СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дидактикалык оюндар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дидактикалык оюндардын түрлөрү

Просмотр содержимого документа
«Дидактикалык оюндар»

Канча?”

Максаты: Балдарды ар кандай буюмдардан берилген образ боюнча бир топту түзүүгө, ал топтон бир буюмду өзүнчө бөлүүгө, “көп” жана “бир” дегенди ажырата билүүгө үйрөтүү. Түс тууралуу билимдерин бекемдө, оюнга болгон кызыгуусун арттыруу.

Оюндун жүрүшү: Балдарга оюнчук салынган сандыктын жанына келип турууларын айтуу. Тарбиячы сандыкты сүрөттөйт.Ичиндеги 4 баштыкка салынган түстүү чүкөлөрдү алып чыгып өңдөрүн сурайт. Ар бир балага бирден чүкө таратылат. Санын сурайт. Өңдөрү окшош чүкөлөрдү топтоштуруп баштыкка салууну сунуштайт. Оюн бүткөндөн кийин өз алдынча ойноого чүкөлөр берилет.

Каражаттар: сандык, 4 түстүү баштыкча, 4 түстүү өңдөгү чүкөлөр.

Куурчакты кийинтебиз”

Максаты: “Көп”, “аз”, “тең” деген түшүнүктү ажыратууга үйрөтүү. “Канча?” деген суроого так жооп берүүнү үйрөтүү, баланын көңүл буруусун өстүрүү.

Жүрүшү: Столдо 2 куурчак турат. Тарбиячы аларга ат коюуну сунуштайт. Куурчактар конокко келгенин, кандай кийим кийип турганын айтып берет. Оюндун жүрүшүндө кийимдерди атоо менен анын өнү-түсүн, санын салыштырууну “көп”, “аз”, “тең” деген сөздөрдүн айырмасын түшүндүрүүгө жетишүү зарыл.

Каражаттар: кийим-кечелүү 2 куурчак.

Меники, сеники, аныкы”

Максаты: Балдрады суроолорго жооп берүү учурунда “меники”, “сеники”, “аныкы”, “кимдин?” деген сөздөрдү туура колдонууга көнүктүрүү, кеп байланыштарын өстүрүү.

Оюндун жүрүшү: Тарбиячы балдарга жаккан оюнчуктарды алууну сунуштайт. Суроо: “Кимдин оюнчугу?”

Каражаттар: оюнчуктар.



Куурчактарды жасантуу”

Максаты: Балдарды нерселердин атын атоого, сөздөрдү грамматикалык жактан ар кандай формада айтууга көнүктүрүү.

Оюндун жүрүшү: Тарбиячы куурчактын кийимдерин көрүнөө жерге жайгаштырат. Куурчактарга ат коюп, чогуу кийинтүүнү сунуштайт. Тарбиячы балдардын куурчакка кийимди туура тандап кийинтишине, алардын айкалышуусуна байкоо жүргүзүп турат.

Каражаттар: 2 куурчак, кийимдери.

Баштыкчада эмне бар?”

Максаты: Балдарды нерсенин мүнөздүү белгилерин сүрөттөп айтып берүүгө, формасын, өңү-түсүн, касиетин, сапаттарын туура аныктай билүүгө көнүктүрүү.

Жүрүшү: Тарбиячы балдарга баштыкчаларды берип, ичинде эмне бар экенин ж.б. сурайт.

Каражаттар: Жемиштер салынган баштыкчалар.

Окшош нерсе кимде бар?”

Максаты: Балдарды сүрөт менен иштөөгө, нерселерди туура атоого, жалпы атты кебинде колдонууга үйрөтүү.

Жүрүшү: Балдарга ар кандай сүрөттөр таратылып берилет. Чоңураак көлөмдөгү ушундай эле сүрөттөр тарбиячыда да болот. Тарбиячы кандай сүрөт көрсөтсө, балдар окшошторун таап көрсөтүүгө аракет кылышат. Оюн бир нече жолу кайталанат.

Каражаттар: Чоң жана кичине форматтагы сүрөттөр (идиш-аяк, кийим-кече, жаныбарлар ж.б.)

Чүкөнү алаканга кат”

Максаты:Нерселердин көлөмдөрүн салыштырууга үйрөтүү. Көңүл буруу, тапкычтыкты калыптандыруу.

Жүрүшү: Тарбиячы томпой менен чүкөнүн көлөмдөрүн салыштырууну сунуштайт. “Чоң чүкө”, “кичинекей чүкө” деген сөздөр менен бышыктоо, кармалап көрүү, сезүү.

