СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эл тагдыры - тил тагдыры

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Класстар аралык конкурс

Просмотр содержимого документа
«Эл тагдыры - тил тагдыры»

Класстар аралык көркөм окуу конкурсу

Тема: Тил тагдыры - эл тагдыры

Конкурстун максаты: Мамлекеттин жана мамлекеттик тилдин баалуулугун билип, патриоттуулукка тарбияланышыт. Көркөм окуу чеберчилиги жогорулап,ой жүгүртүүлөрү өсүп, сүйлөө кеби өнүгүп, таанып-билүү активдүүлүктөрү жогорулайт, чечендик өнөргө калыптанышат.

Колдонулган ресурстар: Буклеттер, плакаттар, проектор, компьютер жана башка.

Конкурстун жүрүшү:

Саламатсыздарбы, бүгүнкү таймаш сабактын катышуучулары, калыстар тобу жана коноктор.

Баарыбызга белгилүү болгондой быйыл мамлекеттик тилибизди 28-жылы белгилеп жатабыз.

Тил! Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. Элди түбөлук эл кылып турган анын тили. “Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, эне тили болбосо аты аталбайт улуттун” дегендей эне тилибиз 1989-жылы 23-сентябрда Мамлекеттик тил болуп кабыл алынган жана ушул күн тил майрамы катары майрамдалып келет. Мына ушул тил майрамына арналган “тил тагдыры-эл тагдыры” аттуу көркөм окуу таймашыбызды ачык деп жарыялайм.

Калыстар тобу тааныштырылат.

Конкурстун шарттары:

  1. Текстин темасы: мамлекет же мамалекеттик тил жөнүндө

  2. Аткаруу чеберчилиги

  3. Формасы

  4. Көлөмү

  5. Дикциясы

  6. Тексттер компьютерден өтүп, жасалгаланып, калыстарга тапшырылат.

  7. Текстке карата слайд жасоо



Конкурстун катышуучулары:

  1. 5-класс Кадырбаева Адеми

  2. 6-класс Бактыбек кызы Айдана

  3. 7-класс Ниязбекова Бегай

  4. 8-класс Камчыбек кызы Сайкал

  5. 9-класс Мөңгүбек уулу Эрбол

  6. 10-класс Бактыбек кызы Айгерим

  7. 11-класс Кыштообек кызы Нурайым

Ар бир катышуучу жасалгалап келген тексттерин калыстарга тапшырып, көркөм окуусун айтышат (слайд коштойт).

Жыйынтыктоо: Анда эмесе бардык катышуучулардын көркөм айтуусуна, слайддарына, тексттеринин жасалгасына күбө болдук. Менин оюмча ар бир катышуучу класстарынын намысын коргоп, жогорку денгээлде даярданып келишкен экен. Сөздү калыстар тобунун төрагасы Д.Токтоевга берсек. (Д.Токтоев, калыстар тобунун мүчөлөрү сөз сүйлөп конкурсту жыйынтыкташат, грамоталар тапшырылат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!