СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектеби боюнча

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Гапыр Мадеминовдун "Ата-энелер сиздер учун" деген китебинен алынды 

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектеби боюнча»

Үй-бүлөдө балдарга сабак даярдоого шарт түзүү.

Үй-бүлөдө балдардын жакшы окуусу үчүн кам көрүү,атайын сабак

даярдоочу бөлмө түзүп берүүнүн мааниси чоң экендигин эске

алып,атайын “Мыкты сабак даярдоочу бөлмө” конкурсун

уюштурдук.

Бул конкурсту уюштуруунун дагы бир себеби, айыл жеринде

көпчүлүк ата-эне бул маселеге анчалык маани бербестен,

айрымдарынын үй-бүлөсүндө стол,стул жок, балдарына сабак

даярдоо үчүнатайын бөлмө бөлүгөн эмес. Балдары үйдө туш

келген жерде отуруп жазып, окуп,каллеграфиясы(колу), көзүнүн көрүүсү бузулуп, кыйналууда.

Сабак даярдоочу бөлмө жакшылап жасалгаланып

стол,стул,шкаф,диван,кроват иреттүү коюлуп баары

таза,жарык, тынч болсо ошол шарттын өзү балдарды мыкты

окууга, иштөөгө тартат, кызыктырат деген ойго келип бул

конкурстун жобосун түзүп,мугалим,окуучулар,ата-энелердин жардамы менен сынактан өткөрдүм.

Бул конкурсту өткөрүү үчүн ар бир класста атайын

комиссиялар түзүлүп,ар бир окуучунун үйүнө барып, сабак

даярдоочу бөлмөлөрүн жободогу критерийлер менен текшерип,

айрым окуучулар башка окуучуларга караганда коюлган баалары жогору болуп,бул кароо сынакка талапкер болушту.

Үй-бүлөдө тарбиянын негизги багыттары.

Акыл-эс тарбиясы

Акыл-эс тарбиясынын негизги максаты баланын ой чабытын өстүрүү,сезимталдык, зиректик,тапкычтык, анализдеп,салыштырып, айырмалап, окшоштуруп корутунду чыгара билүүгө үйрөтүү.





Дене тарбиясы

Үй-бүлөдө акыл-эси,адеби,жөндөмдүүлүгү, жалпы эле адамдык сапаттары алгач анын ден соолугуна толук көз каранды болот.



Эмгек тарбиясы

“Эмгек натыйжасы-байлык”

И.Д.Ушинский

Эстетикалык тарбия

Эстетикалык тарбия туура багытталса балдардын жан дүйнөсүн байытып,дилгирлентип, өсүп өнүгүүгө шыктандырат.

Адептик тарбия

Улуттук эң кымбат байлык анын ыймандык,адептик сапаты”

Н.Г.Чернышевский









































Балдарыңыз сиздин келечегиңиз.



“Тарбиячы адам тап, пейли кенен,

Уул –кызың дени сак өсөт экен.

Билим берип адилет тарбияла,

Эки дүйнө бактылуу болот анда.

Уулдарга үйрөткүн жакшы сапат,

Жакшы иштеп бакыт да,байлык табат”

Жусуп Баласагын





Жакшы наам калтыруу кааласаң эгер,

уулуңа акыл бер,үйрөт өнөр!

Уулду эркелетип өстүрүү катаа,

андайлар турмушта көрөт көп жапаа.

Чыдам бер татысын турмуш көп азын,

жаныңдай сүйсөң да көтөрбө назын,

Жашынан адеп, илим-өнөр бер,

Жакшылыкка үйрөт,жамандан кайтар.

Саьдий ШЕРОЗИЙ





Ата-эне болуу бул чоң жоопкерчилик.

Атанын да,эненин да балдар алдында өз милдеттери жоопкерчилиги бар. Ата балдарынын тышкы дүйнөгө ишенимдүүлүгүн,ийкемдигин, байланышын калыптандырат . Бекеринен кыргыз эли “Атаң барда эл тааны,атың барда жер тааны” деген эмес. Ал эми эне балдарыны мээримдүүлүккө, сүйүүгө болгон керектөөсүн толуктап, ички дүйнөсүнүн тынчтыгы жана тең салмактуулугун камсыздайт.

Көбүнчө ата-эне жумуш, турмуш-тиричиликтен балдарды тарбиялоого колум бошободу деп өзүн актайт. Бирок балдарынын жанында болуп машыгууга колу бошобосо да алардын руханий керектөөсүн байкоосу зарыл,мына ушул эң маанилүү. Жумушка байланыштуу үй-бүлөдөн алыста болсо да телефон, кат аркылуу үй-бүлө менен байланышып окуусу, жашоосу жана жан дүйнөсүнүн абалы менен кызыгып, руханий керектөөсүн билип турса бул балага дем, күч болот. Алар ата-энем алыста же жумуштан колу бошобосо да менин окуум, жашоомо кызыгат. Ал эми бул түшүнүк бала үчүн өтө маанилүү. Бул түшүнүк аркылуу ата-эне балдарынын жан дүйнөсүнө жакындай алат.

