| Мини-тесттер (аз сандагы тапшырмалар) окуучулардын иш жүзүндөгү билимдерине, билгичтигине жана жөндөмдөрүнө,башкача айтканда, айрым материалдын конкреттүү маалыматтарын билишине баа берүүгө чакырылган. Мини-тестти аткарууга сабактын 5 мүнөттөн ашпаган убактысы кетет. Окуучулар мини-тестти дептерлерде жазуу жүзүндө аткарат, ал эми мугалимге өз барагын берет, анда сунуш кылынган тапшырмаларга жооптор жазылган. Мисалы. Тема: Чоңдуктар. Жаңы материалды үйрөнгөндөн жана бекемдегенден кийин, мугалим окуучуларга төмөнкүдөй мини-тестти аткарууну сунуш кылат. Иштерди аткарууга 5 мүнөт. 1. Километрлерден жана метрлерден 230 080 м деген туура жазууну тап? А)23 км80 м;Б) 230 км 800м;В)230км 80м; Г)23км 800м; Д) 230 км8 м. 2. Эгерде 40 метрди 20 сантиметрге азайтса, эмне келип чыгат? А) 20 м;Б) 39 м80 см;В)39 м20 см; Г)20 см Д) 38 м. 3. в ½ метрде канча дециметр бар? А) 10 дм; Б) 50 дм; В) 5 дм; Г) 100 дм; Д) 1 дм. 4. Узундуктун эң ири бирдигинин номерин көрсөт. А) 1 км; Б) 1 м; В) 1 дм; Г) 1 см; Д) 1 мм. 5. 7 т 640 кг да канча килограмм бар. Мугалим жооптору бар барактарды чогултат жана натыйжаларды текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алда канча оорчулукту пайда кылган суроолорду талкуулайт. (Бүткүл класста суроолордун бири боюнча маселе келип чыккан учурда мугалим кайрадан кайтып келүүгө жана бул чакан теманы түшүндүрүүгө тийиш.) Мугалим жетишкендиктерди каттоо дептерине (сабактар боюнча пландарга) айрым окуучулардын натыйжалары жагынан жазууларды жазат. Мисалы: Мээрим – тоннаны килограммга айландыра албайт, Кубат – сандардыкилометрлерге жана сантиметрлерге айландыра алат. Мугалимге жардам үчүн: Тесттик тапшырмалар жабык жана ачык формада болушу мүмкүн. 1. Жабык формалар, анда даяр жооптор берилет, алардын ичинен бирөө туура болуп саналат, калгандары – дистракторлор1. Жабык тесттик тапшырмалар шарттардан (ырастоодон же суроодон) жана жооптордун топтомунан турат, алардын ичинен бирөө туура, ал эми калгандары туура эмес, бирок чындыкка жакын. Мындай тапшырмалар төмөнкүдөй себептерден улам жабык деп аталат: окуучу өзүнүн жообун түзө албайт, ал аны сунуш кылынган топтомдон тандоого тийиш. Мисалы: 500300 деген санда канча жүз бар экенин аныкта? (А) 500; (Б)503; (В)5003; (Г) 300; (Д) 50030 2.Ачык формалар, мында окуучу тапшырмага жооп берүү менен сызыкча коюлган жерге жоопту кошумча жазат. Мисалы: 1. Эки сандын суммасы 68ге брабар, алгачкы кошулуучу сан 17. Экинчи кошулуучу сан канчага барабар? Жоопту жазгыла ___________ 2. Бир мүнөт бир секундадан канча эсе көп. Жоопту жазгыла ___________ |