Просмотр содержимого документа
«Бешикке бала салуу»
Бешикке бала салуу
Акмарал, Энеси:
– Ата-бабабыздын салты менен неберебиздин кыркы чыгып бешикке салуу каадасы менен неберебизди алгачкы үйүнө жаткыралы.
Жеңеси: Аластап кирет.
Акмарал, Энеси:
– Арчадай өмүр берсин,
Оттой жылуулук берсин,
Суудай тазалык берсин,
Өмүрлуу болуп, балабыздын бешиги ак жолтой болсун.
Алас-алас…
–Майлуу, сүттүү болсун деп бешикти сары май менен майлайбыз.
Неберебизди бешикке бөлөөрлүн алдында балабыздын жашоосу оң болсун деп 9 чүкөнү коюп оң жакка оң, оң дейбиз.
Балабыз эр жүрөк баатыр, кыргыздын керегине жараган чыгаан жигиттерден болсун деп камчыны коёбуз.
–Келиним неберемди алып кел.
Сыргайым,Келин: Баласын энесине алып барат
Акмарал, Энеси:
– Ата энесине күйүмдүү, акыл эстүү, эл башкарган, журт башкарган жигит болсун.
Бурулча, Тай Энеси:
Ата- бабабыздын жолун жолдогон, эли жерин коргогон, элдин наамысына жараган, ата-энесин сыйлаган билимдүү, илимдүү бала болсун!
Канзада, Энеси:
–Элдин алды болгон баатыр эне балабыздын өз чоң апасы бешикке салды.
– Бешигибиздин бетин жаап уулубуз оор басырыктуу, токтоо, аты чыккан ата-бабаларыбыздын жолун жолдосун деп айылдагы элдин алды болгон инсандардын, кайнагаларыбыздын, кийимдерин үстүнө жаап коёлу.
–Жанагы губернатор кайнагабыздын костюмун алып келгиле. Садыр таятасындай кыйын киши болсун деп калпагын алып келгиле.
—Чоң энелер бата беришет
—Чачыла чачылат.
—Келин бешикти алып 3жолу жүгүнүп чыгып кетет.
—Кыздар чыгып «Ак кайың» ырын ырдашат
(Үмүт, Айсалкын, Адашкан)
—Бийчи кыздар бийлешет
(Айсалкын, Бактыгүл, Жанетта, Гүлдана, Адашкан, Зыйнат)