СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика 10-класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

10-класстар үчүн сабактын иштелмеси. Тема:"Жылуулук саны, аны эсептөөнүн формуласы" .

Просмотр содержимого документа
«Физика 10-класс»

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Кара-Суу району

52 З.Төрөбеков атындагы орто мектеби









Физика сабагы боюнча ачык сааттын иштелмеси

Тема:

Жылуулук саны жана анын формуласы





Мугалим: Нурзина Жолдошова

Классы: 10-класс





2022-жыл

Сабактынтемасы: § 44.Жылуулук саны жана анын формуласы

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү

Билим берүүчүлүк:

Окуучуларга жылуулук берүүдө нерсе алган же жоготкон ички энергиянын саны жылуулук саны деп аталышын билдирүү.


Окуучулар нерсенин ички энергиясынын жумуш аткарылбастан өзгөрүү процесси жылуулук берүү болушун билишсе.

Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар заттын бирдик массасын 1 ге ысытуу үчүн зарыл болгон жылуулук саны салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулук болушун түшүнүп, туура анализдетүү



Нерсе алган жылуулук саны, заттын тегине жараша болушун анализдешсе



Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар алган билимин турмушта колдонууга тарбияланышат

Сүйлөө чеберчиликтерин сабакта колдонушса

Сабактынжабдылышы: ТСО, телефон, суроолор жазылган карточкалар, плакаттар, сүрөттөр, көрсөтмө куралдар

Сабактын формасы: аралаш сабак

Сабак өтүү усулу: таймаш сабак

Сабактын жүрүшү: 1. Сабакты уюштуруу


Жаңы сабактын планы:

  1. Окуучулар эки топко бөлүнүп ат коюп, атын коргошот.

  2. Жаңы тема түшүндүрүлөт.

Жаңы материалдын мазмуну:

Нерсени ысытуу үчүн ага берилген, же нерсе муздаганда андан бөлүнүп чыккан ички энергиянын саны жылуулук саны деп аталат. Жылуулук саны гректин тамгасы менен белгиленет.

Заттын бирдик массасын 1 ге ысытуу үчүн зарыл болгон, же зат 1 ге кезде бөлүнүп чыккан жылуулук саны заттын салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу деп аталат.

Салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу “с” тамгасы менен белгиленет. Эгерде ден ге чейин ысытуу үчүн зарыл болгон жылуулук санын десек, анда жогорку аныктоонун негизинде салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу:

формуласы менен туюнтулат.

Бирдиктери: , , , СИде

Заттын бирдик массасы ысышы үчүн алган жылуулугун муздаганда ушул эле өлчөмдө бөлүп чыгарат. Заттын салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу белгилүү болсо, алган же берген жылуулук санын эсептөөгө болот:

мында – жылуулук саны, с - салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу, – масса, - баштапкы температура, акыркы температура

Жылуулук санынын бирдиги үчүн каллория, килокаллория кабыл алынган.Бирдиги СИде = = Дж б.а. = Дж.

1кДж = Дж, 1мДж = Дж.

Жылуулук санынын СИдеги бирдиктеринин байланышы:

1ккал = 4200 Дж, 1кал = 4,2 Дж.

Эгер – температуранын өзгөрүшү десек, анда

болот. Анда салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу төмөнкүдөй болот:

  1. Теманы бышыктоо үчүн класс ичинде таймаш уюштурулат.

Эки топко жалпы суроо (3 суроо)

1) Термодинамика бөлүмү эмнени окутат?

2) Нерсенин ички энергиясын өзгөртүүнүн кандай жолу бар?

3) Критикалык абал деп кандай абалды айтабыз?

Жооптор:

1.Термодинамика – жылуулук жана жумуш жөнүндөгү окуу.

2. Нерсенин ички энергиясы эки жол менен өзгөртүүгө болот:

1) Нерсеге жылуулук санын берүү менен

2) Нерсенин үстүндө механикалык жумуш аткаруу жолу менен.

3. Суюктуктун температурасы жогорулаган сайын ал бууланып олтуруп белгилүү чекке жеткенде суюк же газ абалдын айырмасы билинбей калат. Бул абал критикалык абал деп аталат.

4. Карточка менен иштешет.

1. Жылуулук саны деген эмне?

2. Салыштырма жылуулук сыйымдуулук деген эмне?

3. 200С температурада турган 1 кг сууну кайнатуу үчүн канча жылуулук саны талап кылынат? Суунун салыштырма жылуулук сыйымдулугу 4200 Дж/кгС.

4. 5 кг темирди 100С ден 900С ге чейин ысытууга канча жылуулук сарпталат? Темирдин салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 460 Дж/кгС.

5. Идеалдык газ абалынын теңдемесин жазгыла.

6. Реалдык газ абалынын теңдемесин жазгыла.

7. 450 К ди 0С менен туюндургула.

8. 200С ди Келвин менен туюндургула.



Жыйынтыктоо: Демек, заттын бирдик массасы ысышы үчүн алган жылуулугун муздаганда ушул эле өлчөмдө бөлүп чыгарат.

Баалоо: Сабакта жакшы катышып, жооп бериши боюнча бааланат.



Аткарган : _______________ текшерген: ОББ: ______________________



1 . Жылуулук саны деген эмне?





2. Салыштырма жылуулук сыйымдуулук деген эмне?





  1. Идеалдык газ абалынын теңдемесин жазгыла.





  1. Реалдык газ абалынын теңдемесин жазгыла.

  2. 200С температурада турган 1кг сууну кайнатуу үчүн канча жылуулук саны талап кылынат? Суунун салыштырма жылуулук сыйымдулугу 4200 Дж/кгС.



6. 5 кг темирди 100С ден 900С ге чейин ысытууга канча жылуулук сарпталат? Темирдин салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 460 Дж/кгС.

7. 450 К ди 0С менен туюндургула.





8. 200С ди Келвин менен туюндургула.