Тема: ЭНЕ ТИЛГЕ ТААЗИМ
Сабактын масаттары:
Эне тилдин ыйыктыгын, баалуулугун, бийиктигин сактоо, анын кадыр – баркын көтөрүү, эне тилдин өнүгүшүнө салым кошуу тууралуу маалыматтарга ээ болушан, түшүнүктөрүн кеңейтишет.
Макал – лакаптарды жаттоо, жаңылмачтарды айтуу, көркөм окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү менен өз оюн эркин айта билүү, аң – сезимин сөз байлыгын өстүрө алышат.
Ата Мекенин, эне тилин сүйүүгө тарбияланышат.
Сабактын формасы: Аралаш сабак
Сабак аралыш байланыш:кыргыз адабият, тарых, адеп
Сабактын жабдылышы: тил жөнүндөгү ураандар, плакаттар, буклеттер,проектор, слайд
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу.
Мамлекеттик кыргыз тил гимнин окуучулар аткарышат.
Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер, сүйүктүү окуучуларым. 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эне тилге таазим” аттуу ачык тарбиялык саатыбызды ачык деп жарыялоого уруксаат этиңиздер.
Эне тил боюнча слайд көрсөтүлөт.
Мугалим:
ЭНЕ ТИЛ ! Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат эмеспи. Элди түбөлүк эл кылып турган анын тили.
“Тилим барда улутмун,
Тилим менен улукмун,
Эне тили болбосо,
Аты аталбайт улуттун” дегендей эне тилибиз 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил болуп кабыл алынган жана ушул күн тил майрамы катары майрамдалып келет. Демек, 28 жылдан бери ушул күндү майрамдаганыбызга шүгүр деп, эне тилибизге таазим кылалы.
Мугалим: Кана балдар, силер эне тил күнүнө карата эмнелерди аткарып келдиңер?
(Акмарал, Курманжан, Айзирек, Медина. Адеми жазып келген эсселерин окушат, калган окуучулар тартып келген сүрөттөрүн, эсселерин ж.б. доскага илишет)
Мугалим: Анда балдар келгиле тилибизге дагы кантип таазим эте алабыз?
Акмарал: Эжей тилибизди даңктоо ырлары менен дагы таазим этип, айтып берсек болобу?
Мугалим: Албетте
Акыл:
Бирге жүрсөм эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да ,
Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм!
Эне тилим – кыргыз тилим!
Мугалим: Кана балдар анда эмесе тил деген өзү эмне?
Бегимай: Тил – адамдын бир-бирине байланыштуу ой-пикирин билдирүүчү курал болуп саналат.
Мугалим: Тил качан пайда болгон?
Адеми: Адам баласы жаралгандан баштап, башкача айтканда коом пайда болгондон баштап, тил дагы пайда болгон. Адамды айбандан, жан-жаныбардан өзгөчөлөнтүп турган бирден бир касиети бул – тил.
Мугалим: Мамлекеттик тил деген эмне?
Жибек: Биздин мамлекетибизде 80ден ашуун улут жашайт, ошол улуттарды байланыштырып турган. Жалпы документтер жазыла турган тил – мамлекеттик тил болуп эсептелинет.
Мугалим: Азаматсыңар, жакшы маалыматтарды билет экенсиңер. Кайрадан силердин тилге арналган ырларыңарга кезек берели.
Айзирек:
Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим,
Кылымдан азиз энем күткөн тилим.
Түбөлүк бүт дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып жаным менен бүткөн тилим.
Сүйүктүү, татынакай сулуу тилим,
Мээримдүү жүрөгүмө жылуу тилим.
Ширелген жакут менен көркү чексиз,
Тамшанткан, такылдаткан балдан ширин.
Тилиме кулдук кылам энем – атам,
Кечиргин мен тараптан болсо катам.
Мен сүйлөгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде,
Кубултуп безеп ырдап келе жатам.
Чынгыз:
Абалтан салт – санаасын сактаган,
Акыл оюн алыс жолдо тактаган.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымдын тили менен мактанам.
Алымбек:
Кыргыз тили – кызыл туусу элимдин,
Кыргыз тили – сулуулугу жеримдин.
Тил болбосо эл жоголот дегендей,
Кыргыз тилин ыйык тутуп келемин.
Кел курдаштар! Эне тилин сактайлы,
Тилибизди тепсендиге салбайлы,
Элибизди кадырлайлы, сыйлайлы.
Жибек:
Бул жашоодо эң маанилүү тил болот.
Тил аркылуу сүйлөйт жана ойлонот.
