СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Деятельность классного руководителя

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Деятельность классного руководителя»

Тема: К ласс жетекчинин ишмердүүлүгүн уюштуруунун  илимий-методикалык негиздери

 Класс жетекчинин милдеттери  Класс жетекчинин функциялары төмөндөгү факторлор менен шартталган:  -билим берүү мекемесинде окуу-тарбия процессинин уюштурулуу шарттары менен;  -жайындагы жана класстагы тарбия системасынын өзгөчөлүктөрү менен;  -мектеп менен ата-энелердин валеологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен;  -мектеп окуучуларынын психологиялык –курактык өзгөчөлүктөрү менен;  -алардын тарбиялануу, уюштурулуу,окутулуу деңгээли, ден соолугунун абалы жана физикалык жактан өнүгүүсү, педогогдордун окуудан тышкаркы иштерди уюштурууга карата даярдыгы менен;  Класс жетекчинин (тарбиячынын) кызматтык функцияларынын варианттары болушу мүмкүн, алар билим берүү мекемесинин уставы, мектептин өнүгүү программасы менен аныкталышы мүмкүн.

 Класс жетекчинин кызматтык нускамасы  1.Жалпы жоболор   1.1. Класс жетекчи өз ишмердүүлүгүндө КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын, адам укуктарын жана эркиндиктеринин Декларациясын, балдар укугу жөнүндө Конвенцияны, мектептин уставын жетекчиликке алат.   1.2. Класс жетекчи кызматына мектептин директору тарабынан дайындалат жана бошотулат.Өргүү мезгилинде жана убактылуу жумушка жарамсыздык мезгилинде класс жетекчинин милдеттери өзүнүн классы жок жана ошол класста иштеп жаткан мугалимге жүктөлүшү мүмкүн.   1.3. Класс жетекчи педогогикалык билимге жана балдар менен иштөө боюнча үч жылдан кем эмес стажга ээ болууга тийиш.

 2.Ишмердүүлүктүн негизги багыттары  2.1. Класс жамаатынын ишмердүүлүгүн уюштуруу.  2.2. Класс жамаатынын жана айрым окуучулардын окуу иштерин уюштуруу.  2.3. Класстын окуудан тышкаркы турмушун уюштуруу.  2.4. Мектеп окуучуларын тарбиялоодо алардын инсанын иликтөө жана оңдоп- түзөө.  2.5. Мектеп окуучуларын социалдык жактан коргоо.  2.6. Ата-энелер менен иштөө.

3.Кызматтык милдеттери 3.1. Журналды жүргүзүү. 3.2. Окуучулардын өздүк делолорун жүргүзүү. 3.3. Класс жамаатын уюштуруу: тапшырмаларды бөлүштүрүү, актив менен иштөө, класстын окуучуларын мектептин кеңешине багыттоо,нөөмөтчүнүн ишине көмөктөшүү. 3.4. Класс боюнча,мектеп боюнча, ашкана боюнча нөөмөттү уюштуруу. 3.5. Бекитилип берилген каанадагы санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо. 3.6 .Тарбиялануучулардын тышкы көрүнүшүнө кам көрүү. 3.7. Акысыз тамактануу маселелери боюнча ата-энелерге жана ушундай балдарга классташтарынын болгон оң мамилеси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 3.8. Класс муктаждыктарын каржы жактан колдоого кам көрүү. 3.9. Окуучулардын сабакка келүүсүн көзөмөлдөө (сабактан себепсиз калган калтырган окуучуларды ата-энелер менен биргеликте көзөмөлдөйт, тарбиялоого оор болгон балдар боюнча социалдык педагог менен байланышат). 3.10. Окуу үчүн жагымдуу кырдаал түзүү. 3.11. Класста иштеген мугалимдердин ишмердүүлүгүн координациялоо. 3.12. Окуучулардын күндөлүктөрү менен иштөө,алардын жетишүүсү боюнча ата-энелери менен байланышуу. 3.13. Талантуу балдардын өнүүгүсүнө жардамдашуу,окуучулардын таанып-билүү кызыгууларын өнүктүрүү,ой өрүшүн кеңейтүү(ийримдерге,факультативдерге,конкурстарга,викториналарга,олимпиадаларга,кароолорго тартуу;экскурсияларды уюштуруу;театрга,көргөзмөлөргө алып баруу).

