Microsoft Access.
Microsoft Access — маалыматтар базасын башкаруучу профессионалдык программа. Анын жардамы менен ар кандай маалыматтарды топтоп жана системалаштырууга, Обьекттерди тандалган критерийлери боюнча издөө жана сорттоого, маалыматтарды киргизүүнүн ыңгайлуу формаларын конструкциялоого жана жазылган маалыматтарды колдонуу менен кооз жасалгаланган отчетторду генерациялоого болот.
4.1. Маалыматтар базасы
Маалыматтар базасы — бул маалыматтын чоң көлөмүн жана программалык модулдарды сактоого арналган структуралар жыйнагы, ал маалыматтарды башкарып, аларды тандап, сорттоп жана башка аракеттерди жасоого болот. Маалыматтар базасы бир же бир нече таблицаларда сакталат. Каалагандай таблица бир типтеги жазуулардан турат, алар биринин артынан бири жайгашкан. Алар кошуп, алып салып же өзгөртүүгө боло турган таблицанын саптары болушат. Ар бир жазуу аталыштары бар талаалардын же уячалардын чогулган топторунан турат, алар ар кыл маалыматтарды: төрөлгөн даталарынан тартып кулинардык рецепттерге чейин сактай алат. Ар кыл жазуулардын бир типтүү талаасы таблицанын мамычасын түзөт.
Бир таблицанын жазуулары экинчи таблицанын маалыматтарына ссылкалары болушу
мүмкүн, мисалы, товарлардын тизмеси болгон таблицада аларды чыгаруучулардын адрестери жана башка реквизиттерине ссылка болушу мүмкүн. Мында ар түрдүү товарларга тийиштүү жазуулар бир эле чыгаруучуну көрсөтүүсү мүмкүн. Таблицалардын мындай өз ара мамилеси байланыш деп аталат.
Маалыматтар базасынын башка модулдары таблицада сакталуучу маалыматты иштеп
чыгууга арналган. Суроолордун жардамы менен белгилүү шарттарга жооп берүүчү
маалыматтарды тандоо жүргүзүлөт. Формалар маалыматты форматтап киргизүү жана кабыл алууга кызмат кылат. Отчеттор жыйынтыкты камсыз кылат (эреже катары, принтерден чыгат) кооздолгон тизме аталыштары, пунктары жана подпунктары менен.
Сиз маалыматтар базасынын структурасы менен таанышасыздар, маалыматтардын таблицасын куруп жана өзгөртүүнү үйрөнөсүз. Көнүгүүлөрдө төмөнкү темалар каралган:
таблица конструктору;
маалыматтардын тиби;
подстановка тизмеси;
таблицалар байланышы;
берилген маанилер;
талаанын маанисин чектөө.
4.2. Маалыматтар базасын түзүү
Бир таблица түзүп, сиз толук кандуу маалымат базасын аласыз. Бирок реалдуу турмушта маалыматтар базасынын структуралары, ушуга ылайык аларды түзүү ыкмалары да алда канча татаал.
4.2.1. Таблица конструктору
Таблица конструктору таблицанын структурасын берүүгө жана өзгөртүүгө арналган.
Конструктордун жардамы менен каалагандай типтеги татаал таблицаларды тургузууга болот.
Мисалы, сиз контакт кылуучу адамдардын тизмесин сактоого арналган маалымат таблицасын түзүү үчүн төмөнкү кыймыл-аракеттерди жасаңыз:
1. Microsoft Accessти иштетиңиз, ал үчүн «Пуск Программы» командасын ачасыз.
2. Пайда болгон тапшырмалар областында «Түзүү» бөлүмүнөн «Жаңы маалымат базасы» пунктун басыңыз.
Файл диалогдук Терезе ачылат.
3. Жаңы маалымат базасын жайгаштыруу үчүн Менин документтерим папкасын тандаңыз.
Аты деген жерге «Контакттар» деп ат киргизип, андан соң «Түзүү» кнопкасын басыңыз.
Эскертүү: Маалымат база файлы түзүлгөндөн кийин ал жабылганда жана айрым критикалык операцияларды аткарууда автоматтык түрдө жаңыланат. Файлды сактап туруунун кажети жок.
Маалымат базасынын терезеси ачылат. Ал базанын негизги терезеси болуп эсептелет, базанын каалагандай обьектисин ачып, жаап, алып салууга мүмкүндүк берет. Терезенин сол жагында Обьектилер топторунун иконкалары жайгашкан. Анын оң жагында тандалган типтеги Обьектилердин тизмеси бар, андан сырткары бул типтеги жаңы Обьектилерди түзүүгө шарт берүүчү командалардын белгиси жайгашкан. Азырынча бул маалымат базасында бир да Обьект жок.
4. «Таблицалар» кнопкасын баскыла.
5. Таблица түзүү конструкторун ишке киргизүү үчүн Таблицаны конструктор режимин (5.1- сүрөт) эки жолу басуу керек.
5.1-сүрөт. Маалыматтар базасынын терезеси
6. «Талаанын аты» мамычасынын биринчи уячасына «Ат» сөзүн киргизгиле, ал жаңы
талаанын атынын ролун ойнойт.
7. «Биринчи саптын маалыматтарынын тиби» уячасын баскыла. Бул жерден
маалыматтардын структурасын жана өлчөмүн аныктоочу талаанын тибин тандоо керек.
8. Ачыла турган уячанын тизмесине пайда болгон жебени алып барып «Маалыматтардын тибин» ачып, «Тексттик» пунктун тандагылана.
9. «Tab» клавишасын баскыла жана «Контакттын аты» талаасынын маанисин ачып
жазыңыз. Бул түшүндүрмөлөрдү киргизүү милдеттүү эмес, бирок алардын болушу
таблицанын структурасын түшүнүүгө көмөк болот.
10. 6, 7, 8 жана 9 кадамдарын кайталап, талааларды толтургула: Фамилия (Тексттик,
контакттын фамилиясы), Адрес (Тексттик контактын дареги), Компаниянын
аталышы (Тексттик, компаниянын аталышы), Кызмат орду (Тексттик, контактын
жумуш орду) и Жумушчу Телефон (Тексттик, контакттын жумушчу телефону).
