Просмотр содержимого документа
«Мекен таануу сабагы»
Мекен таануу сабагы
Өтүлгөн сабакты кайталоо:
«Бүчүр» тобуна: Тамак-аш сиңирүү органдары кайсылар?
«Келгин куштар» тобуна: Тишке кандай мамиле кылуу керек?
«Байчечекей» тобуна: Адам эмне үчүн туура тамактана билиш керек?
«Көпөлөктөр» тобуна: Туура эмес тамактануу эмнеге алып келет?
Үй тапшырма текшерүү: Окуучулар тамак сиңирүү органдарын тартып келишет
Жаңы тема: Дем алуу системасы Сабактын максаты: Дем алуу органдарынын иштешин билишет Кеңири ой жүгүртүп, жыйынтык чыгара алышат Туура дем алууну үйрөнүүгө, топтордо ынтымактуу иштей билүүгө тарбияланат
Топторго тапшырма берүү: «Б» - Мурундун иштөө функциясына синквейн түзгүлө. Сүрөтүн тарт
«Келгин куштар» тобу «Куу кекиртек, кыйла жерге секиртет» накыл кепке «комментарий, цитата» жазгыла
«Көпөлөктөр» Өсүмдүктөр менен адамдын дем алуусу боюнча Венндин диаграммасын түзгүлө
«Бүчүр» тобу Өпкөнүн сүрөтүн тартып, кластер түзгүлө
Тажрыйба жасоо: Класстагы ар бир окуучуга бирден шарик берип, аны бир дем менен үйлөө. Бул шариктин көлөмү канча болсо, адамдын өпкөсү ошончо коөлөмдө болорун билдирет
Сабакты жыйынтыктоо: «инсерт» ыкмасындагы таблицаны ар бир окуучуга таратуу.
Үй тапшырма берүү: 122 беттеги тажрыйбаны жасап келүү
Окуучулардын билимин баалоо Өзүн өзү баалоо