СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч. Айтматов боюнча сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч. Айтматов боюнча сабак»

Класс: ______________

Предмет: _____________________

Сабактын темасы: Чыӊгыз Айтматов кылым адамы.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү, традициялык.

Сабактын тиби: Жаны теманы окуп үйрөнүү.

Сабактын максаты: 1.Билим берүүчүлүк: Ч.Айтматовдун кыскача өмүр-баяны менен таанышышат. Жазуучунун чыгармалары жөнүндө билишет.

2.Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын дуйнө таануусу, суйлоо көндүмдөрү калыптанат, өз оюн айта билүүгө машыгышат. Ырларды көркөм айтууга калыптанышат.

3.Тарбия берүүчүлүк: Оз элинин улуу инсандарынын омуруно, чыгармачылык ишмердуулугуно шыктануу сезими ойгонот. Алардан улгу алууга аракет кылышат.

Сабактын мативациясы: Бул сабак эмне берет?

Кыргыз элинин атын дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө билишет. Ага арналган ырларды жаттап, көркөм айтууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Ноутбук,сүрөттөр,буклет, кызыктыруучу белектер ж.б

Убакыт: 40 мүнөт.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу иши. ( Класстын тазалыгына көӊүл буруу, саламдашуу)

Окуучуларга жагымдуу жагдай түзүү. 5(мин)

Урматтуу окуучулар, келгиле баарыбыз ордубуздан туруп, колубузду көкүрөгүбүзгө коёбуз. Сабакты алгач музыканын коштоосунда гимн менен баштап алалы. (окуучулар гимнди ырдышат) Азаматсыӊар балдар!

Жаӊы теманы түшүндүрүү: 15 (мин)

Анда эмесе, бүгүнкү класстык саатыбыздын темасы « Чыӊгыз Айтматов-кылым адамы »-деп аталат.

Силер буга чейин Чынгыз Айтматов деген ысымды уктунар беле? Ал инсан жөнүндө эмнелерди билесинер? (жакшы жооп берген окуучулар смайлик алышат)





Кана эми баарыбыз экранга көнүл буралы. Силер мага биринчи окуучу сабакта кандай отураарын көрсөткүлөчү! Сүрөттө көрсөтүлгөн инсан, бул биз айтып жаткан жазуучубуз Чынгыз Айтматов. Эми баарыбыз тынч олтуруп, Айтматов жөнүндө даярдалган кыскача слайдды көрөлү. Силер канчалык көӊүл коюп уксанар, ошончолук жазуучунун өмүр баяны менен жакшы таанышасынар. ( слайд коюлат)

Чыӊгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Төрөкул Айтматов эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова- теги боюнча татар.Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган акылдуу аял болгон. Чыӊгыздын жазуучу болуп калуусуна анын уй-булосу дагы чоӊ салым кошушкан.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле.Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле . Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Ошондуктан көпчүлүк чыгармаларында согуш жөнүндө жазган.

2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду.

Суроолор?

Чыӊгыз Айтматов канчанчы жылы жарык дүйнөгө келген?

Анын атасынын аты ким болгон?

Апасы жөнүндө эмне айта аласыӊ?

Кайсы жерде төрөлгөн?

Балалыгы кандай күндөргө туш келди?

Анын эстелиги борбор шаарыбыздын кайсы жерине тургузулган? (Окуучулар берилген суроолорго кол көтөрүп жооп беришет. Туура жооп берген окуучуларга смайлик берилет)



Сабакты бышыктоо: ( 10 мин)

Баарыбыз улуу инсандын өмүрү менен таанышып чыктык э? Эми кезек ырларга келип жетти. Ыр жаттагандар бирден кол көтөрүп, көркөмдөп айтып беребиз.

Ким кетти?

Өңгөгө катардагы кыргыз кетти,

Кыргыздын чыгаан уулу Чынгыз кетти.

Ааламга кыргыз деп нурун чачкан,

Асмандан орду толгус жылдыз кетти.



Кыргыздын мандайынан жарык кетти,

Жазылбай дагы далай тарых кетти.

Жазганга улгурө албай жанган жылдыз,

Kөn нерсе жарык көрбөй карып кетти.



Көөнөрбөс көнүлү нөн алып жазды,

Дүйнөгө нурун чачып жанып жазды.

Kөn чыгарма көгөрткөн калем сабын,

Кыргыздын тарыхына малып жазды.



Көп чыгарма жетишпей жазылганга,

Kөn кендери жетишпей казылганга.

Адабият кампасы жабык калды,

Кампачы жок чыгарып сапырганга.



Kөn чыгарма жазылбай ыйлап калды,

Жазуучунун жүрөгү туйлап калды.

Учурап орду толгус жоготууга,

Кыргыздын боору ачышып сыздап калды.

Аалам үчүн жаркырады жылдыздай,

Ал жан үчүн жан бар бекен кыргыздай,

Атын чыгарып дүӊгүрөттү кыргызды,

Адам барбы бул ааламда Чыӊгыздай.

Жандар барбы мекенине күйбөгөн,

Жан талашып өз жерини сүйбөгөн.

Жазып далай канча деген чыгарманы,

Сексен жашта кете берди дүйнөдөн.



Эл ичинде канча салып дүрбөлөӊ,

Эмгектенди кайраты кучтуу сүр менен,

Элим үчүн кызмат кылган агабызды,

Эскерели эч болбосо ыр менен.



Акындар ырын жазып күн өткөн,

Алардын жүрөктөру таза мүрөктөн.

Чын дүйнөгө алп жазуучу кеткен соӊ,

Чыӊгыз ага көрүп калдык сүрөттөн.

Сабакты жыйынтыктоо: (5мин)

Балдар, эми сабактын аягында Чынгыз Айтматовдун учкул сөздөру менен бутурөлу. Мен биринчи айтам а силер 3 жолу кайталайсыӊар.

« Адам үчүн эӊ кыйыны, күн сайын адам болуу!»

« Канткенде адам уулу адам болот?» (окуучулар жатташат)

Азаматсыӊар балдар! Силер бүгүнкү сабакка эӊ соонун катыштыӊар. Бугунтөн баштап Чынгыз Айтматовдун ысымын журогунордо сактап жүргүлө.

Баалоо: ( 5мин) Бугун сабакка эӊ жакшы катышкандар,анан активдүү олтургандар ошондой эле аракет кылган окуучулардын баары ар кандай белектер менен сыйланат.





«Чыӊгыз Айтматов

кылым адамы!»

_____- класс



















Класс жетекчи: ________________________________________