СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дос күтүү адеби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дос күтүү адеби»

Сабактын аты: Тарбиялык саат

Өтүлгөн күнү: 04.02.2019

Классы: 9-10-11-кл

Сабактын темасы: Дос күтүү адеби

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар дос күтүү, доско мамиле жасоо туралуу түшүнүктөргө ээ болушат.

  2. Достукка бекем болууну үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Слайд, проектр, тексттер, ватман, маркерлер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Адам жалгыз жашабайт, анын айлана-чөйрөсүндөгүлөрүн ичинде достун өзүнчө орду бар. Дос адамдын күчүнө күч, акылына акыл, кайратына кайрат кошот. Адамдар бири-биринин акылына, кеңешине муктаж жана ар кандай көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө көнүгөт. Достук эки адамдын эле күбүң-шыбың мамилеси, үлпөт курушу эмес, ал коомдогу жалпы адамдарды бири-бирине көрүнбөс жиптер менен байлап турган ыйык нерсеси. Биз доспуз деген менен ал достугубуз чыныгы достуктун талаптарына жооп бербейт. Класста он беш окуучу болсо да алар бирине бири дос деп айтууга болбойт, достор аз болот. “Булар аккан достор”, “Булар сарпай (кийит) кийгизишкен достор”, “Булар кыяматтык достор”, “Булар белде дос болгон”, “Булар бешикте дос болгон” деген сыяктуу сөздөрдү көп эле эшитип калабыз.

2- кадам: Слайд.

Эми балдар көңүлүңөрдү видио роликке бурабыз.

Кана балдар эми бул видио ролик боюнча ар бир топ өз ой-пикирлериңерди айткыла.

Дос- адамдар үчүн алтындан кымбат. Жакшы досту эч бир байлыкка сатып ала албайсың, буюртма менен сага эч бир эне каалагандай досту таап бере албайт.

Азыр топторго макал-лакаптарды беремин, силер бул макалдын маанисин чечмелеп бересиңер?

1-топ: 9-класс

“Жакшы менен дос болсоң-ырыскысын тең бөлөт,

Жаман менен дос болсоң-өзүнөн сени кем көрөт”.

2-топ: 10-класс

“Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи”.

3-топ: 11-класс

“Жакшы күндө-душман дос, жаман күндө-тууган дос”.

3-кадам: Окуучуларга текст таркатылат.

Бир айылда эки дос жашайт экен. Андайларда элдер “бир мейизди экиге бөлүп жейт” дешет. Биринин аты-Хусан, экинчисинин аты-Мухаммед. Ошол мезгилде Хусан катуу ооруп, ордунан тура албай калат. Анан ага Ажал келет, келип, жаш жигитти көрүп, ага боору ооруйт да, мындай дейт. “Мен кары ата-энеңди сенин ордуңа сага Ажал сурайм, сен жашашың керек”.

Хусан бул сунушка макул болот. Ажал баланын атасына барат:

  • Эй, ата, уулуңду чындап жакшы көрсөң өмүрүңдү азыраагын ага берип, өмүрүн узарт!

Ата дел болуп калат. Ажал дагы:

  • Уулуңду жакшы көрөсүңбү?-деп сурайт андан.

  • Жакшы көргөндө кандай, керек болсо өмүрүмдүн жарымын да андай аябайм,-дептир.

  • Жарымын эмес,-дептир Ажал,-азыраагын эле берсең болду. Мен аны өзүм менен алып кетпеймин.

Уулу үчүн өмүрүн берүүгө ыраазы болгон ата бир чечимге келердин алдынан ойлонуп калыптыр. Жан деген ширин да!

Ушундан кийин Ажал Хусандан:

  • Эң жакын кишилериңден дагы ким калды?-деп сураптыр.

  • Мухаммед деген бир досум бар эле,-дептир Хусан.

Ажал Мухаммеддин алдына барып болгон кепти айтат. Досуна боору ачыган Мухаммед экиленбей туруп эле:

  • Досум үчүн өмүрүмдү бир азын гана эмес, бүт баарын ал!-дейт.