Эми индекси бар талаа кошуп аны таблицанын жазууларын бир мааниде идентификациялоочу ачкыч кылуу керек. Индекси бар талаа, же индекстер, жөнөкөй индекстерден Access алар үчүн атайын тизме жасаганы менен айырманат, бул болсо ылдам сорттоону жана ушул талаанын ичинен тез издөөнү аткарат. Ачкыч — бул атайын индекс, жазууну идентификациялайт. Мындай талаалардын маанилери уникалдуу болушу керек. Эгер ачкыч жок болсо Access бул тууралуу
эскертет жана автоматтык түрдө ачкыч талаа кошууну сунуштайт.
11. Контакттын Коду талаасын кошуңуз жана ага Счетчик тибин бергиле. Маалыматтардын мындай тиби колдонуучуну ачкыч талаанын маанилерин кол менен киргизүүдөн кутултат жана уникалдуу маанилерди автоматтык түрдө генерациялайт.
12. Контакттын Коду сабын активдүү кармап, Ачкыч талаа( ) кнопасын баскыла. Бул
саптын кнопкасында ачкыч белгиси пайда болот, ал бул талаанын статусун көрсөтөт (5.2-сүрөт)
5.2-сүрөт. Таблица конструкторунун терезеси
13. Конструктордун терезесин жабуу кнопкасын баскыла.
14. Access таблицаны сактоо керекпи деп сурайт. «Ооба» кнопкасын басабыз.
15. Ачылган диалогдук терезеге таблицанын атын жазыңыз – «Контакттар».
4.2.2. Таблица режими Маалыматтар таблицасы электрондук таблицанын барагына окшош, бирок анын өлчөмү чектелүү. Анын саптарынын саны жазуулардын санынан бирге көп (акыркы бош сап жаңы жазуу киргизүү үчүн), а мамычаларынын саны жазуудагы талаанын санына барабар. Мамычалардын аталыштары сиз конструктор режиминде киргизген талаа аттарына дал келет.
1. «Аты» талаасын баскыла да кандайдыр бир атты киргизгиле. Access автоматтык түрдө таблицага биринчи жазууну мурунку көнүгүүдө көрсөтүлгөндөй кылып кошот, а жаңы жазуу сабы ылдый түшөт.
2. Фамилияны «Фамилия» талаасына киргизиңиз.
3. Биринчи жазуунун калган талааларын толтургула.
4. Дал ушундай кылып бир нече жазуу кошкула. Эгер киргизип жатканда ката кетирсеңиз, ката кеткен уячаларды басып сөздөрдү редакциялаңыз. Мамычалардын стандарттуу аталыштары көп убакта ыңгайсыз, ошол себептүү Access аларды өзгөртүүгө жол берет (5.3-сүрөт).
5.3. Маалыматтар таблицасы
5. «Компании аталышы» аталышын мыштын оң кнопкасы менен баскыла да
«Переименовать» командасын тандагыла.
6. «Уюмдун аты» сөзүн киргизиңиз, ал күйүп турган «Компаниянын аталышы» аталышын алмаштырат.
7. 5 жана 6 кадамдарын кайталап, «Жумушчу Телефон, КодКонтакт» мамычаларына жаңы ат бергиле.
8. Өтүү көрсөткүчтөрүнүн жардамы менен биринчи жана акыркы жазууларга өтүп көргүлө.
9. Жазууну өчүрүү куралдар панелинин кнопкасын баскыла.
10. Пайда болгон терезе жазууну өчүрүү операциясын кайтаруу мүмкүн эмес экенин эскертет, «Ооба» кнопкасын басыңыз. «КодКонтакт» ачкыч талаасынын автоматтуу түрдө айрым сандар менен толуп жатканына көңүл буруңуз. Бул сандар сөзсүз түрдө эле үзүлбөгөн улануучу сандар эмес. Жалгыз шарт алардын уникалдуулугу. Ачкыч талаанын мазмуну таблицанын жазуулары үчүн ар башка, бул болсо жазууну идентификциялоо мүмкүндүгүн берет. Мындай талаалар таблицаны байланыштыруу үчүн колдонулат, ал тууралуу ушул сабактын артында сөз кылабыз.
4.3. Көнүгүү
Жогоруда биз адамдар тууралуу маалыматтарды сактоо үчүн таблица түздүк. Эми
конструктордун жардамы менен базага дагы бир таблица кошкула, ал таблица биринчи таблицадагы адамдар менен болгон контакттарды жазууга арналат. Таблица үчүн төмөнкү параметрлерди колдонгула:
Болуп өткөн контакттар
Талаанын аты Маалымат
тиби
Түшүндүрмө
Дата Дата/время Контакттын датасы
Тема Тексттик Контакттын, сүйлөшүүнүн темасы
Түшүндүрмө Тексттик Кеңири түшүндүрмө
КодКонтакт Сандык Контакт болгон адамдын коду
Ачкыч Счетчик Уникалдуу ачкыч талаасы
Таблица дата жана контакттын түшүндүрмөсүнөн сырткары ким менен контактка чыкканыңызды билдирип турат. Бирок адамдардын тизмеси Контакттар таблицасында сакталат, ошон үчүн жаңы таблицада аты-жөнүн кайра киргизүүнүн зарылдыгы жок. Болгону аталган таблицага ссылка кошуу керек. Бул ссылка сандык типте болуп, КодКонтакты талаасынын маанисине барабар санды билдирет.
4.3.1. Подстановки тизмеси
«Болуп өткөн контакттар» таблицасын конкреттүү маалымат менен толтурууга убакыт келди. Ал үчүн төмөнкү кадамдарды аткаргыла:
1. «Болуп өткөн контакттар» таблицасын маалыматтарды көрүү режиминде ачкыла.
2. 5.4-сүрөткө ылайык бир нече жазуу киргизгиле. Кийин колдонуу үчүн дагы бир нече жазуу кошкула.
