БИОСФЕРАНЫН
СТРУКТУРАСЫ
Ноосфера
Биосфера
Сабактын максаты:
1.Биосфера жана анын түзүлүшү, эволюциялык өнүгүү этаптары
2. Эдуард Зюсс жана В. И. Вернадскийдин биосфера тууралуу илимий эмгектеринин мааниси
3. Биосферанын курамы, структурасы жана чектери тууралуу маалымат
4. Биомассанын мааниси жана адамзаттын (ноосферанын) биосферага тийгизген таасири
Биосфера - (грек. «биос»-тиричилик, «сфера»-шар)
Жерде тиричилик бар болгон катмар. Ал атмосферанын, литосферанын жана гидросферанын тирүү организмдер жашаган бөлүктөрүн камтыйт.
"Биосфера" терминин илимге Эдуард Зюсс аттуу австриялык геолог 1875-жылы киргизген. Анын аныктамасы боюнча « Биосфера - бул жер бетиндеги тиричилик катмары».
Кийинчерээк, 1920-жылдары орусиялык окумуштуу Владимир Вернадский бул терминди кеңири өнүктүрүп, биосферанын илимий негиздерин түзгөн. Анын аныктамасы боюнча
Биосфера - бул жандуу организмдердин (анын ичинде адамдын) жана алардын жашоо чөйрөсүнүн жыйындысы
Биосферанын курамы:
1. Атмосфера – аба катмары, газдар (O₂, CO₂, азот).
2. Гидросфера – суу катмары (деңиз, океан, дарыя, көл).
3. Литосфера – жер кыртышы.
4. Жандуу организмдер – бул катмарлардын ичинде жашаган тирүү жандыктар.
Биосферанын чектери:
Биосферанын жогорку тиричилик чеги атмосферада, тропосферада, 20-25 км бийиктикте жайгашкан. Ал жерде озон катмары пайда болот. Озон катмары - жандуу организмдерди зыяндуу космостук жана ультракызгылт нурларынан коргойт.
Биосферанын төмөнкү чеги
гидросферада 10-11 км терендикте жайгашкан. Литосферада тиричилик 2-3 км чейинки тереңдикте кездешет. Тиричилик атмосферанын жана литосферанын айрым бир бөлүгүн, гидросфераны толук ээлейт
Биосферанын структурасы
- Жандуу зат – бардык тирүү организмдердин (бактерия, жаныбар, адам, өсүмдүк) жыйындысы Биогендик зат – жандуу организмдердин иш-аракетинин натыйжасында пайда болгон органикалык заттар (чым көң, таш көмүр, жаратылыш газы, мунай) Костук заттар – жандуу организмдердин катышуусуз пайда болгон заттар (метеориттердин, вулкандардын ж.б таасиринин жыйынтыгы) Биокостук зат – жандуу организмдер жана жансыз жаратылыштын(костук) аракеттешүүсүнүн натыйжасында пайда болот (топурак, тунма, табигый суулар).
- Жандуу зат – бардык тирүү организмдердин (бактерия, жаныбар, адам, өсүмдүк) жыйындысы
- Биогендик зат – жандуу организмдердин иш-аракетинин натыйжасында пайда болгон органикалык заттар (чым көң, таш көмүр, жаратылыш газы, мунай)
- Костук заттар – жандуу организмдердин катышуусуз пайда болгон заттар (метеориттердин, вулкандардын ж.б таасиринин жыйынтыгы)
- Биокостук зат – жандуу организмдер жана жансыз жаратылыштын(костук) аракеттешүүсүнүн натыйжасында пайда болот (топурак, тунма, табигый суулар).
Тарыхый өнүгүү жолунда биосфера үч негизги этапты басып өткөн:
1-этап: Биогенез – жашоонун пайда болушу;
Мүнөздөмөсү: биогенез (грекче "bios" — жашоо, "genesis" — келип чыгышы)
- Жер бетинде жашоо алгачкы жолу пайда болгон мезгил. Жандуу заттар жансыз заттардан (химиялык заттардан) пайда болгон (биохимиялык эволюция). Эң жөнөкөй организмдер (прокариоттор: бактериялар) жашоону баштаган.
