СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

БКМ, МОМ, 6-семестр,9.1

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Миң ичиндеги сандар, алардын разряддык курамдары

Просмотр содержимого документа
«БКМ, МОМ, 6-семестр,9.1»

Миң ичиндеги сандар.

Разряддык кошулуучуларга жана разряддык курамдарга ажыратуу

Миң ичиндеги сандар I классты же бирдиктер классын түзөт. Он ондук – бул жүз. Он жүздүк – бул миң. 101ден 1000ге чейинки сандар миң ичиндеги сандар деп аталат. Миң ичиндеги бардык сандар үч орундуу болуп саналат.

Үч орундуу сандар 3 цифранын жардамында жазылат:

537; 456; 164; 340.

Үч орундуу сандын жазылышында оң жактан 1 – цифра биринчи разряддагы же бирдик разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 2 – цифра экинчи разряддагы же ондук разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 3 – цифра үчүнчү разряддагы же жүздүк разряддагы цифра деп аталат. Бүтүн жүздүктөр (100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900) кээде «разряддык сандар» деп аталат.

1 жүздүк – жүз 6 жүздүк – алты жүз

2 жүздүк – эки жүз 7 жүздүк – жети жүз

3 жүздүк – үч жүз 8 жүздүк – сегиз жүз

4 жүздүк – төрт жүз 9 жүздүк – тогуз жүз

5 жүздүк – беш жүз 10 жүздүк – миң

Үч орундуу сандар солдон оңго карай окулат. 101 – 1000 сандар аталуу жана жазылуу тартиптери дал келет.

Разряд түшүнүгү миңдиктер классындагы сандарды түзүү үчүн базалык болуп саналат. Миң ичиндеги сандардын баары үч разрядды камтыйт. Үч орундуу сандарды разряддарга ажыратуу же разряддык курам:



4 35



400 30 5

Разряддык курамдын негизинде разряддык кошуу жана кемитүү учурлары каралат:

400 + 30 340 – 40

534 – 34 534 – 30

672 – 600 243 – 3

Бул туюнтмалардын маанилерин табуу үчүн үч орундуу сандардын разряддык курамына таянабыз:

534 саны 500; 30 жана 4 сандарынан куралат, 30 ду кемитип 504кө ээ болобуз.

Үч орундуу сандардын разряддык сандарынын суммасы – разряддык кошулуучулар:

247 = 200 + 40 + 7 968 = 900 + 60 + 8

Үч орундуу сандарда бирдик жана ондуктарды ажыратуу – ондук курам:

326 – бул 32 ондук жана 6 бирдик

480 – бул 48 ондук жана 0 бирдик

Үч орундуу сандарды номерлөөнү окутууда натуралдык сандардын удаалаштык принцибине негизделген кошуу жана кемитүү учурлары каралат:

443 + 1 443 – 1 640 + 1 640 – 1

599 + 1 700 – 1 999 + 1 1000 – 1

Бул туюнтмалардын маанилерин табуу үчүн натуралдык сандарды түзүү принцибине таянабыз: 1 ди кошуу менен берилген сандан кийин келүүчү санга ээ болобуз, 1 ди кемитүү менен берилген сандан мурун келүүчү санга ээ болобуз.