СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класстар үчүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кызыктуу сабак өтүлдү. Мугалимдер тарабынан жактырылды.

Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класстар үчүн»




БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАГЫ МЫКТЫ САБАКТЫН ПЛАН КОНСПЕКТИСИНЕ СЫНАК


USAID «Окуу Керемет!» долбоору максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин арасында «Окуу боюнча эң мыкты сабактын план-конспектиси» жана «Математика боюнча эң мыкты сабактын план-конспектиси» сынагын өткөрөт.


Сынактын максаттары:

  • Таланттуу мугалимдерди аныктоо, аларды колдоо жана дем берүү;

  • Кыргызстандын максаттуу мектептеринин башталгыч класстарынын мыкты мугалимдеринин алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;

  • Окуу жана жазуу, математика боюнча жаңы стратегияларды колдонууда методикалык колдоого муктаж башталгыч класстын мугалимдерине колдоо көрсөтүү.


Катышуучулар:

Сынактын катышуучулары максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери (1-4-класстар).


Жумушчу тилдер: кыргыз, орус, өзбек жана тажик.


Сынактын шарты:

  • Сабактын схемасы төмөнкү предметтер боюнча түзүлүшү керек:

- окуу,

- эне тили (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдери),

- Мен жана дүйнө.

  • Сабактын конспектиси төмөнкү предмет боюнча түзүлүшү керек:

- математика.

  • Сабактын конспектиси долбоордо каралган сабактын структурасына ылайык түзүлүшү керек (1-тиркеме (Окуу, Эне тили, Мен жана дүйнө); 2-тиркеме (математика).

  • Мугалим планда окуу модулдарынын (1-5) материалдарын жана стратегияларын сɵзсүз колдонушу керек.

  • Мугалим планда математика боюнча модулдардын (1-5 базалык модулдар жана 6-10 терендетилген модулдар) материалдарын жана стратегияларын сɵзсүз колдонуусу керек.

  • «Окуу Керемет!» долбоору тарабынан иштелип чыккан кошумча окуу материалдарын (балдар китептерин) жана математика боюнча модулдардын кошумча материалдарын колдонуу сунушталат.

  • Сабактын кыскача мазмуну окуу тилдеринин биринде (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) электрондук вариантта Word форматында жазылышы керек. Сабактын узактыгы 40-45 мүнөт. Сабактын планы А4 форматындагы 5 басма барагынан ашпашы керек.

  • Сабактын планы окуу жана математика сабактарында апробацияланып, эске алынуучу жактары толукталган варианты жиберилиши керек.

  • Мугалим бир гана сабактын планын бере алат.

  • Сабактын планы уникалдуу болушу керек жана мурда интернетте жарыяланбаган же 2021-2022-окуу жылы үчүн сынакка катышпаган болушу керек.

  • Долбоор жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаган учурда тигил же бул тилдин нормаларына туура келбесе, сабактын кыскача баяндамасынын сыпаттамасына, аталышына жана башка элементтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.

  • Сабактын планы авторго кайтарылбайт.


Мɵɵнɵтү:

  • Сабактын планы 2023-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат.

  • Жыйынтыктоо 2023-жылдын 31-мартына чейин жүргүзүлөт;

  • Жеңүүчүлөрдү сыйлоо – 2023-жылдын апрель-май айларында өткөрүлөт.


Cынакты ɵткɵрүү процедурасы:

  • Сынактын катышуучулары даярдаган окуу жана математика боюнча план-конспекттерин аймактык командаларга 2023-жылдын 1-мартына чейин coordinator-07@mail.ru электрондук даректерине жөнөтүшөт.

  • Аймактык командалар окуу жана математика боюнча сабак пландарын критерийлер боюнча өз-өзүнчө карашат, эң жакшы план-конспекттерди тандап, 2023-жылдын 20-мартына чейин өз аймагында 1, 2, 3 байгелерди ыйгарышат жана 3 байгелүү сабактын планын окуу боюнча (баалоо баракчасы менен) жана математика боюнча (баалоо баракчасы менен) долбоордун Окуу жана Математика боюнча адистерине жөнөтүшөт.

  • Окуу жана математика боюнча 1-орунга ээ болгон сабактардын конспектилери «Кутбилим» гезитине жарыялоого берилет.