Пикир айтып билдиришет сезимин,
Ар бир адам тили менен зор болот.
Айчүрөк:
Кыргыз тили ырдан – күүдөн жаралган,
Кыргыз тили нурдан, күндөн таралган.
Ай ааламга теңдеши жок улуу тил,
Жер жүзүнө “Манас” болуп таралган.
Мугалим: Алтынай тилиң бар болгондуктан сенин кандай артыкчылыктарың бар?
Алтынай:
Кай бирде жазгы суудай ташып калам,
Калдастап калем издеп шашып калам,
Кагазга тапкан ойду жазып калам.
Тил болбосо муну кайдан жазмакмын,
Көөдөндөгү ойду кайдан айтмакмын,
Тилим бар да ыр жазууга шыгым бар.
Бакдөөлөт:
Тилим бар менин дагы шыгым бар,
Калдайып көчө менен басып калам.
Капысынан ыр табылса шашып калам,
Кагаз жок калем сапты ала коюп,
Шашкалактап алаканга жазып калам.
Кайран гана кызыл тилим болбосо,
Мунун баарын мен кайдан алып калам.
Мугалим: Анда эмесе кыргыз эли чукугандай сөз тапкан чечен, акын келет эмеспи, биздин класс да ал жагынан кур кол эместигин тастыктап Эркайым менен Курманжандын эне тиге арнап өздөрү чыгарган ырларына кезек берели.
Курманжан, Айдин, Айдана, Эркайым (өзү чыгарган ырын окушат,тексттери тиркелет)
Мугалим: Айчүрөк тилиң болбосо кантмексиң?
Айчүрөк:
Тилим жок оюмду да айта албайм,
Күпүлдөп тоо суусундай агып калам,
Көбүрүп көк желкемди кашып калам.
Гүлгө конгон ырлардын көпөлөгүн,
Күлмүң этип калпак менен басып калам.
Татынакай таттуу тилим болбосо,
Ичимдеги букту кантип айта алам.
Мугалим: Кана балдар эне тилиңер болбосо дүйнө тааныйт белеңер?
Курманжан:
Келбесе сөз сүйлөөгө кызыл тилим,
Кайдан болсун азыркыдай толгон билим.
Сөз сүйлөп сөздөн сөзгө жетпеген соң,
Дүйнөнүн биз билмекпиз кайсы бирин.
Жусуп:
Эне тилсиз укмак белек “Манасты”,
Эне тилсиз укмак белек санатты.
Эне деген улуу болот күндөн да,
Эне сүтү эне тилге сиңген да.
Мирбек:
Атам-апам сүйлөгөн,
Ушул тилде бабам бүтүн үндөгөн.
Ушул тилде чечип тагдыр түйүнүн,
Ушул тилде турмуш сырын үйрөнгөн.
Медина:
Эне тилде нечен акын ырдады,
Эргип көпкө ырларынын сырлары.
Эне тилди энем мага үйрөткөн,
Эне тилди энем мага сүйлөткөн.
Мугалим: Кана балдар өз тилиңерге баа берип көргүлөчү, же сүроттөй аласыңарбы?
Бегимай:
Кыргыз тили – дили кыргыз элимдин,
Күбөлүгү кыргыз деген деминин.
Эгер тилиң болбосо аттиң түшүнгөн,
Кыргыз бул деп айтмак эле сени ким?
Тилиң билгин сенин улут сыймыгың,
Тилиңе окшош каада-салтың, кыймылың.
Өз тилиңди барктап-баалап ар качан,
Өз тилиңе сүйлө сөздүн чындыгын.
Мугалим: Кана балдар кыргыз эли илгертеден акыйнек ырын ырдашкан, силер да акыйнек айтканды билесиңерби?
Акмарал:
Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан калган салт экен.
Байыртан бери кыргыз эл,
Сөз баалаган калк экен.
Акыя, акыя
Нурдөөлөт:
Кен байлыктуу жерденбиз,
Өзүбүз чечен элденбиз.
Өтүмдүү курч тил менен,
Душмандарды жеңгенбиз
Акыя, акыя
Айдин:
Биз жашаган коомдо,
Көп ийгилик жаралат.
Тазалыгын сактабай,
Тилди алдык жаралап.
Акыя, акыя
Бегимай:
Чет тилдин сөзүн тантышат,
Өз тилин жакшы биле албай.
Кыштакта эле жашашат,
Орусча сүйлөп биле албай.
Жусуп:
Ар бир тилдин өзгөчө,
Жакшы жагы бар болот.
