Тарбиялык саат. “Диний экстремизм”.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучуларга азыркы биздин өлкөгө чоӊ коркунуч алып келген диний экстремизм түшүнүгүн калыптандыруу жана ислам динин туура тандоосун өздөштүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен бирге өз оюн туура жана так сүйлөөсүн өнүктүрүү.
Тарбиялоочулук: Өлкө ичиндеги жана эл аралык окуяларга адилет баа берүүгө үйрөтүү. О.э. Улууларды сыйлоого тарбиялоо.
Сабактын усулу: Интерактивдүү усул. (топ менен иштөө)
Сабактын жабдылышы: Видеоролик, слайд, түстүү сүрөттөр, макал –лакаптар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу:
Окуучулар менен саламдашуу;
Окуучулардын катышын текшерүү;
Сабактын темасы, максаты боюнча түшүндүрмө берүү.
Суроолордун негизинде маектешүү уюштуруу:
“Диний экстремизм” - дегенди кандай түшүнөсүӊөр?
Ислам дининен айырмачылыгы кандай?
Диний билим берүү керекпи?
Эркектер сүнөт, аял кишилер хиджаб кийүүсү ислам динине туура келеби?
«Хизбут-Тахрир» жана тераризимге кантип каршы күрөшө алабыз?
Ар бир адам өзүнүн дининен канткенде адашпайт?
(Ар бир окуучунун өз ойун тартынбай айтуусуна мүмкүнчүлүк берүү жана колдоо менен маектешүү )
Мугалим:
Диний экстремизм – өлкө коопсуздугуна чоң коркунуч келтирүүчү актуалдуу маселе. Ал эми диндерге жана алардын ишмердигине урмат менен мамиле кылган Кыргызстан ар кандай диний-экстремисттик уюмдарды кызыктырып келет.
Кыргызстанда болжол менен 3 миңдей диний уюм, агым жана бирикмелер бар. Расмий түрдө 2200 диний бирикме жана уюм каттоодон өткөн. 2005-жылдан бери 8 диний уюм («Хизбут-Тахрир», «Өзбекстан ислам кыймылы», «Аль-Каида», «Талибан» кыймылы ж.б.) сот тарабынан террордук жана экстремисттик деп таанылган. Алардын ишмердүүлүгүнө республикабыздын аймагында тыюу салынганы менен алар дагы деле жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Алардын ичинен "Хизбут-Тахрир" абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчутуучу уюм деп эсептелинет. Мурун түштүк аймактарында гана болсо, учурда өлкөнүн түндүгүндө да таасирдүү.
«БИР ГАНА МАКСАТЫ БАР, АЛ – БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ»
– «Хизбут-Тахрир» алгач өткөн кылымдын 50-жылдарында саясий партия катары түзүлгөн. Бул динди жамынган экстремисттик уюм. Кыргызстанда болжол менен 5-6 миңдей мүчөсү бар. Борбор Азиядагы «Хизбут-Тахрир» уюму башка өлкөлөрдөгү «хизбутчулардан» олуттуу айырмаланып турат. Биздин аймактагысы көбүрөөк агрессивдүү, радикалдуу. Алардын бир гана максаты – күч менен саясий түзүлүштү оодарып, халифат түзүү. Программасы, ыкмалары жана формалары бир нече этаптан туруп, акыркы этабы – жихад же зордук менен бийликти басып алуу. Башка террордук уюмдар дароо эле аракетке өтүшсө, «хизбутчулар» алгачкы баскычында үгүттөө, жайылтуу ыкмаларын колдонушат. Сыртынан кадимки мусулмандардан айырмаланбайт, намаз окуйт, мечитке барат. Халифат түзөбүз дегенинен эле айырмалабаса, жөн адам айырмалай албай калат. Адамдар менен жекече иштешет, мечиттерге калбай барып, өз катарына жаңы гана динге кирип, мечиттерге бара баштагандарды кошууга аракет кылышат. Себеби алар ошол убакта дин боюнча кенен түшүнүгү жок болуп, кадимки мусулман менен «хизбутчулардын» айырмасын билбей калышы мүмкүн. Анан да алар 18-30 жаштагыларды тартышат. Себеби алар иштеп, акча таап, пайда алып келиши керек да. Акыркы убактарда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин өзүнө тартуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мүчөлөрүнөн чогулган акыдан сырткары аларга сырттан аз болсо да туруктуу акча которуулар болуп турат. Уюмдун лидерлери Ооганстандагы террордук уюмдар менен байланышта. Кээ бир мүчөлөрү бул уюмдан чыгып, «Өзбекстан ислам кыймылы» же «Ислам жихад союзу» эл аралык террордук уюмдарына кошулуп кетишкендиги тууралуу фактылар да бар.
