СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалоонун түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баалоонун түрлөрү

Просмотр содержимого документа
«Баалоонун түрлөрү»

Баалоо

Баалоо

Аныктамалар: Баалоо – бул окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү процесси, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу тууралуу маалыматты жазуу, чогултуу, каттоо жана чечмелөө процесси. Баа берүү – бул баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердик же иш-аракет, сапаттуу кайтарым байланыш маалыматы. Белги – бул символ, окуучулардын окуу жетишкендиктерин цифралар, тамгалар же башкача түрдө формалдуу-шарттуу, сан менен чагылдыруу.

Аныктамалар:

  • Баалоо – бул окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү процесси, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу тууралуу маалыматты жазуу, чогултуу, каттоо жана чечмелөө процесси.
  • Баа берүү – бул баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердик же иш-аракет, сапаттуу кайтарым байланыш маалыматы.
  • Белги – бул символ, окуучулардын окуу жетишкендиктерин цифралар, тамгалар же башкача түрдө формалдуу-шарттуу, сан менен чагылдыруу.
Баалоого коюлуучу талаптар: Окуучулар окуу ишмердигинин процессинде сапаттуу натыйжаларга жетишүүсү үчүн учурдагы баалоо төмөндөгүдөй болушу керек: Билим берүү процессинин бардык катышуучуларына түшүнүктүү; Ийкемдүү; Ченеп-өлчөөчү көп каражаттуу; Психологиялык жактан ыңгайлуу; Көп курамдуу.

Баалоого коюлуучу талаптар:

  • Окуучулар окуу ишмердигинин процессинде сапаттуу натыйжаларга жетишүүсү үчүн учурдагы баалоо төмөндөгүдөй болушу керек:
  • Билим берүү процессинин бардык катышуучуларына түшүнүктүү;
  • Ийкемдүү;
  • Ченеп-өлчөөчү көп каражаттуу;
  • Психологиялык жактан ыңгайлуу;
  • Көп курамдуу.
Баалоонун түрлөрү: диагностикалык, формативдик  жана суммативдик баалоо   Диагностикалык (аныктоочу) баалоо – окуучунун компетенцияларынын калыптангандыгынын баштапкы деңгээлин аныктоо. Диагностикалык баалоо, адатта, окуу жылынын башында же теманы, бөлүмдү, главаны окуп-үйрөнүүнүн башталышындагы биринчи сабакта жүргүзүлөт. Диагностикалык баалоонун максаты – окутуунун максаттарына карата алганда окуучулардын программалык теманы же главаны, предмет боюнча курсту окуп-үйрөнүүнүн башында кайсыл жерде тургандыгы жөнүндө маалымат алуу.

Баалоонун түрлөрү: диагностикалык, формативдик жана суммативдик баалоо

  • Диагностикалык (аныктоочу) баалоо – окуучунун компетенцияларынын калыптангандыгынын баштапкы деңгээлин аныктоо. Диагностикалык баалоо, адатта, окуу жылынын башында же теманы, бөлүмдү, главаны окуп-үйрөнүүнүн башталышындагы биринчи сабакта жүргүзүлөт.
  • Диагностикалык баалоонун максаты – окутуунун максаттарына карата алганда окуучулардын программалык теманы же главаны, предмет боюнча курсту окуп-үйрөнүүнүн башында кайсыл жерде тургандыгы жөнүндө маалымат алуу.
Формативдик (калыптандыруучу) баалоо: Формативдик (калыптандыруучу) баалоо –окуучунун окуп-үйрөнүүсүнө максаттуу үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү процесси. Формативдик баалоо формалдуу эмес (көбүнчө баа коюлбаган) баалоо болуп саналат. Ал баалоону критерийлерге ылайык жүргүзүүгө негизделип, кайтарым байланыштын болушун талап кылат. Формативдик баалоонун максаты –окуу процессинде мугалимдин жана окуучулардын ишмердигине түзөтүү киргизүү. Формативдик баалоо мугалимге окуучулардын окуп-үйрөнүү максаттарына карата илгерилөө процессинин алгачкы этаптарында көзөмөлдүк жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүп, ага окуу процессине түзөтүүлөр киргизүүгө, ал эми окуучуга өзүнүн билим алуусу үчүн жогорку даражадагы жоопкерчилигин сезе билүүсүнө жардам берет.

