СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектебинин көргөзмөсү менен тааныштыруу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектебинин көргөзмөсү менен тааныштыруу»

Токтогул атындагы орто мектебинде « Энелер мектеби» боюнча уюштурган иштери тууралуу маалымат жана көргөзмө менен тааныштыруу

Саламатсыздарбы урматтуу семинардын катышуучулары! Биздин мектепке кош келиниздер! Сиздердин уруксатыныздар менен бүгүнкү жыйналышыбыздын себеби болгон биздин мектепте “ Энелер мектебинин” өтүлүшү, иш-аракети тууралуу айтып өтсөм. Улуу устатыбыз Гапыр Мадеминовдун демилгеси менен түзүлгөн “Энелер мектеби” биздин мектепте өтүлүп жатканына үч жылдын жүзү болду жана Г Мадаминовдун “Энелер мектеби” программмасынын негизинде иш алып барабыз.

Биздин “Энелер мектебинде” энелер бала тарбиялоонун жаңыча, заман талабына ылайык усулдарын үйрөнүшөт, тажрыйбалуу, алдыңкы энелер өз тажрыйбаларын жаш энелер менен бөлүшөт. Педагогика, психология жаатында, медицина тармагында болобу ар тараптан энелердин маалыматтуу болушуна аракеттенип келебиз.

Көргөзмөдө ар бир класс жетекчинин “Энелер мектеби” боюнча жасаган иштери, көрсөтмө куралдары, тузгөн иш-чарасы, өткөн сабактары тууралуу иштердин изи салынган портфолио коюлган.

Мектепте жөн гана “Энелер мектебинин” сабактарын өтүп тим болбостон, энелер менен биргеликте ишке ашырылуучу “ Мыкты окуучу”, “Мыкты эне”, “Мыкты үй-бүлө”, “Эн мыкты сабак даярдоочу бөлмө” ж.б конкурстарды уюштуруп, энелерибиздин бала тарбиялоого болгон көз караштарынын өзгөрүүлөрүн байкап, анализдерди жүргүздүк.

“Энелер мектебинин” сабактарынын үзгүлүксүз өтүлүп, энелердин мектеп менен тыгыз байланышынын натыйжасында мектеп окуучулары жашоосундагы алгачкы ийгиликтерге кадам шилтеди. Олимпиаданын зоналдык, региондук, райондук, облустук, республикалык турларында жакшы ийгиликтерди жарата баштады. Мисалы 2018-жылы “ Мыкты эне” конкурсунун жеңүүчүсү болуп Джамшитова Сурайе табылса, анын кызы кыргыз тили жана адабияты сабагынан олимпиаданын республикалык туруна катышып, республика боюнча эң мыкты беш окуучунун катарын толуктады. Быйыл да облустук олимпиадага даярдык корүп жаткан маалы. Айта кетчу нерсе Зулфизарды ушул ийгиликтерге жетишүусү үчүн мугалимдери менен катар эле уй-булөсүнун, өзгөчө энесинин колдоосу, уйдөгү тузулгөн жакшы шарт да өз таасирин берүүдө.

Мектебибиздин мыкты энелеринин баланы туура тарбиялоо боюнча даярдаган доклады, рефераты ж.б иштери да жайылган.

“Энелер мектебинин” башкы максаты- энелерди мектеп турмушуна кызыктыруу, балдарынын китепке болгон кызыгуусун арттыруу. Көргөзмөдө “Үй-бүлөдө адабий китеп окуу, балдарды китепкөйлүккө тарбиялоо” деген темада өтулгөн сабактан фото баяндар коюлган. Мындан сырткары энелерди сабак окууга гана чакырбастан ден соолукту чыңдоо, мугалимдер менен энелердин, балдар менен энелердин ортосунда жакын мамиленин, достуктун башаты болгон спорттук мелдештерди байма-бай өткөрүп турабыз. Андан сырткары элдик педагогиканын бир бутагы болгон улуттук маданиятты, элдик үрп-адатты, каада-салт, нарк-насилди жандандыруу максатында Нооруз майрамына карата “Салам сага санжыралуу- Ноорузум” аттуу кароо- сынак башталгыч класс окуучулар жана энелери ортосунда өткөрүлгөн.

Бугунку “Энелер мектебин- ийгиликтин ачкычы” деген аталыштагы семинарда эки ачык саат жана спорттук мелдеш өткөрүлөт. 1-сабак З.Ибрагимова “Уй –Бүлөдө балдарды китеп окууга үйрөтүу”деген темада, кийинки сабак Ш. Бойбобоева башталгыч класстын энелери үчун “ Дени сак бала-эртенки күндүн келечеги» деген аталышта өтөт. Андан соң 8-класстын класс жетекчиси И. Иргашева менен дене тарбия мугалими М. Туракуловдун уюштуруусунда “Дени сак эне-дени сак бала” деп аталган спорттук мелдеш өткөрулөт. Көнүл бурганыныздар учун чон ыракмат!



Көргөзмө менен тааныштырган кыргыз тили жана адабияты мугалими,11-класстын класс жетекчиси Гулназа Бердиева












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!