«Хизбут-Тахрирдин» жүздөн ашуун сайты бар. Мындан сырткары "хизбутчулар" террордук уюмдардын сайттарына кирип, кат жазышып, сайт аркылуу кантип жардыргыч заттарды жасоонун инструкцияларын ала алышат. УКМК 2011-жылы 2 миңден ашуун мыйзамга каршы келген ар кандай адабияттарды, флешкаларды тартып алып, 30дан ашуун кылмыш ишин козгосо, 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 20дан ашуун кылмыш ишин козгогон. Жалаң эле үгүт жүргүзүүчү басылмалар, дисктер эле эмес, атуучу куралдар, ок-дарылар, жардыргыч заттар да табылып жатканы «хизбутчулардын» террордук ыкмага көбүрөөк жакын экенин билдирет. Кылмыш жана жаза кодексинин 299-беренеси өтө жеңил, биринчи жолу кармалгандар факт түрүндө жоопкерчиликтен кутулуп кетип, кайра эле ишмердигин улантышууда.
Азыркы учурда диний экстремизм күчөп жаткан учуру . Еврейлердин иштеп чыккан саясатынан улам, азыр ислам дини дегенде террорчу,аллаху акбар деп адамды муздап жаткан адамдарды биле баштадык. Ислам дининин чыныгы баалуулуктарынан такыр эле четтеп баратабыз. Исламда айтылат эмеспи мусулман мусулманга кыянат кылбашы керек деп. Бирок,согуш болуп жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү ислам динин тутунган өлкөлөр
Досторум ыйманга жол салгылачы,
Досторум эл деп күйүп жангылачы,
Өзгөрсүн жакшы жакќа тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы!
Мусулман адам Башка адамдардай эле эч өзгөчөлүгү жок. Кулагы мурду оозу ж.б.у.с эле
өзгөчөлүгү: Арак ичпеш шарятта арам деген нерседен оолак болушу керек.
Сакал койуп алып же суннот кийип алып мен мусулманын деген жанылыштык деп ойлойм.
Жаманды жаман, Жакшыны жакшы деп түз эле айтыш керек.
Сакалын саксайтып ач калган кирпидей болуп, тоодон тоого, токойдон токойго бекинип жүрүшсө, бей күнөө адамдарды коркутуп үркүтүп болбой баратса окутуп акчанын күчү менен өз катарына кошуп алып. Аз келгенсип жүздөрүн жаап алып исламга таянып тоноп жардырып өлтүрүп камерага тартылып элге жашыруун таркатып жатышса алар жаман болбой ким Пушкин жаман болмок беле.Чыныгы мусулман андай болбойт болгон дагы эмес.
Баарын эле терорист, экстремист тигиндей, мындай деп айта бергенге болбойт. М: Сакал койуп,узун кийип алса эле терорист болуп калмак беле анда Ленин,Карл Маркс,Энгелс ж.б атактуу адамдарда деле сакал болгон анда алар да терористердин бириби? Сакалды да ар ким ар кандай максатта коет. Ал эми Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүннөтү деп койгондор аз. Бул ааламга канча Пайгамбар келсе алардын баарында сакал болгон, узун кийинген. Негизинен Ислам тероризмге каршы экөө эч качан бирикпейт жана мүмкүн эмес. Ал эми Афганистан, Ирак, Ливия ж.б мусулман мамлекеттеринде болуп жаткан жардыруу ж.б иштердин баары атайын жасалган иш. Ар бир адам үчун туулган жери кымбат туугандар. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгондор”. Аларды атабаса деле белгилүү. Алар сакал койуп,узун кийип алса эле сакал койуп, узун кийингендердин баарын курулай күнөөлөй берген болбойт. Сакал койсо эркек аттунун баарына чыгат,узун кийиниш баарынын эле колунан келет. Аллоху Акбар деп баары кыйкыра алат. Бироону жаман көрсөтүш оӊой эле туугандар. “Мусулмандын кадыр баркы асмандай, жерден бийик”. Мусулман эмес жөнөкөй адамдын жүзүнө уруш харам. ДИН менен ИНСАНДЫ салыштырып болбойт. Инсан кемчиликтүү, адашат, жанылат, унутат намаз окуп, сакал койгон адам деле жогорудагы кемчиликтер бар. Мусулмандын бир кичинекей кемчилигин көрүп, аны тоодой кылып көрсөтө бергенде не. Кичине ойлонуп Кудай берген акыл бар го ойлонуп китептерди окуп дин кандай, адам кандай салыштырып көрүнүздөр. Көч дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болбой.
