СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим берүү жөнүндөгү негизги документтер

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим берүү жөнүндөгү негизги документтер»

Тема: Билим берүү жөнүндөгү негизги документтер (мугалимдин өздүк жана финансылык документтери).

План:

  1. Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин
    мамлекеттик билим берүү стандарты

  2. а) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 10-11-класстары үчүн «МАТЕМАТИКА» боюнча предметтик стандарт

б) Жалпы билим берүү уюмдарынын V-IX-класстар үчүн «МАТЕМАТИКА» боюнча предметтик стандарт

  1. Окуу планы

  2. Окуу программасы


  1. Мамлекеттик билим берүү стандарты а)

  2. а) Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билим ...https://kao.kg › 2021/07/13 б)

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык өлкөдө билим берүү стандарттары киргизилген.

Стандарт” түшүнүгү латынча “standard” деген сөздөн алынган, ал “үлгү”, “норма”, “ченем” дегенди билдирет. Билим берүү стандарты деп, билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы катары кабыл алынуучу, коомдук идеалды чагылдыруучу жана ушул идеалга жетүү боюнча реалдуу инсан менен билим берүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуучу негизги параметрлер системасын түшүнөбүз.

“Билим берүү стандарты” термини эл аралык макамга ээ, б.а. түрдүү өлкөлөрдө колдонулат. Мунун башка аталыштары да бар. Мисалы, Великобританияда “улуттук окуу планы” деген түшүнүк бар.

Билим берүүдө стандартташтыруунун негизги объектилери болуп анын түзүмү, мазмуну, окуу жүктөмүнүн көлөмү жана окуучулардын даярдык деңгээли эсептелет. Стандарт тарабынан аныкталган нормалар менен талаптар билим берүүнүн негизги жактарынын сапатын баалоодо эталон катары кабыл алынат.

Биздин өлкөдө билим берүүнү стандартташтыруу идеясы советтик мезгилде эле болгон. СССРде мамлекеттик билим берүү стандарты түшүнүгү болбосо да, анын ролун бирдиктүү окуу пландары аткарган. Алар республикаларга жиберилип, мектептердин реалдуу окуу пландарына негиз болгон. Ошол жылдардагы окуу программалары менен окуу пландары ашыкча идеологиялаштырылгандыгы менен айырмаланып, чындыгында, мугалимдин демилгесин, окуучулардын билим берүү мазмунун өз кызыгууларына жана жөндөмүнө жараша тандоосун чектеп койгон. Бирок ошондой жол менен билим берүү стандарты жөнүндөгү идея практика жүзүндө текшерилген.

Жалпы билим берүүчү мекемелердин билим берүү стандартында үч компонент каралат: мамлекеттик, улуттук-регионалдык жана мектептик.

Стандарттын мамлекеттик компоненти Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинин бирдиктүүлүгүн, ошондой эле инсандын дүйнөлүк маданият системасына интеграциялануусун камсыздоочу нормативдерди аныктайт.

Улуттук-регионалдык компонент региондордун компетенциясына тиешелүү болгон (мисалы, эне тили жана адабияты, география, көркөм өнөр, эмгекке даярдоо ж.б. тармактардагы) нормативдерди аныктайт.

Стандарттын мамлекеттик компоненти – анын кайрадан өтө сейрек каралуучу өзгөргүс бөлүгү; улуттук-региоалдык жана мектептик компоненттер – системалуу түрдө жаңыланып туруучу вариативдүү курамы.

Стандарттын курамына төмөндөгүлөр кирет: окуу жайларынын типтүү (базистик) окуу планы, мазмундун инварианттуу жана вариативдүү курамдарынын жалпы мүнөздөмөсү, окуучулардын жалпы даярдыгынын деңгээлине коюлуучу мамлекеттик талаптар.

Мектептердеги иш тажрыйбаларды терең изилдеп үйрөнүп 1931-жылы 25-августта ВКП (б) Борбордук Комитети «Башталгыч жана орто мектеп жөнүндө» токтом кабыл алган. Ал токтомдо жеңил баа усулдуктар мектеп практикасында текшерилбей туруп эле массалык мектептерге таркалып кетип жатат. Мисалга, мектептердин практикасында кеңири таралган «проектилер усулун» алсак болот деп баса белгилеген эле. Ошону менен бирге комплекстүү жана проектилик программаларды айыптап, илимий жана педагогикалык талапка жооп бере турган бирден бир программа бул предметтик программа болууга тийиш деп белгилеген. Мектепте окуучулар ушул принципте окутулууга тийиш деген талап коюлган. Ал программаларда системалуу илимий билимдердин негизинин так көлөмү көрсөтүлүүсү сунуш кылынган. Советтик мектепте билим берүүнүн мазмунун терең ойлонуп кайра карап чыгуу так ушундан башталган десек болот.

