СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир тоголок самын

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бир тоголок самын»

Сабактын темасы : Араккорлук жана алдамчылык

Сабактын максаты :

Билим берүүчүлүк :


Окуучулар Мар Байжиевдин “Бир тоголок самын” аңгемесиндеги араккорлук жана алдамчылык боюнча билүү менен чыгармадагы түшүнбөгөн сөздүктөрдүн маанисин чечмелешет.Тест менен иштешет.



Мар Байжиевдин “Бир тоголок самын” аңгемесиндеги араккорлук жана алдамчылык боюнча билүү менен чыгармадагы түшүнбөгөн сөздүктөрдүн маанисин чечмелешсе, тест менен иштешсе.

Өнүктүрүүчүлүк :


Окуучулар өз ойлорун эркин сүйлөө менен араккорлук ,алдамчылыктын терс таасирин билүү менен кеңири ой жүгүртө билүүгө көнүгүшөт.




Окуучулар оз ойлорун эркин сүйлөө менен араккорлук, алдамчылыктын терс таасирин билүү менен кеңири ой жүгүртө билүүгө көнүгүшсө.

Тарбия берүүчүлүк:


Окуучулар эли-жерин сүйүүгө , алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбияланышат.



Окуучулар эли- жерин сүйүүгө , алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбияланышса.



Көрсөткүчтөр : Окуучулар максатка жетет эгерде алар:

  1. Мар Байжиевдин “Бир тоголок самын” аңгемесиндеги араккорлук жана алдамчылык боюнча билишсе

  2. Окуучулар оз ойлорун эркин сүйлөөгө , кеңири ой жүгүртө билүүгө көнүгүшсө

  3. Окуучулар алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбияланышса

Сабактын тиби : Интерактивдүү

Сабактын ыкмасы : Окуу жана түшүнүү

Сабактын жасалышы : Слайд, сахна, таркатмалар, дидактикалык материладар.

Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу

2. Өтүлгөн материалды кайталоо

3. Жаңы теманы ачып берүү

4. Бышыктоо

5. Баалоо

6. Үй тапшырма











М : Арыбагыла балдар .

Б : Бар болуңуз эжеке .

(муз жаргыч)

М : Балдар бир саамга терезеден сыртка жандуу жаратылышка көз чаптыргылачы. Эмнелерди көрүп жатасыңар ?

Б : жамгыр

дарак

тунарган булутту

өз үйүбүздү

М : Азаматсыңар балдар , ал эми бул пейзаждан эмнелерди көрүп жатасыңар.

Б : Үңкүр, кыз менен бала , алыстан тоо ж.б.

М: Жандуу жаратылыш менен пейзаждан кандай окшоштуктарды байкадынар?

Кундүн бүркөгүн , жамгыр ( балдар жооп беришет )

М: Ооба балдар туура баамдадыңар, демек пейзажды туура баамдаганыңарга караганда чыгарма силерге жагып , таасирленген турбайсыңарбы?

Анда силерге чыгарманы канчалык деңгээлде түшүнгөнүңөрдү ушул таратмаларды берип, текшерип көрөйүн.

( Мезгил менен гүлдү )

Балдар жаз келди , ал эми жазда жадырап жайнап гүлдөр ачылат ал эми силер өзүңөр тандаган гүлүңөрдү алгылачы.

Жоогазын

Байчечекей

Азаматсыңар балдар ордуңарды таап отурдуңарбы.

Баалоо критерийлери айтылат .

Дүкөндү чыгармадан окудукпу балдар , бул дүкөндөн каалаган буюмуңарды алып , суроолорго жооп бергиле. Баса,быйылкы жылды президентибиз тарабынан “Жаштарды колдоо жана ден соолукту чыңдоо” жылы деп жарыяланганы эң туура деп ойлойм, андыктан ден соолугубузга кам көрүп ден соолугубузду чыңдайлы.

Баалоо критерий айтылат .

Мен силерди бүгүн өзгөчө белектер менен баалоону чечтим.

Суроолор

  1. Окуя кантип башталды?

  2. Кайсы мезгилди чагылдырган окуя экен?

  3. Силер Турусбектин сөзүнө ишенип атасыңарбы?

  4. Окуя андан ары эмне болот, божомолдорду айтып көргүлөчү?

  5. Зайра деген кыз ким экен?

  6. Эмне үчүн Турусбек 3 чейректен кийин окубай калды?

  7. Эмне үчүн үйүндө суусу туруп деле сууга бара берет?

  8. Мындан ары окуя кантип өзгөрүшү мүмкүн?

  9. Турусбек жана Зайранын ортосунда кандай сезим бар ?

  10. Алар жаанда калып калышты, эми ооруп калышат деп ойлойсуңарбы?



Окуучулар суроолорго жооп беришет .

М : Балдар анда слайдга көңүл бөлөйлү.

Б : Эжеке менде бир ой пайда болду.Бүгүнкү темабыз :Араккорлук жана алдамчылык эмеспи.

М: Азаматсың. Бүгүнкү тема

“Араккорлук жана алдамчылык” деп доскага жазылат.

Талкуу

  1. Аракечтик жана алдамчылыкты чыгармада кимдин образы аркылуу берилген?

  2. Балалык сезим сиздерде да барбы? Зайра менен Турусбектей

  3. Зайранын өлүмүнө ким күнөөлүү?

  4. Силер да алдамчылыкты турмушта пайдаланып көрдүңөрбү?



Ушул суроолорду талкуулашат.



Сөздүк менен иштөө.

  1. Апкеч (бакан). Суу көтөрүүгө ылайык узун шыргый жыгач.

  2. Мажирөө. Чечкинсиз ,аңкоо .

  3. Алкынды . Самындан калган калдык.

  4. Долу . Ажаан ,сөз бербеген бежай.

  5. Шайманы бошоп калды . Оорлошуп калды .

  6. Бир ашмүшкө чай . Бир куту чай .

  7. Седеп . Металлдын түрү,адам аттарында да кездешет,топчу.

  8. Буркандап . Кыжыры келип .

  9. Зардеп . Чөптүн аты .

  10. Төкөөр Темир уста



М : Анда эмесе балдар бизде коомчулуктан келген конок бар . Коногубузга сөз берели . (Араккорлуктун турмушуна тийгизген таасирин , башынан өткөн окуясын айтып берет) Көрдүңөрбү балдар жашообузда чыгармадан да араккорлуктун тийгизген таасирин көрдүңөрбү.Андыктан алдамчылыктан ,араккорлуктан сак бололу.

Тест менен иштеп , Zipgrade менен текшерем.

Баалоо :

Алган белектеринин санына жараша бааланат.

Үйгө :

“Араккорлук , алдамчылык – жаман адат” деген темада эссе жазып келишет.

Мугалимдин каалоосу

Балдарга белек берилет.Сабакка жакшы катышып бергениңер үчүн ыраазычылык билдирем.