Тарбиялык саат
Сабактын темасы: Эне тил болбой, эл болбойт
Сабактын максаты:
| Билим берүүчүлүк | Өнүктүрүүчүлүк | Тарбия берүүчүлүк |
| Окуучулар эне тилинин баалуулугун,кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндарын билишет. | Окуучулар эне тили жөнүндө ырларды айтышат, улуттук каада –салттарды жана улуттук оюндарды аташат | Окуучулар эне тилин сыйлоого, урматтоого жана өз тилинде туура сүйлөөгө үйрөнүшөт. |
Сабактын формасы: эки топ бири-бири менен жарышат.
Сабактын жабдылышы: ТСО, плакаттар, сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу.Балдар жана кыздар болуп эки топко бөлүнүшөт.Өз тобуна ат коюшат.
Таймаштын шарттары:
1.Саламдашуу
2.Слайд-сүрөт.
3.Улуттук бий
4.Акыл ордо оюнунан бир узүм
5.Көрүнүш
6.Макал-лакаптар
7. Дубаа айтуу
8.Дубал гезиттерин презентациялоо жана баалоо
1.Саламдашуу – кыздар
Ассалому алейкум, кадырман элим, аманбы?
Амандык айтып жалпыга саламдашсак жаманбы.
Ийилип айтам саламды агайын-тууган аманбы?
Келтирип айтам саламды кутмандуу элим аманбы.
Саламдашуу салт экен, саламдашып алайлы,
Балдай тилди какшатып тилди алкап алалы.
Агарып таңдын атышы, кызарып күндүн батышы,
Эзелтен калган салт экен кыргыздын салам айтышы.
Эне тилин унуткан,
Өз энесин унутат.
Өз энемин унуткан
Элин эзет, курутат.
Кыргызым өз тилиңди бекем сакта,
Тил берген теңиримди макта, даңкта.
Кыргызды кыргыз кылган эне тили,
Кыргызым өз тилиңди баалап-баркта.
Саламдашуу-балдар
Бербейт деп бизге саламды
Бекерге бузба санааңды
Ар кайсы ишке талпынган,
Атаандаштар аманбы.
Кыргыздын күмүш кемери,
Кыргыздар сөздүн чебери.
Кыргыздын салтын унутпай,
Кыргызга салам берели.
Мен- кыргызмын, сатылбаган, сатпаган,
Мен-кыргызмын, баба наркын барктаган.
Ата-Журтка жасасам деп бир эмгек,
Ар күн сайын чоң казатка аттанам.
Мен-кыргызмын, асман-жерге жашташмын,
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм,
Кырчылдаган “кыргыз” деген жакшы аттын.
2.Слайд-сүрөт.мында слайддан улуттук оюндар жана улуттук кааада-салттар көргөзүлөт.Ошолордун атын атоо.Балдар улуттук оюндарды аташат.Кыздар болсо улуттук каада-салттарды аташат.
3.Улуттук бий.Мында окуучулар бийлешет.
4.Акыл ордо оюнунан бир үзүм.
“Ж” категориясы.
1.Март айынын кыргызча аталышы?
2.Эмне жарыш, күз –күрөш.
3.Бата менен эл көгөрөт,
Эмне менен жер көгөрөт?
4.Аягына чекит коюлган сүйлөм?
5.Ээ жана баяндоочтон түзүлгөн сүйлөм?
6.Таза абасы, тунук суусу бар жер?
7.45+25=?
8.Кимге жетимиш өнөр аздык кылат?
9.Манастын атасынын аты?
10.Ичке деген сөздүн антоними?
“А” категориясы
1.Сентябрь айынын кыргызча аталышы?
2.Энени көрүп кыз өсөт,
Кимди көрүп уул өсөт?
3.Ким алкыш алат, адепсиз каргыш алат?
4.Карама-каршы маанидеги сөздөр?
5.35 жыл өмүр сүргөн таланттуу акын?
6.Манастын минген аты?
7.35+25=?
8.Муундун түрлөрү: жабык, туюк жана ...?
9.Баткендеги эң кооз гүл?
10.Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз залкар жазуучубуз?
5.Көрүнүш.Окуучулар “Атадан калган туяк”чыгармасыдан көрүнүш аткарат.
6.Макал-лакаптар
Балдарга
1.Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош.
2.Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
3.Жигит өлөр жерине күлүп барат.
4.Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт.
5.Көпкөн жигит көп сүлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт.
6.Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
7.Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
8.Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн.
9.Жакшы бала баарына үлгү, жаман бала баарына күлкү.
10.Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман бала элин көргө сүрөйт.
Кыздарга
1.Кыздын кырк чачы улуу.
2.Кызы бардын назы бар.
3.Тамакты даамына чыгарган туз, алысты жакын кылган кыз.
4.Жакшы уул асмандагы жылдыз, жакшы кыз жакадагы кундуз.
5.Кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
6.Кыздын көзү кызылда
7.Кызга кырк үйдөн тыюу, бир үйдөн тамак.
8.Келиндин үйүндө күл жатпайт, кыздын үйүндө кыл жатпайт.
9.Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат.
10.Энесин көрүп, кызын ал.
7.Дубаа айтуу.
Кыздар:
Оо Жараткан,
Көңүлүбүздү көтөрөлү,
Маанайыбызды чөктүрбөйлү.
Ууруларды жаман көрбөйм,
УУрулукту жаман көрөм.
Жамандарды жаман көрбөйм,
Жамандыкты жаман көрөм.
Берген убадага туралы,
Улууларды урматтайлы,
Кичүүлөрдү угалы.
Америкадай финансынын,
Россиядай армиянын,
Кытайдай экономиканын,
Япониядай технологиянын державасы болбосок да,
Биз, кыргызстандыктар,
Көчөдө каткырбай, түкүрбөй, сөгүнбөй,
Мактанбай, кичипейилдик кылып,
Улууларды урматтап,
Кичүүлөрдү ызааттап,
Апаларды сыйлап,
Карылардын батасын алып,
Адептин, ыймандын, илимдин, билимдин,
Державасын куралы.
Балдар:
Оо Жараткан,
Өзүң колдо,
Өзүң корго.
Эч кимге кор кылба,
Эч кимге зар кылба.
Интернетти максатсыз ачпаган өлкө бололу,
Улууларды кичүүлөр барктаган өлкө бололу.
Кичүүлөр , үмүттү актаган өлкө бололу,
Адеп менен ыйманды сактаган өлкө бололу.
Мекендештер мекенин сатпаган өлкө бололу,
Бүткүл дүйнө бизди мактаган өлкө бололу.
Жакшы иштерге уланалы,
Жараткандан жакшылыкты сураналы.
Япония роботторун,
Германия мерседесин,
Кытай жалтырак-жултурагын чыгара берсин.
Биз, кыргызстандыктар,
Жакшы тарбия, билим менен мыкты инсандарды чыгаралы.
7.Дубал гезиттерди презентациялоо менен бирге баалоо.