Бул сунуш Ажалдын да көңүлүн жумшартат. Кандай болбосун Хусанды сактап калгысы келет да, муну үчүн Өмүрдүн алдына келет:

  • Өмүр, сен экөөбүз келишкис “доспуз”, ошентсе да бир жигиттин өмүрү тууралуу сенин алдыңа келдим. Ошол жигитке Мухаммед аттуу бир досу бүтүндөй өмүрүн бермек болду. Уруксат эт да, аларга көбүрөөк өмүр бер, мен да ушуга ыраазымын,- дептир.

Бул сунушка Өмүр ыраазы болот да, Мухаммед досунун берешендигинен улам, кыйбастыгынан улам ажал алып кетүүчү Хусанга да өмүр бериптир. Ошентип эки достун бири-бирине берилгендиги өлүмдү да жеңип кетиптир дешет. Ошон үчүн “бир досуң-багың бар, көп досуң бар -тагыңбар” деген макал айтылып калгансыйт. Такка да, бийликке да, байлыкка да достор салган жол менен жетесиң, кызмат тепкичтерине да досторуңдун койгон кыштарын басып көтөрүлөсүң. “Агаң менен иниң-таянычың, досуң ошол экөө теңдир” дешет элдер.

Кайтарым байланыш:

Сабакты жыйынтыктоо: “Кар тобу”

Ак барак таркатылат 3 топко. Ар бир топ бүгүнкү сабак боюнча ойлорун жазып баракты бүктөп мугалимге берет.























Токтогул атындагы №2 жалпы

билим берүүчү техникалык

лицейи





Тема: КАЛПАККА КАТЫЛГАН

ФИЛОСОФИЯ





Мугалим: А.К. Абдуллаева

Сүлүктү шаары

Сабактын аты: Тарбиялык саат

Өтүлгөн күнү: 04.03.2019

Классы: 9-10-11-кл

Сабактын темасы: Калпакка катылган философия

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар калпактын өңү-түсүнө карата чечмеленишин билет.

  2. Калпакка түшүрүлгөн оюмдардын маани –маңызын түшүнөт.

Сабактын жабдылышы: Слайд, проектр, тексттер, калпактын түрлөрү ж.б.

Сабактын жүрүшү: Жагымдуу маанай түзүү.

Акыл чабуулу:

  1. Кыргыздар илгертен эле кийип келген кандай баш кийимдерди билесиңер?

Кыргыз калпагы бир караганда жөн гана жашоо тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим катары көрүнөт. Анда бир караганда кыргыздын уз кыздарынын чыныгы чыгармачыл фантазиясы чагылып тургандай, алар болгон чыгармачыл көркөм дүйнөсү менен кооздоп салгандай көрүнөт. Калпакка берилип жаткан ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы-от, суу, аб, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болоорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

  1. Кана калпактын кандай түрлөрүн билесиңер?

  1. Калпакка кандай оюмдар тушүрүлөт?







Калпактын мүчөл жашка карата бөлүнүшүнө көңул бургула:


Калпактын

түрлөрү

Адамдын

жашы


Мааниси

Түшүрүлгөн

оюм

Өңү

1

Сүннөт тойго

сунушталган

калпак

3,5,7

Бул калпактын төрт

талаасына төрт тилекти билдирген оюлар

салынган. Саймалары ар түрдүү жиптен

сайылган


Тумар оюму-

айлана чөйрөдөгү

жаман көздөн,

жаман сөздөн

сактап турат.

Кулун оюму-

кулундай ойноок

Күрөң,

ак

2

Алдыңкы эки

талаасына Тумар оюусу

шырылы, ортосуна топчу

тагылгын







Бул калпакта Тумар

оюусу жана топчу бар. Булар өсүп келе жаткан жаш муундарды ар кандай көздөн, сөздөн сактайт.

