Манас
Манасчы ким?
Манасчы – өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачыбы?
Манасчы ким?
Байыркыдан берки эл баянын, айкөл баатыр эрдигин саймедиреген жомокчубу?
Ал өткөн доор, замандар менен бүгүнкүнү байланыштырып турган көпүрөбү? Ошонүчүн манасчы бизди оңой эле миң жыл артка алпарып, ал мезгилге аралаштырып жатпайбы!..
ДӨӨЛӨТ МАНАСЧЫ
Семетей. Күлчоро, Канчоронун
Ак шумкарды издеп Үргөнчкө барышы
...
Начало формы
Издөө
Конец формы
СЕЙДАНА МОЛДОКЕ КЫЗЫ
(1920-24.03.2006)
Негизинен эле "Манас" жүгүн көтөрүнгөндөр эркектер болуп, аялдар өтө сейрек кездешкен. Анын сыры эмнеде экендигин бүгүнкү күнгө чейин толук түшүндүрүп берген аныктама жок. Мына ошол сейрек кездешкен аял манасчылардын катарына Сейде Дейди кызы жана Сейдана Молдоке кызы кирет. Сейде Дейди кызы белгилүү Кыдыраалы манасчыдан үлгү алып, эмнени айтса да, бул Кыдыраалыныкы дечү экен. Ал эми, Сейдана Молдоке кызынын бул улуу жолго түшүп калышы бир топ татаал болгон. Ал тууралуу семетейчи өзү төмөнкүлөрдү эскерет:
"Бул окуя 1958-жылдын май айында болду. Жаш аялметпиз. Турмуш бир топ оңолуп калган. Күн түш ооп бараткан. Балдарыма чай берейин деп эшикке чыккам. Буга чейин жаңы эле казанга нан жапкам. Нан бышкандан калган чокко чөөгүнгө чай койдум эле. Кара чөөгүн шарактап кайнап жатыптыр. Чөөгүндү алуу үчүн эңкейе бергенде "Сейдана" деген бир башкача добуш заңк этти. Колум чөөгүнгө жеткен жок. Башымды өйдө көтөрүп, көргөн көзүмө ишенбей калдым. Эми эле эч ким жок эшиктин алды кылкылдаган эле атчан жоокерлер. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Маңдайымда ак сакалы жайкалып төшүн жапкан, ак калпагы бийик, көгүш тулпар минген адам турат.
"Сейдана, - деди ал. – Биз Бээжинге бара жатабыз. Алтын сакал Айкожо, күмүш сакал Күнкожо деген элчи бул!" – деп, дагы бир сакалынан нур чачырап турган кишини камчысы менен жандап көрсөттү. "Намаз убагы болуп калды. Үйүңө намаз окуп алалы. Мындан кийин сен бизди айтасың. Биз сага ишеним бердик. Тигил болсо Манас Баатыр, биздин шерибиз. Жакшылап кара!" – деди. Мен карай салып эле, башымды колум менен калкалап жыгылдым. Кудайга тобо, коломтого жыгылып түшпөгөнүмө. Манас Атанын сүрү оңой эмес экен. Аны тике карай албай калганыма эмдигиче арман кылам. Эгерде даана карап калганымда, "Манас" эпосун толугу менен бүт айтып калмакмын.
Манас Ата кийин да жолукту. Бирок суу жүрөк жаным анда да атынан өйдө карай албай койдум. Аккула эле 5 кабат тамдан бийик экен. Кулагынан шам күйүп турат. Манас Атаны дит багып караш үчүн баатыр жүрөк керек.
Манас Атаны көргөн адам оңой адам болбойт. Кийин Манасты көрдүм дегендердин көбүн көрдүм. Мен буга ишене албайм. Мен мүмкүн карайт белем. Адегенде эле көзүмө сол жагындагы чолок көк жал арстаны урунбадыбы. Тим эле тытып кетчүдөй октолуп туруптур. Кырк чоросун кийин даана көрдүм.
