Просмотр содержимого документа
«БКМ, МОМ, 6-семестр»
Экинчи ондуктагы сандарды кемитүү учурлары
Экинчи ондуктагы сандарды кошуу жана кемитүүнүн разряддык учурлары болуп төмөнкү түрдөгү учурлар эсептелет:
12 – 2 12 – 10
Берилген туюнтмалардын маанилерин табуу үчүн экинчи ондуктагы сандардын разряддык (ондук) курамдарына таянуу керек.
М
исалы: 12 демек, 12 – 10 = 2 10 + 2 = 12
10 2 12 – 2 = 10 2 + 10 = 12
Он ичиндеги сандарды эсептөө ыкмаларына жана разряддык кошулуучулар билимдерине таянылып берилүүчү жалпы тапшырмалар:
Эсепте:17 – 7 – 1 = …
Эсептөө ыкмасы: амал солдон оңго карай удаалаш аткарылат. 17 саны 10 жана 7 сандарынан куралат, ошондуктан 17 – 7 = 10, 10 дон 1 ди кемитүү менен удаалаштык принцибине ылайык андан мурунку 9 санын алабыз.
Ондукка толуктоо аркылуу кошуу
Балдар үчүн кошуу жана кемитүүнүн ондуктан ашкан учур ыкмасын түшүнүү кыйын болуп саналат. Мисалы: 8 + 5, 13 – 7
Ондуктарга келтирип кемитүү
Ы
кманын схемасы: 14 – 9 = 5 (же 16 – 9 = 7)
4 5 6 10
10 1
5 7
Эсептөө алгоритми 3 удаалаш аткарылуучу эсептөө амалдары менен аткарылат:
кемитүүчү кемүүчүдөн кошулуучулардын бирин кемиткенде айырмасы 10го барабар боло тургандай болуп курамдык кошулуучуларга ажыратылат (кемүүчү ондук курамдык кошулуучуларга ажыратылат)
кемүүчүдөн кемитүүчүнүн бөлүгү кемитилип 10 аралыктык саны алынат (ондуктан кемитүүчү кемитилип, аралыктык маани табылат)
10 аралыктык санынан кемитүүчүнүн калган бөлүгү кемитилип акыркы жыйынтык же барабардыктын мааниси табылат (аралыктык сан кемүүчүнүн калган бөлүгүнө кошулат)
Бул ыкманы өздөштүрүү үчүн бала төмөнкүлөрдү билүүсү керек:
амалдарын аткарылуу удаалаштыгын эстеп калуусу
каалаган бир орундуу санды ылайыктуу учур боюнча тез курамдык кошулуучуларга ажыратуусу (экинчи ондуктагы санды разряддык кошулуучуларга ажыратууну билүүсү)
10дон каалаган бир орундуу санды кемитүүнү же 10 санынын курамын билүүсү (10 ичиндеги сандарды кемитүүнү билүүсү)
экинчи ондуктагы сандардын ичинде разряддык кемитүүнү аткарууну (он ичиндеги сандарды бир орундуу сандарга кошууну билүүсү)
16 – 7 = (8 + 8) – 7 = 1 + 8 = 9
Кашаа катышкан туюнтмаларда амалдарды аткаруунун тартиби
Кашаада жазылган амалдар биринчи аткарылат
Бул эреже менен балдар 2 – класста таанышышат.
Мисалы: (10 – 6) + 3 = 7 10 – (6 + 3) = 1
Тапшырмалар:
12 … … … 16 17 … 19 20
20 … 18 17 … … …13 … 11
(тапшырманы аткарууда эсептөөдө сандардын тартибине таянылат)
13 – 3 = …
13 – 10 = …
Тапшырманы аткарууда ондуктан (таякчалардын боосу) жана бирдиктен (өзүнчө таякча) турган сандын разряддык моделине таянылып аткарылат.