3.14. Окуучулар мене иштөө үчүн психологду тартуу (аңгемелешүүлөр циклы,жекече сунуштамалар). 3.15. Класста жагымдуу микроклиматты түзүү,инсан аралык мамилелерди жөнгө салуу. 3.16. Айрым окуучуларды же бүтүндөй классты тартуу менен класста чыгармачылык иштерди уюштуруу. 3.17. Ден-соолукту сактоо боюнча иш- чараларды ар бир окуучунун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен уюштуруу. 3.18. Балдар коомдук уюмдарына жардам берүү. 3.19. Класстык сааттарды, жыйналыштарды ,аңгемелешүүлөрдү,ачык сүйлөшүүлөрдү ж.б. өткөрүү. 3.20. Колдо бар методикаларга,класста иштеген мугалимдердин жана ата-энелердин пикирлерине ылайык окуучулардын инсанын иликтөө. 3.21. Окуучулардын мүнөздөмөлөрү менен иштөө. 3.22. Окуучуларга кесип тандоода жардам берүү. 3.23. Ата-энесинен кароосуз калган балдардын (эгерде класста бар болсо) укугун коргоо. 3.24. Социалдык жактан коргоосуз категориядагы балдарды эсепке алуу. 3.25. Үй-бүлөсү проблемалуу балдарды эсепке алуу. 3.26. Тарбиясы оор өспүрүмдөрдүн,тобокел топтогу жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда каттоодо турган балдардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүү. 3.27. Чейрек сайын ата-энелер үчүн тематикалык жыйналыштарды өткөрүү. 3.28. Үй-бүлөдөгү тарбия шарттарын иликтөө. 3.29. Ата-энелер менен жекече иштөө. 3.30. Класстын окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүн уюштурууга ата-энелерди тартуу.

 4.Укуктары  4.1. Предметчи мугалимдер өткөрүп жаткан сабакка же ар кандай иш-чарага катышуу (өтө зарылдык болбосо,сабак учурунда класска кирүүгө,сабак учурунда мугалимге эскертүү бергенге укугу жок).  4.2. Окуу-тарбия процессин бузууга алып келүүчү кылык-жоруктары үчүн окуучуларды мактоо жана жазалоо эрежелеринде аныкталганга ылайык тартип жоопкерчилигине тартуу.  4.3. Мактоо жана жазалоо эрежелеринде аныкталганга ылайык окуучуларга сыйлыктарды ыйгаруу.  4.4. Класстагы окуу-тарбия процессин уюштуруу жана айрым окуучулар жөнүндө предметчи мугалимдерден маалымат алуу.

 5.Класс жетекчи төмөндөгүлөргө жооптуу болуп саналат  5.1. Мектептин уставын жана ички тартиптин талаптарын,мектеп директорунун же анын орун басарынын мыйзамдуу буйругун, кызматтык нускамада аныкталган кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же толук аткарбагандыгы,ага берилген укуктардан пайдаланбагандыгы үчүн.  5.2. Окуучунун инсанынын үстүнөн күч колдонууга же психикалык зомбулукка байланышкан тарбиялоо усулдарын колдонгондугу үчүн (КРдин “Эмгек кодексинде” жана КРдин

5.Класс жетекчи төмөндөгүлөргө жооптуу болуп саналат 5.1. Мектептин уставын жана ички тартиптин талаптарын,мектеп директорунун же анын орун басарынын мыйзамдуу буйругун, кызматтык нускамада аныкталган кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же толук аткарбагандыгы,ага берилген укуктардан пайдаланбагандыгы үчүн. 5.2. Окуучунун инсанынын үстүнөн күч колдонууга же психикалык зомбулукка байланышкан тарбиялоо усулдарын колдонгондугу үчүн (КРдин “Эмгек кодексинде” жана КРдин "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн). 5.3. Өз ишин окуу жылына жана ар бир чейрекке өз убагында,сапаттуу пландаштырбагандыгы үчун. 5.4. Эмгек (же жарандык) мыйзам тарабынан аныкталган тартиптеги жана чектердеги материалдык жоопкерчилик.