Башымды катып канча жатканымды билбейм. Турсам күүгүм. Балдарым ачка болуп, ызы-чуу. Чай эбак соолуп, от өчүп калыптыр. Эс-мас болгон жаным кайра от жагып, чай кайнатып кирдим. Айлана тыптынч. Бирок эшиктин алды айдап кеткендей казылып калган, туяктардын изи".
Мына ушундай окуядан кийин да Сейдана жомокчулук жолго түшпөй жүрө берет. Анткени, биресе элден тартынса, экинчиден, кайнатасы да каардуу киши болгондуктан, андан коркот. Кийин бир канча жолу түшүнө баатырлар кирип, ар кайсыны айтып коркутушат. Акырында: "Айтпасаң, шерлериңди алабыз!" – дешет. Сейдана ага анчейин түшүнө бербейт. Кийин Арзыбек, Дөөлөтбек, Мырзабек, Таласбек деген төрт баласы тең сопсоо жерден эле биринин артынан бири чарчап калганда түшүнүп, балдардын күйүтүнө чыдабай жинди болуп калат. Ошондо да Баатырлар айтасың деп кыйноого алышат. Ээн жерлерге барып, айта баштайт. Алгач "Семетей" эпосунан баштайт. Жанымда Каныкей, Айчүрөк, Семетей үчөө сүрөп турду деп эскерет өзү ал тууралуу. Ал эми "Семетей" эпосун айтып калуусун мындайча түшүндүрөт:
"Баатырлар эки топ болуп келет. Экөөнү тең Бакай аба баштап келет. Бакай абанын бир айырмасы - жоо-жараксыз жүрөт. Биринчи топтогу баатырлар - Манас ата, Алмамбет, Чубак, Сыргак, кырк чоро, Музбурчак, Көкчө, Кошой, Кыз Сайкал. Булар шейит болгон баатырлар. Экинчи топтогу баатырлар; Семетей, Күлчоро, Бакай аба өзү, Айчүрөк, Каныкей, ак байбиче Чыйырды эне, булар кайып болгондор. Мына менин семетейчи болушума ушул экинчи топ чоң сүрөөн берди. Булар тигилердей болбой жай келишет. Алмамбет менен Семетейдин жүзүнөн алтын нур төгүлүп турат. Алар Манас атадай ачуулуу эмес. Манас атаны караш өтө коркунучтуу".
Ошентип кыйналып жүрүп, Торкенде слет болуп атканда жерде биринчи жолу эл алдында "Манас" айтат. Анан бат эле оозго алынып кетет. Жинди деген аты калып, "Семетейчи Сейдана" атыгат.
Семетейчи Сейдананын варианты салттык туруктуулуктан чыкпаганы менен өзүнчө өзгөчөлүктөрдөн да куру эмес. Ал окуянын курулушунан да, нерселерди, же баатырларды сүрөттөөдөн да байкалат. Алсак, Канчорону ак сүтүн берип чоңойткон Каныкейдин каргышы коө бербейт. Мындай айырмачылыктар анын айтымында өтө эле арбын. Андыктан, анын айтуусундагы Тайбуурулдун сүрөттөлүшү менен кебибизди жыйынтыктасак:
Ак арпа жесе аш кылган,
Адырмакка маш кылган.
Келишимдүү маңкайган,
Кең соорусу даңкайган.
Ар мүчөсү келишип,
Кызыл буурул чаңкайган.
Кашка тиши кадоодой,
Кара тили бүлөөдөй.
Азуулары болоттой,
Чаткаягы колоттой.
Жараганы кабыктай,
Жалдын асты жабыктай.
Семиргени сүмбөдөй,
Секиргени бүргөдөй.
Кең соорусу кетмендей,
Керилип колуң жеткендей.
Кебездей болгон көкүлү,
Көзүнө ченеп керткендей.
Туягында тура жок,
Жүрөгүндө жара жок...
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1994), аялдардан чыккан сейрек кездешүүчү талант ээси, семетейчи Сейдана 2006-жылдын 24-мартында 86 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
ЖУСУП МАМАЙ
(1918)
Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном областына караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылдын 4-майында жарык дүйнөгө келген.