Тили таза, дили таза,
Окуучулар оңолот.
Акыя, акыя.
Айзирек:
Өз тилиңди өстүрүп,
Рухуңду байыткын.
Каймагын калпып сөздөрдүн,
Жарык маанай жайылткын.
Акыл:
Узак жыл өтсө миңдеген,
Улуттун көркү тил менен.
Өркүндөп өсүп кете албайт,
Өз тилин жакшы билбеген.
Чогуу:
Эне тилди сактайлы,
Эне тилди барктайлы.
Сөзүбүздү байытып,
Тилибизди даңктайлы!
Мугалим: Кыргыз эли сөздү баалап-барктап, өтө терең маани берип келишкен. Азыр кыргыз тилине арналган ырлардан көркөм окуп берели.
Акмарал, Адеми (тексттери тирелет)
Мугалим: Бириккен Улуттар Уюму жана Юнеско 2000-жылы жоголуп бара жаткан тилдерди сактап калуу чечимин кабыл алышты. Тилекке каршы жоголуп бара жаткан тилдердин арасында кыргыз тили бар экендиги тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан, кыргыз тилин сактап, мындан ары да өркүндөтүп-өстүрүүгө өз салымыбызды кошушубуз керек. Бул ар бир мен кыргызмын деген атуулдун милдети болуш керек.
Эркайым:
Эне тилим сен жөнүндө,
Жазгым келди көп ирээт бул өмүрдө,
Ардактуу кыргыз тилим сен жөнүндө.
Кор болуп бут алдымда тепселенип,
Кыргыз тили калып калат көмүскөдө.
Мейли сүйлө башка тилде, башкача,
Мактап салгын алтын орден такканча.
Эсиңе түй, чыгарбагын түпкүрдөн,
Ала-Тоодо сен кыргызсың таптаза!
Адеми:
Ойлон кыргыз өз тилиңди унутпа,
Эне тили ар бир элде улук да.
Ата-баба сактап келген мурасты,
Эң жөнөкөй курал кылып курутпа.
Эй кыргызым кайда кетти намысың!
Жашы эмес ара жолдо калышың.
Улут болсоң тилиң менен улутсуң,
Кадам ташта кыргыз тилде арышың.
Ойлон кыргыз бир оюңдан кайтпагын,
Эне тилиң ыйык билгин, сактагын.
“Намысы жок маңкуртсуң”-деп айтмакмын,
Билбей тилди жерге башты салбагын.
Үйрөн, билгин каршы эмесмин башкасын,
Бирок кыргыз, кыргыз тилин сүйө бил!
Улуту жок сен тиши жок ачкасың!
Мугалим: Анда балдар “макал-ойдун каймагы” дейт эмеспи ата-бабаларыбыз, тил жөнүндөгү макалдардан айтып көрөлү.
Бегимай, Айчүрөк, Акмарал, Курманжан, Бакдөөлөт, Жусуп, Медина, Мирбек, Чыңгыз макал айтышат.
Мугалим: Айдин сен эне тилиңе кантип таазим кылат элең?
Айдин:
Улут жүзү мекенимдин күзгүсү,
Турат сенде элдин, журттун бүт күчү.
Эне тилим сага таазим этебиз,
Эртеңкиден көп улуттун үмүтү.
Чыңгыз:
Ала-Тоо касиеттүү турагыбыз,
Акыйкат эркиндикте тураарыбыз.
Түбөлүк бийиктесиң кут-ооматын,
Тилибиз биздин соолбос булагыбыз.
Нурдөөлөт:
Улут тили бардык жерде сүйлөнсүн,
Өсүп-өнсүн, соолубасын, гүлдөсүн.
Жашап жаткан бардык улут үйрөнүп,
Кыйын дебей кыргызча так сүйлөшсүн.
Мугалим:
Сөз деген – ачкыч сырдашам десең,
Сөз деген - аткыч чырдашам десең,
Сөз деген – тапкыч ырдашам десең.
Сөз деген баскыч – кырды ашам десең.
Бат айтманы бат айтып, тили жатык бат айтып жаңылмачтан айтчулар барбы?
Курманжан, Эркайым (тиркелет)
Мугалим: Анда эмесе балдар даярдаган театр форумга көңүл бурсак. Бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдөн бир көрүнүштү чагылдырып беришет, көрүүчүлөр да активдүү катышып берет деген ойдобуз.
Тема: Үй-бүлөдөгү көйгөй
Алып баруучу: Жусуп ата менен Медина апанын эки гана кызы бар, алар үйдө отурганда кичүү кызы чуркап кирет.