  • Класс жетекчинин аналитикалык ишмердүүлүгү
  • Класс жетекчи ѳзүнүн аналитикалык ишмердүүлүгүнѳ зор кѳңүл бѳлүүгѳ тийиш,ал тѳмѳндѳгү документтердин жардамында ишке ашырылат.
  • -ишмердүүлүктүн жумалык жана жылдык анализи ;
  • -класс жетекчинин күндѳлүгү;
  • -ата-энелер комитетинин жана ата-энелер жыйналыштарынын протоколдору;
  • - класстан тышкары иш-чаралардын,ата-энелер жыйналыштарынын материалдары,алардын сценарийлери;
  • -ар бир чейрекке карата иш планы;
  • - класстагы окуучулардын инсанын иликтѳѳнүн психологиялык-педагогикалык карталары;
  • - класстан тышкары иш-чаралардын сценарийлери;
  • Класс жетекчиси класс менен иштѳѳгѳ киришип жатып,тѳмѳндѳгү жалпы мектептик масштабдагы класс иштерин уюштуруп ѳткѳрүү үчүн жооптуу экендигин эске тутууга тийиш:
  • -кабинетти жасалгалоо,жууп-тазалоо жана ремонттоо,аны класска бекитип берүү;
  • - класска бекитилип берилген мектеп аймагын шыпырып-тазалоону уюштуруп ѳткѳрүү;
  • -мектеп боюнча нѳѳмѳттѳ туруу(уюштуруу,нѳѳмѳт учурундагы акциялар жана демилге кѳтѳрүүлѳр);
  • - мектеп каникулу учурунда нѳѳмѳттѳ туруу(класстын күнү,акциялар,форумдар жана демилге кѳтѳрүүлѳр);
  • -мектеп газетасын чыгаруу.
Класс жетекчинин тарбиялык ишинин планына коюлуучу болжолдуу талаптар:  Тарбиялык иш пландын аналитикалык бѳлүгү тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:   I.Өткѳн окуу жылындагы тарбиялык иштердин анализин.  II.Класстын мүнѳздѳмѳсүн.  III.Жаңы окуу жылына карата максаттарды коюуну.  IV.Класс жетекчинин жаңы окуу жылындагы ишмердүүлүгүнүн багыттарын,алар тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүктѳрдѳн турат:  -класстын окуу иштери;  -класстын коомдук жумуштары;  -класстан тышкары иш-чаралар;  -ата-энелер менен иштѳѳ;  -жекече иштер;  V.Тарбиялык иштердин пландаштырылуучу жыйынтыктары .

I.Тарбиялык иштин анализи  Окуу жылындагы тарбиялык иштерди анализдѳѳнүн планы тѳмѳнкү пункттарды камтышы мүмкүн:  1.Өткѳн окуу жылында класс жетекчи тарабынан класс жамаатынын алдына коюлган милдеттер.  2.Коюлган ар бир милдет боюнча алынган натыйжалар.  3.Коюлган милдеттерди аткарууга эмнелер жардам берди?  4.Кайсыл милдеттер чечилбей калды жана эмне үчүн?  5.Жамааттын ѳнүгүү жолунда кандай кѳйгѳйлѳр пайда болду жана аларды кантип чечүүгѳ болот?

II.Класстын мүнѳздѳмѳсү.  Класстын мүнѳздѳмѳсү тѳмѳнкү пункттарды камтууга тийиш:  1.Окуучулардын сандык курамынын ѳзгѳрүүсүнѳ анализ.  2.Жаңыдан келген окуучулар,алардын мүнѳздѳмѳсү.  3.Класстагы окуучулардын жетишүүсүнүн натыйжасына анализ.  4.Окуучулардын класс жамаатынын турмушуна катышуусуна анализ.  5.Ата-энелердин балдар жамаатынын турмушуна катышуусуна анализ.  6.Класстын мектеп турмушуна катышуусуна анализ.  7.Класста ѳткѳрүлгѳн класстан тышкаркы иш-чаралардын натыйжалуулугуна анализ жана аларга ата-энелердин катышуусу.  8.Балдар жамаатын ѳнүктүрүүдѳгү жетишкендиктер.  9.Балдар жамаатын ѳнүктүрүүдѳгү проблемалар:  -окуудан артта калган окуучулар;  -жүрүм-туруму проблемалуу окуучулар;  -ден соолугу начар окуучулар;  -теңтуштары жана классташтары менен болгон карым-катышта проблемасы бар окуучулар.  10.Балдар жамаатынын проблемаларын чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору.