АЙМАКТЫК КОМАНДАЛАР ТАРАБЫНАН ОКУУ ЖАНА МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ПЛАН КОНСПЕКТИЛЕРДИ КАРАП ЧЫГУУ ЖАНА БААЛОО БОЮНЧА НУСКАМА

Аймактык команда окуу жана математика боюнча кабыл алынган сабак пландарын карап чыгып, аларды бирдиктүү структурага келтирет (предмети, классы, мугалимдин аты-жөнү, тили), мүмкүн болушунча редакциялайт (1, 2-тиркемелер).

  • Бардык план-конспектилер иштелип чыккан критерийлерге ылайык текшерилет жана бааланат (3-тиркеме).

  • Баалоонун натыйжалары Excel форматында (баалоо баракчасы) «Окуу боюнча план-конспектилер сынагы-2023» жана «Математика боюнча план-конспектилер сынагы-2023» аталыштары менен киргизилет (4-тиркеме).

  • Өз аймагындагы бардык пландарды текшерип, баалагандан кийин окууну баалоо баракчасы Окуу боюнча адиске (Юсупова Айкынай) берилет. Баалоо баракчасында сынактын катышуучулары ар бир иш үчүн берилген упайлардын сандык кɵрсɵткүчү азаюу тартибинде жайгаштырылат.

  • Өз аймагындагы бардык пландарды текшерип, баалагандан кийин математика боюнча баалоо баракчасы Математика боюнча адиске (Аликова Аида) берилет. Баалоо баракчасында сынактын катышуучулары ар бир иш үчүн берилген упайлардын сандык кɵрсɵткүчү азаюу тартибинде жайгаштырылат.

  • Жыйынтыктарды чыгаруу Долбоор тарабынан 2023-жылдын 10-апрелинен 30-апрелине чейин жүргүзүлөт.


Сыйлоо


• 33-35 упайга чейин топтогон мугалимдерге 1-орун ыйгарылат, 1-даражадагы диплом жана «Окуу Керемет!» долбоорунун байгелери менен сыйланышат. Алардын эмгектери «Кутбилим» гезитине жарыяланат.

• 30-32 упайга чейин топтогон мугалимдерге 2-орун ыйгарылат, 2-даражадагы диплом жана «Окуу Керемет!» долбоорунун байгелери менен сыйланышат.

• 28-29 упайга жеткен мугалимдерге 3-орун ыйгарылат, 3-даражадагы диплом жана «Окуу Керемет!» долбоорунун байгелери менен сыйланышат.


1-Тиркеме.



ОКУУ БОЮНЧА САБАКТЫН ПЛАН КОНСПЕКТИСИНИН СТРУКТУРАСЫ

(шрифт-Times New Romans, ɵлчɵмү 12, интервал 1)

Мугалимдин аты-жөнү:

Мектептин аты:

Облусу:

Району, шаары:

Предмет:

Класс:

Сабактын темасы:

Сабактын тиби:

Максаттары: (билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк):

Усулдары жана ыкмалар:

Сабактын жабдылышы:


Сабактын жүрүшү

Убактысы

(40-45 мүнɵт)

Инструкциялар

1.

Уюштуруу учуру

Мугалим менен учурашуу, окуучуларды класста иштөөгө даярдоо.

Мотивация:

көйгөйлүү суроо (кырдаал), цитата, аңгеме, макал (лакап), табышмак, девиз, рифма, чакан тапшырма, разминка ж.б.

2.

Окуучунун позициясына карата жана окуудагы конкреттүү жетишкендиктерге багытталган адаптацияланган максаттар жана күтүлүүчү натыйжалар

Окуу максаттарын түзүүнүн варианттары:

- тамгалар менен таанышуу...

- текст, таблица, план түзүү ...

- эрежени колдоносуз ....

-Биз RACE ... колдонуп дил баян жазабыз.

3.

Түшүндүү\кайталоо\

жаңы/үйрɵнгɵн материалды бекемдɵɵ

- таяныч билим жана көндүмдөрдү актуалдаштыруу, өткөн сабактардагы окуяларды эске салат, бүгүн боло турган нерсе менен байланыштырат.

- сиз ɵткɵн сабактан улам кантип чечүүнү билесиз .... Бирок ... үчүн өздөштүрүү, түшүнүү, үйрөнүү керек ....

- Чакырык - көйгөйлүү тапшырма (катаны табыңыз, кайсы эрежени чыгарууга болот?, биз эмне кылышыбыз керек?)

- Түшүндүрүү, визуализация

- Моделдештирүү/ демонстрациялоо (окуу, туура жазуу, чечүү, ой жүгүртүү ..) алгоритмдин айтылышы менен

4.

