Сабактын темасы:СҮЙҮҮНҮН КҮЧҮН КОЛДОНУП,
КҮЧТҮҮ БОЛ!
Учурдагы акылы тайкынын дабаасы бир гана сүйүү. Себеби, сүйүү бир даары,
жашоо жана күч.
Мухаммед Ыкбал
Сабактын максаты:
Окуучулар сүйүү тууралуу маалымат алышат. Инсандарга сүйүп мамиле
кылуунун, сүйүүнүн баркын түшүнүшөт.
Мугалим үчүн материалдар:
Сүйүүнүн өтө чоң бир күч болгондугу, заман өткөн сайын дагы да жакшы
билинип жатат. Акча, мал-мүлк, күч жана аброй инсандардын бактылуу болууларына
жетиштүү болгон эмес. Тескерисинче инсандардын өзүмчүлдүк сезимдерин козгоп,
бөлүнүп жарылууга жана душмандык кылууларына жол ачкан.
Инсандарды бири-бирине байланыштырып турган, жардамдашууну арттырган,
бөлүшүп жана биримдикте жашоону үйрөткөн күч – сүйүү. Сүйүү азайган жерде кек
сактоо, ичи тардык, амалкөйлүк, душмандык жана баш көтөрүү ортого чыгат. Бүгүнкү
күндө эң көп нааразычылык туудурган тема так ушул эмеспи? Сүйүү толо бир
жылмаюудан, мээримдүү көз караштан, жылуу сөздөн тасирдүүрөөк, дагы да күчтүү
эмне болушу мүмкүн? Бүгүнкү күндө инсандар «көп нерсени колго киргизгендигине»
кубанбастан, тескерисинче «сүйүүнү» жоготкондугунан улам капаланууда.
Албетте сүйүүнүн эң жакшысы, тазасы жана эң узун өмүрлүүсү, эч бир пайда
көздөлбөгөн сүйүү болуп саналат. Бокс боюнча дүйнөлүк чемпион Мухаммед Али
Клейиндин төмөндөгү аныктамасы да темабызга мисал боло алат: «Чемпион болгон
убагымда, эски шымымды кийип, эски шапка кийип, сакал коюп мени эч ким
тааныбаган бир шаарчага барып айланам жана мени бир гана мен болгонум үчүн,
башкача айтканда турган турпатым боюнча сүйгөн бир инсан тапканга чейин бул
ишимди улантам. Тапканымда болсо, 250 миң долларлык үйүмө алып барам.
Машиналарымды жана жамгыр жааганда колдонгон жогор жагы тосулган бакчамды
көрсөтүп, ага баары сеники, себеби сен мени мен болгондугум үчүн сүйөсүң деп
айтамын».
Сүйүү деген эмне? Кантип табылат жана кандай колдонулат?
1. Сүйүү бир казына, киреше жана күч. Бул күчтү колдонгон адам коомдун эң
байы.Ушундай бай инсан болууну каалайсызбы?
2. Чыныгы сүйүү, эч кандай пайда көздөлбөгөн таза жана дурус. Канчалык
коруган сайын азаят. Ал эми канчалык колдонулса көбөйөт.
3. Жүрөктү жарытып туруучу бул сүйүү. Сүйүүсү түгөнгөн бир жүрөк менен
жолго чыккан болсоңуз ар кайсы куштарга жем болосуз.
4. Эне тилиңизден башка бир тилди үйрөнүүнү каалап жатсаңыз, алгач
жүрөктөрдү бири-бирине байланыштырган универсалдуу сүйүү тилин үйрөнүңүз.
5. Аябай сүйкүмдүү болууну каалап жатсаңыз, алгач өзүңүз да өтө күчтүү сүйө
билүүңүз зарыл.
14
6. Душмандарыңызды да сүйө билүүңүз зарыл, себеби сиздин
кемчиликтериңизди бир гана алар ачык айта алышат.
7. Жараткан, сүйүктүүлөрдү сүйгөндөрдүн дубасы менен коргойт.
8. Сүйүктүү инсандарыңыздын жакшы тараптарын гана көрүп сүйө билиңиз,
аларды колдоңуз жана сүйүүңүздү жашартыңыз.
9. Сүйүктүүлөрүңүзгө жана досторуңузга сүйүүңүздү билдириңиз.
Балдарыңызды кучактаңыз жана беттеринен эркелеңиз (өөп). Бул сүйүүнү жашартат
жана арттырат.
10. Жек көргөн инсандарыңызды да сүйүлө ала турган тараптарын издеңиз.
Болбосо, дүнүйө бири-бирине душман, инсандар үчүн тозокко айланат. Айрыкча
сизди сүйгөндөрдү эле сүйүү, ал сүйүү эмес жөн гана бир соода-сатык, алыш-бериш.
11. Эгерде сүйүлүүнү кааласаңыз, сиз да сүйө билиңиз жана сүйүлүүгө
ылайыктуу болуңуз.
12. Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, ар кайсы убакытта сүйүүгө ылайыктуу
нерселердин бар болгондугу чындык.
13. Сүйүүдө ар дайым аша чабуудан алыс болуңуз, орто жол тутунуңуз. Себеби
сүйүү менен жек көрүүнүн ортосунда өтө ничке сызык бар. Ошондуктан, кээ бир
убакытта бири-бирине болгон душмандыктар, жек көрүүлөр жана ыраатсыздык
сүйүүдөн келип чыгат.
14. Жеңил колго кирген сүйүү, узун жашабайт. Себеби инсан, ар кандай
кыйынчылыктарга туш болуунун негизинде сүйөт, сүйүүсү өнүгөт жана узун өмүрлүү
болот.
Инсан сүйүүнү жетээрлик даражада албаса, оорутат. Жада калса адистер
инсандын нормадан сырткары кыймыл-аракеттери, психологиялык бузулуулар
көбүнчө, сүйүүнүн жетишсиздигинен улам келип чыккандыгын белгилешкен. Андан
сырткары изилдөөчүлөр, физиологиялык ооруулардын да болжол менен 100% дын
87% пайызы жетишээрлик деңгээлде сүйүү ала албаганынан улам келип
чыккандыган айтышкан.
Сүйүү эң жогорку киреше жана эң жогорку бир күч болсо, инсандын да эң
маанилүү иши сүйүп сүйүлө билүүсү жана аны менен жашап, бул дүйнөдөн кайтуусу
керек.