9-класс, кыргыз тили.
Эл аралык Эне тил күнүнө карата өтүлгөн “Эне тил болбой-эл болбойт” аттуу ачык сабак
Сабактын темасы (Тема урока) : Киринди сөз жана анын маанилери.
Сабактын максаты (Цели урока):
А) билим берүүчүлүк(образовательная)
Эл аралык Эне тил күнү жөнүндө маалымат алышат.
Киринди сөздөрдү кайталашат, жаңы сөздөрдү үйрөнүшөт, киринди сөздөргө сүйлөм түзүшөт.
Топтордо иштөөгө, изденүүгө машыгат
Б) өнүктүрүүчүлүк(развивающая)
Логикалык ойлоосу артат
Сөз байлыгын өстүрөт
В) тарбия берүүчүлүк(воспитывающая)
Сабакты мотивациялык жактан камсыздоо(Мотивационное обеспечение урока)
Ийгиликке умтулууга шарт түзүү
Психологиялык жактан жардам көрсөтүү
Өз күчтөрүнө билимдерине болгон ишмердүүлүгүн арттыруу
Берген жоопторуна, суроолоруна, активдүүлүгүнө көңүл буруу
Сабакты эмоционалдуу, тез темпте өтүшүн калыптоо.
Сабактын тиби(тип урока): Билимдерин, билгичтиктерин комплекстүү пайдалануу
Күтүлүүчү натыйжалар(ожидаемые результаты):
А) берилген тексттен киринди сөздөрдү таап, маанилери боюнча ажырата алышат
Б) жаңы сөздөрдү практикада колдоно алышат
а) кыргызча оюн билдире алышат
б) текстти которо алышат
б) ырларды көркөм окуй алышат
Окуу иштерин уюштуруу формалары жана методдору( формы и методы организации учебной деятельности)
Формалары
Топтордо иштөө
Методдору
Практикалык
Текст менен иштөө
Контролдоо:баалоо
Сабактын жабдылышы(Средства обучения): презентация, музыка, текст, жаңы сөздөр.
Жаңы сөздөр(новые слова):
| Вводные слова – киринди сөздөр |
| Так | Анда |
| Итак, начнем | Ошентип,... баштайлы |
| Вообще | Деги |
| Уже | Эчак эле |
| Ладно | Мейли |
| Давай(те) | Кел(гиле) |
| Все уже | Бүттү эми, болду |
| Короче | Кыскасы |
| Типа... | ...дегенсип |
| Значит | Демек |
| Теперь | Эми |
| Вобщем | Анда |
| Прикинь | Элестетсең |
| Как? | Кандай? |
| Ну | И-и |
| По любому | Кандай гана болбосун |
| На самом деле | Чындыгында |
| 1.Буквально(точно, дословно) 2.буквально достал | 1.Сөзмө-сөз 2.Таптакыр, деги |
| 1.Наконец-то 2.Наконец-то пришел | 1.Акыры, мынакей,бали! 2.Чын эле келдиңби? |
Сабактын жүрүшү(Ход урока):
Уюштуруу
А) Саламдашуу. Балдар, биздин өлкөдө сексенден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын ар биринин өз эне тили бар. Бирок биз эч качан тилибиздин келип чыгыш тарыхы жөнүндө билбейбиз. Ролик көрүү.Силер кыргызча жана орусча кантип саламдашасыңар?
Б) Кырдаалдык сүйлөшүү . Ар жылы 21 -февралда дүйнө жүзү боюнча Эне тил күнүн майрамдашат. Ар бир адамдын өз эне тили болот.Бул майрам жөнүндө ким айтып бере алат?
Айдар: ЮНЕСКОнун генералдык конференциясында 1999-жылдын ноябрь айында Эл аралык Эне тил күнүн майрамдоо каралган. 2000-жылдын февраль айынан тартып майрамдалып келе жатат. Андан бери мына туптуура 20 жыл болду.
Гүлжан: Бул дата бекеринен тандалган эмес. 1952-жылдын 21-февралында Бангладештин борбору Данке шаарында өз тилдерин коргоп студенттер демонстрацияга чыгып, полициянын огуна учурашкан.