Формативдик (калыптандыруучу) баалоо:

  • Формативдик (калыптандыруучу) баалоо –окуучунун окуп-үйрөнүүсүнө максаттуу үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү процесси. Формативдик баалоо формалдуу эмес (көбүнчө баа коюлбаган) баалоо болуп саналат. Ал баалоону критерийлерге ылайык жүргүзүүгө негизделип, кайтарым байланыштын болушун талап кылат.
  • Формативдик баалоонун максаты –окуу процессинде мугалимдин жана окуучулардын ишмердигине түзөтүү киргизүү. Формативдик баалоо мугалимге окуучулардын окуп-үйрөнүү максаттарына карата илгерилөө процессинин алгачкы этаптарында көзөмөлдүк жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүп, ага окуу процессине түзөтүүлөр киргизүүгө, ал эми окуучуга өзүнүн билим алуусу үчүн жогорку даражадагы жоопкерчилигин сезе билүүсүнө жардам берет.
Суммативдик баалоо: Суммативдик (жыйынтыктоочу) баалоо - теманы, бөлүмдү белгилүү мезгил ичинде окуп-үйрөнүүнү аяктоодо, билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн калыптангандыгынын деңгээлин аныктоого арналат. Суммативдик баалоо ар түрдүү текшерүү иштеринин түрлөрүн (тест, контролдук иш, лабораториялык иш, изилдөө иши, дилбаян, эссе, долбоор, оозеки презентация ж.б.) аткаруунун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт. Текшерүү иштерине коюлган баалар жыйынтыктоочу бааларды аныктоо үчүн негиз болуп саналат. Суммативдик баалоонун максаты - окуучулардын белгилүү мезгилдин аралыгында билимди өздөштүрүүнүн жана билгичтиктер менен компетенттүүлүктүн (камылгалуулуктун) калыптангандыгынын деңгээлин аныктоо жана алынган натыйжалардын стандарттын талаптарына шайкештигин аныктоо.

Суммативдик баалоо:

  • Суммативдик (жыйынтыктоочу) баалоо - теманы, бөлүмдү белгилүү мезгил ичинде окуп-үйрөнүүнү аяктоодо, билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн калыптангандыгынын деңгээлин аныктоого арналат. Суммативдик баалоо ар түрдүү текшерүү иштеринин түрлөрүн (тест, контролдук иш, лабораториялык иш, изилдөө иши, дилбаян, эссе, долбоор, оозеки презентация ж.б.) аткаруунун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт. Текшерүү иштерине коюлган баалар жыйынтыктоочу бааларды аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
  • Суммативдик баалоонун максаты - окуучулардын белгилүү мезгилдин аралыгында билимди өздөштүрүүнүн жана билгичтиктер менен компетенттүүлүктүн (камылгалуулуктун) калыптангандыгынын деңгээлин аныктоо жана алынган натыйжалардын стандарттын талаптарына шайкештигин аныктоо.
SMART– СМАРТ критерийлери «Акылдуу» критерийлер окутуунун максатын аныктап чыгуу үчүн колдонулат. Бул критерийлерге ылайык максаттар төмөндөгүдөй болушу керек: S – конкреттүү, эмнеге жетишүү керек экендигин айкын билүү үчүн максаттар конкреттүү, бөтөнчө болушу керек. M – ченеп-өлчөнүүчү, коюлган максатка жетишкендикти так айтыш үчүн, коюлган максаттар ченеп-өлчөөгө ылайыктуу болушу керек. A –пландалган мезгилдин ичинде жетишилгендей, нагыз кандай иш аракет каалаган натыйжага алып келе тургандыгын так түшүнүү үчүн максаттар иш аракетке багытталган болушу керек. R –реалдуу, аларга жетүүгө боло тургандай реалдуу болушу керек. T –максаттартак мөөнөткө эсептелип, аткаруу үчүн керектүү каражаттарга ээ болушу керек. Мисалы, окуучулар жуманын аягында бештен кем эмес сын атоочту колдонуп, сүрөттү чечмелеп бере алышат.   SMART – коюлган максаттар кандай болушу керектигин көрсөткөн англисче сөздөрдөн кыскартылган: Specific - конкреттүү, Measurable - ченеп-өлчөнө турган,Achievable - жетишиле турган, Realistic - реалдуу жана Time-bound - мезгилге эсептелеген.  Smart - англ. «акылдуу»

