СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилинен тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз тилинен тест

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилинен тест»

6-класс кыргыз тилинен тест

1. Тексттеги ойду эмне аныктайт?

а) аталышы б) планы в) түзүлүшү (г) темасы, коюлган проблемасы

2. Ой жүгүртүү сочинениесин түзүүгө ылайыктуу теманы белгиле?

а) “Музейге экскурсияга барганда” в) “Мен жашаган көчө”

(б) “Мен келечекте ким болгум келет” г) “Жардам бердик”

3. Ой жүгүртүү текстинин негизги белгилерин белгиле?

(а) жеке оюн айтып, далилдеп көрсөтүү в) баяндап айтып берүү

б) белгилерди санап көрсөтүү г) сүрөттөп айтып берүү

4. Кесип сөздөр колдонулган сүйлөмдү белгиле?

а) Артык өнөр баш жарбайт б) Адам эмгеги м/н сулуу

(в) Окуучулардын сезимин курчута турган жандуу очерктер, фельетондор, ырлар, аңгемелер ж/а карикатуралар киргизилген?

г) Касым иштин ийне жибине чейин өздөштүрүп алган

5. Кыргыз тилиндеги диалектилердин бөлүнүшүн белгиле?

а) түштүк, батыш (б) түндүк, түштүк

в) түштүк, чыгыш г) түндүк, батыш

6. Диалектилик сөздөрдү белгиле?

а) жамаат, атуул, ардагер, мыйзам б) эээр, соот, чарайна

(в) итербе, аш, ака, зор

г) кой-соолук, карышкыр-бөрү, көзү түштү-жылдызы түштү

7. Эскирип, колдонуудан чыккан сөздөрдү, пасивдүү сөздөр.

а) неологизимдер б) терминдер в) лексика (г) архаизимдер 8. Архаизимдер историзимдерден айырмасын белгиле?

(а) архаизимдер өздөрү эскирген болот да, түшүнүктөрү эскирбейт ж/а экинчи бир сөзгө алмашкан болот

б) тарыхый гана чыгармаларда колдонулат в) айырмасы жок

г) колдонуудан чыгып эскирген сөздөр

9. Жоо-жарк аталыштарына байланыштуу архаизм сөздөрдү белгиле?

а) ордо, накер, булдурсун, бапик, чарайна

(б) саадак, соот, туулга, нар, кескен, тинте

в) кой чагыр, очогор, оорук, түпөк, сопу

г) чоро, кошуун, жесекчи, кайгуул, ай балта

10. Эл аралык терминдер деп эмнени айтабыз

а) тектеш тилдерде бирдей мааниде колдонулуучу

б) белгилүү бир түшүнүктүн атын атап, көбүнчө бир мааниде колдон-чу

(в) бир канча тилдерде бирдей мааниде кеңири колдонулуучу

Г) Башка тилдерден колдонулуп алынган.

11. Даяр түрүндө которулбастан алынган терминди белгиле.

А) согуш б) заманбап в) өндүрүш (г) экономика

12. Котормо сөздүктүн колдонулушу.

(а) тил үйрөнүүдө б) сөздүн маанисин ачууда в)сөз-дү айырмалоого

Г) жергиликтүү тил өзгөчөлүгүн түшүнүүдө

13. Лексикография д/н термин эмнени билдирет?

а) бир тилдеги сөздөр чогулуп, алфавит тартибине келтирилип чыгарылган китепти

(б) сөздүктөрдү түзүүнүн теориясын, практикасын үйрөтүүчү тил илимин

в) адамдын оюнун ж/а сөздөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн материалдык белгилерин

г) тилдеги сөздөрдүн составындагы тыбыштардын ар бирин айрым тамгалардын жардамы м/н белгилөөгө негизделген жазуу системасы

14. Маани берүүчү сөздөрдүн так, жеткиликтүү берилгенин белгиле?

а) жаңы б) үй (в) жаңы кирпич үй г) кирпич

15. Сөз мааниси өз алдынча турганда жалпы маанини билдирет.

Анын мааниси канткенде конкреттештирилет.

(а) сүйлөм ичинде, сөздөр м/н айкашканда б) айтылганда

в) жакталганда г) жөндөлгөндө

16. Сөз түркумдөрү, алардын жасалуу, өзгөрүү жолдорун окутуучу тил илиминин тармагын белгиле.

А) синтаксис б) лексика в) пунктуация (г) морфология

17. –чы, -лык, -лаш, -ты, -кеч, -поз, -стан,-кана, -чак- мүчөлөрдүн мүнөздөмөсүн белгиле.

А) зат атоочтон сын атооч жасайт

(Б) зат атоочтон, башка атооч сөздөрдөн зат атооч жасайт

В) зат атоочтон этишти жасайт г) этиштен зат атооч жасайт

18. Жатыш жөндөмөдө турган сөздү белгиле?

А) шаардын б) мугалимден (в) китепканада г) табактан

19. Эртеси Жапар Чүкөбай...ээрчитип, талаа жумушуна чыкты.Көп чекиттин ордуна туура келген мүчөнү белгиле?

(А) –ды б)-нын в)- га г)- дан

20. Асты сызылган сөздүн жөндөмөсүн ж/а жөндөлүшүн аныкта: Токтогул жеңин түрүп, өзүнүн жаңы чыгарган күүсүн черте баштады.

А) 1- жөндөлүш,табыш жөндөмө б) табыш жөндөмөдө турат

В) 3-жөндөлүш, илик жөндөмө (г) 2-жөндөлүш табыш жөндөмө