Тумар оюму

айлана-чөйрөдөгү

жаман –көздөн

сөздөн сактап

турат.

Күрөң,

ак

3

Сол талаасында “Умай” оюусу бар калпак







Илгертен ата-

бабаларыбыз оң жакты аялдарга, сол жакты

эркектерге тиешелүү деп келишкен. Ошондуктан “Умай” оюусу сол жакка коюлган.





Умай оюму-адам

баласына өмүр

тартуулаган, наристелердин сакчысы, колдоочусу болгон “Умай” энебиз.

Анын колдоосу менен жаш

муундарыбыз чоңоюп өсүшүшүн түшүрүлгөн

Ак

4

Күнүмдүк кийилүүчү калпактар


Бул калпактар шырыгы менен топчу секиртмелер менен тигилген.


Ак

5

1 мүчөл

13 жаш

Бул куракта бала жетиле баштайт. Акылы-эси өсөт. Ушул курагынан баштап элин-жерин урматтап

сыйлоого, сүйүүгө

үйрөтүшүбүз керек.

Алдыңкы эки талаасына “Эр оюм” салынган. Жашыл чөптүн түсү.

Ак, кыюсужашыл

6

2 мүчөл

25 жаш

Эр жетип бир үйдүн ээси болуп өзүнчө түтүн

булатуу.











Төрт талаасында

Боз үй, түндүк, эр оюм түшүрүлгөн.

Көк кыюу-көк

асманды билдирет. Эки

талаасына

түндүк,чамгарагында орун алган. Жүрөк оюусу-элине-жерине, үй-бүлөсүнө болгон камкордук сүйүү

Кийиззинин өңү ак кыюсу көк.

7

3 мүчөл

37 жаш

Бүркүт бул-эркин, күчтүү куш. Асманга каалгып учкан бүркүт, ортосунда орун алган. Жүрөк-жакшы пейилдин

жайлоосу. Үстүндөгү

секиртме багыт берүүчү, сактоочу. Астындагы үч шырык-үч мүчөлдү басып өттү дегенди билдирет.

Төрт талаасына

бүркүт оюу.

Кийизинин өңү ак, күрөң баркыт менен кыю-

ланган

8

4 мүчөл

49 жаш

Тоого чыгып бара жаткан илбирс-бийиктиктерди багынтып, зоболосо

көтөрүлсүн деген тилек менен бул оюуну ушул мүчөлгө ыйгарышкан. Ал эми астындагы шырыгы, төрт мүчөл басты дегенди билдирет.

Илбирс оюусу

Кийи-

зинин өңу ак ачык күрөң баркыт менен кыюу

ланган

9

5 мүчөл

61 жаш

Эр оюмдун негизинде өскөн.







Бугу оюм

Кийизинин ак,кыюусу ак баркыт менен кыюу

ланган

10

6 мүчөл

73 жаш

Эр оюм, түндүк, бүркүт, илбирс, бугу оюлардын баары бул калпактын куракгында чагылдырылган. Анткени, ушул куруктын баарын басып өткөн-акылы,

жетик карыя. Ак-кара жип-бул курактагы адам ак-караны баалай көрө, сезе билген даанышман экенин билдирет.


Эр оюм, түндүк, бүркүт, илбирс,

бугу оюулар.

Кийизи ак, ал

эми кыюусу кара-ак жип менен чырашталган.



Сабакты жыйынтыктоо: Окуучулар калпактын оюмдарын элестетип тартышат жана жактап беришет.































































КЫРГЫЗСТАН ЖАШТАРЫ

Асман тиреген аска белде да,

Тоону тиреген толгон кенде да,

Кыргызстан жаштары сактап намысын,

Сап-сап тизилип чыгат майданга!



Ырдап барабыз, жыргал таалайга,

Сонун келечек, тынчтык замана!

Достугу үчүн элдердин арнап өмүрдү,

Жаш дос, жолдоштор, алга-алгала!



























Манас түрүндө окуп бер.









Обонго салып ырдап бер.









Күлүп ырдап бер.