Кичүү кызы: Ата, апа мен кайсы мектепке окуйм? (кайра чыгып кетет).
Медина апа: Э Жусуп кызыбызды бу жакын жердеги эле кыргыз мектепке берели э, бала бакчаны да орусча окуп калды.
Жусуп ата: Ооба ушул эле мектепке беребиз, аны эми кайда сүйрөп жүрмөк элек. Тигине орусча окуган улуу кызыңды да көрүп жатабыз.
Медина апа: И эми эмне кылайын, үйдөн кубалап жибер анда кызыңды.
Жусуп ата: Ай ушунун бардыгына сен күнөөлүсүң. “Мен айылдан окуп орусча билбей, аябай кыйналдым деп орус мектепке бербедиң беле, эми эмне таптың я? Орус тилин үйрөнүп, аны менен кошо орустун каада-салтын, динин кошо кабыл алды кызың. Орус эмес же кыргыз эмес бир маңкурт болуп калды.
Медина апа: Болду эми болоору болду да.
Улуу кызы: (орус досу менен кирип келет) Привет, мама, папа.Что у вас насторение нету? Что то случилось?
Медина апа: А биз жөн эле бул сиңдиң даярдоого барат эмеспи бул эле жакын мектепке берели деп сүйлөшүп атканбыз.
Улуу кызы: Ой мама зачем кыргыз мектепти, мен окуган эле орус школго беребиз ал деле жакын го.
Медина апа: Эмне зачем, зачеми жок эле кыргызча эле окуйт. Мына сени орус мектептен окутам деп балээге калдым. Кана сенин кыйратканың орус эмессиң же кыргыз эмессиң!
Жусуп ата: Ай эмне ызы-чуу я, койгула мен айттымбы ошол мектепте окуйт. Кыргыздарда атанын сөзүн эки кылбай укчу эле, азыркыларда андай да жок, ар кимиси өз билгенин кылат!
Улуу кызы: Пока, мен кеттим. Бул үйдө мен үчүн орун жок экендигин көрдүм, өз жанымды өзүм эле багам! Подружкама уят кылдыңар мени!
Алып баруучу: Кана көрүүчүлөр үй-бүлөдө мындай көйгөй жаралса, кантип чече алабыз, өз оюбузду аткарып беребиз.
1-көрүнүш
Алып баруучу: (залдан эки окуучу чыкты) Жусуп ата менен Медина апа улуу кызын мектепке берген жаткан учуру.
Медина апа: Э Айдин кызыбызды орус мектепке эле берели, мен айылдан окуп, кийин орусчадан аябай кыйналдым. Кызыбыз да кыйналбасын, өзүнө тың да болот.
Айдин: Кой андайыңды кыргыз мектептен эле окуйт, шаарда жашап жатпайбы орусчаны өзү эле үйрөнөт. Бала бакчадан да орусча окуду болот ошо эле. Кыргыз болгондон кийин кыргызча эле окуйт. Азыр заман башка тилди үйдө олтуруп үйрөнсө болот, орус мектеби жок эле.
Медина апа: Аа мейли анда сен айткандай болсун, кошумча окуп үйрөнсүн.
2-көрүнүш
Алып баруучу: Жусуп ата менен Медина апа улуу кызын мектепке берген жаткан учуру.
Медина апа: Э Нурдөөлөт кызыбызды орус мектепке берели, мен айылдан окуп, кийин орусчадан аябай кыйналгам. Кызыбыз да кыйналат го кийин.
Нурдөөлөт ата: Мейли берсе берели, бирок, бир шартым бар, үйдөн кыргызча окутуп, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, тилин, дилиннин баардыгын унутпагандай кылып тарбия беришиң керек.
Медина апа: Мейли мен өзүм көзөмөлгө алам. Эми үйдөн кыргыздын каада-салты менен жашайбыз да. Тарбиялайм.
Алтынай:
Тилибизди урматтап үйрөнүү,
Бул биздин пенделик парзыбыз.
Тилибизге түгөнбөгөн жашоо берип,
Барктайлы, баалайлы баарыбыз!
Хор:
Ата-бабаң жериңди сүй, түптүү кыргыз элиңди сүй.
Ата Мекенди, элди, эне тилди,
Кошой, Бакай, Манас атаңды сүй!
Комуз күүсү: Айдин “Маш ботой”
Бий: Бегимай, Акмарал, Алтына, Айзирек, Айдана
Хор: Манас гимни