2-вариант: Тарбиячы 2 чүкөнү балдарга көрсөтпөй баштыкка салып, кармап көрүп, анда кандай чүкө жатканын билүүнү сурайт.

Каражаттар: Баштыкча, чоң, кичине чүкөлөр.

Эмненин баласы”

Максаты: Балдарды сүрөттөр же оюнчуктар аркылуу жаныбарлардын аталыштарын туура айтып берүүгө үйрөтүү. Жаныбарлар үй жана жапайы болуп 2 топко бөлүнөөрүн түшүндүрүү.

Жүрүшү: Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү түзүү. Мисалы: Бул аюу. Бул мамалак. Аюнун баласын мамалак дешет ж.б.

Каражаттар: Жаныбарлар жана балдары тартылган сүрөттөр, карточкалар.

Чүкөлөрдөн оюу түз”

Максаты: Балдарды түстүү боелгон чүкөлөрдөн геометриялык фигураларды же ар түрдүү нерселерди түзүүгө үйрөтүү. Тапкычтыкты, кол моторикасын калыптандыруу.

Жүрүшү: Тарбиячы жерге чүкөдөн геометриялык фигураларды кантип кураштыруу керек экендигин балдарга көрсөтүп берет. Ким биринчи тизсе, ошол бала утат.

Каражаттар: боелгон чүкөлөр.

Гүлдөрдү чогултуу”

Максаты: Балдарды нерселердин көлөмдөрүн бири-бирине салыштыруу же көз болжоо менен ажыратып билүүгө, бирдей көлөмдөгү буюмдарды табууга көнүктүрүү. Көркөмдүктү сезүүгө тарбиялоо.

Жүрүшү: Балдарга гүлдөрдү арасына сайып же жабыштырып, кайра чыгара ала тургандай чөптүн атрибуту берилет. Гүлдөр ар кандай көлөмдө болот. Гүлдөр көлөмүнө жараша чогултулат, салыштыруу жүрөт.

Каражаттар: атрибуттар (гүл, чөп)





2-вариант

Жүрүшү: Тарбиячы балдардын көңүлүн пейзажга (сүрөт) бурат. Сүрөткө жараша суроолорду берет. Гүлдөрдү вазага чогултууну сунуштайт. Чоң вазага чоң гүл, кичинесине кичинекей гүл.

Каражаттар: атрибуттар (гүл, чөп)

Жаңгакты чогултуу”

Максаты: Нерселерден топту түзүү, аны кайра жекеге ажыратууну өздөштүрүү. Көнүл бурууну, оюнга болгон кызыгууну арттыруу.

Жүрүшү: Тайпанын ар кайсы жагына бактардын атрибуттарын коюп, түбүнө жаңгактарды чачып коебуз. Балдар себеттерге жаңгактарды теришет. Балдарда себеттердин, жангактардын, бактардын санын сурайбыз.

Каражаттар: Себеттер, бактар, жаңгактар.

Кооз килемче”

Максаты: Түстөрдү салыштыра билүүгө үйрөтүү. Көрүнүштөрдү эмоциялуу кабыл алууну калыптандыруу.

Жүрүшү: Тарбиячы картондун бетине тартылган түстүү жолчолорду көрсөтөт. Балдар ар түрлүү түстөгү тилкелер салынган конверттерди алышат. Кандай түс экенин аташат. Тиешелүү түстөгү тилкелерди таап, жолчолордун үстүнө бастырып коюшат. Ушул түстөрдү колдонуп куурчакка кооз килемче жасашат. Ар бир балага бирден боемо китепчеде үлгү таратылып берилет. Балдар боекторду туура тандоосун, таза иштөөсүн көзөмөлгө алат.

Каражаттар: Боектор, үлгү, барактар, түстүү тилкелер, конверттер.



Көңүлдүү поезд”

Максаты: Балдарда негизги түстөр (кызыл, кара, ак, көк, сары, күрөң, жашыл) жөнүндөгү билимдерин бекемдөө. Сөздөрдү туура айтууга, сүйлөмдү толук айтууга үйрөтүү. Тапкычтыгын, көнүл бурууларын калыптандыруу, ынтымактуу ойноого көнүктүрүү.

Жүрүшү: Балдар каалаган оюнчуктары менен тизилип турушат. Тарбиячы: “Поезд жөнөдү!”-деп белги берет. Баары ээрчий жөнөшөт. “Көк көпүрөгө келдик. Кимде көк оюнчуктар бар, атагыла”-дейт. Балдар айтышат. Ошентип оюн улана берет.

Каражаттар: Оюнчуктар.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!