| Жөнөкөй логикалык айтым – бул маанисин жоготпостон туруп кичирейтүүгө же бөлүүгө мүмкүн болбогон айтым. Татаал айтым логикалык амалдарга (операцияларга) дал келген логикалык байламталар менен бириккен жөнөкөй айтымдардан турат. Логикалык туюнтма – бул логикалык амалдар (операциялар) менен бирик кен логикалык айтымдар. Негизги логикалык амалдар (операциялар) V Дизъюнкция (кошуу) – бул эгерде жөнөкөй логикалык айтымдардын бирөөсү гана чын болсо, анда чындык, жана экөөсү тең жалган болгондо гана жалган маанисин алган татаал логикалык туюнтма. Логикалык кошуу эки (же андан көп) айтымдын «же» байламтасы менен биригишинен түзүлөт. Мисалы: Апамдын маанайын көтөрүү үчүн идиш-аякты жууп коюш керек же ага чай сунуштоо керек. Ʌ Конъюнкция (көбөйтүү) – бул жөнөкөй логикалык айтымдардын экөөсү тең чындык болгондо гана чындык маанисин алган, ал эми калган бардык учурларда жалган маанисин алган татаал логикалык туюнтма. Логикалык көбөйтүү эки (же андан көп) айтымдын «жана» байламтасы менен бирөөгө биригишинен түзүлөт. Мисалы: Максаттарга жетүү үчүн билим жана тырышчаактык керек. Импликация (ээрчүү) – бул биринчи айтымы шарт, ал эми экинчиси натыйжасы болгон татаал логикалык туюнтма. Мындай логикалык туюнтма, чындыктан жалган келип чыгат дегенден башка бардык учурда чындык маанисин алат. Логикалык ээрчүү «эгерде...анда...» деген сөз айкашынын жардамында эки айтымдын бирөөгө биригишинен түзүлөт. Мисалы: Эгерде сан 6га бөлүнсө, анда ал 3кө да бөлүнөт. Инверсия (тануу) – бул эгерде баштапкы логикалык айтым чындык болсо, тануунун жыйынтыгы жалган жана тескерисинче баштапкы логикалык айтым жалган болсо, тануунун жыйынтыгы чындык болгон татаал логикалык туюнтма. Логикалык тануу баштапкы логикалык айтымга «эмес», же «мындай туура эмес» сөз байламталарын кошуу жолу менен түзүлөт. Мисалы: «Кыргызстандын борбору — Бишкек». Инверсиядан кийин: «Кыргызстандын борбору — Бишкек ЭМЕС». Эквиваленттүүлүк (барабардык) – бул качан жөнөкөй логикалык айтымдардын экөө тең бирдей чындык маанисин алганда гана чындык болгон татаал логикалык туюнтма. Логикалык барабардык «качан» жана «качан гана» сөз айкаштарынын жардамында эки айтымдын бирөөгө биригүүсүнөн түзүлөт. Мисалы: Жеңиш чокусу – Кыргызстандагы эң бийик тоо чокусу. |