СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диалог жана анын тыныш белгилери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Диалог жана анын тыныш белгилери»

Сабактын темасы –Диалогдун түрлөрү боюнча машыгуу иштери

Сабактын максаттары:

а) билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар диалог, диалогдун түрлөрү боюнча алган билимдерин тереңдетишет, бышыкташат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Алган билимдерин практикада колдоно алуу көндүмдөрүн, чыгармачылык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүшөт, эске тутуусун өстүрүшөт, сүйлөө кебинин байлыгын, реакциясынын тездигин калыптандырышат.

в) тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучулар сылыктыкка, адамгерчиликтүүлүккө, сүйлөшүү адебине тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу…

а) окуучулардын кептин түрлөрү боюнча алган билимдери тереңдесе;

б) алган билимдерин практикада колдоно алуу көндүмдөрүн, чыгармачылык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүшсө, эске тутуусун өстүрүшсө, сүйлөө кебинин байлыгын, реакциясынын тездигин калыптандырышса;

в) сылык, адамгерчииликтүү, маданияттуу болуп тарбияланшыса.

Сабактын түрү – Кайталоо, машыгуу, алган билимди бышыктоо сабагы Сабактын тиби – Стандарттуу сабак.

Сабактын методу: интерактивдүү методдордун стратегиялары.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, флипчарттар, таблица, дидактикалык карточкалар, А4 формасындагы барактар ж.б.

Сабактын формасы – Кичине топтордо иштөө

Баалоо усулу: түздөн-түз байкоо, өз ара баалоо.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу (окуучулар менен саламдашуу, аларды төрт кичи топторго саноо жолу менен бөлүү).

2.Ѳтүлгон теманы кайталоо

Текст, кептин түрлөрү боюнча жалпы кайталоо жүргүзүлөт

1. Текст деген эмне? 2. Текст кандай түзүлөт? 3. Текст болуш үчүн кандай шарттар керек? 4. Кептин түрлөрү кандай болот? 5. Баяндоо кеби өзгөчөлүгү кандай? 6. Сүрөттөө кеби кандай өзгөчөлүктөргө ээ жана кандай түрлөрү бар? 7. Ой жүгүртүү кеби кандай түзүлөт? Кандай бөлүктөрдөн турат?

3) Машыгуу, көнүгүү Балдар, биз буга чейин кептин түрлөрү, диалог, анын түрлөрү боюнча темаларды өтүп келдик. Кайрадан эсибизге түшүрөлү. Кыргыз адабий тилинде оозеки жана жазма тил (кеп) болуп экиге бөлүнөт.

  • Адабий тил

  • Оозеки тил



  • Жазма тил

  • Оозеки тил



  • Диалог

  • Монолог

Диалог

  • Жай диалог

  • Суроо иретинде айтылган диалог

  • Күчтүү сезим менен айтылган диалог

  • Буйрук иретинде айтылган диалог

Монолог

  • Баяндоо

  • Сүрөттөө

  • Ой жүгүртүү





Жазма тил

  • Сочинение

  • Изложение

Студенттер жооп беришет:

Оозеки тил (кеп) Адам баласынын күндөлук турмушунда бири-бири менен пикир алышып, оозеки сүйлөшкөн сөздөрүн оозеки тил (кеп) деп аталат. Оозеки кеп диалогдук жана монологдук кеп болуп экиге бөлүнөт. Диалогдук кеп жөнүндө түшүнүк Диалог гр. диалогос - аңгеме деген сөзүнөн алынган. Эки же бир нече кишинин өз ара сүйлөшүүсү деген маани билдирет. Диалогдук кепте окуучулар төмөндөгү талаптарды эске алышы мүмкүн. Сүйлөгөндө сүйлөшүп жаткан кишини тандашы керек: өзүң жөнүндө көп мактанып сүйлөбө, сүйлөшүп жаткан жолдошуңдун кебин көңүл коюп ук. Ал сүйлөп бүтмөйүнчө сөзүн бөлбө. Аягына чейин тыңша. Сүйлөгөндө катуу кыйкырып, жинденип сүйлөбө. Акырын, жайдары, адабий тилдин нормасындө сүйлө. Диалогдук кеп төмөндөгүдөй бөлүнөт: Жай диалог Адамдардын өз ара сүйлөшүүсү, пикир алышуусу, суроо-жообу жайынча гана баяндалат. Курамында бир же эки курамдуу жайылма сүйлөмдөр колдонулат. Буйрук маанисиндеги диалог Аңгемелешүүгө катышкан адамдардын бири-бирине берген буйругун, өтүнүчүн, тилегин ж.б. билдирүү максатында айтылат.

Суроолуу диалог Аңгемелешүүгө катышкан адамдарды кызыктырган маселелер боюнча пикир алышат: Диалогдун буйрук маанисиндеги диалог деген түрү бар Мисалы: - Чоң ата, сүйүнчү! - Болсун тилегим, болсун!

- Бах, жаратылыштын көркүн кара! - Ооба, тим эле укмуш! Абанын тазалыгычы! Балдар, бул кандай диалог? (окуучулар өз ой-пикирлерин айтышат).