5.4-сүрөт. Болуп өткөн контакттар
КодКонтакт мамычасындагы сандар Контакттар таблицасынын сиз контакт кылган адамдарды билдирген жазууларынын номерине дал келиш керек экенин унутпаңыз. Дал келүүчү номерлерди издөө абдан ыңгайсыз экенине макулсузбу?. Access автоматтуу түрдө бул операцияны подстановка тизмесинин жардамы менен аткарат, ал төмөнкүчө жөнгө салынат.
3. Куралдар панелинин Вид кнопкасын баскыла. Таблицанын конструкторунун терезеси ачылат.
4. КодКонтакт талаасы үчүн маалыматтардын тиби тизмесинен Подстановка мастери
пунктун тандаңыз.
5. Мастердин биринчи терезесинен Подстановка мамычасынын обьектиси таблицанын же суроонун маанисин колдонот иштеткичин тандаган боюнча калтырып Андан ары
кнопкасын басыңыз. Мастердин экинчи терезесинин которгучунун үч абалы экранга
таблицалардын, суроолордун тизмесин чыгарат, же бул эки тизмени бириктирет. Бул
жерде таблицаны же суроону подстановка булагы катары тандоо керек. Биздин абалда
маалымат базасы «Контакт болуп өткөн» таблицасынан сырткары бир гана Обьектти
камтыйт – Контакттар таблицасы, бул таблица мастердин терезесинде белгиленген
болот.
6. «Андан ары» кнопкасын басыңыз. Мастердин үчүнчү терезеси Контакты таблицасынан подстановкага катышуучу талааларды сунуш кылат. Бул тизме КодКонтакт талаасында жайгаша турган маанилерди алып жүрүүсү милдеттүү, башкача айтканда «Контакттар» таблицасынын аталышы бирдей талаасын
7. «КодКонтакт» пунктун басыңыз (5.5-сүрөт)
5.5-сүрөт. Подстановкалар мастери
8. Жебеси оң жакка караган кнопканы басыңыз. Подстановка булагынын тизмесине Контакт таблицасынын КодКонтакт талаасынан Болуп өткөн контакт таблицасынын КодКонтакт талаасына коюлуучу мазмуну сандык маанинин ордуна көрүнө турган талааларды кошуу керек.
9. Тандалган талаалар тизмесине «Фамилия» жана «Аты» пунктарын кошуңуз.
10. «Андан ары» кнопкасын басыңыз.
11. Кийинки терезеде мастер булак таблицанын эки мамычасын көрсөтөт, мында жазууну идентификациялоочу «КодКонтакт» мамычасы жашырылат. «Андан ары» кнопкасын басыңыз.
12. Акыркы мамыча талаасына Контакт атын киргизиңиз, ал «КодКонтакта» мамычасын атын өзгөртөт, андан соң «Даяр» кнопкасын басыңыз.
13. Пайда болгон диалогдук терезеден «Ооба» кнопкасын басыңыз да, тургузулган
структураны сактоо зарылдыгын тактаңыз.
14. «Вид» кнопкасын басыңыз, андан соң кайрадан маалымат киргизе баштоого болот (5.6-сүрөт).
5.6-сүрөт. Подстановка тизмеси
15. «Дата»нын ылдый жагын басыңыз жана дата киргизиңиз «20.02.05».
16. Түшүндүрмөгө «Кызматташтык тууралуу сунуштар каты» сөзүн киргизиңиз.
17. Tab клавишасын кайрадан басыңыз, ачылган тизменин кнопкасын басыңыз. Эми сиз подстановка тизмесинен «Контакттар» таблицасынан «Фамилия» жана «Аты»
талааларынан адамдарды тандай аласыз.
Access «Контакттар» таблицасынан автоматтык түрдө «КодКонтакт» талаасынын маанисин жазуу үчүн Аты жана Фамилиясы тууралуу маалыматты табат, табылган санды «Контакт болуп өткөн» таблицасынын «КодКонтакт» талаасына жазат. Бул маани жабык бойдон калат. Анын ордуна «Контакт болуп өткөн» таблицасынын уячаларында «Контакттар» таблицасынан алынган тиешелүү «Ат» пайда болот.
4.3.2. Талаанын параметрлери
Маалымат базасында ар түрдүү маалыматты сактоо үчүн Access маалыматтын типтеринин 5.1-таблицада көрсөтүлгөн чоң тобун сунуш кылат.
Таб. 5.1 Маалыматтардын тиби
Типтин аталышы Милдети
Тексттик (Text) Узундугу 255 символго чейинки текст
MEMO талаа (Memo) Узундугу 65 000 символго чейинки текст
Сандык (Number) Ар кыл форматтагы сандар
Дата/убакыт
(Date/Time) Дата жана/же убакыт
Акча (Currency) Ар кыл форматтагы акча мааниси
Счетчик
(AutoNumber)
Жаңы жазуу кошулган сайын бирге автоматтык түрдө өсүүчү счетчик
Логикалык (Yes/No) ооба/жок же 1/0 деген эки гана маанини алуучу чоңдуктар
Обьекттинталаасы
OLE (OLE Object)
Сүрөттөрдү, үндү жана башка типтеги маалыматты коюуга боло турган талаа
Гиперссылка
(Hyperlink)
Access Обьектин, башка тиркеменин файлын, webбаракты
(таблицаны, форманы, суроону ж.б.) ачууга көмөк бере турган ссылкалар
Контакттар тизмеси менен болгон ишти продуктивдүү кылуу үчүн айрым талаалардын
маалыматтарынын типтерин өзгөртүү керек.
1. Маалыматтар базасы терезесинен «Контакт болуп өткөн» таблицасын белгилеп,
терезенин жогор жагында жайгашкан Конструктор кнопкасын баскыла. Тандалган таблица конструктор режиминде ачылат.
2. Контакттын түшүндүрмөсү узун болушу мүмкүн, а тексттик талаалардын максималдык узундугу 256 символ менен чектелет. Ошон үчүн «Түшүндүрмө» талаасыныны тибин Талаа «MEMO»го алмаштыргыла.