Физкультминутка

Физкультминутка

5.

Алынган билимдерди колдонуу жана бекемдөө

Тапшырмалардын ар кандай түрлөрү колдонулат (көйгөйлүү тапшырмалар, алек болуучу мүнөзүндөгү тапшырмалар ж.б.).

Тааныш жана өзгөргөн кырдаалда билимди колдонууну талап кылган тапшырмаларды өз алдынча аткаруу, топтордо, жуптарда аткаруу.


6.

Баалоо

Рефлексия (сабактын жыйынтыгын чыгаруу)

Суроолор:

- Тапшырма кандай болду?

-Коюлган маселени чече алдыңызбы?

-Кантип?

- Кандай жыйынтык алдыныз?

- Дагы эмне кылыш керек?

-Жаңы билимди кайда/кантип колдонууга болот?


7.

Yй тапшырма

Окулган материалды практикада колдонуу үчүн үй тапшырмасы берилет.























2-Тиркеме.


МАТЕМАТИКА БОЮНЧА САБАКТЫН ПЛАН КОНСПЕКТИСИНИН СТРУКТУРАСЫ

(«Математика», шрифт-Times New Romans, ɵлчɵмү 12, интервал 1)


Мугалимдин аты-жөнү:

Мектептин аты:

Облусу:

Району, шаары:

Предмет:

Класс:

Сабактын темасы:

Сабактын тиби:

Максаттары (билим берүү, өнүктүрүү, тарбия берүүчүлүк):

Сабактын жабдылышы:


Сабактын жүрүшү

Убактысы

(40-45 мүнɵт)

Инструкциялар

1.

Уюштуруу учуру

Мугалимдин учурашуусу, окуучуларды класста иштөөгө даярдоо.

Мотивация:

көйгөйлүү суроо (ситуация), цитата, кыскача баян , макал (лакап), табышмак, девиз, рифмовка, чакан тапшырма, разминка ж.б.

2.

Окуучунун позициясына карата жана окуудагы конкреттүү жетишкендиктерге багытталган максаттар жана күтүлүүчү натыйжалар

Математика боюнча окуу маселелерин формулировкалоонун варианттары:

Окуучулар:

- амалдардын тартип эрежелерин колдонушат ....;

- кошуу маселелерин чыгаруу ...;

- ... үчүн көбөйтүү таблицасын колдонуу;

- эсептөөдө палетканы колдонуу ....ж.б.

3.

3.1. Кайталоо.

Түшүндүрүү/ жаңы үйрɵнгɵн материалды бекемдɵɵ

  • таяныч билим жана көндүмдөрдү актуалдаштыруу, өткөн сабактардагы окуяларды эске салуу, сабакта бүгүн боло турган нерселер менен байланыштыруу:

  • сабактын мазмунуна байланыштуу өтүлгөн темалар боюнча суроолорду же көнүгүүлөрдү берүү;

  • айтуу: сиз акыркы сабактан кантип чечүүнү билесиз .... Бирок ... үчүн өздөштүрүү, түшүнүү, үйрөнүү керек ....

  • чакырык жасоо - көйгөйлүү тапшырма (катаны табыңыз, сизге кандай эреже керек? эмне кылышыбыз керек?)

3.2.

Окуучуларга

манипулятивдик/графикалык моделдерди берүү (зарыл болсо).



  • окуучуларга математикалык түшүнүктөрдү сезүүгө (визуалдаштырууга) жардам берүү үчүн тапшырмада ылайыктуу (зарыл болсо) манипулятивдик/графикалык моделдерди колдонуу өтүнүчүн сүрөттөп берүү

3.3. Маселени элестетүү жана чыгаруу


  • окуучулар эмненин үстүндө иштей тургандыктарын кыскача сүрөттөп берүү;

  • окуучулар аткарышы керек болгон тапшырманы түзүү.

3.4. Маселени талкулоо


  • окуучулар өзүлɵрүнүн чыгарылыштарын түшүндүрүүгө жана негиздөөгө көңүл буруп, өзүлɵрүнүн чыгарылыштары менен бөлүшөрүн сүрөттөп берүү;

  • окуучуларга кайчы пикир жаратуучу суроолорду берүү жана алардын мүмкүн болгон жооптору.

