Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу М.Догдуров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Журсун кызы Асель
Сабактын темасы: Белгисиз ат атооч
Сабактын максаты:
Сабактын максаттары | Көрсөткүчтөрү |
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар белгисиз ат атоочтордун жасалышын, синтаксистик кызматын билишет. | - жактама ат атоочтун эрежесин айтып берсе; - кандай суроолорго жооп берерин түшүн- дүрсө; - ага мисалдарды туура келтирсе; - белгисиз ат атоочторду катыштырып сүйлөм түзсө. |
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Белгисиз ат атоочторду пайдаланып сүйлөм түзүшөт, синтаксистик талдоо жүргүзүшөт, чыгармачылыгын көрсөтүшөт. | - түзгөн сүйлөмдөр, келтирилген мисал- дар туура, так берилсе; - сабаттуу жазылса; - синтаксистик кызматын аныкташса; -көнүгүүлөрдү иштөө менен чыгармачылыгын көрсөтүшсө. |
Тарбия берүүчүлүк максаты: Ар бир ишти ойлонуп, туура аткарууга көнүгүшөт. | - өтүлгөндөрдүн негизгилерин эсинде сактап калса. - эгерде алар жупта, топто биргелешип иштешсе; - эгер алар ар биринин ишин туура баалашса; - айтылган сынды туура кабыл алышса. |
Тилдик компетенттүүлүктөр:
- белгисиз ат атооч боюнча теориялык билимге ээ;
- белгисиз ат атоочтордун башка ат атоочтордун түрлөрүнөн айырмачылыгын билет;
- белгисиз ат атоочторду жазууда орфографиялык сабаттуулугу;
- сөздөрдү, сүйлөмдөрдү түзө билет;
- мисал келтирүүдө, тексттер менен иштөөдө белгисиз ат атоочторду пайдаланат.
Кептик компетенттүүлүктөр:
- сүйлөмдөрдү түзүүдө эрежелерди жетекчиликке алат;
- сүйлөө кебинде белгисиз ат атоочторду катыштырат;
- маданияттуу кепке ээ болууга умтулат.
- аларды колдонуп, өзүнүн текстин түзөт;
- ар кыл темадагы тексттерден белгисиз ат атоочторду табат.
Маданий компетенттүүлүктөр:
- маданиятта, адабиятта кездешкен белгисиз ат атоочтордун маанисин түшүнөт;
- тил аркылуу улуттук баалуулуктарды өздөштүрөт;
- кеп маданиятына ээ болот.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын усулу: интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: Алтын эреже, сабактын максаты, Блумдун таксономиясы, баалоо таблосу, проектор, интерактивдүү доска, батман, А4 кагазы, маркер, таркатмалар
Сабактын жүрүшү: 1.Саламдашуу
2.Окуучуларды толуктоо
3.Сабакка даярдоо
4.Классты 3 топко бөлүү. Топ башчы шайлоо
5.Алтын эреже, Блумдун таксономиясы, Баалоо таблосу менен тааныштыруу
6.Баалоонун чен өлчөмдөрүн окуучулар менен бирдикте белгилеп алуу
Жагымдуу маанай түзүү
Бири-бирине жылуу сөздөрүн айтышат.
Үй тапшырма текшерүү
1.Ат атоочтор маанисине карата канчага бөлүнөт? Алар кайсылар?
2.Жактама ат таооч деген эмне? Мисал келтиргиле.
3.Шилтеме ат атооч деген эмне? Мисал келтиргиле.
4.Сурама ат атооч деген эмне? Мисал келтиргиле.
5. Тангыч ат атооч деген эмне? Мисал келтиргиле.
6. Аныктама ат атооч деген эмне? Мисал келтиргиле.
Окуучуларга таркатма берилет.
Шыктандыруу
Байыртадан кимдир бирөө жеңген эмес,
Басынтып кыргызымды келген эмес.
Алда кайда кыйынчылык болсо дагы,
Кайсы баатыр эч бир жоого берген эмес?
Манас баатыр
Жаңы тема: Белгисиз ат атооч
Шаар ичине саякат жасоо аркылуу жаңы тема түшүндүрүлөт.
Белгисиз ат атоочтордун синтаксистик кызматы
Кимдир бирөө келди.
Кээ бирлери чыгып сүйлөштү.
Кай биринин колунда китеп, кай биринин колунда дептер бар.
Алар бир нерсени айтканы турушат.
1-тапшырма
Сүйлөмдөгү атооч сөздөрдү белгисиз ат атоочко алмаштыргыла.
1-топ
Энем мага кызыктуу окуяларды айтып берип жаткан.
Жүрөгүм дүкүлдөп, коркунучтуу окуя болорун сезип жаттым.
2-топ
Сырттан чоочун адам кирип келди.
Бир убакта Турардын басып келе жатканы билинди.
3-топ
Алар алыс жакка узап кетишти.
Алиянын кеткенине үч күн болгон.
2-тапшырма
1-топ: Окуу борбору
Текстти окуп, ат атоочторду тапкыла. Маанисине карата бөлүнүшүн аныктагыла.
Мен мына бу кырдан аша бергенде, тетигил кой жайылып жаткан бадалдуу бийиктен кимдир бирөө заңгырап, сайды көтөрүп коё берди. Мен тааныймын, ал – Жоломан. Бул өзөндө мындай обон салган эч ким жок. Мунуку өзгөлөрдөй жалгыз гана жашытып, ичке муң түшүргөн кайгылуу, карандай арман эмес. Кайта көңүлду көтөрүп, ар кандай кайгыдан алып чыгып, кайрат бергендей эркин эле.
2-топ: Жазуу борбору
Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзгүлө. Ат атооч сөздөрдү анализдегиле.
Ал бизди жерге төшөлгөн саманга отургузуп, ар бирибизге кичинекей тактай берди.
Ар ким бактылуу болууну каалайт.
Бул сөздү алда кимден укту экен.
3-топ: Сөз чеберлери борбору
Белгисиз ат атоочторду пайдаланып,5-6 сүйлөмдөн турган текст түзгүлө.
Окуучулар менен жекече иш алып баруу
«Ооба, жок» жообу менен жооп берүү
1. эч ким – белгисиз ат атоочпу (жок)
2. Болжолдоп көрсөтүүчү ат атооч белгисиз ат атооч болобу? (ооба)
3. Бир нерсе сатып алдым. Бир нерсе жактама ат атоочпу? (жок)
4. Сурама ат атоочко –дыр мүчөсү уланабы? (ооба)
5. мен, сен, ал – белгисиз ат атоочпу? (жок)
6. Кайсы бир убакта болгон окуя экен. Белгисиз ат атооч кайсы бирби? (ооба)
Сабакты жыйынтыктоо
Рефлексия менен жыйынтыкталат.
Үй тапшырма берүү
362-көнүгүү
Белгисиз ат атоочторду катыштырып, 3 сүйлөм түзүп, синтаксистик талдоо жүргүзгүлө.