Билим берүүнүн мазмуну окуу пландарында, программаларында, окуу китептеринде жана окуу колдонмолорунда чагылдырылат.

3. Окуу планы – билим берүү тармагынын өзөктүү документтеринин бири. Окуучулар эмнени окуп үйрөнүшү керек жана окуу предметтеринин тизмегин, ага каралган сааттарды аныктоо менен окуу планы билим берүүнүн мазмуунун, анын приоритеттүү багыттарын жана окуу дисциплиналарынын циклдарынын ортосундагы сандык катнаштарды мүнөздөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бүгүнкү күндө республикадагы мектептер 1992-ж. бекитилген базистик окуу планынын, ошондой эле варианттардын негизинде окутууну улантууда. Окутуу мектепте кайсы тилде жүргүзүлүшүнө жана мектептин статусуна (тереңдетип окутуу, гимназия ж. б.) жараша мектептер 9 вариантка чейин окуу планын тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Вариативдүү окуу пландары республикалык жана регионалдык компоненттерден туруп, республикалык компонент Кыргыз Республикасында бирдиктүү билим берүү мейкиндигин камсыздоону шарттайт жана аны өзгөртүүгө тыюу салынат. Бул компоненттин максаты окуучуларды улуттук маанидеги жана жалпы маданий-тарыхый баалуулуктарга үйрөтүү жана коомдун талабына ылайык атуулдук сапаттарга тарбиялоо (калыптандыруу) эсептелет. Ал эми регионалдык компонент региондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүнүн негизинде региондун билим берүү тармагындагы кызыкчылыгына жооп берүүгө шартталат. Мындан тышкары мектептин өзгөчөлүгүнө жараша окуучулардын жана ата-энелердин кызыкчылыгына ылайык тандоо сабактарынан, курстарынан, кружокторунан турган мектеп компоненти болушу мүмкүн. Республикалык компонент КР БМ, регионалдык компонент областык (шаардык, райондук) БББ тарабынан бекитилип, милдеттүү болуп, өзгөртүүгө жатпайт жана бюджет тарабынан каржыланат. Ал эми мектеп компоненти мектеп тарабынан аныкталып, бюджет аркылуу каржыланбайт, б.а. ата-энелердин жана башкалар бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен каржыланат. ОП аркылуу тил сабактарын окутуудагы өзгөчөлүктөр, класстагы окуучулардын санына жараша айрым предметтерди бөлүп окутуу мүмкүнчүлүктөрү, эмгек практикасынын өтүү тартиби жана окуу жылынын уюштурулушу (окуу каникулдарын белгилөө) аныкталат.

Окуу Планы боюнча сабактын узактыгы биринчи класста – 40 минут, калган класстарда – 45 минутадан, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бир жумадагы максималдуу сабак окуу чеги белгиленген (1 класс – 23 саат, 5 кл. – 34 саат, 6–11 класс – 36 саат). Окуу планы – окуу жайында окутулуучу окуу предметтеринин курамын, аларды окуп-үйрөнүү тартибин (ырааттуулугун) жана ар бир предмет үчүн бир жылга, жумасына берилүүчү окуу сааттарынын санын; окуу жылынын жана каникулдардын узактыгын аныктоочу документ.

Окуу пландары базистик (типтүү катары) окуу планы жана конкреттүү окуу жайы тарабынан иштелип чыккан окуу планы болуп бөлүнөт.

Базистик окуу планында окутулуучу окуу дисциплиналарынын тизмеги мектепте (ЖОЖдо) окутуу жылдары боюнча берилген. Үйрөнүлүүчү предметтер окуу планында үч топко бөлүнөт: милдеттүү түрдөгү (базалык – мамлекеттик компонент), окуучулардын тандоосу боюнча (регионалдык компонент) жана окутулушу мектептин (ЖОЖдун) кеңеши тарабынан аныкталуучу предметтер (мектептик, ЖОЖдук компонент). Базистик окуу планында сааттарды билим берүүнүн түрдүү тармактарына, факультативдерге, тандоо курстарына бөлүштүрүү аныкталат.

Базистик окуу планынын негизинде мектептердин (ЖОЖдордун) окуу пландары алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат. Бул пландар күндүзгү, сырткы, кечки, дистанттык окутуу формалары үчүн ар түрдүү болот.

Окуу пландарынын негизинде окуу программалары түзүлөт. Окуу программасы ошол предметти окуп-үйрөнүүнүн максаттары, окуучулардын (студенттердин) билимине жана билгичтиктерине коюлуучу талаптар жөнүндөгү түшүнүк катты, предмет боюнча үйрөнүлүүчү материалдын ар бир класстагы (курстагы) тематикалык пландалышын; программанын өзүн – курс боюнча бөлүктөрдүн жана темалардын тизмегин, ошол курс үчүн зарыл болгон окуу жабдууларынын жана көрсөтмө куралдардын тизмегин; сунушталуучу адабияттарды; текшерүү үчүн суроолорду; курстук, квалификациялык иштердин тематикасын (ЖОЖдо) камтыйт.

