Просмотр содержимого документа
««Эгемендүү Кыргызстан»»
Есенжан Кожомкулов атындагы орто мектеби Тарбиялык саат 9-класс Мугалим: Уркунчиева Ж.К
Жагымдуу маанай
Сабактын темасы: «Эгемендүү Кыргызстан»
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү! Майрамыныздар менен!
Сабактын максаты: Мекенди сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, чың ден соолук-Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү. Ата мекенди сүйүүгө жана Ата журту менен сыймыктанууга тарбиялоо.
1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген.Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн.Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн.СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген
1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган.1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан.Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган.
1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынынтарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарыны кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 5-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен.1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыяланган.
Сабакты жыйынтыктоо: Мекенди сүйүү бул — жакшы окуп, тартиптүү болуу. Бабалардан калган каада-салтты билүү, символдорду ыйык сезүү, эне тили менен сыймыктануу, чынчыл адептүү болуп, бардык улут менен ынтымакта жашоо.
Үйгө тапшырма: Сүрөт тартуу
Майрамыӊыздар менен! Майрамыӊыздар менен! Майрамыӊыздар менен!