SMART– СМАРТ критерийлери

  • «Акылдуу» критерийлер окутуунун максатын аныктап чыгуу үчүн колдонулат. Бул критерийлерге ылайык максаттар төмөндөгүдөй болушу керек:
  • S – конкреттүү, эмнеге жетишүү керек экендигин айкын билүү үчүн максаттар конкреттүү, бөтөнчө болушу керек.
  • M – ченеп-өлчөнүүчү, коюлган максатка жетишкендикти так айтыш үчүн, коюлган максаттар ченеп-өлчөөгө ылайыктуу болушу керек.
  • A –пландалган мезгилдин ичинде жетишилгендей, нагыз кандай иш аракет каалаган натыйжага алып келе тургандыгын так түшүнүү үчүн максаттар иш аракетке багытталган болушу керек.
  • R –реалдуу, аларга жетүүгө боло тургандай реалдуу болушу керек.
  • T –максаттартак мөөнөткө эсептелип, аткаруу үчүн керектүү каражаттарга ээ болушу керек.
  • Мисалы, окуучулар жуманын аягында бештен кем эмес сын атоочту колдонуп, сүрөттү чечмелеп бере алышат.
  • SMART – коюлган максаттар кандай болушу керектигин көрсөткөн англисче сөздөрдөн кыскартылган: Specific - конкреттүү, Measurable - ченеп-өлчөнө турган,Achievable - жетишиле турган, Realistic - реалдуу жана Time-bound - мезгилге эсептелеген.
  • Smart - англ. «акылдуу»
Тапшырма: Окуучунун ишин жеңил баалоого мүмкүн болгон критерийлерди тандаӊыз, атаӊыз жана эмне себептен Сиз мындай ойлой турганыӊызды түшүндүрүңүз? Критерийлердин мисалдары: Иш-аракеттерди, операцияларды туура тандоо;  Эсептөөлөрдүн тууралыгы (эсептөө көндүмдөрүн текшерүү зарылдыгы болсо);  Туура жазуу, маалыматтарды көчүрүү (сандар, белгилер, тамгалар, чоңдуктар);  Математикалык мисалдарда амалдарды аткаруу иретин жазуунун болуусу;  Санды разряддык кошулуучулардын суммасы түрүндө берүү;  Чоңдуктардын өлчөө бирдиктерин башка бир өлчөө бирдиктерине айландырууну ишке ашыруу; Кен байлыктардын түрлөрүн аныктоо, алардын касиеттерин айырмалоо; Жаратылышка байкоо жүргүзүү, байкоонун натыйжалары жөнүндө айтуу; Адамды курчаган буюмдарды сүрөттөө, алардын формасын, чоңдугун аныктоо;  Географиялык картада Кыргызстандын дарыя жана көлдөрүн таап көрсөтүү; Эң жөнөкөй тажрыйбалардын жардамы менен суунун, абанын кээ бир касиеттерин аныктоо.

Тапшырма: Окуучунун ишин жеңил баалоого мүмкүн болгон критерийлерди тандаӊыз, атаӊыз жана эмне себептен Сиз мындай ойлой турганыӊызды түшүндүрүңүз?

  • Критерийлердин мисалдары:
  • Иш-аракеттерди, операцияларды туура тандоо;
  • Эсептөөлөрдүн тууралыгы (эсептөө көндүмдөрүн текшерүү зарылдыгы болсо);
  • Туура жазуу, маалыматтарды көчүрүү (сандар, белгилер, тамгалар, чоңдуктар);
  • Математикалык мисалдарда амалдарды аткаруу иретин жазуунун болуусу;
  • Санды разряддык кошулуучулардын суммасы түрүндө берүү;
  • Чоңдуктардын өлчөө бирдиктерин башка бир өлчөө бирдиктерине айландырууну ишке ашыруу;
  • Кен байлыктардын түрлөрүн аныктоо, алардын касиеттерин айырмалоо;
  • Жаратылышка байкоо жүргүзүү, байкоонун натыйжалары жөнүндө айтуу;
  • Адамды курчаган буюмдарды сүрөттөө, алардын формасын, чоңдугун аныктоо;
  • Географиялык картада Кыргызстандын дарыя жана көлдөрүн таап көрсөтүү;
  • Эң жөнөкөй тажрыйбалардын жардамы менен суунун, абанын кээ бир касиеттерин аныктоо.
Баалоодо критерийлер аныкталыш керек: Критерий - бул бир нерсени баалоо, аныктоо же классификациялоо жүргүзүүнүн негизиндеги таяныч белгилер. Критерий - булбаалоонун чен-өлчөмү.

Баалоодо критерийлер аныкталыш керек:

  • Критерий - бул бир нерсени баалоо, аныктоо же классификациялоо жүргүзүүнүн негизиндеги таяныч белгилер. Критерий - булбаалоонун чен-өлчөмү.
Формативдик баалоодо кайтарым байланыштын 2 т үрү: Кайтарым байланыш – максатка өтө жакшы жол менен жетүүгө алып баруучу конкреттүү иш аракеттер, кырдаалдар, талаштуу маселелер жөнүндө комментарийлер жасоо (пикирлер айтуу) жана сунуштарды билдирүү жана аларды алуу процесси. Жазуу жүзүндөгү кайтарым байланыш – окуучуларга кыйла маанилүү жана түшүнүктүү болушу керек. Алар (окуучулар) өз иштерине карата мугалимдин комментарийин уга билип, анын айткан сунуштарын пайдалануу менен аларды жакшыртышы керек.