3. «Дата» талаасын баскыла (5.7-сүрөт
5.7-сүрөт. Формат тандоо
4. Контакттын датасын окуу ыңгайлуу кылып анын көрүнүш форматын өзгөрткүлө, ал үчүн «Талаа форматы» тизмесинен «Датанын узун форматы» пунктун тандагыла.
Конструктор терезесинин Жалпы (General) бөлүмү маалыматтын тибин жана көрүнүш
форматынан сырткары маалымат киргизүүнүн ыкмаларына таасир эте турган талаанын кошумча параметрлерин жөнгө салууга жардамдашат. «Берилген маани» («Значение по умолчанию») параметри талаанын мазмунун жаңы жазууга колдонуучу эч кандай маалымат киргизилбеген учурда берет. Эгер сиз дайыма контактылар тизмесин жаңыртып турсаңыз, анда контакт болгон датанын өтүп жаткан (текущая) күнү жазылышы мүмкүн. Маалымат киргизүүнү жеңилдетүү үчүн өтүп жаткан датаны «Дата» талаасына киргизип коюуга болот
5. «Берилген маани» («Значение по умолчанию») талаасына өтүп жаткан датаны берүүчү функцияны киргизгиле «Date()».
Айрым учурларда маалымат талаасынын тибин берүү гана эмес, анын мүмкүн болгон маанисин айрым интервалын чектөөнү же тандоонун татаалыраак эрежесин талап кылышы мүмкүн.
Мындай эреже «Мааниге берилүүчү шарттар» («Условие на значение») талаасына
киргизилет. Мисалга, сиз тизмеге киргизилүүчү боло турган контактылардын баары 2006-жылдын 10-майынан кийин болорун билесиз дейли. Ката кетпеси үчүн Accessти туура эмес дата кирип жатканын билдирүүгө мажбурлоого да болот. Ал үчүн төмөнкү кадамдарды аткаргыла.
6. «Мааниге берилүүчү шарттар» талаасынан сөз айкаштарын түзүүнү баскыла. «Сөз
айкаштарын түзүүчү» (построитель выражений) терезеси ачылат. Белгилүү
параметрлердин шарттарын же маанилерин берүү үчүн Access көп операциялар жана
функциялар топтомун сунуш кылат. Сөз айкаштарын түзүүчү Access функцияларынын
ичинен тандап алууга көмөктөшөт. Жогорку баракталуучу талаа жасалып жаткан сөз
айкашын көрсөтөт. Аны текстти редакциялоо жолу менен да, түзүүчүнүн башка
кнопкалары жана тизмелеринин жардамы менен да өзгөртүүгө болот.
7. Жазуунун датасы 10-майдан кийин болушу зарыл. Ал үчүн «–» кнопкасын басыңыз,
артынан керектүү шартты кошуңуз.
Эми салыштыруу аткарылып жаткан датаны көрсөтүү керек. Ал үчүн Access форматында саптын константаны датага айландыруучу атайын функцияны колдонуу керек.
8. «Функциялар» папкасын эки жолу басыңыз.
9. «Кошулган функциялар» папкасын стандарттуу функциялардын тизмесин көрүү үчүн ачыңыз.
10. Ортоңку тизмеден «Дата/убакыт» категориясын тандап алыңыз.
11. «DateValue» функциясынын атын эки жолу басуу менен аны сөз айкаштары талаасына кошуңуз. Аргументти толтуруучу «stringexpr»дин ордуна "10/05/2006" деп жазыңыз.
12. Жыйынтыгында сиз төмөндөгүдөй жазууну алышыңыз керек: -DateValue("10/05/2006")
ОК кнопкасын басыңыз.
13. «Каталар тууралуу билдирүү» талаасына Туура эмес дата текстин киргизиңиз, бул
учурда 10-май 2006-жылдан мурунку дата жазылса бул эскертүү экранга чыгып турат.
14. Конструктор терезесин жабуу кнопкасын басыңыз. Таблицанын структурасын жаңыртууга суроо терезесинин «Ооба» кнопкасын басыңыз. «Дата» талаасына шарттар кошулгандыгына байланыштуу Access бул талаанын мазмунун мурдагы таблицалардагы жазуулардан карап көрүүнү сурайт. «Жок» кнопкасын басыңыз, текшерүү аткарылбайт. Келгиле, маалыматтар базасынын жөнгө салынып жаткан параметрлерге карата жүрүш-турушун изилдеп көрөлү.
15. Маалыматтар базасы терезесинен Контакт болуп өткөн таблицасын белгилегиле жана Ач (открытң) кнопкасын баскыла. Эми бардык даталар узун формата берилет, а «Дата» уячасында жаңы жазуу сабында автоматтык түрдө өтүп жаткан дата пайда болот.
16. Экинчи саптын Дата уячасын баскыла, анын мазмунун 21.11.2005 деп өзгөртүп, анан Tab клавишасын бассаңыз кийинки талаага өтөсүз. Берилип жаткан дата 10-мая 2006-жылдан мурун болгондуктан, шартта туура келбегендиги үчүн, Access бул жерден курсорду алып кетүүгө уруксат бербейт жана ката тууралуу билдирүүнү чыгарат. Бул билдирүү дата оңдолбосо кайра-кайра чыга берет.
17. Датаны 25.06.2006 деп өзгөртүңүз.
4.4. Таблицалардын байланышы
Мурунку көнүгүүдө подстановка мастеринин жардамы менен эки таблицанын ортосундай байланыш түзүлдү. Бул байланыш таблицалар ортосундагы катыштын эрежелерин бекитүүгө мүмкүндүк берет. Подстановкалар тизмесин байланышсыз да уюштурсак болмок. Бирок, элестетип көрсөңүз, Контакттар таблицасынан Контакт болуп өттү таблицасынын айрым жазуулары кайрылып жаткан жазууну өчүрүп салдыңыз. Мындай кырдаалда контакттын түшүндүрмөсү калганы менен адамдардын фамилиясы жок болот. Туура уюштурулган байланыш мындай кырдаалдын алдын алат.