Мугалим: Балдар, жогоруда силерди бекеринен 4 топко бөлгөн жокпуз. Сабактын мындан аркы бөлүгүндө мына ушул топтор эриш-аркак иштейбиз. Алгач топтор бири-бирибиз менен таанышып алып, анан тапшырмаларды аткарууга киришели

Интерактивдүү оюн – “Биз...” (тааныштыруу) 4 бөлүккө бөлүнгөн барактар чыгармачылык эркин формада толтурулуп, аларды топ бардыгына окуп, айтып беришет:

Биздин атыбыз....

Биздин жакшы жактарыбыз...

Биздин жөндөмдүүлүгүбүз жана талантттарыбыз...

Биздин артыкчылыктарыбыз...

1-тапшырма. Топтордон бирден окуучу келип карточкалардагы тапшырмаларды алып кетишет. Мында тапшырмалар жазылган бети ары каратып коюлуп, кандай тапшырма берилгендиги белгисиз болот.

№1 баракча Каалаган темада жай диалог түзгүлө

№2 баракча Каалаган темада суроолуу диалог түзгүлө

№3 баракча Каалаган темада буйрук маанисиндеги диалог түзгүлө

№4 баракча Каалаган темада күчтүү сезим менен айтылган диалог түзгүлө

Мугалим: Диалогдук кептин өзүнө тиешелүү тыныш белгилери болот. Диалогго катышкан ар биринин сөзү жаңы сап башынан астына сызыкча коюлуу менен жазылат. Диалог кандай мааниде болсо, тиешелүү тыныш белгилери коюлат. Ал эми сүйлөмдүн ичине коюлуучу тыныш белгилер, сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөргө коюлуучу тыныш белгилер өз эрежесине ылайык коюлат. Кийинки тапшырма тыныш белгилерди туура кое алууңарды текшерет

2-тапшырма «Тыныш белгилерди кой» деп аталат да, топторго тексттер таратылып, диалогдогу катышуучулардын кебин ажыратып, тыныш белгилерин коюу, диалогдун түрүн аныктоо тапшырмасы берилет.

1-текст Калпагыңыз кана чоң ата деди Динар. Калпак эмес, кара жан эске келбей калбадыбы Динарым. А эмне үчүн чоң ата. Койлор жоголбодубу. Кайсы койлор. (Т.С.). Үлгүсү: - Калпагыңыз кана, чоң ата? - деди Динар. - Калпак эмес, кара жан эске келбей калбадыбы, Динарым. - А эмне үчүн чоң ата? Койлор жоголбодубу! - Кайсы койлор? (Т.С.).

2-текст Балам ушул жерде окуйсуңарбы. Ооба. Эмне кылып жатасың. Буюм жасап. Кандай буюм. Ар түрдүү. (Н.Б.)

Үлгүсү: - Балам, ушул жерде окуйсуңарбы?

- Ооба. - Эмне кылып жатасың? - Буюм жасап. - Кандай буюм? - Ар түрдүү. (Н.Б.)

3-текст Кое бергиле агайды. Урбагыла.Качкыла балдар. Кач Алтынай. Кызды кое бергиле иттер. Кое бергиле азыр. Үлгүсү: - Кое бергиле агайды! Урбагыла! - Качкыла, балдар! Кач, Алтынай! - Кызды кое бергиле, иттер! Кое бергиле азыр!

4-текст Кечиресиз, шаардык китепканага кандай барам, айтып кое аласызбы. Ушул жол менен түз барып кесилишүүчү жолдун оң жагына Абдрахманов көчөсүнө бурулуңуз. Рахмат жакшы болбодубу. Жакшы барыңыз. Үлгүсү: - Кечиресиз, шаардык китепканага кандай барам, айтып кое аласызбы? -Ушул жол менен түз барып кесилишүүчү жолдун оң жагына, Абдрахманов көчөсүнө бурулуңуз. - Рахмат, жакшы болбодубу! - Жакшы барыңыз!

3-тапшырма –Топтордун тапшырмасы Ар бир топ экинчи бир топко каалаган темадагы диалогдун башын баштап, оозеки улоо тапшырмасы беришет.

2-топ 1-топтун, 3-топ 2-топтун, 4-топ 3-топтун, ал эми 1-топ 4-топтун тапшырмасын улап диалог түзүп, доскага чыгып көркөм айтып беришет. Үлгү:

1) - Уулум, кимдин баласы болосуң? - Үсөндүн. - …

2) – Бүгүн сабакка ким келген жок, балдар? - Бүгүн сабакта Айбек жок, эжей? - …

4-тапшырма – бышыктоо тапшырмасы.

(Доскага БББК старатегиясынын таблицасы илинет да, окуучулар диалог боюнча окуп, билгендерин толтурушат. Мында кайсы топтун мүчөлөрү көбүрөөк чыгып жазышса, эске алынары эскертилет).

Билем...

Билдим... Билгим келет?

1)... 2)...

1)... 2)...

1)... 2)...

Үйгө тапшырма берүү Китепканада, спорттук мелдештерде, дарыгердин кабыл алуусунда ж.б. коомдук жайларда адамдардын пикир алышуусуна диалог түзүп, тыныш белгилерин коюу тапшырмасы берилет.

Окуучулардын билимдерин анализдеп, баалоо.

Активдүү топ, окуучулар белгиленет. Алар мугалимдин түздөнтүз байкоосу жана топтордун бири-бирине берген баасы боюнча аныкталат

Сабакты жыйынтыктоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!