III.Жаңы окуу жылына карата максаттарды коюу.  1.Мектеп окуучуларын тарбиялоо боюнча жаңы окуу жылына коюлуучу максаттар менен милдеттер.  2.Окуучуларды тарбиялоого коюлган милдеттерди чечүүнүн жолдору.  IV.Класс жетекчинин жаңы окуу жылындагы ишмердүүлүгүнүн багыттары.  Класс жетекчинин ишинин багыттары тѳмѳндѳгүдѳй болушу мүмкүн:  -бүтүндѳй класс менен жана окуучулар менен жекече иштѳѳ;  -класста иштеген мугалимдер менен иштѳѳ;  -окуучулардын ата-энелери менен иштѳѳ;  -класс жамаатынын каада-салттарын калыптандыруу боюнча иштѳѳ;  -түрдүү багыттардагы ички класстык иш-чараларды ѳткѳрүү боюнча иштѳѳ;  -класстын мектеп иштерине катышуусу;  -коомдук уюмдар менен кызматташуу .

Окуу жылынын жыйынтыгы боюнча тарбиялык иштердин болжолдуу анализи:  Класс   Класс жетекчи   2012-ж.сентябрында мен 5 «м1» классынын класс жетекчиси болуп дайындалдым.  Тарбиялык иштердин негизги максаты болуп мурдагы башталгыч класс окуучуларын ортоңку класска окутууга адаптациялоону камсыздоо эсептелген.Бул максатка жетүү үчүн тарбиялык иштерди пландаштырууда тѳмѳнкүдѳй милдеттерди койдум:  -окуучулар жаңы кырдаалдагы окууга жана класстан тышкары турмушка тез арада кѳнүп кетүүсү үчүн шарттарды жаратуу;  -окуу жана класстан тышкары иш-чаралар процессинде окуучулардын жекече ѳзгѳч ө лүктѳрү максималдуу түрдѳ ачылуусуна ѳбѳлгѳ түзүү;  -окуу жана класстан тышкаркы ишмердүүлүктѳ окуучулардын ѳз алдынчалыгын калыптандыруу,берилген тапшырма үчүн жоопкерчиликти,класстын жана мектептин иштеринде демилгелүүлүк менен чыгармачылыкты кѳрсѳтүүсүн ѳбѳлгѳлѳѳ.

1. Коюлган милдеттерди аткаруунун анализи күбѳлѳндүрүп тургандай,бул окуу жылындагы негизги максат орундалды.Окуучулардын педагогдорго кѳнүп кетүүсү ийигиликтүү ѳттү. 5-класста окуу натыйжалары башталгыч класстарга салыштырмалуу жакшы.Окуучулар ѳз бааларын тастыктай алышты.Эки окуучу(Кадыров К.,Суранов М.) үч предмет –орус тили,математика,чет тили боюнча мыкты бааларга ээ болушту:башталгыч класста «3» болсо,азыр «4» деген баа алышты.  Окуучулардын жаңы окуу шарттарына ыңгайлашуусу ийгиликтүү ѳтсүн үчүн мен класс жетекчи катары тѳмѳндѳгүдѳй иш-чараларды ѳткѳрдүм:  -алгачкы ата-энелер жыйналышында ата-энелер менен предметчи мугалимдердин жолугушуусу;  -ата-энелердин сабактарга катышып туруусу;  -предметчи мугалимдердин жекече кеңештери;  -үй тапшырмасынын кѳлѳмү,аларды аткаруунун (жана аткартуунун)сапаты боюнча ата-энелер жыйналышы;  -окуучулардын үй-шарты менен таанышуу;  -окуучулардын ыңгайлашуусу тууралуу психологдун кеңештери.

2. Окуу жана класстан тышкаркы иштерге катышууда окуучулардын ѳз алдынчалыгын калыптандырууга зор кѳңүл бурулду.Класста жана мектеп боюнча айрым окуучулар ѳз милдеттерин аткарууга жоопкерчиликсиз мамиле жасашат.Бул,сыягы,үйүндѳ окуучудан окуу милдеттерин гана сапаттуу аткаруу талабы коюларына байланыштуу окшойт.Калган нерселер анчалык мааниге ээ болбойт жана экинчи даражада.Ошондуктан жаңы окуу жылында балдар жамааты менен иштѳѳдѳгү негизги милдет болуп эмгек билгичтиктерин жана берилген тапшырма үчүн жоопкерчиликти калыптандыруу эсептелет.