1. Сервис – Маалыматтар схемасы командасын тандаңыз. Маалыматтар базасын
схемалык түрдө көрсөтүүчү терезе ачылат. 5.8-сүрөттө көрүнгөндөй, байланыш линиясы Контакттар таблицасынын КодКонтакт талаасы менен Болуп өткөн контакт
таблицасынын Контакт талаасын бириктирип турат.
Эскертүү: Бул байланыш ачкыч жана кадимки талааларды бириктирип турат. Бул байланыш «бирөө көпчүлүккө» тибинде аткарылат, б.а. Контакттар таблицасынын бир жазуусу «Болуп өткөн контакт» таблицасынын (эч качан тескерисинче эмес) бир нече жазуусуна дал келиши мүмкүн.
5.8-сүрөт. Маалыматтар
Көнүгүү үчүн байланышты алып салабыз да, кайра түзүп көрөбүз.
2. Байланыш линиясын басып белгилегиле.
3. «Delete» клавишасын баскыла. Суроо терезеси пайда болсо, «Ооба» кнопкасын басыңыз.
Байланыш жоголот.
4. Контакттар таблицасынын «КодКонтакт» пунктуна мыштын көрсөткүчүн алып барыңыз.
5. Мыштын кнопкасын басып көрсөткүчтү Болуп өткөн контакт таблицасынын «Контакт»
талаасына алып баргыла.
6. Ачылган диалогдук терезеден «Түзүү» кнопкасын баскыла. Байланыш кайра пайда болот.
Байланыш параметрлерин жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаргыла:
7. Байланыш сызыгын эки жолу басыңыз. 5.9-сүрөттө көрсөтүлгөндөй диалогдук терезе пайда болот.
5.9-сүрөт. Байланыш параметрлери
Эскертүү: Байланыштыруу керек болгон таблицалар жок болсо, Маалыматтар схемасы
терезесинен мыштын кнопкасын басып «Таблица кошуу» командасын тандаңыз. Ачылган диалогдук терезеден Маалыматтар схемасы терезесине жайгаштыруу керек болгон таблицаларды белгилеп, «Кошуу» кнопкасын басыңыз. Керектүү болгон таблицаларды алгандан кийин, «Жабуу» кнопкасын басып жабыңыз.
8. Маалыматтардын бүтүндүгүн камсыздоо желекчесин орнотуңуз. Бул режим Accessке Болуп өткөн контакттар таблицасында Контакттар таблицасынын «КодКонтакт» талаасынын мааниси дал келүүчү жазууларды калтырганга уруксат бербейт.
9. Байланышкан жазууларды каскаддуу түрдө өчүрүү желекчесин тандаңыз. Эми
Контакттар таблицасынын жазуусун алып салган учурда (б.а. конкреттүү адам тууралуу маалыматта алып салууда) Болуп өткөн контакттар таблицасынын (б.а. бул адам менен болгон контакттардын түшүндүрмөлөрү) тиешелүү жазууларынын бардыгы өчүрүлөт. Эгер аталган желекче өчүрүлгөн болсо, анда Болуп өткөн контакттар таблицасынын бир эле жазуусу ссылка кылган Контакттар таблицасынын жазуусун өчүрүүгө тыюу салынат.
Эскертүү: Установка флажка Байланышкан жазууларды каскаддуу түрдө өчүрүү желекчесин орнотуу Контакттар таблицасынын «КодКонтакт» талаасын жаңыртууда Болуп өткөн контакттар таблицасынын тиешелүү жазууларын автоматтык түрдө жаңыртууга алып келет.
10. ОК кнопкасын басып, Маалыматтар схемасы терезесин жапкыла.
11. Маалыматтар базасы терезесинен Контакттар таблицасынын белгисин эки жолу басыңыз.
Ачылган таблицанын терезесинен анча чоң эмес «кошуу» белгиси көрүнөт, алар жазуунун сол жагында жайгашкан. Алардын болушу ачкыч талаанын башка таблицалар менен байланышы бардыгынан кабар берет.
12. Василий Трошкин үчүн жазылган «Кошуу» белгисин басыңыз. Болуп өткөн контакттар таблицасынын ал тууралуу жазуулары кирген кошумча таблица ачылат, анын «КодКонтакт» талаасынын маанилери Василий Трошкин үчүн жазуулардын талаасынын чоңдугуна барабар.
13. Дагы башка бир «кошуу» белгисин басыңыз, андан сиз дагы башка адам менен болгон контакттын түшүндүрмөлөрүн көрө аласыз. Ошентип, түзүлгөн байланыштын жардамы менен сиз «Болуп өткөн контакттар» таблицасынын терезесинен белгилүү бир адам же адамдар тобу менен болгон контакттардын бардыгын тез карап чыга аласыз.
4.5. Керектелүүчү маалыматтарды тандоо
Бул сабагыбызда маалыматтар базасынан белгилүү бир критерийлердин негизиндеги жана эсептөөлөрдүн аткарылышы тууралуу маалыматтарды тандоо ыкмасы тууралуу айтылат.
Сабактын көнүгүүлөрүндө төмөнкү темалар каралат:
суроо-талап конструктору;
тандоо шарттары;
жыйынтык суроо-талап;
Маалыматтардын таблицалары маалыматты сактоого арналган. Сиз, албетте, аларга
маалыматты эле киргизип тим болбостон, мурун жазылган маалыматтарды да кайра иштеп чыгууну каалайсыз. Access таблицалардан маалыматтарды алып чыгуунун көптөөгөн жолун сунуштайт. Сиз маалыматты кайсы бир тандоо эрежеси аркылуу сурап-билип, керектүү жазууну филңтрлеп же жыйынтык маанилерин формулалардын жардамы менен эсептеп чыга аласыз.
