Просмотр содержимого документа
«Сөз айкашы 5-кл»
№ 3 Чалдыбар жалпы билим берүү орто мектеби
КЫРГЫЗ ТИЛИ
5-КЛАСС
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
№ 3 Чалдыбар жалпы билим берүү орто мектеби
КЫРГЫЗ ТИЛИ
5-КЛАСС
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
ЭМГЕК – ДАЙРА,
БИЛИМ – КЕМЕ.
СӨЗ АЙКАШЫ
ЖӨНҮНДӨ
ТҮШҮНҮК
Сөз айкашы боюнча маалымат ала аласыңар;
Сөз айкашы жана сүйлөмдүн өз ара байланышын, айырмачылыктарын биле аласыңар;
Кунт коюп угуп жана түшүнө аласыңар .
САБАКТЫН
МАКСАТТАРЫ:
Үй тапшырмасын
Расмий эмес иш кагаздарынын түрлөрү боюнча кайталоо.
жана өтүлгөн теманы
кайталоо:
80-көнүгүү.
Мектепте окугандыгы же сыркоолоп калгандыгы жөнүндө тактама жазгыла
Сөз – маани берип турган тыбыштардын жыйындысы болот.
Мисалы: китеп, окуучу, класс ж. б.
Сөздөрдө заттын аты гана аталат.
Сөз айкашы толук маанилүү эки же андан көп сөздөрдөн болот. Сөз айкашында ошол заттын кандайдыр бир белгиси (саны, сыпаты, кыймыл-аракети ж. б.) ачыгыраак берилет.
Мисалы: кызыктуу китеп, беш окуучу, чоң класс ж. б. Булар сөз айкашы болуп саналат, анткени толук маанилүү эки сөздөн турду жана китептин сапаты, окуучунун саны, класстын көлөмү жөнүндө маалымат алдык. Эгерде толук маанилүү сөздөрдүн бири маани берип, экинчиси маани бере албаса, анда сөз айкашы боло албайт. Мисалы: келечек тууралуу, үйдү көздөй, тартип жөнүндө ж. б.
Булар сөз айкашы болуш үчүн дагы бир толук маанилүү сөздүн болушу талап кылынат.
Мисалы: келечек тууралуу ойлонуу, үйдү көздөй басуу, тартип жөнүндө сүйлөшүү ж. б.
Жаңы
тема:
Сөз айкашынын тутумунда эки сөз болот: багындыруучу сөз жана багыныңкы сөз. Багындыруучу сөз ойдун негизин ээлеп турса, багыныңкы сөз ага көз каранды абалда турат. Мисалы: үлгүлүү окуучу , чоң бөлмө , кызыктуу сабак дегенде, багындыруучу сөздөр: окуучу, бөлмө, сабак – бул сөздөрдүн алды сызылып белгиленет.
Бышыктоо:
- 86-көнүгүүнү аткаруу менен окуучулар сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратып, багындыруучу сөздү белгилегиле.
Биз силерди адам болууга тарбияладык.
Биз тарбияладык
силерди тарбияладык
адам болууга т арбияладык Санжар комуз чертти.
Санжар чертти
комуз чертти
ОЙЛОН! ИЗДЕ! ТАП!
Жыйынтыктоо:
Толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздүн тутуму сөз айкашын түзө алабы?
Мисалы: тартип жөнүндө
Үй тапшырма:
87-көнүгүү.
Көнүгүүдөгү сөздөрдөн сөз айкашын түзгүлө. Анын багындыруучу, багыныңкы түгөйлөрүн аныктагыла.
Бала, тоо, гүл, окуучу...
Окуучу бала , тоо гүл ...
Баалоо: