Сабактын темасы: БЫШЫКТООЧ
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөм мүчөлөрү жөнүндөгү түшүнүктөрүн тереңдетишет жана бышыктооч жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүүгө машыгышат.
Тарбия берүүчүлүк: тапшырмаларды аткаруу менен маансин ачып көрсөтүп, жакшы сапаттарга ээ болууга жана топтордо иштөөдө бири-би- ринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сүйлөм мүчөлөрү жөнүндөгү түшүнүктөрүн тереңдетип, бышык- тооч тууралуу маалымат алса;
б) сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзө билсе;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
сүйлөмдө бышыктооч кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын көрсөтөрүн билет;
бышыктоочтун кайда? каерде? качан? кантип? эмне үчүн? деген суроолорго жооп берерин өздөштүрөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөр түзө алат;
тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн аныктай алат.
Маданий компетенттүүлүк:
Макал, лакап, накыл сөздөрдүн маанисин түшүнүп, баалай билет;
оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат. Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы. Сабактын методу: интерактивдүү методдор. Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, методикалык колдонмо, таблица, ватман, маркер, скотч ж. б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
Өтүлгөн теманы кайталоодо окуучулар бир, эки, үч деп саноо менен үч топко бөлүнүп, ар бир топко тапшырмалар берилет.
1-топко: 1. Аныктооч жана толуктоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.
2. Берилген сүйлөмгө сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгүлө. Улууну урматта, кичүүнү сыйла.
топко: 1. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнө кластер түзгүлө.
2. Берилген сүйлөмдөгү белгиленген сөздөр кандай милдет аткарып тургандыгын аныктагыла: Уят – өлүмдөн катуу. Мен кызыктуу китеп оку- дум.
топко:
Тике толуктооч менен кыйыр толуктоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.
Зат атооч аныктоочтук милдет аткаргандай кылып сүйлөмдөр түзгүлө.
Жаңы тема: Сүйлөм тутумунда кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалдарын билдирген айкындооч мүчө бышыктооч деп аталат. Бышыктоочко кандай? кантип? качан? эмне үчүн? канча? деген суроолор берилет.
Кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалдарын билдиргендигине байла- ныштуу бышыктоочтор төмөнкүдөй маанилик топторго бөлүнөт:
Сын-сыпат бышыктооч: Ак Мөөр Соң-Көлдүн ак куусундай (кан- дай?) буралат.
Орун бышыктооч: Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну Ысык- Көлдө (кайда?) өттү.
Мезгил бышыктооч: Чабал өрдөк мурда (качан?) учат.
Себеп бышыктооч: Ал кубанганынан (эмне үчүн?) күлүп жиберди.
Максат бышыктооч: Адамды бул жарык дүйнөгө адилеттүү жашаш үчүн (эмне максатта?) жараткан.
Сан-өлчөм бышыктооч: Отуз (канча?) өлчөп, бир (канча?) кес.
Окуу китебиндеги 142-көнүгүү жазуу түрүндө аткарылып, окуучулар берилген сүйлөмдөргө сүйлөм мүчөлөрү боюнча үлгүдө берилгендей толук талдоо жүргүзүшөт. Мисалы:
Менин саякатым тоо арасынын башталды. Менин саякатым эмне бол- ду? – башталды – баяндооч. Эмне тоо арасынан башталды? – саякатым– ээси. Кимдин саякаты башталды? – менин – аныктооч. Менин саякатым кайдан башталды? – тоо арасынан – бышыктооч. Жазуу түрүндө: Менин- саякатым тоо арасынан башталды.
143–144–145-көнүгүүлөр топторго бөлүү аркылуу аткарылат. Мында 1-топ 143-көнүгүүдө берилген тексттен сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн табышат: Куйручуктун көзү тунук, сөзү курч, тили мурч. Ай- тышууга эч кимдин дити жетпейт. Жаактууга жеңдирбейт. топ 144-көнүгүүдө берилген схема боюнча болжолдуу төмөнкүдөй сүйлөмдөр түзүп чыгышат.
Окуучулар мектепке келишти.
Асема, Айбийке мыкты окушат.
Китепти сен окудуңбу?
Байэл, Алиас достукка бекем.
Класста окуучулар ырдашты.
топ: 145-көнүгүүнү окуп, маанисин айтып беришет жана сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүшөт. Айрым сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратса да болот. Мисалы:
Эки жүздүүлүктүн белгиси – үчөө, калп сүйлөйт, убадасынын аягына чыкпайт жана аманатка кыянаттык кылат. Жакшы сєз – жандын азыгы
146-көнүгүү оозеки аткарылып, алгач сүйлөмдөрдү окуп берген маанисин түшүндүрүшөт. Андан кийин белгиленген сөздүн аткарган милдетин аныктап, анын кайсы сөз менен байланышып турганын айтып бери- шет. Мүмкүн болсо, сүйлөм мүчөлөрү боюнча толук талдаса да болот:
Акылдуу сөз ачты тойгузат, жылуу сөз үшүгөндү жылытат. Адам сөзүнөн сынат, айбан мүйүзүнөн сынат. Душмандын сөзү күлдүрөт, туугандын сөзү күйгүзөт. Бекерпоздун сөзү көп. Оозу боштун сөзү барксыз. Миң адам менен кеңеш, бир адамга сырыңды айт (Х. К). Душманга колтук ачканымды энемдин ак сүтү кечирбейт (С. Р.)
Оозеки бышыктоо үчүн суроолор
Аныктооч менен бышыктоочтун окшоштугу менен айырмасы эмнеде деп ойлойсуңар?
Бышыктооч кыймыл-аракеттин кандай кырдаалдарын билдирет экен? Ар бирине мисал келтиргиле.
Бышыктооч сүйлөмдүн кайсы мүчөсү менен байланышат экен? Мисалдар менен түшүндүргүлө.
Аныктооч сүйлөмдүн кайсы мүчөсү менен байланышат? Мисалдар менен түшүндүргүлө.
Аныктооч, толуктооч кайсы жөндөмөлөрдө келет деп ойлойсуң? Мисал келтир.
Окуучулардын билимин баалоо билим көрсөткүчтөрү аркылуу жүргүзүлөт:
аныктооч менен бышыктоочтун окшоштугу менен айырмасын билет жана аны мисалдар менен түшүндүрө алат;
бышыктооч кыймыл-аракеттин кандай кырдаалдарын көрсөтөрүн билет;
аныктоочтор сүйлөмдүн кайсы мүчөсү менен байланышта келерин мисалдар менен түшүндүрө алат;
аныктооч менен толуктооч кайсы жөндөмөлөрдө келерин билет;
стратегияларды билет жана аткара алат;
топтук иште өзүнүн чыгармачылыгын көрсөтө алат.
Үй тапшырма: 147-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдү көчүрүп жазып, бышыктоочторду таап, анын эмне үчүн бышыктооч экендигин түшүндүрүп беришет.