Просмотр содержимого документа
«БКМ, МОМ, 6-семестр, 5.3»
Таблицалык көбөйтүү
2 – 3 класстарда көбөйтүүнүн таблицасын окутуу негизги маселе болуп саналат. Таблицалык көбөйтүүгө бир орундуу сандарды бир орундуу санга көбөйтүү учурлары таандык, алардын натыйжасы көбөйтүү амалынын конкреттүү маанисинин негизинде табылат.
Таблицалык көбөйтүүнүн жыйынтыгы балдардын билим, жөндөм, көндүмдөрүнө коюлган программалык талапка ылайык жатка билүү керектигин талап кылат.
Нөл санына, 1 санына жана 10го көбөйтүү өзгөчө учурларга таандык.
2ге көбөйтүүнүн жадыбалына токтололу.
Даярдоо этабы: эсепте жана эске тут.
2
2
+2
2
+2+2
2
+2+2+2
2
+2+2+2+2
Жанында тартылган сүрөт балага фигураларды эсептөө жыйынтыгын алууга көмөк түзөт. Көбөйтүүчүлөрдүн чоң эмес маанилеринде кошуу ыкмасы көбөйтүүнүн маанисин табууга жеткиликтүү, 2,3,4 сандарын көбөйтүүдө – маанилердин таблицасын үйрөтүү мезгилинде мугалим ушундай ыкманы колдонсо натыйжалуу болот.
2-көбөйтүүчү 5тен чоң болгон маанилерде таблицалык маанинин жыйынтыгын алуу үчүн башка ыкманы колдонуу ыңгайлуу: мурунку натыйжага кошуу ыкмасы.
Мисалы: эсепте жана эске тут.
Аналогиялуу түрдө 3кө көбөйтүүнүн маанилеринин таблицасы түзүлөт. Сандарды көбөйтүүнүн маанилеринин таблицасы көбөйтүүчүлөрдүн ордун алмаштыруу ыкмасына таянылып түзүлөт. Бул закон же касиет башталгыч мектепте көбөйтүү амалына карата 1-математикалык закон болуп саналат.
Көбөйтүүчүлөрдүн ордун алмаштыруудан көбөйтүндү өзгөрбөйт. Балдарды бул эреже менен тааныштыруу көбөйтүү амалынын маанисин киргизүүдөн башталат. Көптүктөрдүн предметтик моделдерин колдонуп, көбөйтүүнүн предметтик моделдерин колдонуп, көбөйтүүнүн маанилерин аныктап байкашат.
М
исалы:
Туурасынан түгөй элементтерди сүрөттөн саноо тигинен үчтөн саноо менен дал келет. Ушундай түрдөгү бир нече варианттарды кароо менен мугалим көбөйтүүчүлөрдүн ордун алмаштыруудан көбөйтүндү өзгөрбөй турганын индуктивдик жалпылоо менен негиздейт. Ушул ыкмага ылайык 2ге көбөйтүүнүн жадыбалы түзүлөт.
2ни санга көбөйтүү таблицасын колдонуп, санды 2ге көбөйтүү таблицасын эсепте жана жатта.
Бул ыкманын негизинде 3кө көбөйтүүнүн таблицасы түзүлөт:
2 жадыбалдын түзүлүшүн анализдөө 2 сабакка бөлүштүрүлөт, аны жаттоого убакыт көбүрөөк берилет.