СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалоонун түрлөрү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине усулдук жардам

Просмотр содержимого документа
«Баалоонун түрлөрү»

Баалоонун түрлѳрү

Учурда окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктери менен ѳсүшүн ѳлчѳѳ үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагноздоочу, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу.

Диагностикалык баалоо. Окуучунун билим алуудагы прогрессине баа берүү үчүн мугалим окуу жылы ичинде жетишилген натыйжалар менен окуучунун билгиликтеринин баштапкы калыптануу деңгээлине салыштыруу жүргүзѳт. Диагноздоочу баалоонун натыйжалары сыпаттоо түрүндѳ катталып, жалпыланат жана мугалимдин окутуу милдеттерин аныкташына, окуучуга берилүүчү тапшырмаларды берүү жолу менен окуу процессине түзѳтүүлѳрдү киргизишине жана анын ѳркүндүтүшүнѳ негиз болот.

Калыптандыруучу баалоо. Калыптандыруучу баалоонун максаты - окуучунун жетишкендиги менен материалды жекече ѳздѳштүрүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн аныктоо, ошондой эле окуучунун ийгиликке жетиши үчүн сунуштарды иштеп чыгуу. Мугалим калыптандыруучу баалоону окутуунун жүрүшүнѳ жараша ѳз убагында түзѳтүү, пландоого ѳзгѳртүү киргизүү үчүн пайдаланат. Окуучунун жѳндѳм деңгээли эмес, ал аткарган конкреттүү иш бааланат. Окутуунун аралык натыйжаларын баалоодо окуучулардын ѳзгѳчѳлүктѳрү (ишти аткаруу тездиги, теманы ѳздѳштүрүү жѳндѳмү ж.б) эске алынып, окуучулардын жетишкендиктери менен ѳсүштѳрүнѳ кѳңүл бурулат. Окуучунун ѳсүшү билим берүү тармагы менен предметтердин алкагында окутуу максаты болуп саналган белгилүү натыйжаларга жетүү катары аныкталат. Журналга баа зарылдыгына карай коюлат (катталат), мугалим окуучунун жекече ѳсүшүнѳ жүргүзгѳн байкоолорун белгилейт.

Жыйынтыктоочу баалоо. Жыйынтыктоочу баалоо окутуунун ар бир баскычында пландалуучу натыйжаларга окуучулардын жетишүү даражасын аныктоо үчүн кызмат кылып, утурумдук, аралык жана жыйынтыктоочу баалодон түзүлөт. Окуучунун жекече аткарылган тапшырмаларды утурумдук баалоо баа берүү ченемдери (туура чечимдердин саны, кетирилген катарлардын саны, тариздөө эрежелеринин сакталышыж.б.) менен мугалим же окуучулардын өздөрү берген өзүнчө ишти аткаруу критерийлерине жараша жүргүзүлөт. Мугалим окуучулардын окуу материалын өздөштүрүүдөгү өзгөчөлүктөрүнө жараша утурумдук баалоо жүргүзөт.

Аралык баалоо предметтик стандартта аныкталган иштердин түрүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Кат жүзүндөгү иштер/булактар менен иштөө;

Оозеки жооп /жүзачар;

Долбоор, изилдөѳ иши, иштердин бөтөнчө түрлөрү;

Портфолио (жетишкендиктер папкасы) ж.б.

Иштердин бардык түрлөрү баалоо критерийлеринин негизинде бааланып, милдеттүү болуп саналат жана мугалим тарабынан баалоо планын иштеп чыгууда алдын ала пландалат.

Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календарына (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы ылайык) жүргүзүлүп, аракеттеги ченемдер менен баалоонун иштелип чыккан критерийлерге жараша кат жүзүндө аткарылат.

Милдеттүү иштердин түрлөрүнүн саны жана жыйынтыктоочу баалоодогу салыштырма катыш окутуу баскычтары менен предметтердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат. Иштердин формасынын ар түрдүүлүгүн мугалим окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрун эске алып аныктайт.



Сунуш даярдаган Ч.Раимбекова

(Сунушка кыргыз тилин эне тили катары окутуунун предметтик стандартынын материалы пайдаланылды)