- Жер бетинде жашоо алгачкы жолу пайда болгон мезгил.
- Жандуу заттар жансыз заттардан (химиялык заттардан) пайда болгон (биохимиялык эволюция).
- Эң жөнөкөй организмдер (прокариоттор: бактериялар) жашоону баштаган.
Убактысы: 3 - 3.5 млн жыл мурун.
Негизги окуялар: РНК молекулалары, белоктор, мембрана түзүлүшү.
2-этап: Биокос – жандуу организмдердин көбөйүшү жана алардын жаратылышка тийгизген таасири;
Мүнөздөмөсү :
- Жандуу организмдер табигый чөйрөгө таасир эте баштаган. Фотосинтездин пайда болушу менен атмосферада кычкылтек топтоло баштаган. Биосфера зат жана энергия алмашуу системасына айланган. Жандуулук менен жандуу эмес (жансыз) чөйрөнүн өз ара таасири күчөйт.
- Жандуу организмдер табигый чөйрөгө таасир эте баштаган.
- Фотосинтездин пайда болушу менен атмосферада кычкылтек топтоло баштаган.
- Биосфера зат жана энергия алмашуу системасына айланган.
- Жандуулук менен жандуу эмес (жансыз) чөйрөнүн өз ара таасири күчөйт.
Убактысы: 2,5 млн жыл мурун.
Негизги окуялар: Фотосинтез, эукариоттордун, көп клеткалуу организмдердин пайда болушу.
3-этап: Ноогенез (ноосфера) – адам акылынын биосферага активдүү кийлигишүүсү. Ноосфера (грекче "noos" — акыл-эс, "sphaira" — шар), же болбосо акыл эстүү сфера .
Ноосфералык этап (Акыл-эстүү биосфера)
Мүнөздөмөсү:
- Адам акыл-эси менен биосферага таасир эте баштаган. Илим, техника, маданият аркылуу адамдар жаратылышты өзгөртөт. Вернадский «ноосфера» деп атаган – бул акыл-эстин башкаруусундагы биосфера.
- Адам акыл-эси менен биосферага таасир эте баштаган.
- Илим, техника, маданият аркылуу адамдар жаратылышты өзгөртөт.
- Вернадский «ноосфера» деп атаган – бул акыл-эстин башкаруусундагы биосфера.
Убактысы : Акыркы миңдеген жылдар (айрыкча индустриалдык доордон бери).
Негизги окуялар: Айыл чарба, шаарлар, өнөр жай, климатка таасир.
Ноосфера түшүнүгү
- 1927-жылы француз окумуштуулары Э. Леруа жана П. Тейяр де Шарден тарабынан сунушталган. В. И. Вернадский бул түшүнүктү өнүктүрүп, адамзаттын акыл-эси, илимий ойлоп табуулар жана иш-аракеттери биосферанын өнүгүшүнө негизги фактор болуп калганын белгилеген. Вернадский адамзаттын тарыхы кокустук эмес, биосферанын эволюциясы менен тыгыз байланышта деген жыйынтык чыгарган.
- 1927-жылы француз окумуштуулары Э. Леруа жана П. Тейяр де Шарден тарабынан сунушталган.
- В. И. Вернадский бул түшүнүктү өнүктүрүп, адамзаттын акыл-эси, илимий ойлоп табуулар жана иш-аракеттери биосферанын өнүгүшүнө негизги фактор болуп калганын белгилеген.
- Вернадский адамзаттын тарыхы кокустук эмес, биосферанын эволюциясы менен тыгыз байланышта деген жыйынтык чыгарган.