3. Окуучулар менен иштѳѳдѳгү негизги милдеттерден болуп класс жамаатын калыптандыруу эсептелген,себеби окуу жылынын башында класска үч жаңы окуучу келген,ал эми жыл ичинде дагы экѳѳ кошулган.Класс менен иштѳѳдѳн кѳрүнгѳндѳй,бардык эле окуучулар ѳздѳрүн жайлуу сезе беришпейт.Класста лидери(чыгааны)башында турган топчолор да бар.Бул балдардын окууда кѳрсѳткѳн натыйжалары жакшы,социометриялык рейтинги да жогору.О.э. класста абдан тѳмѳн макамга ээ болгон балдар да бар,балдар алар менен достошууну жана карым-катнашта болууну каалашпайт(Булар Батыралиев Б.,Осмонов А.).Бул балдар анчалык ийгиликтүү эмес үй-бүлѳдѳ ѳсүүдѳ,сырткы кѳрүнүшү дайыма эле жакшы эмес,сѳгүнгѳн-сагынган сѳздѳрдү да колдонушат.Ар бир окуучу класстагы макамына карабастан ѳзүн жайлуу сезсин үчүн мен,класстан тышкаркы иштердин мүмкүнчүлүктѳрүн пайдаландым:

-класстан тышкаркы иш-чараларды,класстык сааттарды,маалыматтык сааттарда даярдоого бардык окуучулар катышышты;  -класс турмушуна жигердүү катышкандыгы үчүн бардык окуучулар баалуу белектер,грамоталар,алкыш каттар менен сыйланышты;  -класста ѳтмѳ вымпел уюштурулуп,ал жуманын жыйынтыгы боюнча ѳзүн кѳп жактардан жакшы кѳрсѳткѳн окуучуга берилип турду;  -ар бир окуучунун класс турмушуна кошкон салымын педагог туура баалашы үчүн,мен түрдүү формадагы анкеталарды жүргүздүм,бул ар бир окуучунун класс турмушундагы ролун адилеттүү аныктоого мүмкүндүк берди.Маселен,экскурсиядан,жүрүштѳрдѳн,класстык сааттардан,майрамдык кечелерден,мектеп боюнча нѳѳмѳттѳн,ишембиликтерден кийин анкета ѳткѳрүлүп турду.  Ошентип класс жамааты ѳнүгүүнүн үстүндѳ экендиги тууралуу жыйынтык чыгарууга болот,балдар үчүн карым-катышта болуу кызыктуу болуп калды,анча-мынча чыр-чатактар болду,бирок алар кѳпкѳ созулган жок жана оной эле жеңип ѳттүк.

4.Окуучулар менен иштѳѳдѳ ата-энелер да зор жардам беришти.Ата-энелерди класс турмушуна,класстын проблемаларына,ийгиликтерине жана жетишкендиктерине тартуу – үй-бүлѳ менен иштѳѳнүн башкы милдеттеринин бири.Ата-энелер тѳмѳнкү иш-чараларга жигердүү катышты:  -«Класстын туулган күнү» майрамы;  -Музейге жана театрга баруу;  -«Нооруз» элдик майрам;  -Жалпы мектептик «Алтын күз» жарманкеси.  Класстын ата-энелери мектептин кеңешинин ишине да жигердүү катышышат,класстагы жана мектеп боюнча нѳѳмѳттү уюштурууга жардамдашат.Ата-энелердин кѳмѳгү менен жыл жыйынтыгында ишмердүүлүктүн түрлѳрүнѳ катышкандыгы үчүн ар бир окуучуну сыйлоого жетиштик.

5.Класс жетекчи катары мен бул окуу жылында класстан тышкаркы иш-чаралардын,биринчи кезекте,класстык сааттардын жана маалыматтык сааттардын сапатына кѳңүл бѳлдүм.Мен уюштуруу иретиндеги жана тематикалык класстык сааттарды ѳткѳрдүм,алар адептик мүнѳздѳ болду жана жамааттагы ѳз ара мамилелерге арналды.Календардагы майрам күндѳргѳ арналган класстык саатарды да ѳз деңгээлинде уюштуруп ѳткѳрүүгѳ,аларды даярдоодо дээрлик ар бир окуучу четте калбасына басым жасадым.  -«Достук деген эмне?»  -«Баатыр болуп туулбайт»(«Манас» эпосу жана Манас баатыр тууралуу);  -«Кино кантип жаралат?»(Бүткүл дүйнѳлүк кино күнүнѳ карата) ж.б.  Мектептеги кызматтар менен( китепкана,психолог,социалдык  педагог )иштѳѳгѳ да ѳзгѳчѳ кѳнүл бурулду.Мектептин китепканачысы менен биргеликте балдардын китеп окууга кызыгуусуна байкоо салынды жана «Туулган күнүнѳ карата китеп белек» аттуу акция жүргүзүлдү.