Кайчы пикир жаратуучу суроолор:

  • Жооп кандай? (окуучунун мүмкүн болгон жообуун келтирүү)

  • Жооп ____ экенин кайдан билдиңиз? (конкреттүү/графикалык модел менен сүрөттөп бере алат) (окуучуга мүмкүн болгон түшүндүрмө берүү)

  • Жоопту кантип ___ алганыңызды түшүндүрө аласызбы? (окуучунун тиешелүү жообу)

  • Башка окуучулар чыгаруу жолу мененменен ким бөлүшө алат? Чыгарылышты түшүндүрүп берсеңиз?

  • (окуучунун мүмкүн болгон жоопторуна ылайык башка чыгарылыш жолдорун келтирүү

3.5. Карама-каршы божомол


  • Туура эмес чыгарылыштын үстүндө иштɵɵнү, алардын жоопторуна карата кандай ойлору бар жана туура эмес чыгарылышты сунуштаган окуучуга алар эмне деп айта аларын сүрөттөп берүү.

  • Туура эмес чыгарылышка карата талкуулоо үчүн суроолор:

  • Сиз макулсузбу же макул эмессизби? Эмне үчүн? (Мүмкүн болгон жооптун мисалы макул эмесмин, ал 9дан жогору болушу керек.)

  • Эмне үчүн ал мындай деди деп ойлойсуңар? (туура эмес чечим үчүн мүмкүн болгон түшүндүрмөнүн мисалы - ал 6 жана 3 сандарын кошкон)

    • Сиз бул окуучуга эмне дейт элеңиз? (маселенин шартында "3 эсе көп" деп жазылган, ошондуктан кошуунун ордуна көбөйтүүнү колдонуу керек)

3.6. Талкуунун жыйынтыгын чыгаруу. Маселенинин чыгарылышын моделдештирүү



  • Талкуу кандайча жыйынтыкталганын сүрөттөп берүү, мугалим тарабынан маселенин (чыгаруу кадамдары) моделдештирүүсүн жазуу. Зарыл болсо, маселенин чыгарылышын иллюстрациялоо үчүн чиймени, схеманы келтирүү;

  • Окуу материалынын маанилүүлүгүн, аны практикада, башка кырдаалдарда, турмуштаж.б. колдонууда белгилɵɵ .

(модулдарды, сабактардын фрагменттерин караңыз)

4.

Алынган билимдерди колдонуу жана бекемдөө. Практикалык иш


  • Тапшырмалардын ар кандай түрлөрү колдонулат:

  • -көйгөйлүү тапшырмалар, аш-аракет жүргүзүү мүнөзүндөгү тапшырмалар ж.б.;

  • - 3 түрдүү деңгээлден кем эмес тапшырмалар: математикалык көндүмдөрдүн ар кандай деңгээлдеги окуучулар үчүн “жогорку”, “туура келет”, “төмөнкү” (билимдерди тааныш жана өзгөргөн кырдаалда колдонуу);

  • Өз алдынча практикалык иштердин жыйынтыгын ар кандай ыкмалар менен берүү (мисалы, оозеки презентация, доскага жазуу, ордунан оозеки жооп берүү, аткарылган чиймени же макетти көрсөтүү ж.б.).

  • Же мугалим тарабынан берилген тапшырмаларды байкоо жана суроолордун жардамы менен текшерүү, силер кантип чыгардыңар, эмне үчүн мындай чыгардыңар?

5.

Баалоо. Тез текшерүү/ Формалдуу эмес калыптандырылган баалоо.


  • Окуучулар сабактын мазмунун жана КБ техникасын колдонууну канчалык жакшы түшүнүшкөнүн билүү үчүн кадамдарды сүрөттөп берүү.

6.

Рефлексия (сабактын жыйынтыгын чыгаруу)


  • Окуучуларга сабакты жыйынтыктоо, жыйынтык чыгаруу же суроолорго жооп берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү сүрɵттɵɵ.

Суроолор:

- Эмне тапшырма берилди ?

-Коюлган маселени чече алдыңызбы?

-Кантип?

- Кандай натыйжаларды алдыңар болду?

- Дагы эмне кылыш керек?

-Жаңы билимди кайда/кантип колдонууга болот?

7.

Yй тапшырма


  • Окулган материалды практикада колдонуу үчүн үй тапшырмасы берилет.

  • Үйдө кандай тапшырмаларды берүүгɵ болорун сүрөттөɵ, алар татаал эмес, класста өздөштүрүлгɵн жɵндɵмдɵн башкага багытталбайт..












3-Тиркеме.