4.6. Суроо-талаптар
Суроо-талаптар маалыматтарды издөө жана тизмектөө куралы болуп эсептелет. Бир же бир нече таблицага жөнөтүлгөн суроо-талап, маалыматтын белгилүү бөлүгүн тандап, суроо түзгөн таблицага берилишин камсыз кылат. Жыйынтыгында сиз баштапкы таблицалардан айрым бир мыйзам боюнча топтолгон маалыматтын көптүгүн ала аласыз. Иштелип жаткан маалыматтын көлөмү чоң болсо, керектүү маалыматтардын мындай топтомдордо белгилениши убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт. Маалыматтын негизи базасы файлдык серверде сакталган клиентсервер тибиндеги системада суроо-талап системасы локалдык түйүн боюнча берилип
жаткан маалыматтын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк түзөт.
Суроо-талап — таблицалардан маалыматтын тандалышын мүнөздөөчү шарттардын
топтому. Суроо-талапты иштетүү маалыматтардын жаңы таблицасын түзөт, анын башка таблицалардан болгон жалгыз айырмачылыгы болуп аларды кайра кайталап ачуунун жардамы менен маалыматтарын булак маалыматтардын өзгөрүшүнө ылайык жаңыртууга болгондугу эсептелет.
4.6.1. Суроо-талаптар конструктору
Суроо-талаптар мастери тандоонун жөнөкөй гана шарттарын түзө алат. Кошумча чектөөнү киргизүү үчүн суроо-талаптар конструкторун колдонуу керек. Ал суроо-талаптын параметрлерин толук башкарууга жана маалымат тандоонун татаал шарттарын курууга жардам берет. Мисалы, бардык контакттар тууралуу толук отчет алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
1. Маалымат базасы терезесинен «Суроо-талап» Обьектин тандаңыз.
2. Суроо-талапты конструктор режиминде түзүү бөлүмүн эки жолу басыңыз.
3. Пайда болгон «Таблица кошуу» терезесинен Контакттар таблицасын тандаңыз да
«Кошууну» басыңыз. Ушул эле аракеттерди Болуп өткөн контакт таблицасын кошуу үчүн кайталагыла.
4. «Таблица кошуу» терезесинин «Жабуу» кнопкасын басыңыз.
5. Суроо-талап конструктору терезесинин жогорку бөлүгүндө суроо-талап кайрылып жаткантаблица талааларынын тизмеси жана таблицалар аралык байланыштар көрүнүп турат.
Төмөнкү бөлүгү таблица талааларын тандоо, тандоо шарттары жана сорттоо режими
бланкын камтыйт. Суроо-талапка дагы бир талаа кошуу үчүн, төмөнкүлөрдү аткарыңыз.
6. «Контакттар» таблицасынын «Аты» пунктуна көрсөткүчтү алып барыңыз (5.10-сүрөт).
5.10-сүрөт. Суроо-талаптар конструктору
7. Мыштын кнопкасын басып «Аты» талаасын суроо-талаптар бланкынын биринчи
мамычасына тартып баргыла. Анын аты ушул уячада, а тиешелүү таблицанын аты – бул мамычанын эле экинчи уячасында пайда болот. Суроо-талап бланкынын үчүнчү сабы суроо-талаптын жыйынтыгын биги же бул талаага сорттоп топтоого мүмкүнчүлүк берет.
8. Үчүнчү мамычанын үчүнчү уячасынын ачылган тизмесинен «Өсүү тартибиндеги» пунктун тандаңыз.
Эскертүү: Эгер керектүү таблица суроо-талап терезесинин жогору жагында жок болсо, анда «Таблицаны кошуу» терезесин чыгаруу үчүн куралдар панелиндеги «Таблицаны көрсөтүү» кнопкасын басыңыз.
9. 6, 7-пункттурда кайталап «Фамилия», «Уюмдун аты», «Кызмат абалы», «Дата»,
«Тема» талааларын кошкула.
10. Куралдар панелиндеги «Көрүнүш (вид)» кнопкасын басып, суроо-талапты иштетиңиз.
Access суроо-талапты даярдап, аны аткарат.
11. Суроо-талапты жапкыла. «Контактардын тизмеси» деген ат менен
5.11-сүрөт. Суроо-талаптын аткарылыш жыйынтыгы
Эскертүү: Маалымат базасы кызыктуу болушу үчүн, Болуп өткөн контакттар таблицасына бир нече жаңы жазуулар киргизилген эле.
Каралып жаткан кырдаалда тандоо шарттары Болуп өткөн контакттар таблицасынан «Дата» жана «Тема» талааларында болгон жазууларды алууну, андан сырткары Контакттар таблицасынан «Аты», «Фамилия», «Уюмдун аты», «Кызмат абалы» талааларын алууну ишке ашырат. Бул аталган таблицалар «КодКонтакт» талаасы аркылуу бири-бири менен байланышкан, мында Контакттар башкы таблица болуп эсептелет, а Болуп өткөн контакттар – баш ийүүчү (б.а. Болуп өткөн контакттар таблицасынын ар бир жазуусуна Контакттар таблицасынын бир гана жазуусу дал келет).
4.6.2. Тандоо шарттары
Тандоо шарттары суроо-талабына кошуу таблицадан бардык жазууну эмес, белгилүү
критерийлерге жооп берген жазууну гана тандоого шарт түзөт. Мисалы, сизди 2007-жылдын май айында болуучу контакттар кызыктырат дейли. Келгиле суроо-талапты тиешелүү тандоо шартын кошуу менен аткарып көрөлү.
1. Маалымат базасы терезесинен Контакттар тизмеси белгисин тандаңыз.
2. Конструктор кнопкасын басыңыз.
3. Суроо-талап бланкынан «Дата» мамычасындагы Тандоо шарттары уячасын мыштын оң кнопкасы менен басыңыз да контексттик менюдан «Куруу» командасын басыңыз. Сөз айкаштарын түзүүчү терезе ачылат.
4. Түзүүчүнүн сол тизмесинен «Операторлор» папкасын басыңыз.
5. Ортоңку тизмеден Салыштыруу категориясын тандаңыз.
6. Оң тизмеден «Between» пунктун эки жолу басыңыз, ал ушул операторду формула
талаасына кошот.