Социалдык педагог менен биргеликте окуучулардын ѳзүн ѳзү баалоо деңгээли жана ата-энелердин ѳз балдарынын инсандык сапаттарын баалоо деңгээли иликтенди.Ата-энелер класс жетекчи менен психологдун биргелешкен күч-аракетине кѳңүл буруу менен мамиле кылышты.Ата-энелердин пикирлерин ата-энелер жыйналышында анализдѳѳ кѳрсѳткѳндѳй,алар үй-бүлѳдѳ калыптанып калган карым-катыш кырдаалын ѳзгѳртүү үчүн психолог менен кызматташууну каалашат.  Бул окуу жылында тѳмѳндѳгү иш-чаралар абдан ийгиликтүү болду деп эсептейм:  -«Класстын туулган күнү» майрамы;  -Музейге жана театрга баруу;  -«Нооруз» элдик майрамы;  -Жалпы мектептик «Алтын күз» жарманкеси.  -Класстын мектеп боюнча нѳѳмѳтүнүн жыйынтыгы боюнча газета чыгаруу;  -5-класстар арасындагы «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну (мында менин окуучум К.Айдарова 1-орунга ээ болду);  -А.Осмоновго арналган ыр кечеси.

  Класс менен иштѳѳнүн натыйжасы тѳмѳнкүдѳй болду:  1.Класста 27 окуучу бар,12 уул бала,15 кыз бала.10 окуучу жалаң “5” ,“4” деген бааларга окуйт.11 окуучунун бирден “3” деген баасы бар.Артыкбаева К.,Караева Ы.,Карабаев Н.,Кутубеков К. сыяктуу окуучулар үчүн окууда ѳзгѳчѳ кыйынчылыктар болду.  2.Окуу ишмердуүлүгүнѳ мотивациясы жок окуучуларга Д.Сүйүмбаева менен Т.Койчуманкуловду кошууга болот.  3.Класстын лидерлери болуп К.Айдаров,А.Алымкулов,Г.Нурматова жана Б.Байкеева эсептелет.  4.А.Кенжеев(орус тили жана адабияты),Ж.Муратова(табият таануу) сыяктуу педагогдордун сабагы боюнча проблемалар бар.  5.Проблемалуу үй-бүлѳлѳргѳ Д.Сүйүмбаева,Т.Койчуманкулов,И.Исакова,К.Баймырзаевдердин үй-бүлѳлѳрүн кошууга болот.  6.Тарбиялоо оор болгон(жүрүм-туруму начар) окуучуларга Н.Карабаев,К.Баймырзаев кирет.  7.Нервинин козголуу деңгээли жогору болгон окуучулар – К.Баймырзаев,К.Артыкбаева.  8.Балдар кѳбүнесе оюнга кошпогон окуучулр – Т.Сулайманов,М.Кошоева.

Кийинки окуу жылында класс менен иштѳѳдѳ ѳз алдыма тѳмѳнкүдѳй милдеттерди коёмун:  1)бирдиктүү жана ынтымактуу балдар жамаатын калыптандырууга ѳбѳлгѳ түзүүгѳ;  2)жоопкерчилик жана чыгармачылык,демилге жана жумушка жѳндѳмдүүлүк сыяктуу мүнѳз сапаттарынын кѳрүнүүсүн мактоо жана ѳбѳлгѳлѳѳ;  3)окуучулардын чыгармачылык интеллектуалдык муктаждыктарына ѳбѳлгѳ түзүү;  4)окуучулардын жаман адаттары,алардын ата-энелеринин агрессивдүүлүгү жана түркѳйлүгү менен күрѳшүү.  Анализ директордун тарбиялык иштер боюнча орун басарына тапшырылат,ал класс жетекчилердин отчетторун пайдаланып,тарбиялык иштерди уюштуруунун жыйынтыгы боюнча жылдык отчетту жазат.  Тарбиялык иштердин ар бир планында класстын мүнѳздѳмѳсү негизги орүнда турат.