Экстремизм, терроризм - бул Ислам эмес. Ислам дини экстремизмди жана терроризмди каралайт, айыптайт. Исламдагы жихад экстремизм жана терроризмге эч кандай тийешеси жок экенин айтып келет. Тескерисинче экстремизмди жана терроризмди ар дайым каралап өтө оор кылмыштуу күнөө иштерден экенин эскертип келген. Тилекке каршы айрым адамдар өздүрүнүн тар түшүнүгү менен кылмыштуу иштерин жихад деп атап, исламдын атын жаман көрсөтүп жатышат. Жардыруулар менен күнөөсүз адамдарды, аялдарды, балдарды, карыяларды өлтүрүп, адамзатты кыйноого, азапка салган ар түрдүү жолдор менен алардын жашоосуна же эркиндигине же тынчтыгына коркунуч келтирип, аларды коркуткан иш аракеттерди жасашууда. Мунун баардыгы тыюу салынган арам, бузуку иштерден атаган. Мындай ишти кылган адамдар чөң күнөөкөр болушат. Алла Таала ыйык Куранда мындай деген:
«Жер бетиндеги бузукулук кылууну көздөбө. Алла бузукуларды сүйбөйт».
Алла Таала экстремистик жана террористик иштерди жана аны жасагандарды, Аллага жана анын элчисине каршы ачык согуш жарыялагандар деп атаган. Ал эми Аллага жана анын элчисине каршы согушкандардын жазасын төмөндөгүчө баяндаган.«Чындыгында, Алла жана анын элчисине каршы согушкандардын, жер жүзүндө бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн жазасы алар өлтүрүлөт, асылат же колу-буттары кайчылаш кесилет же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул алардын бул дүйнөдөдөгү жазасы, ал эми Акыретте улуу азап (бар)».
Экстремистик жана террористик иштерди жасаган, жер бетинде бузукулук кылган, чектен чыккан адамдарга карата, Ислам шариятында өтө катаал жазаларды белгилеген, бул дүйнөдө бир дагы адам баласы кабыл алаган мыйзам мынчалык катаал эмес.Бүгүнкү күнү Исламдагы эң ыйык болгон жихадды туура эмес колдонушуп, өздөрүнүн бузуку иштерин жихад деп атагандар көбөйүүдө.Белгилей кетчү бир жагдай, “экстремизм жана терроризм - бул ислам эмес, ал эми жихад - бул экстремизм жана терроризм эмес”. Жихаддын максаты, чындыкка жардам берүү, зордук- зомбулукту жоюу, адилеттүүлүктү, тынчтыкты жана бейпилдикти орнотуу болуп эсептелет. Исламдын ар бир ишке карата адептери жана өкүмдөрү болгондой эле, жихадтын дагы өкүмдөрү бар. Жихад динди, ыйманды, мекенди, үй-бүлөнү душмандан коргоо үчүн. Жихадда кекселерди, аялдарды, балдарды өлтүрүү арам кылынган. Жихадда согушту таштап артка качуу арам кылынган. Туткундарды, багынгандарды өлтүрүү же душман болсо да адамды кордоп, кулак мурдун кескилөө арам кылынган. Эгин талааларды өрттөп жок кылуу, имараттарды бузуп, талкалоого тыюу салынат.
Бүгүнкү күнүдө чектен чыккан экстремистик жана террористик топтордун башкалардын мекенине бастырып кирип тартып алуусу, адам затынын урматын жер менен жексен кылганы динде караланган иш.
Акыркы кезде диний экстремизм жана террорчулук бир гана Кыргызстанда же Борбор Азия мамлекеттеринде эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө курч маселеге айланууда. Айрыкча ислам дининдеги агымдар жана мазхабдардын бири-бирине каршы аракеттери күч алууда.
Динди жамынган экстремисттик жана террордук уюмдар
Ислам динин жамынган экстремисттик уюмдар өздөрүнүн идеологиясын негизинен интернеттеги ар кандай социалдык түйүндөр аркылуу жайылтып жаткандыгы белгилүү. Демек, алар бир гана мыкты куралданбастан, маалымат каражаттарын да жакшы колдонушууда.