4. Окуу программасы – бул расмий мамлекеттик документ. Анда окуу планына ылайык ар бир окуу предмети боюнча окуучулар тарабынан өздөштүрүлүүчү билим, билгичтик көндүмдөрдүн дидактикалык модели аныкталат. Мектепте канча окуу предмети болсо алардын ар биринин өз өзүнчө программасы болот. Окуу програмасынын структурасы төмөнкүлөрдөн турат:

1. Окуу предметин үйрөнүүнүн максаты, балдардын билим коюлуучу талаптар сунуш кылынган окутууну фермалары жана методдору»

2. Окуу материалынын тематикалык мазмуну;

3. Предмет ичиндеги айрым темаларды үйрөтүүгө бөлүнгөн убакыт;

4. Предметтер аралык байланышты камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөр;

5. Окуу куралдарынын каражаттарынын тизмеси;

6. Сунуш кылынган адабияттар.

Окуу программалар типтүү, жумушчу, автордук болушу мүмкүн. Типтүү окуу программалар мамлекеттик билим стандартынын талаптарынын негизинде иштелип чыгат жана билим берүү министрлиги тарабынан бекитилип бардык мектептерге сунуш кылынат. Жумушчу окуу программалары конкреттүү шарттарга ылайык реалдуу окутууну жүзөгө ашыруу үчүн мугалимдердин өзү тарабынан түзүлµт. Жумушчу окуу программалары ар бир окуу курсу, класска ылайыкталып эреже катары бир окуу жылына карата түзүлµт. Мында мамлекеттик билим стандарттары менен бирдикте аймактык өзгөчөлүктөргө байланыштуу темалар, мектептин билим берүү концепциясы, мугалимдин дидактикалык концепциясы, окуучулардын өзгөчөлүктөрү, маалыматтык, техникалык каражаттар мүмкүнчүлүгү эске алынат.

Типтүү, жумушчу жана автордук окуу программаларын айырмалашат.

Типтүү окуу программалары белгилүү бир дисциплина боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат. Алар сунушталма мүнөзгө ээ.

Жумушчу окуу программалары типтүү программалардын негизинде түзүлүп, мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилет. Алар билим берүү стандартынын талаптарын жана окуу жайынын мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырат.

Окуп-үйрөнүлүүчү материалдын конкреттүү мазмуну окуу китептеринде жана окуу программаларында ачылып берилет.

Окуу китеби окутуунун маалыматтык булагы жана окутуу каражаты болуп саналат, окутуунун максаты менен мазмунун чагылдырат.

Окуу китебинде негизги форма катары текст эсептелет. Ал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

-негизги текст (базалык терминдер, алардын аныктамалары, негизги фактылар, кубулуштар, процесстер, окуялар; закондордун, теориялардын, жетектөөчү идеялардын сүрөттөлүп жазылышы ж.б.);

-кошумча текст (документтер, хрестоматиялык жана маалымат берүүчү материалдар, биографиялык маалыматтар ж.б.);

- түшүндүрмө текст (киришүү, эскертүүлөр, түшүндүрүүлөр, сөздүктөр, көрсөткүчтөр ж.б.).

Окуу китебине кошумча катары окуу колдонмолору чыгарылат, алар айрым материалды тереңдетип, мазмунун толуктайт. Окуу колдономолоруна хрестоматиялар, маселелер жыйнагы, атластар, көнүгүүлөр жыйнагы ж.б. кирет.

 -базалык жалпы билим берүү предметтери - мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында жана профилдеринде бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер;

базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ;

мамлекеттик компонент - менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги мектептер үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү;

жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты - ченемдик-укуктук документ, ал:

мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында билим берүүнүн бардык тармактарында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

билим берүү процессин жөнгө салат;

негизги компетенттүүлүк - социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжасы;

компетенттүүлүк - белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү;

компетенция - окуучуну (үйрөнүүчүнү) билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);

окутуунун максаты - күн мурунтан берилген жана сыпатталган шарттар, окуучунун келечектеги ишинин ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ээ болгон иштин мүмкүн болгон түрлөрүнө карата анын жөндөмү;

мектептик стандарт - билим берүү уюму иштеп чыгып, бекиткен жана конкреттүү билим берүү уюмунун компетенциясынын чегинде окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча анын өзгөчөлүгүн чагылдырган документ;

мектептик билим берүү - тарбиялоо жана билим берүү системасы, ал коомдогу активдүү иши үчүн жетиштүү болгон, анын баскычтарына тиешелүү билимди, ыктарды, тажрыйбалык көндүмдөрдү камсыз кылат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!