тандоо;
- Эсептөөлөрдүн тууралыгы (эсептөө көндүмдөрүн текшерүү зарылдыгы болсо);
- Туура жазуу, маалыматтарды көчүрүү (сандар, белгилер, тамгалар. чоңдуктар);
- Математикалык мисалдарда амалдарды аткаруу иретин жазуунун болуусу;
- Санды разряддык кошулуучулардын суммасы түрүндө берүү;
- Чоңдуктардын өлчөө бирдиктерин башка бир өлчөө бирдиктерине айландырууну ишке ашыруу;
- Кен байлыктардын түрлөрүн аныктоо, алардын касиеттерин айырмалоо;
- Жаратылышка байкоо жүргүзүү, байкоонун натыйжалары жөнүндө айтуу;
- Адамды курчаган буюмдарды сүрөттөө, алардын формасын, чоңдугун аныктоо;
- Географиялык картада Кыргызстандын дарыя жана көлдөрүн таап көрсөтүү;
- Эң жөнөкөй тажрыйбалардын жардамы менен суунун, абанын кээ бир касиеттерин аныктоо.
Тапшырма:
- 8.7-тиркемедеги критерийлердин мисалдары менен өз алдынча таанышып, алардын ичинен оңой баалануучу критерийлерди тандаңыздар.
Болжолдуу критерийлер:
- 1. Маселенин шартын туура жазуу
- 2. Маселени туура чыгаруу
Натыйжалуу баалоонун критерийлери а. Алар критерийлерге негизделүүгө тийиш б. Алар окуп үйрөнүүчүлөр үчүн пайдалуу болушу керек в. Алар ишенимдүү болууга тийиш г. Алар окуучуларга белгилүү болушу керек д. Алар жарамдуу (валиддүү) болушу керек е. Алар ишке ашкыдай болушу керек ж. Алар кайрадан текшерилгендей болууга тийиш.
- Эгер баалоонун кайсы бир каражатын экинчи ирет ошол эле окуучулар менен бирге колдонсок, дал ошол натыйжалар кайталанат деп биз ишеничтүү түрдө айта алабыз. Мисалы, жооп варианттары бар тесттер анча ишеничсиз болушу ыктымал, анткени окуучулар жоопторду кокусунан эле таап алган учурлар кездешет.
- Баалоо каражаты биз баалагыбыз келген нерсенин дал өзүн, б.а. окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын баалайт ишеничтүү түрдө айта алабыз. Мисалы, эгер биз окуучуга сөздөрдү айттырып көрүп анын окуу жана түшүнүү жөндөмүн бааласак, биздин баалоо аспабыбыз ишенимдүү болбойт, анткени айтуунун өзү окуу үчүн такыр эле болор-болбос көндүм экенин билебиз. Окуучунун окуу жана түшүнүү жөндөмүн баалоо үчүн башка көндүмдөр менен катар текстти декоддоштуруу (чечмелөө, таануу) жана жазылган нерсенин маанисин түшүнүү көндүмүн да баалашыбыз керек.
- Биз койгон баанын тууралыгын башка бирөөлөр кийинчерээк текшере алат. Мисалы, эгер баалоону оозеки сурамжылоо жолу менен жүргүзгөн болсок, алынган жоопту кийинчерээк башка бирөө да, мугалимдин өзү да кайрадан текшерип көрө албайт. Эгер окуучуларыбыз биздин баалоо каражатыбызга ишенишин жана аны ачык-айкын, адилеттүү деп эсептешин кааласак, жыйынтыктоочу баалоодо бул критерий эң зор мааниге ээ болот.
- Демек, баалоодо баага таасир этүүчү жагдайлардын так белгиленген тизмеси биздин колубузда болууга тийиш. Мисалы, эгер окуучулардын сөзмөрлүк жөндөмүн баалагыбыз келсе, баанын 25 %ын сөздүн грамматикалык жактан тууралыгы, 25 %ын – теманы ачып бергендиги, 25 %ын – туура айтуу, дагы 25 %ын – угуучулардын кызыгуусун басаңдатпай өзүнө тарта билүү жөндөмү түзөт. Жыйынтык баа ушул төрт бөлүк боюнча бааларды кошуу жолу менен чыгарылат.
- Бул биз окуучуларды кайсы критерийлер боюнча баалай тургандыгыбызды аларга айтабыз дегенди билдирет.