Бүгүнкү сабагыбыз Эл аралык Эне тил күнүнө арналат. Балдар топ-топ болуп бөлүнүп отурушат. Топтордун аталышы “Достук”, “Ынтымак”, “Биримдик”. Сабак учурунда активдүү катышып, суроолорго жооп берген окуучуларга упай иретинде чүкө таратылат. 1 туура жооп-1 чүкө.
Кыргызча, англисче, ырлар окулат.
Артем: Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт
Арсен: Native tongue
To learn a language-
You learn from love, from love.
My mother, Loving the language, thus taught me.
Incomparable and easy, my native tongue,
In one short year what did I learn, let’s see:
Well, ‘’papa’’, ‘’mama’’,
‘’Cat’’ and ‘’dog’’, of course,
And ‘’bread’’, and ‘’meat’’, and papa’s favourite- ‘’horse’’.
Атыр: Эне тил
Тил үйрөнүү
Жакшы көрмөк- сүймөктөн,
Эне тилин жакшы көрүп үйрөткөн,
Ойротто жок, оңой тилим бейм, биздин тил,
Бир жашымда:
Ата, апа,
Ат, эт дегенди сүйлөткөн.
Мугалимдин сөзү: ар бир тилдин өзгөчөлүгү болот. Кыргыз тилинде сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр, анын ичинде киринди сөздөр жөнүндө маалымат алгансыңар. Мындай сөздөр бир гана кыргыз тилинде эмес, орус тилинде да бар. Киринди сөздөр боюнча сабагыбызды улантабыз.
2. Өтүлгөндөрдү кайталоо
А) Киринди сөз деген эмне?
Б) Киринди сөздөрдүн тыныш белгилери жөнүндө айтып бергиле.
В) Киринди сөздөргө мисал келтиргиле.Сүйлөм түзгүлө.
Г) Киринди сөздөр сүйлөмгө мүчө боло алабы?
Д) Киринди сөздөр кандай максатта колдонулат?
3. Жаңы сабак. Киринди сөздөрдүн маанилери.
Конкурс : “Достук”, “Ынтымак”, “Биримдик”
А)берилген сөздөрдөн киринди сөздөрдү таап чогултуу.
Б)кайсы топ туура жана көп чогултса жеңишке жетет
4. Текст менен иштөө
“21-февраль- Эл аралык Эне тил күнү”.
Биз дайыма 21 –февралда Эне тил күнүн белгилейбиз, анткени бул Эл аралык майрам. Демек, бул күнү биз ар кайсы мамлекеттин тилдери жөнүндө көп маалыматтарды алабыз.
Албетте,биз Кыргызстанда жашагандыктан, көпчүлүгүбүз кыргыз тилинде сүйлөйбүз. Бирок биздин класста орус тилинде сүйлөгөн балдар бар: Максим, Андрей жана Маша, себеби алардын эне тили- орус тили. Ырас,өлкөбүз көп улуттуу болгондуктан, өзбек, татар, орус, украин жана башка тилдерди үйрөнүүгө аракет кылабыз. Маша кыргыз тилин жакшы билгендиктен, биз менен кыргызча сүйлөшөтТилекке каршы, Максим жакшы үйрөнө элек, себеби ал жакында Россиядан келди.
Текстти окуп, которгула.
тексттен киринди сөздөрдү тапкыла
Ыр ырдоо. Сейдакматтын ыры.
Сабакты жыйынтыктоо
Мына ушундай жагымдуу маанайда сабагыбызды аяктайбыз.
Үй иши: киринди сөздөр катышкан 5 сүйлөм.
Окуучулардын билимин чогулткан упайлары боюнча баалоо.
“Достук”
“Ынтымак”
“Биримдик”
садага болоюн
баса ырас
буюрса көрсө
алдыңа кетейин
бир чети
чынын айтсам
биринчиден
айтор арийне
тилекке каршы
бирок болжолу
Анда Деги
Эчак эле Мейли
Кыскасы Демек
Эми Анда
Элестетсең Кандай?
И-и Чындыгында
Кандай гана болбосун
Балам Бектемир
Ата Иним
Жигиттер Эй
Жана Менен
Ой Бали
Эх Баракелде
Бах Алло
Ай-ий Ох-о
Ой Кап
Ай-ай Пай-пай
Атаганат Кош
Ичикий Апей
Эне тил болбой,
эл болбойт.