| Кайсы өлкөдө билим күнү качан, кандайча майрамдалат? Биздин өлкөдө Билим күнү 1-сентябрда майрамдык салтанат менен шаңдуу майрамдалып, окуучулар 1-класска 6 жаштан келсе, Африкада эрте билим алуу үчүн 1-класска 4 жашында келет. Өлкөдө талап катуу болгондуктан, 1-класска келген бала милдеттүү түрдө тамга таанышы шарт. Ошондуктан балдар 3 жашында мектепке даярдык курстарына барышат. Тилекке каршы, Африкада бардык эле балдар үчүн билим алуу шарттары түзүлгөн эмес. Түштүк Кореяда билим күнү март айында белгиленет. Балдар мектепке 7-8 жаштан келишет. Айрым ата- энелер балдарын атайын мыкты шарттары бар мектептерге 5-6 жашынан берет. Германияда билим күнүн августтун аягы сентябрдын башында майрамдалып, 1-класска келген окуучулардын ата-энелери атайы баштыкчаларга таттууларды, оюнчуктарды, айрым учурда китептерди белек катары тартуулоосу салтка айланган. Япония өлкөсүндө Билим күнү 1-апрелде майрамдалат. Балдар мектепке 6 жаштан барышып, 1-класстан баштап “жаратылышка арналган сүйүү” сабагы предмет катары берилет. Аталган сабакта мугалим окуучуларды кызыктыруу үчүн жаратылыштын кооз жерлерине алып барат. Бир класста 40 же 50 окуучу окуп, сабактын узактыгы 50 минутага созулат. Великобританияда Билим күнүн 1- сентябрда майрамдашат. Балдар мектепке 5 жашынан кабыл алынып, окутуу пансиондук типте жүргүзүлөт. Балдар каникул учурунда гана үйлөрүнө барышып, калган окуу күндөрүн толук мектепте өткөрөт. Айрым учурда жатаканага ата-энелери келип кабар алып турушат. Чехияда 1-класска балдар 6 жаштан келишет, бирок мектепке чейинки даярдык жок болгондуктан окуучулар жазганды окуганды мектептен үйрөнүшөт. Индияда балдар мектепке 1-июнда барышып, билим күнүнө көп маани беришпейт. Ошентсе да кол өнөрчүлүккө абдан көп көңүл бурушат. Исландия өлкөсүндө окуучулар үчүн окуу жылы августтун аягында сентябрдын башында башталат. Алардын окуу жылы 180 күнгө созулат. Башталгыч класс катары 1-7-класстар эсептелип, бир мугалим бардык сабактан берет. Ал эми окуучулардын билими 0-10 го чейин бааланат. Кытайда окуу жылы 1-сентябрдан башталып, июлдун аягында аяктайт. Мектепке чейин балдар атайын мектепке даярдоо балдар бакчасына барышат. Башталгыч класстардагы окуу программалары бир топ татаал. Алар саясат, адеп ахлак, кытай тили, география, химия, биология, физика, музыка жана көркөм өнөр сабактарын башталгыч класстан окуп башташат. Америка кошмо штатында окуу жылы августа башталып, июндун аягында аяктайт. Окуучулар 6 жаштан мектепке кабыл алынып, 18,19 жашында мектептин 12-классын бүтүрүшөт. Сабактын узактыгы 55минута болсо, бир күндө 8-9 саат сабак өтүшөт. Испанияда 1-сентябрда окуучуларды мектепке кабыл алуу жүргүзүлүп, 1-октябрда жаңы окуу жылы башталат. Окуу жылынын башы түшүм жыйноо менен тыгыз байланышта болуп, испаниялык окуучулардын каникул күндөрү узак убакытка созулат. Мектеп-билим булагы "Мектеп" деген сөз араб тилинен алынып, "окуу жайы" деген маанини берет жана байыркы Грецияда бул сөз ойчулдардын өз шакирттери менен болгон аңгемесин түшүндүргөн. Дүйнө жүзүндө кандай шарттар болсо да келечек муундардын билим алууга аракети зор. Мисал катары төмөндөгү мектептерди атасак болот. Суу үстүндөгү мектеп Комбоджинин Кампонг Луонг кыштагындагы Тонлесап көлүндө жайгашкандыктан, мектептин окуучулары мектепке баруу үчүн атайын кайык же чарада (тазик) менен сүзүп барышат. Мектепте 60 окуучу окуп, алардын 40 окуучусу ата-энеси түрлүү кырсыкка кабылган жетим балдар. Окуучулар мектепте билим алуу менен бирге бош убактыларын өткөрүшөт. Якутиядагы “Кенэлэкэн”- көчмө мектеби бар. Бул мектеп эң кичине мектептердин катарына кирип, окуучулардын саны 6-8 ден ашпайт жана мектепте болгону 2-3 мугалим эмгектенет. Ошентсе да окуучулар тиешелүү деңгээлде билим алышат. Канададагы “Альфа” альтернативалык мектеби эң эски мектептердин катарына кирет. Ал 1972-жылдан бери иштейт. Мектеп окуучунун жеке өзгөчөлүгүнө жараша иш алып барат. Сабактар окуучунун кызыгуусуна жараша жүргүзүлөт. Окуучулардын билими бааланбайт жана үй тапшырмасы берилбейт. Мектептин дагы бир өзгөчөлүгү окуучулар класстарга жашына эмес кызыгуусуна карап бөлүштүрүлөт. Бангладештеги кайык-мектеби Окуучулар мектептин жанында Окуу классы Жылына эки жолу Бангладеш суу каптоону (сел) башынан өткөрөт. Бул учурда миллиондогон жашоочулар оор абалга кабылат. Балдардын мектепке баруусу оорлойт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Shidhulai Swanirvar Sangstha уюму кайык-мектепти, кайык-оорукананы ойлоп тапкан. |