Экстремизм – латын сөзүнөн алганда чектен чыккан деген түшүнүк. Мааниси: чектен чыккан көз-карашка жана радикалдуу аракеттерге ыктоо. Азыр Кыргызстанда 14, ШКУда 40ка жакын экстремисттик уюм бар. Экстремисттин жөнөкөй кылмышкерден айырмасы – динге жамынын алып, саясый максатты көздөгөндүгү. Жогоруда белгиленгендей, кээде журналисттер экстремисттик уюмдардын желегин же башка атрибутикаларын гезиттик макалага, телевидение менен видео сюжеттерге колдонуп, аларды жарнамалап коюуда. Экстремизмдин кеңири жайылган түрлөрү: диний, саясый, этникалык саясый-диний болуп саналат.
Сирия, Ирак жана башка аймактарда согушуп келгендер менен жергиликтүү кылмыштуу топтор кошулуп кетишүүдө. Анткени алар көзү ачыктардын, ишкерлер менен башка бизнес жасагандардын мүлкүн тартып алуу максатында “ыйык согушка жардам” деген жүйөө менен фетва чыгарышып, талоончулук, рэкетчилик жана башка кылмыштарга жол ачып беришүүдө.
Экстремисттер ислам дининдеги ыйык болуп саналган “Жихад” түшүнүгүн да бурмалашып же таптакыр тескери максатка пайдаланышууда. Анда адам баласы өзүн-өзү тарбиялоосу, ачкөздүккө умтулбоо, барга да, жокко да каниет кылуу, сабырдуулук сыяктуу кыргыз элинин эле каада-салтында кездешкен ыйык касиеттер тууралуу айтылган. Акыркы учурда айрым динчилдер арасында салафизм идеясы күч алууда. Салафизм – байыркылар ишенген динди сактоо. Алар башка диний идеяларды же диний көз караштарды жокко чыгарат же тааныбайт.
Радикализм – латын тилинен которгондо аша чапкандык.
Фанатизм – өзүнүн идеясына, пикирине берилип, башка пикирди кабыл албоо, жокко чыгаруу.
Террорчулук – коркутуу. Мисалы, ошол эле Ислам мамлекети деп аталган топтун мүчөлөрү “Жакында биз Борбор Азияга барабыз...” деген видеотасмаларды интернет аркылуу жайылтышууда. Бул коркутуу да, террорчулук да болуп саналат. Кыргызстанда 13 экстремисттик жана террорчулук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын арасында белгилүүлөрү: Хизб-ут-Тахрир, Түркстан боштондук уюму, Исалм мамлекети жана башкалар.
Диний билим берүү керекпи?
Имамдардын сабатсыздыгын жоюу жана жалпы эле жаштарга диний билим берүү максатында азыр билим берүү мекемелеринде дин сабагын киргизүү боюнча талкуу жүрүп, тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилген. Бирок динди билим берүү мекемелеринде окутуу боюнча да ар кандай пикирлер айтылууда. Эгер мындай зарылчылык керек экендиги көпчүлүк тарабынан жактырылса, анда дүйнөдөгү негизги диндердин тарыхы гана окутулуш керектиги тууралуу ой айтылды аталган иш чарада. Ансыз 73 агымга бөлүнгөн бир эле ислам динин жактоочулары ар кимиси өзүнүн багытын таңуулап, ич ара карама-каршылык күчөшү мүмкүн. Айылдарда ар бир имамдар менен молдолордун өздөрүнүн “мектептери” бар. Алар үйлөрүндө жана башка расмий каттоодон өтпөгөн, шарты жок жайларда жаштарга дин тууралуу билим беришүүдө.
Мисалы, кошуна өлкөлөрдө диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү 10-15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бышыктоо: Балдарга суроо ирээтинде кайрылуу.
Ислам динин мектептерде окутуубуз керекпи?
Балдар, “Диний экстремизм”, “Ислам динине” кандай терс таасирин тийгизет.
Канткенде биз Ислам динин башка диндерден айырмалай алабыз?
Диний экстремизмге каршы кандай чараларды колдонсо болот?
Жыйынтыктоо:
Азыркы учурда динний илимди да жогорку билимди да алып илимдүү-билимдүү болуш керек. Билим караңгыда күйгөн шам чырак сыяктуу, адамды туура жол табышына жардам берет. Билимдүү адамдар башкаларды да кыйынчылыктан чыгарып, туура жолго түшүшүнө жардам берет. Илим үйрөнгүлө силерди туура жол таап берүүгө жардам берет. Кандай мезгилде болсо да, кандай мамлекетте болсо да билимдүү адамдар бийликке келишет, билимсиздерди көрдүңөр, мамлекетти жакырчылыкка алып келишет.
Тапшырма: “ Ислам дини” боюнча ар биринер эссе жазып келгиле.