7. Формула талаасынан биринчи «Сөз айкашын (выражение)» белгилегиле.
8. Сол тизмеден «Функциялар» папкасын эки жолу басуу менен ачкыла.
9. «Салынган (встроенные) функциялар» папкасын басыңыз, ал Accessтин стандарттуу
функцияларын камтыйт.
10. Ортоңку тизмеден «Дата/убакыт» пунктун басыңыз
11. Оң тизмедеги «DateValue» функциясын эки жолу басыңыз, аны менен Сөз айкашы
алмашат.
12. «stringexpr»ди датага "01.05.2007" деп алмаштырыңыз
13. 7, 12 кадамдарын кайталап, экинчи орунтолтуруучу «Сөз айкашын» DateValue
("01.06.2007") маанисине алмаштыргыла.
Сизде «Between DateValue» ("01.05.2007") And DateValue ("01.06.2007") формуласы пайда болууга тийиш. Ал датанын 1-май 2007-жылдан тартып 1-июнң 2007-жылга чейинки интервалында кирүүсүн текшерет.
14. ОК кнопкасын басыңыз. Тургузулган формула суроо-талап бланкынын биринчи
мамычасынын «Тандоо шарттары» уячасында пайда болот. Бир айга тиешелүү жазууну тандоодо контакттын так датасы анча мааниге ээ болбой калышы мүмкүн. Бул талааны бланктан алып таштоого болбойт, анткени ал тандоо шарттарын жүргүзүүгө керек. Бирок ошондой болсо да каалагандай талааны жашырып коюуга болот, т.а. суроо-талаптын жыйынтыгына киргизбей коюу мүмкүн (5.12-сүрөт).
5.12-сүрөт. Талааны жашырып коюу
15. Куралдар панелинин Көрүнүш кнопкасынан суроо-талапты аткаргыла.
4.6.3. Жыйынтык суроо-талап
Суроо-талаптарда таблицадан жазууларды тандап алуу гана эмес, ар кандай статистикалык параметрлерди да эсептөөгө болот. Мисалы, контакттардын суммалык санын эсептегенге, каалагандай киши мене болгон контакттын биричн жана акыркы датасын чыгарууга болот.Мындай суроо-талапты конструктор режиминде тургузуу үчүн, төмөнкү кадамдарды жасаңыз.
1. Суроо-талапты конструктор режиминде түзүү белгисин эки жолу басыңыз.
2. Ачылган терезеде Контакттар жана Болуп өткөн контакттар таблицаларын кошуңуз.
3. Жабуу кнопкасын басып Таблицаны кошуу диалогдук терезесин жабыңыз.
4. Мыштын оң кнопкасын суроо-талап бланканды басып «Топтук операциялар»ды
тандаңыз. Суроо-талап бланкында «Топтук операция» кошумча сабы пайда болот, ал
конкреттүү талаалардын маанилери менен статистикалык операцияларды жүргүзөт.
5. «Фамилия» талаасын конструктордун Биринчи мамыча талаасы уячасына алып баргыла.
6. Экинчи мамычанын ошол эле уячасына Контакттар таблицасынын «Аты» талаасын алып баргыла.
7. Үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи мамычаларга Болуп өткөн контакттардан Дата талаасын алып баргыла (5.13-сүрөт).
5.13-сүрөт. Топтук операциялар менен болгон суроо-талап
8. Үчүнчү мамычанын «Топтук операция» уячасында ачылган тизмеден «Min» пунктун тандаңыз.
9. Төртүнчү мамычанын ушул эле уячасынан «Мах» пунктун тандаңыз.
10. Бешинчи мамычада топтук операция «Countту» бериңиз. Тургузулган суроо-талаптын топтук операциялары Контакты таблицасынын конкреттүү бир адамына тиешелүү болгон Болуп өткөн контакттар таблицасынын бардык жазууларын карап чыгат да Болуп өткөн контакттар таблицасынын өзүнүн маалыматтарынын ордуна тиешелүү жыйынтык талаасына белгилүү бир формула менен эсептелүүчү чоңдукту чыгарат. Аткарууга мүмкүн болгон топтук операциялар 5.2-таблицада берилген.
Таб. 5.2. Топтук операциялар
Аталышы Функциясы
Шарт Талаа үчүн тандоо шарттарын берүү режими, бирок бул жерде топтоштуруу
аткарылбайт. Access автоматтык түрдө мындай талааны жашырып коет
Сөз айкашы (выражение) Эсептелүүчү талаа, анын мааниси татаал формула менен эсептелет
Топтоо
Статистикалык параметрлер эсептелүүчү, жазуу топторун аныктоочу талаа.
Group By режиминде талаа маанилери бирдей болгон бир топко бардык
жазуулар тиешелүү болот.
Last Топтогу акыркы маани
First Топтогу биринчи маани
Var Талаанын маанилеринин варианттары
StDev Нөлдүн орточо чоңдуктан болгон стандарттуу кыйшаюусу
Count Null чоңдугун камтыбаган тиешелүү талаалары бар жазуулардын саны
Мах Максималдык маани
Min Минималдык маани
Avg Талаанын орточо мааниси
Sum Бардык жазуулар боюнча талаанын маанилеринин суммасы
Эскертүү: Суроо-талаптын бешинчи талаасында жазуулардын саны эсептелгендиктен, Талаа уячасына Болуп өткөн контакттар таблицасынын каалагандай талаасын жайгаштырууга болот
11. Суроо-талапты аткаргыла. Таблица пайда болот. Биринчи эки мамычада адамдардын аттары жана фамилиялары бар. Аларды топтоо жүргүзүлөт, б.а. калган талаалардын маанилерин эсептөө Болуп өткөн контакттар таблицасынын жазуулары үчүн аткарылат, бир адамга карата жүргүзүлөт. Суроо-талаптын үчүнчү жана төртүнчү мамычалары биринчи (Min функциясы) жана акыркы (Мах функциясы) бул адам менен болгон контакттардын датасын көрсөтөт. Бешинчи мамыча Болуп өткөн контакттардын (Count функциясы) бир адамга тиешелүү болгон жазууларынын санын көрсөтөт. Тургузулган суроо-талаптын жалгыз кемчилиги – бул мамычалардын түшүнүксүз аттары. Аларды коррекциялоо керек.