1925-1927-жылдары Жусуптун атасы Кашкардагы Назаркары, Үсөнакун деген молдолорду үйүнө алып келип, биринчисинен бир ай, экинчисинен үч айча окуттурат. Инисинин аракетин көргөн агасы Балбай сегиз жашынан тартып Жусупка «Манас» эпосу баштаган «Кербала», «Залзал-Заркум», «Шаймаран», «Кыз-Жибек» жана өзү бир нече жылдар бою чогултуп келген элдик көркөм чыгармалардын кол жазмалары менен тааныштырып, окута баштайт. Ошол жылдары Балбай иниси Жусупка «Манас» айтуунун ыкмаларын да үйрөтөт. Жусуп жердигинен куйма кулак, зээндүү, тунук көкүрөк болуп чоңоөт. Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт. Эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот. Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт. Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» - дейт. Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен. Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш. Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат: «Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар - Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды». Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетет. Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат. Ошондо атасы уулуна: «Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө «Манас» айтпа» деп акыл-насаатын айтат. Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот. Бирок 1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. 16 жашка келгенде атасы Мамай дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин, 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп «манасчы» деген атка конот.
1961-жылы Шинжаң Уйгур автоном районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.
1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет. Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.
Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.
1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат. Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр. Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат. Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат.
Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот. Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат. «Манас» эпосун жайылтып, сактап келгендиги үчүн Жусуп Мамай - Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамга ээ болуп, биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланат.
Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз. Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жана ал айткан «Манас» эпосун изилдеп келгендер: С.Алиев, Т.Кулматов, К.Жусупов, К.Жумалиев, М.Жумалиев, К.Кырбашев, К.Артыкбаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Орозобековалар. Ал эми Кытай жергесиндегилерди алсак: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак, Лаңйиң ж.б. МОЛДОБАСАН МАНАСЧЫ
Молдобасан Мусулманкул уулу "Манас" башында турган кыргыз элинин кенже эпосторунан "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Жаңыл Мырза", "Кедейкан" дастандарын жогорку көркөмдүктө айта билген. Атасы Мусулманкул менен агасы айыл арасына кеңири белгилүү музыканттардан болгон. Молдобасан алгач Ак-Талаа өрөөнүнө элдик күүлөрдүн, ырлардын чебер аткаруучусу катары таанылат. "Манас" эпосун айтууга бөтөнчө көңүл коюп, көбүнчө элге кеңири тараган варианттарын айткан.
Айылдык шайыр 1936-жылы филармонияга иштөөгө чакырылып, ырчы, манасчы жана эл аспаптар оркестринин комузчусу катары кабыл алынат.
Молдобасан Мусулманкул уулунан "Манас" 1935-жылы жана 1944-45-жылдары жазылып алынган. Поэтикалык жалпы көлөмү 203 миң сапты түзгөн үчилтикти толук айтып жаздырган. Анын чыгармачылыгынын калыптанышына Сагынбай Орозбак уулунун таасири чоң. Молдобасан өз вариантында устаты иштеп чыккан табылгаларды кеңири пайдаланган, өзү да таланттуу инсан болгондуктан эпостун көркөмдүгүн, таасирдүүлүгүн өз алдынча өркүндөтүүгө жетишкен. Мына ушундан келип эпостун элдик идеядагы, өзүнчө көркөмдүккө ээ болгон Молдобасан Мусулманкул уулунун варианты жаралган.
Манасчы 1883-жылы Нарындын Ак-Талаа районунданы Терек айылында жарык дүйнөгө келип, 1961-жылдын 16-июнунда Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.
Начало формы
И
Конец формы
Манас
Манасчы ким?
Манасчы – өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачыбы?
Манасчы ким?
Байыркыдан берки эл баянын, айкөл баатыр эрдигин саймедиреген жомокчубу?
Ал өткөн доор, замандар менен бүгүнкүнү байланыштырып турган көпүрөбү? Ошонүчүн манасчы бизди оңой эле миң жыл артка алпарып, ал мезгилге аралаштырып жатпайбы!..