СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диндердин өнүгүү тарыхы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Диндердин өнүгүү тарыхы»

Тема: Диндердин негиздери жөнүндө түшүнүк.

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттарга жетет, эгерде окуучулар төмөнкүлөрдү аткарса:

Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар диндердин негиздери боюнча маалыматка ээ болушат.

Окуучулар диндердин негиздеринин булактарын айтып беришсе. Ыйык китептеринин мазмунун ачып, түшүнө алса.

Өнүктүрүүчүлүк максаты : Диндердин негиздеринин баалуулуктарын, алардын маданиятын анализдешет.

Ыйык китептердин мазмунун ачып, текст менен иштешип, топтордо талкуулай алса .

Тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучулар диний баалуулуктардын жакшы жактарын алуу менен ага сый урматы жана сабырдуу мамилеси калыптанат.

Адамзаттын жашоосунда диндин орду канчалык маанилүү экенин биле алышса

Ар бир элдин динине урмат сый менен мамиле кылуу керектигин түшүнө алышса

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Колдонулуучу усулдар: мээ чабуулу, китеп менен иштөө, топтордо иштөө

Колдонулуучу баалоо усулдары: эксперттик баалоо

Сабактын формасы: “Топтордо, жуптарда жана жекече чыгармачылык ишмердүүлүк”

Сабактын жабдылышы: Компьютер, экран (интерактивдүү доска), батман, маркер, дүйнө картасы ж.б.

Сабакта калыптануучу компетенттүүлүктөр:

Негизги компетенттүүлүктөр:

а) маалыматтык компоненттүүлүк: Маалыматты колдоно алат. Жетишпеген маалыматты максаттуу түрдө издөө, анын айрым бөлүктөрүн салыштырат жана анын үстүндө иш жүргүзө алат.

б) Социалдык-коммуникативдик компоненттүүлүк:

Диалог аркылуу зарыл маалыматты алууга, жекече, коомдук жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн аны о оозеки жана жазуу түрүндө билдирет.

в) Өз ишин уюштуруу жана маселе чече билүү компоненттүүлүгү:

Өз алдынча же башкалар менен биргеликте ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен маселелерди чечет, о ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алат.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Убактысы

Уюштуруу

учуру


Мугалимдин окуучулар менен саламдашуусу жана окуучулардын сабакка даярдануусуна

көз салуу

Саламдашуу жана окуучулар са-

Бакка даяр экенин билдиришет

2мин

Окуучулардын

Ой жүгүртүүсү

үчүн мээ чабуулу

Балдар дин деген эмне деп ойлойсуңар?

Диндин жашоодо канчалык орду бар?

Окуучулар өз билимдерине

таянып, өз ойлорун билдиришет

7мин

Мугалимдин

сөзү

Урматтуу окуучулар баарыбыз дин деген

сөзгө аныктама берип көрөлүчү.

Топ менен иштеп ой жүгүрткүлө, диндер

Тууралуу кандай маалыматыңар бар?

(Темага чакыруу).

Мугалим: Азаматсыңар балдар, ар бириңердин оюңар баалуу. Анда бүгүнкү өтө турган темабыз

“Дүйнөлүк диндердин негиздери”.Мугалим

теманы ачып жана анын максаттарын

окуучулар менен биргеликте коюп алышат.

Мугалим тарабынан берилген

суроого топтор менен талкуула-

шып, өз ойлолрун билдиришет.Мугалимден

диндин так аныктамасын угууга

даяр жана аны жазып алууга

даярдык көрүшөт.

6мин

Сабактын макса-

ты жана күтүлүү-

чү натыйжа

Мугалим доскага теманы жазат жана

диндердин негиздери тууралуу маалымат

берет.Сабактын максатын түшүндүрүү

менен кандай ишмердүүлүк жүргүзүлөөрүн

айтат.

Окуучулар теманы жазышат.

Бүгүну сабакта кандай

маалыматка жете тургандыгын

билдиришет

2мин

Мугалимдин түшүндүрмөсү.

Дин – баалуулуктардын бүтүндүгү деген кыска,

так аныктамага токтолгонубуз жөндүү. Дин

өзүнүн баалуулуктары, дүйнө таанымы жана адамзатка сунуштаган системалуу жашоо

моделинин негизинде мааниге ээ.


Диндердин негиздери61. Диндин булагы

(Жаратуучу – Ыйык китеп, анын элчиси,

элчисинин сөздөрү, үлгүлүү кыймыл-аракеттери) 2.Ишеним (диндин булагы аркылуу белгиленген нерселерге ишенүү) 3. Ибадат (диний

баалуулуктарды аткаруу) 4.Адеп-ахлак (диний баалуулуктарды инсандык ички дүйнөсүнө

сиңирүү


Окуучулар дин деген суроого

жооп алышып, текст менен

таанышышып, дептерге

аныктамасын жазышат.

6мин

Окуучулардын

Көндүмдөрүн калыптандыруу.

Окуй билүугө

жана өз ойлорун

эркин билүүгө

үйрөтүү.



Мугалим андан аркы лекциясын улантат.


Дин – адамзат жаралгандан баштап ушул күнгө чейин пайгамбарлар аркылуу аларга жеткирилген жалпы чакырык. Бул чакырыктын акыркы өрнөгү – Ислам. Мисал катары айта турган болсок, мусулманчылыкта Алла өмүр берет, кайра алат жана тирилтет, тагыраак айтканда, бардык нерсеге кудуреттүү зат, ал эми Христианчылыкта Үчилтиктен: Ыйык Ата, Ыйык Уул жана Ыйык Рухтан турат. Христиандардын айтымында, үчөө тең бир заттан, бирок ар бири өзүнчө мүнөзгө ээ. Жыйынтыктап айта турган болсок, диндин эң биринчи негизи анын булагы болуп саналат. Ибадат – адам баласынын Кудай үчүн дайыма аткаруучу нерселери катары Жаратуучуга сыйынуу максатында жасаган кыймыл-аракеттери. Бардык ибадаттар адамды түрдүү жамандыктардан тосуп турат.

Окуучулар дүйнөлүк диндердин ыйык китептерин окуу китебинен

таап, мугалимге окуп беришет.

Окуучулар ар бир диндин диний

баалуулуктары тууралуу

маалымат билдиришет.

8мин

Кайтарым бай-

ланыш, окуучу-лардын билгич-

тиктерин бышык-

тоо


Мугалим окуучуларга суроо берет. Диний

Көз караштарын сурайт.

Окуучулар өз ойлорун билдири-

шет. Китеп менен иштешип,

дептерлерге жазат.

13мин

Үй тапшырмасы

1-теманы толук окуп чыгып, түшүнүктөргө

аныктама берип келүүну тапшырат.

Окуучулар үй тапшырмасын

дептерлерге жазып алышат.

6мин