- Бул текшерүү ишин окуучулардын жаш курагына жараша жөндөмүн эске алуу менен белгиленген убакыт ичинде бүтүрүүгө болот дегенди билдирет. Бирок бул тапшырманы окуучулардын баары аткара алаарын билдирбейт. Албетте, эгер силер окуучулардын ушул көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жетишкен болсоңор, алардын көпчүлүгү тапшырманы аткарышы мүмкүн, бирок баары бир айрымдары аткара албай калат. Эгер биз окуучуларга аткаруу үчүн материалын окуп үйрөнүү мүмкүнчүлүгү болбогон тапшырманы берсек, алар окууга кызыгуусун жоготуп коюшат.
- Бул баалоонун натыйжаларын окуучу жакшыраак окуу үчүн пайдалана алат дегенди билдирет. Эгер биз окуучуга: «Сен тапшырдың», же «Сен тапшыра албай калдың», - деп койсок, алар өз окуусун кантип жакшыртуу жөнүндө эч кандай пайдалуу маалымат албай калат. Бирок, экинчи жагынан алганда, өтө көп маалымат берүү да, өтө аз бергендей эле, жарабайт.
Математика сабагы. Мугалимдин ишин баалоо
- Мугалим «Төрт чарчынын аянты» деген темада сабак өтүүдө. Сабактын жүрүшүндө мугалим окуучуларды окуу китебиндеги эсептерди чыгаруусун өтүнөт.
- Сабактын жүрүшүндө мугалим окуучуларды төрт чарчынын аянтын ооз эки табуусун өтүнөт. Ал суроо берип, колун биринчи көтөргөн окуучуну жооп берүүсүн өтүнөт. Андан кийин мугалим жооптун туура, туура эместигин текшерет. Окуучулардын жооптору көпчүлүк убакта туура. Суроо-жооп убактысында мугалим класста 26 окуучу болсо да, 3 окуучуну башкалардан көп сурайт.
- Сабак убагында мугалим класста ары-бери басып, баардык окуучулар жазуу тапшарманы аткарып жатышабы текшерип турат, кээ бир учурларда алардын жазган ишин да текшерет.
- Сабактын аягында мугалим баягы 3 окуучу жогорку баа алды деп белгилеп, окуучуларга баа коет.
- Суроолор :
- Баа коюу жана баалоо ушундай жүргүзүлүшү керекпи?
- Эгер жок десеңиздер, эмнелер туура эмес?
- Эмнелерди өзгөртүү керек?
- а) Шайкеш келбейт (валиддүү эмес):мугалим окуучунун көз карашынан алганда окутуунун максаттары менен эч кандай байланышы жок көрсөткүчтөр боюнча баалады.
- б) ишенимсиз: мындай натыйжаларга кийинки жолу да жетишет деп айтууга мүмкүн эмес;
- в) аткарылбайт же адилет эмес: бир нече окуучунун гана жөндөмдүүлүгү бааланганы адилетсиздик;
- г) критерийлерге негизделген эмес;
- д) баалоо критерийлери айтылган жок-баалоо жүргүзүлгөн окуучулар дагы баадан башка эч нерсе алышкан жок;
- е) окуучуларга эч кандай пайда алып келбейт: жогорку баа алган окуучулар мугалим аларга жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бергенге жетише албагандан башка кетирилген каталары жөнүндө эч кандай түшүнүк алышкан жок.
Мс:
- Критерий кенен болгон айрым учурларда критерийлердин градациялары зарыл.
Градация деген эмне?
- Деңгээлдердин кезектүүлүгү.
- Критерийлер кенен болсо, градациянын зарылчылыгы келип чыгат. (мисалы, дил баян жазууда -- градация колдонулат: “5”, “4”, “3”, “2”).
Критерийдин градациясы деген эмне?
- Градация критерия – это описание различных уровней достижения ожидаемого результата.
- Критерийдин градациясы – бул күтүлгөн натыйжага жетүүнүн ар кандай деңгээлдеринин сыпаттамасы.
-
Упайлардын градациясы
Упайлардын градациясы – күтүлүүчү жыйынтыкка жетишүүнүн ар түрдүү денгээлдерин баяндайт.
Критерийлер
5
мазмуну
4
көрсөтмөлүүлүк
3
2
1
?
- Бир мүнөттүк эссе жазып, төмөнкү суроолорго жооп бериңиздер:
- Сиздердин оюңуздар боюнча, Сиздер бул сессиядан билген (жаттаган) маалыматтардын ичинен баарынан эмне маанилүү болду?
- Кайсы маселе Сиздердин эсиңиздерде көбүрөөк калды?
- Сиздер үчүн бул сессияда бир кыйла татаал, түшүнүксүз нерсе эмне болду?