СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометриялык прогрессия

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Геометриялык прогрессия»

Назгүл Каныбекова ЖРТ

11-класс

“Жетиген” мектеп-лицейинин математика мугалими


САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ГЕОМЕТРИЯЛЫК ПРОГРЕССИЯ


САБАКТЫН МАКСАТЫ:

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөрү:

Когнитивдик:

-Окуучулар геометриялык прогрессия түшүнүгүнө ээ болушат;

-Геометриялык прогрессиянын мүчөлөрүн жана бөлүмүн ажырата алышат;

-Геометриялык прогрессияны арифметикалык прогрессиядан айырмалап биле алса;

-Берилген геометриялык прогрессиянын каалаган мүчөсүн таба алса;

-Прогрессиянын бөлүмүн эсептей алса;

Жүрүм-турумдук:

Окуучулар топ менен жана жекече иштөөдө өз оюн жактоону билишет жана далилдеп, тыянак чыгара алышат;

-Турмуштан геометриялык прогрессия кездешүүчү жагдайларды баяндап берсе;

-Көйгөйдүн берилишине жараша чыгаруу жолдорун сунуштаса;

Баалуулук:

Өз алдынчалуулук, сынчылдык, математикалык каражаттар менен реалдуу турмуштагы процесстерди салыштырып, анализдей алышат.

-Топ менен иштей алса;

-Өз позициясын коргой алса же өз катасын моюнуна ала билсе;

Cабактын тиби:

Жаны материалды өздөштүрүү

Сабактын формасы:

Сабак-практикум

Предмет аралык байланыш:

Физика, биология, экономика, алгебра

Сабактын жабдылышы:

Проектор,  компьютер, экран, таблица, баалоо карточкалары, бор, окуу китеби, таркатма материалдар

Сабактын ыкмасы:

Көйгөйгө багытталган окутуу (КБО)


Күтүлүүчү натыйжалар

Негизги компотенттүүлүк-төр

Предметтик компотенттүүлүк-төр

11.3.1.10. Маселелерди чыгарууда математикалык чоңдуктардын маанисин эсептей алат.


Маалыматтык НК1

Эсептөөчүлүк ПК1

11.3.2.11 Математикалык жоболорду ырааттуу логикалык ой-жүгүртүүлөрдү жүргүзүү менен далилдейт жана аларды маселелерди чыгарууда колдонот. Өз оюн башкаларга далилдей алат


Социалдык-коммуникативдик


НК2

Аналитика-функционалдык


ПК2

11.1.1.2 Практикалык ишмердүүлүк жана турмуш менен байланышкан маселелерди чыгара алат.



Өз ишин уюштуруу жана өз көйгөйүн өзү чече билүү

НК3

Көрсөтмөлүү-образдык

ПК3







Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убакты

сы

Мугалимдин

ишмердүүлүгү

Окуучулардын иш-мердүүлүгү

1

Шыктандыруу

2-3 минут

Мугалим быйтыкчанын сүрөтү тартылган кагазды топторго берет. Ар бир окуучу бирден элемент кошуп олтуруп, сүрөттү толукташ керектигин жана жыйынтыгында алынган сүрөттүн креативдүүлүгү эске алынарын айтат.

Окуучулар берилген кагазга ар бири бирден кулак, мурут, очки ж.б.у.с.элементерди кошуп тартып чыгышат.

2

Топторго бөлүнүү

(Психологиялык-логикалык кызыкчылыгына карай)


3 минут

3 ыктыярчыны доскага чыгарып, багыттоочу суроолор менен топторго бөлөт. Суроолор:

1) Силер “Ким миллионер болгусу келет” оюнунун акыркы баскычында турасыңар. Бир телефон чалуу мүмкүнчүлүгү бар. Кимге чалмаксыңар?

2) Мергенчиликке жаныңарга шерик кылып кимди алмаксыңар?

3) Кимге сыр айтса болот?

4) Президент болуп калсаңар кимди премьер министр кылып шайламаксың?

5) Премьер-министр болсоң кимди жан сакчы кылмаксың?

6) Акыркы тамагынды ким менен бөлүшмөксүң?