ОКУУ ЖАНА МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ПЛАН КОНСПЕКТИЛЕРДИ БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ



Ар бир критерий 5 баллдык шкала менен бааланат.


Критерийлер

Критерийлердин сүрɵттɵлүшү

Максималдык балл

1.

Оригиналдуулук жана креативдүүлүк

План конспектини түзүүдө ыкмалардын оригиналдуулугу жана идеянын креативдүүлүгү бааланат.

5

2.

 

Сабактын түзүлүшү

 

План конспектинин структурасынын түзүмүнүн тактыгы, сабактын максаттары SMART критерийлерине ылайыктуулугу, сабактын ар бир этабында убакыттын эффективдүү бөлүштүрүлүшү жана бир этаптан экинчи этапка өтүүдөгү логикалык ырааттуулук бааланат.

5

3.

Окуу материалдын мазмуну

ББК(билим, билгичтик,кɵндүм) окуучулардын ээ болушу үчүн сабактын материалы канчалык эффективдүү тандалып алынгандыгы (мазмунунун ар түрдүү форматта жана ар түрдүү жолдор менен берилиши) бааланат. Мазмун ырааттуу түрдө белгиленген убакыттын ичинде пландаштырылган сабактын максаттарына жетүү үчүн багытталган.

5

4.

Мугалимдин усулдук чеберчилиги

Мугалим тандап алгандардын ар түрдүүлүгү жана ийгиликтүү колдонулушу бааланат:

окуу боюнча:

• Таанып билүүчүлүк кызыгууну, окуучулардын жигердүү жана өз алдынча билимин, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн класста сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү стимулдаштыруучу окууга жана жазууга үйрөтүүнүн стратегиялары жана методдору (окуу модулдары 1-5).

• Дифференциацияланган окутуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуучулар менен иш алып барууну уюштуруу формаларынын көп түрдүүлүгүнүн берилиши.

математика боюнча:

  • Математиканы окутуу стратегиялары «Түшүндүү жана негиздɵɵ», «Моделдердин көп түрдүүлүгү», «Көндүмдөрдү өнүктүрүүдɵгү прогресс» (1-6 модулдар) коюлган максаттарга жетүү үчүн класста ой жүгүртүү, өз алдынча билим алуу, сынчыл ой жүгүртүү ж.б. кɵндүмдɵрүн стимулдаштыруу.

  • Дифференциацияланган окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуучулар менен иш алып барууну уюштуруунун формаларынын көп түрдүүлүгүнүн берилиши.


5

5. 

Калыптандыруучу баало

Окуучулардын окуу процессине тартууну мотивациялоочу жана активдештирүүчү калыптандыруучу баалоонун (мүмкүн болсо, өз ара баалоо, өзүн-өзү баалоо, BaalooApp) ар кандай инструменттерин жана ыкмаларын колдонуунун болушу бааланат, тапшырмаларды аткарууда баалоо критерийлери көрсөтүлөт.

5

6. 

 

Сабактын ресурстук жактан камсыздалышы

 

Бааланат:

  • аудио-визуалдык материалдардын ар түрдүүлүгү,

  • окуу жана жазуу боюнча кошумча классификацияланган материалдар

  • математика боюнча манипулятивдик, графикалык моделдер;

  • Тандалган стратегияны, анын ичинде МКТны камтуу менен тандалган стратегияны ишке ашыруу үчүн сабакта ресурстарды колдонуунун ылайыктуулугу


5

7. 

Сабактын актуалдуулугу

Окуучулар үчүн сабактын актуалдуулук даражасы бааланат. Окуучулар үчүн актуалдуу кɵйгɵйлɵргɵ карата практика менен байланышы барбы. Сабакта окуучулардын күнүмдүк жашоосу же кызыгуусуна байланыштуу суроолор камтылганбы.

5

















4-Тиркеме.

Баалоо баракчасы

 

Мугалимдин аты-жɵнү


Баалоо критерийи

Комментарий

 

Оригиналдуулук жана креативдүүлүк

Сабактын структурасы

Окуу материалынын мазмуну

Мугалимдин усулдук чеберчилиги

Калыптандыруучу баалоо

Сабактын ресурстук жактан камсыздалышы

Сабактын актуалдуулугу

Жалпы баллы

Регион

1,2,3 орун

5

5

5

5

5

5

5

35



1

 











 

2

 











 

3

 











 

4

 











 

5

 












 

6

 











 

7

 











 

8

 











 

9

 











 

10

 











 

11

 











 

12