пайдаланылуучу идиш?
Эмгекчил аарылар бизге кайсы азыкты беришетр?
Бул тамак Нооруздун көркүн ачат?
Сүткө таттуу кошулмаларды кошуп, тоңдурууда балдардын сүйгөн азыгы пайда болот?
Жар боорунда салаалап кыздар көзүн күйгүзгөн жемиш?
Колдогу кайсы манжаны кыргыздын улуттук тамагынан кезиктирүүгө болот?
Буудайды унга айланткан жер эмне деп аталат?
Боз үйдүн ичиндеги ашкана эмнен деп аталат?
Макалга ишенсек, бербестин эмнеси бышпайт?
Максым жасоодо пайдаланылуучу негизги азык?
Нандан ачытылып жасалган, орус элинин улуттук суусундугу?
“ И” тамгасы менен башталган сөздөр.
Бүт дүйнөнү бириктирип турган желе?
Илептүү сүйлөмдүн аягына эмне коюлат?
Ээсине ашыкча берилгендиги үчүн Японияда дал ушул үй жаныбарына эстелик коюлган?
Жуманын алтынчы күнү кыргызча кандай деп аталат?
Бул буюмду чимирип, апаларыбыз жүндү жипке айлантат?
Көпчүлүк жомоктор ушул сөз менен башталат?
Милиция кызматкерлери баш ийген министирлик?
Ар улуттан курулган үй- бүлөнү кандай үй – бүлө деп аташат?
Жай бою ырдап, бийлеп кышында кумурскага баш калкалоону сураган жандык?
Бишкек шаарынын гербинде ушул жырткычтын сүрөтү тартылган?
Билим алууну ушул нерсе менен кудук казганга салыштырышат?
Илимий иштер менен алектенген адам?
“Кимдин? Эмненин? деген суроолорго жооп берген жөндөмө?
Мурда комуздун кылы жаныбарлардын ушул органынан жасалчу?
“ Винни Пух” мультфилиминде туулган күнүн белгилеген каармандын аты?
Улуу саясатчы Махатма Гандинин мекени?
Кайсы мамлекеттин фудбол командасы 2012 – жылда өткөн фудбол боюнча Европа чемпионатында жеңүүчү аталды?
Айтматовдун бул каарманы “Долондо канатын кайрып алган”?
4-тур. Логикалык суроолор.
Аки таштан там ак болобу?
Байдын үйү менен кедейдин үйү күйүп жатат, милиция кимдин үйүн биринчи өчүрөт?
1ди өзүнө 1000 жолу көбөйтсө канча болот?
Теңдемеде жана өсүмдүктө бар нерсе бул эмне?
1 күндө канча минута бар?
Төөнүн 2 көзү, 4 туягы болгон. Азыр анын 1 көзү сокур, 1 буту аксак. Төөнүн канча көзү,канча туягы бүтүн?
Столдун үстүндө 3 шалгам 4 алма турат. Бала келип бир алма алды. Столдо канча жемиш калды?
Кайсыл айда аялдар аз сүйлөйт?
Эки чымчык бири түндүктү, бири түштүктү карап олтурат, экөө бири – бирин кантип карашат?
Кайсыл жерде аттын буту болбойт?
202 көз канча адамга таандык?
Кайсыл идиш – аяктан тамактанганга мүмкүн эмес?
Эң чоң казанга эмне батпайт?
Адамдын кайсыл органы 800 ысыкка чыдай алат?
Жарык бөлмөдөн эмнени көрүүгө болбойт?
Оштон Бишкекке самолёт 1 саат 20 минутада учуп барат,Бишкектен кайра Ошко 80 минутада келди. Эмнеге мындай болду?
Бир жумуртка 10 минутада бышат. Анда 5 жумуртка канча убакытта бышат?
Эрте менен биз кайсыл тамакты ичип жей албайбыз?
Биздин огоротубузда кайсыл ноталар өсүшөт?
Сиз автобуз айдап баратасыз, 1чи астановкадан 7 кыз чыкты. Андан кийинкисинде 2 бала түшүп 3 кыз чыкты акыркы остановкада баары түшүп кетти. Ошондо айдоочунун жашы канчада?
Сиздин жашыңыз канчада болсо ошончодо, себеби башында сиз деп айтылды.
№37 Үч-Терек жалпы билим берүүчү орто мектеби
“Акыл ордо”
интеллектуалдык оюну.
6-7-8-класстар
Билеги күчтүү бирди жыгат,
Билим күчтүү миңди жыгат.