3 ыктыярчы доскага чыгып, өзүнө бирден акылдуу дос тандашат. Акылдуулар мергенчиликке ишенимдүү шерик табышат. Мергенчилер кимге сыр айтса болорун көрсөтүшөт. Сырга бекем инсандар президент болсо, кимди орун басар кылууну чечишет. Премьер-министрлер кимди жан сакчы кылууну айтышат, ал эми жан сакчылар акыркы тамагын ким менен бөлүшүп жей турганын ачыкташат.

3

Үй тапшырмасын текшерүү


4-мин

Мурунку сабакта үйгө берилген “Жумуш жана өндүрүмдүүлүк” маселелеринин жоопторун экранга чагылдырат жана балдарга бири-биринин тапшырмасын текшерүүгө көрсөтмө берет.

Окуучулар топ менен өз ара бири-биринин тапшырмасын текшеришет жана баллдык системада команданын баллын эсептеп чыгарышат.

4

Окуучулардын билимин актуалдашты--руу

7-8 минут

Мугалим окуучулардын көӊүл буруусун топтоштуруу, жаӊы сабактын темасын жана максатын аныктоо үчүн кыскача талкуу уюштурат. Баалоо критерийлерин жарыялайт.

-Арифметикалык, геометриялык прогрессияларды окуп үйрөнүүнүн биз үчүн эмне зарылчылыгы бар деп ойлойсуңар?

1-тапшырма: Бир кампада 7 мышык бар, 7 мышыктын ар бири 7 ден чычкан жейт, 7 чычкандын ар бири бир жылда 7 каптан буудай жейт. Бир кап буудайдын салмагы 50 кг болсо, анда бул мышыктар бир жылда канча кг буудайды сактап калышат.

Окуучулар

көнүл буруп, жаңы теманы, сабактын максатын аныкташат.

Мугалим таштаган көйгөйдүн үстүндө топтордо талкуу жүргүзүшөт жана жообун сунушташат.

5

Жаңы теманы түшүндүрүү

15-20-минут

Экинчи мүчөсүнөн баштап ар бир мүчөсү өзүнөн мурдагы мүчөгө бир эле нөл эмес санды көбөйтүүдөн алынган удаалаштык геометриялык прогрессия деп аталат.

b1, b2, b3….bn геометриялык прогрессиянын мүчөлөрү

q=bn/bn-1 бөлүмү

bn=b1*qn-1 n-мүчөсү


2-тапшырма:

Жайында инфузориялар экиге бөлүнүү жолу менен көбөйүшөт. Суроо: бир инфузориянын 12-бөлүнүүдөн кийинки санын тапкыла.


Формула боюнча жогорудагы 1-тапшырманы эсептеп чыгып, өз позицияларын жакташат


6

Рефлексия

2-3 минут

“Беш манжа” методу менен рефлексия жасоо тапшырмасын берет.

  1. Чыпалак – мен эмнени үйрөндүм

  2. Аты жок – эмнени жасай алдым

  3. Ортон – эмнени түшүнбөдүм

  4. Сөөмөй – мен эмнени жасай алдым

  5. Баш бармак- менин сабактагы маанайым

Окуучулар рефлексия жасашат.

5

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Баалоо

(формативдик, суммативдик)

2 мин

Сабактын башында балдарга тааныштырылган критерийлердин негизинде топторду баалайт. Ар бир тапшырма боюнча топтордун топтолгон баллдарын эсептеп, баа коет.

30-40 балл “5”

20-29 балл “4”

5-19 балл “3”

0-4 балл “2”

Ар бир тапшырманы аткаруу учурунда топтогон баллдарынын суммасын чыгарышат.

6

Үй тапшырмасы

1 мин

  1. Айылдагы жаңылык:

Айылда 16000 жашоочу бар. Бирөө келип бир жаңылыкты саат 8:00 дө 3 адамга айтты. Эгерде ал 3 адам ар бири 15 минуттун ичинде дагы 3 адамга айтып үлгүрсө бул жаңылыкты саат канчада бүт айыл билип бүтөт?

  1. Тест №16

  2. Жакшылык чынжыры:


Тапшырманы толук түшүнүшөт жана топ менен кеңешип көйгөйдү кандай чечүүнү ойлонушат.



Тиркемелер:

Үй тапшырмасынын жооптору:

1-в, 6-д

2-д, 7-б

3-д, 8-в

4-а, 9-б

5-в, 10г



3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!