Тест №1. Предмети: физика
1. Идиштин түбүнө жасалган гидрастикалык басым ... көз каранды.
а) түбүнүн аянтынан б) идиштин формасынан в) идиштеги суюктуктун салмагынан г) суюктуктун куюлган бийиктигинен д) идиштеги суюктуктун салмагынан
2. Чайнек качан нурду кобуроок нурдантат: ичинде комнаттык температурадагы суу болгондобу же кайнак суу болгондобу?
а) температурасы жогору болгон нерсе кобуроок нурданткандыктан, ичинде кайнак суу болгон чайнек
б) чайнекте комнаттык температурадагы суу болгондо в) нурдануу суунун массасынан коз каранды
г) нурдануу чайнектин өлчөмүнөн көз каранды
д) нурдануу температурадан көз каранды
3. Төмөнкү процесстердин кайсынысы механикалык кыймыл эмес?
а) Нерсенин өз огунун айланасында айланышы.
б) Нерсенин күнгө салыштырмалуу тынч абалда болушу.
в) Аныктамаларды механикалык жаттоо процесси. г) Идиштеги суунун агып чыгуу процесси. д) Адамдын басуу процесси.
4. Теплоход дарыянын агымы боюнча жүргөндө, анын жээкке карата ылдамдыгы 20 км/саатка барабар. Дарыя боюнча ойдө жүргөндө анын жээкке карата ылдамдыгы 18 км/саатка барабар. Дарыянын агымынын жээкке карата ылдамдыгын аныктагыла.
а) 2 м/с б) 2,5 м/с в) 1,5 м/с г) 1 м/с д) 0,28м/с
5. Машина түз жол менен 8 км аралыкты оттү, андан кийин тик багытта 6 км аралыкты өттү. Машинанын өткөн жолун тапкыла.
а) 20 м/с б) 6 м/с в) 8 км г) 10 км д)14 км
6. Велосипедист эңкейиште 0,3 м/с2 ылдамдануу менен жүрөт. Эгер велосипедисттин баштапкы ылдамдыгы 4 м/с га барабар болсо, анда 20 с өткөндөн кийин ал кандай ылдамдыкка ээ болот?
а) 20 м/с б) 10м/с в) 5 м/с г) 15 м/с д) 12 м/с
7. Кыймылдын тендемеси төмөндөгүдөй x=(6+12t-4t2). Нерсенин ылдамдануусу эмнеге барабар?
а) 6 м/с б) 12 м/с в) -8 м/с г) -4 м/с д) -6 м/с
8. Нерсенин кыймылынын тендемеси төмөндөгүдөй x=3+8t-t2. Анын ылдамдыгы нөлгө айланганга чейинки убакыттын ичинде анын координациясы кандай болот?
а) 3 м б) 8 м в) 16 м г) 19 м д) 32 м
9. Шамалдын ылдамдыгы 6 м/с, абага салыштырмалуу жаандын тамчысынын ылдамдыгы 8 м/с. Жаандын тамчысынын Жерге салыштырмалуу ылдамдыгы эмнеге барабар?
а) 6 /см б) 10 м/с в) 8 м/с г) 14 м/с д) 16 м/с
10. Шаркыратманын негизинде түшкөн суунун ылдамдыгы 19,6 м/с болсо, шаркыратманын бийиктиги эмнеге барабар?
a) 196 м б) 98,8 м в) 19,6 м г) 1,96 м д) 9,81 м
11. Сааттын секундалык жебесинин мезгили эмнеге барабар?
a) 1 c б) 10 c в) 20 с г) 40 с д) 60 с
12. Инерциялык эсептөө системасы деп эмнени айтабыз?
a) Typykyy ылдамдыкта инерция менен айлана боюнча кыймылдаган эсептөө системасын.
б) Нерсеге сырттан таасир эткен таасир жок болсо же алар компенсацияланса, нерсе эсептөө системасына салыштырмалуу түз сызыктуу бир калыпта кыймылда болгон эсептөө системасын.
в) Нерсеге сырттан аракет эткен таасир жок болсо же алар компенсацияланса,
нерсе эсептөө системасына салыштырмалуу багыты жана чондугу боюнча туруктуу ылдамдануу менен кыймылда болгон эсептөө системасын.
г) Парабола боюнча кыймылда болгон эсептөө системасын.
д) Жылма ийри сызык боюнча кыймылдаган эсептөө системасын.
13. Нерсенин массасы анын ... мүнөздөйт.
а) инерттүүлүгүн в) көлөмүн б) чондугун г) зарядын д) температурасын
14. Күч эмнени мүнөздөйт?
а) чөң жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгүн
б) бир нерсенин экинчи нерсеге таасир көрсөтүү ченин
в) бир нерсенин экинчи нерседен канчалык күчтүүлүгүн
г) жумушту тез аткаруу жөндөмдүүлүгүн д) нерсенин кубаттуулугун
15. Нерсе тынч абалынан 10 Н кучтун таасири менен 1 с ичинде 1 км аралыкты өттү. Анын массасы эмнеге барабар?
а) 1 кг б) 0,3 кг в) 1 г г) 0,5 кг д) 5 г 16. Массасы 200 г. нерсе горизонталдык тегиздикте радиусу 80 см айлана боюнча кыймылдайт. Айлананын борбору менен нерсени байланыштырып турган жиптин керилүү күчү 4 H. Нерсе кандай ылдамдык менен кыймылдоодо? а) 4 м/с б) 5 м/с в) 6 м/с г) 7 м/с д) 8 м/с
17. Массасы 500 г нерсеге перпендикуляр багытталган эки күч F1=3H жана F2=4H аракет этет. Нерсенин ылдамдануусу эмнеге барабар?
кыймылдоодо?
F1
m
F
2
a) 30 м/с2 б) 40 м/с2 в) 10 м/с2 г) 60 м/с2 д) 70 м/с2
18. 10 м/с баштапкы ылдамдык менен тик өйдө ыргытылган нерсе 5 метр бийиктикке жетти. Ал канча убакыттан кийин Жер бетине түшөт?
a) 1 с б) 2 с в) 3 с г) 4 с д) 5 с
19. Катуулугу 300 Н/м чынжырды 4 см ге чоюшту. Ал кандай күч мененчоюлган? a) 1200 H б) 600 Н в) 100 н г) 20 н д) 12 Н
20. Трактор массасы 6 т чананы сүйрөп бара жатат. Чана менен жолдун бетинин сүрүлүү коюфиценти 0,03. Трактордун тартуу күчү кандай? a) 1800 H б) 1600 Н в) 1400 н г) 1200 н д) 1000 Н
Тест №1
Предмети: Физика
Мугалим: Б.Д.Салимбаева
Окуучунун аты-жөнү________________________
__________________________________________
Мектептин аталышы_______________________
__________________________________________
__________________________________________
Классы____________________________________