СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектебинин максаты жана милдеттери

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата-энелер үчүн методикалык жардам

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектебинин максаты жана милдеттери»

Автор: Гапыр Мадаминов Сабак өткөн Кызыл-Жол орто мектебинин мугалими Саттарова Жумагүл

Темасы:Энелермектебининзарылдыгы,максаты,милдети,мааниcи Максаты:

1. Балдардын бардык жакшы сапаттарынын көпчүлүгү энелерден өткөндүгүн эске алып, айыл жериндеги энелерге үй-бүлодө балдарды мектепке даярдоо,акыл-эс,адеп-ахлак тарбиясы жөнүндө алгачкы педегогикалык маалымат берүү.

2. Үй-бүлөдө балдардын сезүү,кабылдоо,ойлоо,эстеп калуу жана башка таанып билүүгө,билим алууга зарыл багыттарын калыптандырууга эң жөнөкөй жолун,ыкмаларын үйрөтүү.

3.Энелерге,айрыкча жаш энелерге балдарды тарбиялоого кызыгууну, жоопкерчиликти ойготуу. Жүрүшү:

1. Киришүү. Мугалимдин сөзү .

-Саламатсыздарбы,урматтуу энелер! Бүгүн энелер мектебинин 1-чи сабагын баштап отурабыз.

Сабакты накыл сөздөр менен баштасак. ,,Эне- үйдүн куту”-, ,,Бардык жакшы нерселер күн нурунан жана эне мээриминен жаралат”.

Бала тарбиялоодо эненин ролу чоң. Ошондуктан келечектин мыкты инсанын тарбиялоо милдетибизди аткаруу үчүн ‘’Энелер мектебинен’’ Г.Мадеминовдун иш-тажрыйбасын колдонууну туура таптык.

2. Бири- бири менен таанышуу.

Өзүн тааныштыруу.Ар бир эне өз атын бөлүнгөн тайпасына жараша өзүндө бар сапатты айтат. Мисалы:Жумагүл-жайдары,Уулча-уяң,Махабат-мээнеткеч,Алтынай-акылдуу,Гүлнара-гүлдөрдү жактырат,Үрумпаша-үшүкчүл,Лола-лола гүлүн өстүрөт

3. Жаңы тема менен тааныштыруу.

А) Оюн ‘’Акча жана баалуулук’’.

Ата-энелерге 100 сомдук акча көрсөтүлүп ,,Мындай акча кимге керек?” деген суроо берилет. ,,Мага” деп жооп беришет . Колу менен мыжыгып туруп ,,Эми кимге керек?” деди. Мурдагыданда көбүрөөк энелер кол көтөрүштү. Жерге таштап тебеледи да ,,Эми кимге керек ?”деп кайра сурады эле, кайра эле көпчүлүк ,,Бизге “ дешти.

Анан мугалим: ,,неге акча бырышып,топурак болуп тебеленип калса да кайра эле керек деп айттыңыздар ?” деп суроо узатат. Ар кимиси ар түрдүү жооп айтты.Андан соң мугалим өз оюн жыйынтыктады.

Ар бир адам өз алдынча баалуу,анын кандай гана кемчиликтери болбосун ал өзүнчө инсан.Бырышкан акча бырыш экенине карабастан баары бир керектүү,элдин керектөсүн канааттандырат.Ал эми биз адамдар бырышкан кемчиликтерибизди тарбия жолунда гана кетире алабыз.Єз баркыңыздарды эч качан түшүрбөңүздөр.

Б).Слайд менен тааныштыруу , ой бөлүшүү.

В).Ата –энелер үчүн анкеталык суроолор.

4.Бышыктоо. ,,Мен энемин “деген ой-толгоо,жазуу жана презентациялоо.

Жыйынтык

.Апалардын сабак боюнча ой-пикири.

5.Үй тапшырма ,,Мен кандай энемин?” эссе жазуу.

6. Сабакты жыйынтыктоо.

Мектеп, мугалим менен ата-эненин байланышы.

Ата энелердин өмүр бою тилегени балдарынын илим-билимге , адеп-ахлакка умтулуп,мекенге татыктуу жаран болууга дилгир өсүшү.Андыктан балдардын тарбиясы, мектептен алган билими ар бир ата –эненин ойго салып,үмүткө байлайт.

Бирок көпчүлүк ата-энелердин балдарынын билим уясы болгон максаты менен байланышууга ,барып кабар алууга чамасы келбейт.Же турмаш –тиричилик,жумуш деп убакыт таба албай, убара. Өкүндүргөнү таптакыр кызыкпаган ата-энелер да кездешпей койбойт .Урматтуу ата-энелер,балдарыңыздын окууга көңүл бөлбөй ,тартибин начарлаганынын да бир себеби мына ушунда болушу мүмкүн.

Биз ата-энелер балдардын билим алуусуна кызыкпасак ,маани бербесек,бизден үлгү алып, бизди таанып чоңойгон балдарыбыз ,,мектепте билим алуу анча деле зарыл эмес тура,ошон үчүн ата-энем кызыкпай аткан болуп жүрбөсүн , сурап да койбойт деп ойлоп , мектепке болгон кызыгуусун , сый –урматын жогото баштайт.

Демек ,сиздин мектеп жана мугалим менен болгон байланышыңыз эң биринчи кезекте балаңыздын таалим-тарбиясына ,өзүңүзгө керек.Анан ошол таалим-тарбияны жакшы ишке ашыруу үчүн мугалими сиз менен байланышта болуп турса артыкчылыктуу болот.

Анткени,мугалим окуучунун ата-энесинен дем күч алат,окуучусунун үйдөгү аракеттеринен көбүрөөк билип турат.Муну менен мектепте билим тарбия берүү толук болуп,өз максатына жетет.Ансыз баланын аракеттеринен баары жарым жартылай келе берет.Башкача айтканда эптеп барып ,чала окуп,эптеп кайтып келет.

Ардактуу ата-энелер!

Биз ар бир баланын Кыргызстандын келечегине жараган татыктуу жаран болуп өсүүсүн кааларыбыз чексиз.Бирок,каалоо тынымсыз аракеттин натыйжасында гана ийгиликтүү болорун дагы да тереңдеп сезе билип , балдарыбыздын келечеги үчүн болгон күрөштү токтотпойлу .Мугалим жана биз ата-энелер тарбияланган ар бир бала эртеңкибиздин көрсөткүчү , болбоду дегенде өзүбүзгө кайтып келүүчү жылуу мамиле.

Мен энемин!

Мен энемин! Жерге тынчтык тилеген, 7-бет

Мен энемин! Бала сүйүп таптаган .

Мен энемин! Жардам берген жубайга,

Улуулукту , сулуулукту барктаган.

Мен энемин! Ынтымакты эңсеген,

Бүт ааламга жылуулукту көздөгөн .

Мен энемин,жумшак таза жүрөгү,

Ачуулансам аягына жетпеген.

Бир акылман мындай деген экен: ‘’Дарактын түрүнүн улантылышында урук жана данек кандай мааниге ээ болсо, адам баласынын урук тукумунун уланышында да бала ошондой мааниге ээ ‘’


























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!