Турмуш-тиричилик,акча байлык деп өз балдарына кайдыгер,кош көңүл мамиледе болуп же балдарга зордук-зомбулук менен тарбия берген,сүйүү, мээрим жетишпеген үй-бүлөлөрдө эки түрдүү балдар өсүп чыгат. Биринчиси эч кимге жана эч нерсеге кызыкпаган,окугусу келбеген,көздөрүндө балалык учкун байлаган тунт балдар. Экинчиси эркелетүү, сүйүү, мээримге тойбогон, башкаларга да аны бере албаган ачуулуу,агресивдүү балдар. Мындай балдар келечекте өзүнө, жакындарына өздөрү жашаган коомго зыян келтириши мүмкүн.

Ошол үчүн бир дагы ата-эне бала тарбиясына жоопкерчиликсиз мамиле кылууга укугу жок. Башкача айтканда бала тарбиясына астейдил,чын дилден көңүл буруп, ал үчүн атайын китептерди окуп, бала тарбиясына өз алдынча изденип,даярданып, көңүл бөлүп толук арнаса гана келечекте коомго да, ата-эненин өзүнө да пайдалуу,бактылуу балдар өсүп чыгат.



Тарбиялуу адам.

Акылдуу, билимдүү,өнөрлүү

Эмгекчил, максаттуу

Ыймандуу,мээримдүү

Ак ниет,адамгерчилик, адилеттүү





Айкөл,март,берешен

Зирек,паам-парасаттуу



Мекенчил, элдик, ааламдык







Эр жүрөк, тайманбас

Тарбиялуу адам (белги, касиет, сапаттары)



Сабырдуу,топуктуу

Жакшы табиттүү, тыкан сүйкүмдүү



Бир сырдуу,көп кырдуу

Токтоо,дымактуу,сүрдүү

Кичипейил,сылык



Куш пейиларуу, пакиза

Жакшы-жаман,дос-душманды айырмалаган



Кадыр билги, оопачыл

Ата-эне, элин сыйлаган

Үй-бүлөчүл,бала жандуу

Ымала,мамилечил

























Терс сапаттардан балдарды сактоо жөнүндө.

Бийлигине,байлыгына ишенүү

Кекирейгендик

Менменсинүү

Куулук





Эки жүздүүлүк



Кошоматчылык





Кызганыч



Пастык

эне



Жалкоолук



Түркөйлүк

Көрө албастык

Сыйкалык



Кыянатчылык

Текебердик



Чагымчылдык

ыпыластык

Жалганчылык

Ээн ооздук



















Маданияттуу үй-бүлөнүн белгиси

  1. Үй-бүлөнүн ынтымактуулугу

  2. Тазалык-тартиби

  3. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз-ара түшүнүү,колдоо жана сыйлоосу

  4. Ата-энелер балдарынын жакшы окуусу, тарбиялануусу,ден-соолугу,эс алуусу, интеллектуалдык,маданий өсүүсүнө,кругозорунун кеңейишине зарыл шарт түзөт..

  5. Үй-бүлөдө ар дайым интеллектуалдык рухий өсүп,өркүндөөгө, изденүүгө умтулуу болуп турат.

  6. Балдары ата-энесинин камкордугуна жакшы окуп, үлгүлүү жүрүш-турушу менен жооп берет.

  7. Үй-бүлөдө өз ара сыйлашуу,сырдашуу,талап коюу,жардамдашуу иштеринин болушу..

  8. Үй-бүлөнүн ийгилиги,абийири даңкы үчүн баары бирдей кам көрөт, жооп берет.

  9. Адал эмгек,акыйкат,адамгерчилик. Билим,маданият,материалдык байлык менен бирге рухий байлыкка умтулуу, ыймандуулук ж.б. үй-бүлөнүн башкы баалуулуктары болуп эсептелет. Мындан тышкары бардык нерсе өз ордунда болот.

  10. Телевизор жана радио иштеп турат жана алар максаттуу пайдаланылат.

  11. Үй-бүлөлүк китепкана түзүлөт.

  12. Системалуу гезит-журнал алып окулат.

  13. Атайын сабак даярдоочу бөлмө болот. Анда стол,стул ж.б. зарыл каражаттар китеп койчу текче,шкаф ж.б.болот.

  14. Уул-кыздары “эң жакшы”, “жакшы”окуйт.

  15. Ата-эне балдарынын класс жетекчисин,предмет мугалимдерин жакшы таанып,системалуу байланышта болот.

  16. Ата-эне ар чейректе балдарынын сабагына кеминде 2 саат катышып, мектепке келип турат.

  17. Ата-энелер чогулушуна катышып ой-сунуштарын айтып турат.

  18. Ата-эне балдар тарбиясы жөнүндө педагогикалык китептерди окуп турат.

  19. Китеп, гезит окуп өз көз карашын кеңейтип, балдарына үлгү болот.

  20. Балдарныны мугалимдерине урмат менен мамиле жасап, уул-кыздарына үлгү көрсөтөт.