Формативдик баалоодо кайтарым байланыштын 2 т үрү:

  • Кайтарым байланыш – максатка өтө жакшы жол менен жетүүгө алып баруучу конкреттүү иш аракеттер, кырдаалдар, талаштуу маселелер жөнүндө комментарийлер жасоо (пикирлер айтуу) жана сунуштарды билдирүү жана аларды алуу процесси.
  • Жазуу жүзүндөгү кайтарым байланыш – окуучуларга кыйла маанилүү жана түшүнүктүү болушу керек. Алар (окуучулар) өз иштерине карата мугалимдин комментарийин уга билип, анын айткан сунуштарын пайдалануу менен аларды жакшыртышы керек.
Формативдик баалоодо колдонулат: Формативдик баалоо окуучулардын жазуу иштерин текшерүүнү талап кылат, баалоонун мындай түрүндө мугалим баа коюуну пландабастан, окуучунун дептерине пикирин жазат, ар түрдүү жылдызчаларды, түстөрдү колдонот. Мисалы, жашыл түс менен жакшы аткарылган иштерди белгилейт (жылдызчалар, ар кандай түстөгү пасталар же маркерлер менен ката кетирилген жерлерди белгилеп, дептердин четине ишти жакшыртуу үчүн конкреттүү кенештерин, сунуштарын жазат). Иштерди кайрадан иштөөгө кайтарып берген учурда, мугалим окуучуларга кайтадан оңдолгон ишти тапшыруунун мөөнөтүн так аныктайт.

Формативдик баалоодо колдонулат:

  • Формативдик баалоо окуучулардын жазуу иштерин текшерүүнү талап кылат, баалоонун мындай түрүндө мугалим баа коюуну пландабастан, окуучунун дептерине пикирин жазат, ар түрдүү жылдызчаларды, түстөрдү колдонот. Мисалы, жашыл түс менен жакшы аткарылган иштерди белгилейт (жылдызчалар, ар кандай түстөгү пасталар же маркерлер менен ката кетирилген жерлерди белгилеп, дептердин четине ишти жакшыртуу үчүн конкреттүү кенештерин, сунуштарын жазат).
  • Иштерди кайрадан иштөөгө кайтарып берген учурда, мугалим окуучуларга кайтадан оңдолгон ишти тапшыруунун мөөнөтүн так аныктайт.
Кайтарым байланыш кандай болуу керек: Кыйла натыйжалуу кайтарым байланыш үчүн окуучулар: 1. Тапшырманын максаты жөнүндө билиши керек; 2. Алар кандай максатка жетишкендигин билиши керек; 3. Өздөрү аткарган иш менен максатка жетүү үчүн аткаруучу иштин ортосундагы аралыкты кантип азайтууну билиши керек.

Кайтарым байланыш кандай болуу керек:

  • Кыйла натыйжалуу кайтарым байланыш үчүн окуучулар:
  • 1. Тапшырманын максаты жөнүндө билиши керек;
  • 2. Алар кандай максатка жетишкендигин билиши керек;
  • 3. Өздөрү аткарган иш менен максатка жетүү үчүн аткаруучу иштин ортосундагы аралыкты кантип азайтууну билиши керек.
Формативдик баалоодо колдонулуучу баалоонун түрлөрү: Бири бирин баалоо жана өзүн өзү баалоо Бири бирин контролдоонун/ бири бирин баалоонун варианттары: иштерин алмашуу, атайын план боюнча бири бирин сурамжылоо, бири биринин тапшырмаларын алмашуу, аныктамаларды, эрежелерди текшерүү, комментарий берүү. Бири бирин контролдоодо/ бири бирин баалоодо колдонулуучу үлгүлөр: таблица, доскага жазуу, кодоскопто (экранда) жазып көрсөтүү, оозеки, кимдир бирөө тарабынан аткарылган иште көрсөтүү шифрлөө, жооп менен салыштыруу.

Формативдик баалоодо колдонулуучу баалоонун түрлөрү:

  • Бири бирин баалоо жана өзүн өзү баалоо
  • Бири бирин контролдоонун/ бири бирин баалоонун варианттары:
  • иштерин алмашуу,
  • атайын план боюнча бири бирин сурамжылоо,
  • бири биринин тапшырмаларын алмашуу,
  • аныктамаларды, эрежелерди текшерүү,
  • комментарий берүү.
  • Бири бирин контролдоодо/ бири бирин баалоодо колдонулуучу үлгүлөр:
  • таблица,
  • доскага жазуу,
  • кодоскопто (экранда) жазып көрсөтүү,
  • оозеки,
  • кимдир бирөө тарабынан аткарылган иште көрсөтүү
  • шифрлөө,
  • жооп менен салыштыруу.
Суроолор, пикирлер, сунуштар...

Суроолор, пикирлер, сунуштар...