СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим ыйык мурасым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим ыйык мурасым»

Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына карата аяк оона айынын 23үндө өтүлө турган “ЭНЕ ТИЛИМ ЫЙЫК МУРАСЫМ” аттуу көркөм окуу конкурсунун планы

Максаты: Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, сактоогого болгон окуучулардын сезимин ойготуу. Көркөм окууга, руханий байлыктарын кеңейтүүгө, сөз байлыктарын өстүрүүгө түрткү берүү.

Мугалим: Саламатсыздарбы, урматтуу таймашка келген коноктор. Бардыгыңыздарды 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен куттуктайбыз. Мамлекеттик тил күнүн быйыл сыймыктануу менен 29-жылы майрамдап жатабыз. Демек, баардыгыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, кыргыз эли-жери, тили үчүн күйгөн , патриот жаштардан болууга чакыруу менен бүгүнкү “ЭНЕ ТИЛИМ ЫЙЫК МУРАСЫМ” аттуу конкурсубузду ачык деп жарыялаймын. Бир четинен конкурс болсо экинчи жагынан кече деп да койсок болот, себеби, жалаң гана Мамлекеттик тилге арналган ырларды көркөм окуйбуз

Кылычты кыя чапкан тил,

Кыргызым барктап баккан тил.

Кызыл жалын от кечип,

Кылымдап жолду баскан тил.

Кырааты менен сүйлөсө,

Кытайга дагы жаккан тил.



Эчен ашуу ашкан тил,

Элибиз барктап, баккан тил.

Элдигин элим жоготпой,

Энедей барктап баккан тил.

Эр Төштүк. Жаңыл, курманбек

Эпостун баары баткан тил.



Акындын багын ачкан тил,

Акылды элге чачкан тил.

Башынан сактап жат айткан,

Бабабыз манас баткан тил.

Ааламда элге таанытып,

Айтматов багын ачкан тил демекчи баардыгыбызды өзүнө сиңирип, батырып, таанытып жаткан кыргыз тилибизге таазим этели.

Анда эмесе ташмашка калыстык кылган калыстар тобу менен тааныштытып коёюн.

Калыстар тобунун төрагасы: Эсеналиев Азиз Досойбекович

Калыстар тобунун мүчөсү: Жапарова Гулмира Жылкычиевна

Калыстар тобунун мүчөсү: Түмөнбаева Гулиза Токубековна

Калыстар тобунун мүчөсү: Акбаева Динара

Калыстар тобунун мүчөсү: Белекова Миргүл

Таймаштын шарттары:

  1. Стен газета

  2. Өз калемине таандык тилге арналган 4 куплет ыр көркөм окуу (текстти жасалгасы менен калыстарга тапшырылат)

  3. Тилге же мамалекетке арналган 6 куплет ыр көркөм айтуу (текстти жасалгасы менен калыстарга тапшырылат)

Эскертүү: Мектеп формасы, ырлардын куплеттери, жасалгасы менен тапшырылышы, жатка айтканы, көркөмдүүлүгү каралат.

Конкурстун катышуучулары 3 этапка бөлүнгөн

1-этап: 2-4-класстардан бирден окуучу (көркөм окуу) (1-2-орундагылар 2-турга өтөт)

2-этап: 5-8-класстардан бирден окуучу (үч тапшырма) (1-2-орундагылар 2-турга өтөт)

3-этап: 9-11-класстардан бирден окуучу (үч тапшырма) (1-2-орундагылар 2-турга өтөт)