Азыркы учурда ноосферанын биосферага тийгизген таасири өтө чоң жана көп кырдуу. Ноосфера — бул адам акылынын жана коомдук ишмердүүлүктүн биосферага тийгизген таасири болгон этап. Анын азыркы учурдагы негизги таасирлери төмөнкүлөр:
- Технологиялык өнүгүү. Адамзат илим жана технология аркылуу жаратылыш ресурстарын активдүү пайдаланууда (энергия, суу, жер, минералдар). Бул табигый циклдерге түздөн-түз таасир этет.
- Технологиялык өнүгүү. Адамзат илим жана технология аркылуу жаратылыш ресурстарын активдүү пайдаланууда (энергия, суу, жер, минералдар). Бул табигый циклдерге түздөн-түз таасир этет.
2. Экологиялык көйгөйлөр
Адам ишмердүүлүгүнүн натыйжасында:
- Климаттын өзгөрүшү (жылуулук эффекттери); Жапырт токойлордун кыйылышы; Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу; Суу, аба жана жердин булганышы күчөдү.
- Климаттын өзгөрүшү (жылуулук эффекттери);
- Жапырт токойлордун кыйылышы;
- Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу;
- Суу, аба жана жердин булганышы күчөдү.
3. Туруктуу өнүгүүгө болгон аракеттер
Ноосферанын оң жагы — адамзат өзүнүн таасирин аңдап, экологиялык жактан туруктуу жолдорду издеп жатканы:
- Жашыл экономикага өтүү; Кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу; Экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо аракеттери.
- Жашыл экономикага өтүү;
- Кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу;
- Экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо аракеттери.
4. Глобалдык биргелешкен аракеттер
Эл аралык келишимдер (мисалы, Париж климаттык келишими) жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары да ноосферанын жетилген даражасын көрсөтөт.
Кыскасы, ноосфера азыр биосфераны же бузуп же сактап калуучу негизги күчкө айланды.
Бышыктоо үчүн суроо- жооптор
Биосфера деген эмне?
— Жердеги бардык жандуу организмдер жашаган, жаратылыштын өз ара байланышкан катмары.
Ноосфера деген эмне?
— Адам акылынын таасири күчөгөн, аң-сезим башкарган биосферанын өнүккөн баскычы.
«Биосфера» терминин ким сунуштаган?
— Австриялык геолог Эдуард Зюсс (1875-жылы).
Вернадскийдин биосферага кошкон негизги салымы эмнеде?
— Ал биосфераны жандуу организмдердин геохимиялык ролу менен байланыштырган.
Биосферанын негизги курамдык бөлүктөрү кандай?
— Атмосфера, гидросфера, литосфера, жана жандуу зат.
Биосферанын чектери кайда бүтөт?
— Атмосферада – 20 км, океанда – эң терең-11км.чейин, литосферада – 3-5 км тереңдикке чейин.
Биомасса деген эмне?
— Белгилүү бир убакытта биосферадагы бардык жандуу организмдердин жалпы салмагы.
Биосферанын эволюциясынын алгачкы этабы кандай аталат?
— Биогенез этабы – жашоо биринчи жолу пайда болгон этап.
Биокос этабында кандай чоң өзгөрүү болгон?
— Фотосинтез пайда болуп, атмосферада кычкылтек көбөйгөн.
Ноосферанын биосферага таасири кандай болот?
— Адам ишмердүүлүгү жаратылышка чоң таасир берип, экологиялык көйгөйлөрдү жаратууда.
Жыйынтыктоо
Адамзаттын ишмердүүлүгү биосферага терс же оң таасир эте алат. Ушул себептен, табият менен аң-сезимдүү, туруктуу байланыш түзүү — келечек үчүн өтө маанилүү.
Deforestation
Үйгө тапшырма:
§ 49. Биосферанын структурасы.
Биосферанын курамы жана анын структурасын чагылдырган схема түзүп келүү, кроссворд толтуруу
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢАР ҮЧҮН ЫРАКМАТ!
Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна