СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бурч деген эмне

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бурч деген эмне»

Сабактын темасы: Бурч. Бурчтун түрлөрү. (Геометрия 7а класс. Мугалим: Алибаева Салтанат.)



Негизги компотенттүүлүк

Предметтик компотенттүүлүк

НК-1 Маалыматтык

ПК-1 Эсептөө

НК-2 Социалдык-коммуникациялык

ПК-2 Аналитикалык-функционалдык

НК-3 Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү

ПК-3 Көрсөтмөлүү образдуу


ПК-4 Статистикалык-ыктымалдык



Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Бурчтун аныктамасын түшүнүшөт. Түрлөрүн айырмалай алышат жана бурчтарды туура сызууну үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Транспортирди туура пайдаланып бурчтун чоңдугун өлчөй алышат. Көнүгүү иштөөдө алган билимдерин

пайдаланышат.

Тарбия берүүчүлүк: Бири-бирин угуу менен топто, жупта талкууга катыша алышат.


Күтүлүүчү натыйжа:


Күтүлүүчү натыйжага жетишүүнүн көрсөткүчтөрү

Репродуктивдүү

Продуктивдүү

Креактивдүү

Бурчтун түрлөрүн айырмалай алып, өлчөмдөрүн туура ченөө менен мисалдарды чыгара алат.

Натыйжага жетишет, эгерде окуучу:

Бурчтун аныктамасын жана түрлөрүн айырмалай алышса.

Натыйжага жетишет, эгерде окуучу:

Мисалдарды чыгарууда бурчтарды туура сызып, бурчтун чоңдуктарын туура ченеп, эрежелерди туура колдонсо.


Натыйжага жетишет, эгерде окуучу:

Мисалдарды чыгарууда бурчтарды туура сызып, бурчтун чоңдуктарын туура ченеп, эрежелерди туура колдонуп өз алдынча мисалдарды түзө алса.


Сабактын тиби: Жаңы билимдерди берүү

Сабактын формасы: Жупта , топто, өз алдынча иштөө.

Жалпы усулдар: Окуучулардын иштөө ыкмалары-Түшүндүрүү, көрсөтмөлүүлүк, суроо-жооп, баалоо ыкмалары.

Көрсөтмө каражаттар: Китептер, Проектор, чиймелер, Транспортир, сызгыч, таркатмалар, ар кандай фигуралар

Предмет аралык байланыш: Адабият, тарых (улуттук оюндар жөнүндө ) алгебра, черчение, сүрөт.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этабы.

Убакыт

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

Компотенттүүлүк

Баалоо

НК

ПК

Шыктандыруу

(жагымдуу маанай

түзүү. Уюштуруу)






3мин

Саламдашуу . “Фигуралар биздин жолдо” аттуу муз жаргыч менен маанай көтөрүүчү жагдай түзөт. Мисалы: үйдүн чатыры-үч бурчтук, жол белгилери, светофор, тосмолор ж.б. “Тай казандын” сүрөтү окуучуларга көрсөтүлөт.

Баалоо баракчалары тай казанда топтолот. Геомериялык фигураларга окшош улуттук оюндардын белгилеринин сүрөттөр көрсөтүлөт


Саламдашат. Сабакка китеп дептерлерин даярдап көңул бурат. Ар бир окуучу жолдон кездештирген фигураларын айтып өтөт. Кыргыздын Көк бөрү оюнунда кездешерин окуучулар айтышат.

Окуучулар улуттук оюндардын аттарын табышатю Мисалы: Ордо-тегерек, алтын шакек – айлана, тогуз коргоол-шар ж.б.

НК-2

ПК-1

К.Б

Үй тапшырмасын суроо, өтүлгөндөрдү кайталоо)

5мин

“Алтын шакек “ оюнун ойноо менен өтүлгөн тема боюнча жалпылоочу суроолорду берет. Суроо-жооптор оозеки түрдө болот.

Жоопторду талкууга коюп жалпылайт. Шыктандыруучу сөздөр менен кубаттап турат



“Алтын шакек” оюнун окуучулар улантышат.Суроо-жоопко, талкууга катышат, билимин жалпылайт.

НК-2


НК-3

ПК-1


ПК-3

ДБ

Теманы жана күтүлүүчү окуу натыйжаларын жарыялоо

2мин

Сабактын максатын айтат.Баалоо критерийлерин кабарлайт. Күтүлүүчү натыйжаларын жарыялайт.






Ой жүгүртүшөт, түшүнүшөт.

Сабактын максатын аныкташат.

НК-1



Тема боюнча маалымат берүү

15 мин

Слайддан көрсөтүп берет Бурчту туура сызууну практикалык иш менен көрсөтөт




Окуучулар суроо беришет. Транспортирди колдонуп бурчту сызышат




НК_2


НК-3

ПК-1

ПК-2

ПК-3

КБ

Бышыктоо иретиндеги тапшырмалар

15

мин

Өз алдынча, жупта жана топто тапшырмалар берилет. Алган билимдерин пайдаланып текшерүүнү көзөмөлдөйт.

Берилген тапшырмаларды өз алдынча жупта топто иштешет. Бири-бирине жардам беришет.Толукташат




НК-2

НК-3

ПК-1

ПК-2

ПК-3

КБ

ДБ

Физминутка

2мин

Бурчтун түрлөрүн колдорун кыймылга келтирүү менен көрсөтүшөт

Физминуткага катышышат

НК-2



Сабактын жыйынтыгын чыгаруу. Баалоо

3мин

Сабактын максатына кайрылат. Окуучулардан эмнелерге жетишкендиктерин сурайт.

Топтогон упайларынын негизинде активдүү катышуусун жана өздөштүрүүсүн баалайт.



Жыйынтык чыгарышат. Өз ишмердүүлүктөрүн баалашат





Үй тапшырма

2мин

Үй тапшырма берет. Түшүндүрөт. №5.№6. Турмушта бурчтар кайсы жерлерде кездешет?




Тапшырманы белгилешет.