12. «Көрүнүш» кнопкасын басып суроо-талап конструкторуна кайтыңыз.
13. Үчүнчү мамычанын Талаа уячасындагы «Дата» атын «Биринчи контакттын датасы:
Дата» тексти менен алмаштырыңыз. Бул сөз айкаштын кош чекиттен оң жактагы биринчи бөлүгү мурункудай эле талаанын атын билдирет, а сол жагы суроо-талаптын жыйынтык мамычасынын атын көрсөтүп турат. Мындай жол менен каалагандай мамычага ат берүүгө болот.
14. Төртүнчү мамычанын Талаа уячасына «Акыркы контакттын датасы: Дата» деп
жазыңыз.
15. Суроо-талап бланкынын бешинчи мамычасынын биринчи сабына «Контакттардын саны:
Дата» деп жазыңыз.
16. «Көрүнүш» кнопкасын басыңыз.
17. «Жыйынтык суроо-талап» аты менен сактап туруп, суроо-талапты жапкыла.
4.7. Формалар жана отчеттор
Маалыматтар базасы таблицаларда сакталат, бирок алар менен иштөө ыңгайсыз. Маалыматта киргизүү, редакциялоо жана басып чыгаруу үчүн формалар жана отчеттор даярдалган. Алар менен сиз ушул сабакта тааныша аласыз, бул сабакта төмөнкү темалар каралат:
формалар мастери;
формалар конструктору;
башкаруу элементтери;
форманын аталышы жана эскертүүсү;
отчеттор мастери;
отчеттор конструктору;
топтоштуруу жана сорттоо;
маалыматтарды басып чыгаруу.
4.8. Форма
Таблицалар жана суроо-талаптар экранда жазуулардын узун тизмесин көрсөтсө, формалар конкреттүү жазууга көңүл топтоого мүмкүндүк түзөт. Алар маалыматты киризүүнү, жана кабыл алынуусун жеңилдетет, жасалгалоонун кошумча түрлөрүн жана элементтерин киргизет.
4.8.1. Формалар мастери
Формалар мастери убакытты үнөмдөйт, каалагандай таблицанын жазууларына кызыгарлык форманы берүүдө тездикти камсыз кылат.
1. Маалыматтар базасы терезесинен «Формалар» Обьектин тандаңыз.
2. Формалар тизмесинен Мастердин жардамы менен форма түзүү белгисин эки жолу
басыңыз.
3. 5.14-сүрөттө көрсөтүлгөн мастердин Таблицалар/суроо-талаптар деп аталган биринчи терезесинен Таблица: Контакттар пунктун тандаңыз.
5.14-сүрөт. Формалар мастери
4. » кнопкасын басыңыз, «Тандалган талаалар» тизмесине таблицанын бардык талаалары кошулат.
5. КодКон такт пунктун белгилегиле жана тизмеге кайтаргыла. КодКонтакт талаасынын мазмуну автоматтык түрдө генерацияланат, колдонуучуга анын мааниси анча баалуу эмес, ошол себептүү бул талааны формага киргизбөө керек.
6. «Андан ары» кнопкасын басыңыз.
7. Кийинки диалогдук терезеден форма үчүн «Түздөлгөн» стилин тандаңыз да, «Андан
ары» кнопкасын басыңыз.
8. Үчүнчү терезенин тизмесинен «Таш (камень)» жасалгалоо вариантын же сизге жаккан стилди тандап, «Андан ары» кнопкасын басыңыз.
9. Мастердин акыркы терезесинен «Даяр» кнопкасын басыңыз, параметрлерди өзгөртпөңүз.
Мастер форманы чогултуп, маалыматтарды карап көрүү режиминде ачат.
Форманын терезеси мастердин биринчи терезесинде тандалып алынган таблицанын бардык талаасы үчүн көрсөтүү областын жана аталыштарын камтыйт. Форманын төмөнкү бөлүгүндө таблица терезесине аналог болгон жазуулардагы жылып жүрүү кнопкалары жайгашкан.
10. «Кийинки жазуу» кнопкасын бир нече жолу бассаңыз, бардык жазууну көрө аласыз
11. «Кийинки жазуу» кнопкасын бассаңыз маалымат киргизиле турган бош терезе пайда болот, анын талааларына жаңы жазуу киргизиңиз же Жаңы жазуу кнопкасын басыңыз.
Өзүңүз көрүп тургандай форма каалагандай жазууну карап көрүүгө, редакциялоого жана жаңы киргизүүгө шарт түзөт (5.15-сүрөт).
5.15-сүрөт. Контакттар таблицасы үчүн форма
4.8.2. Формалар конструктору
Мастер аркылуу түзүлүүчү формалардын кемчилиги болуп алардын бир типтүүлүгү жана түшүндүрмө жазуулары жок болгонудугу эсептелет. Форманы кооздоо үчүн жана талааларын ыңгайлуу жайгаштыруу үчүн формалар конструкторун пайдалануу керек. Ал конструктор форманын элементтерин жылдырууга, масштабдоого, маалыматтар булагы менен байланыштырууга жана башка каалагандай параметрлерин жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Келиңиз, Контакттар формасынын талааларын конструктордун жардамы менен жайгаштырып көрөлү.
1. Конструктор режимине өткүлө, ал үчүн «Көрүнүш» кнопкасын басуу керек. Конструктор терезесинде чектөөчү сеткасы бар форма, Обьекттерди туура жайгаштырууга жардам берүүчү вертикалдуу жана горизонталдуу сызгычтар жайгашкан. Конструктордун ажырагыс атрибуту болуп «Элементтер панели» эсептелет, ал форманын элементтерин кошууга жардам берет.
Эскертүү: Форманын каалагандай элементинин Мүнөздөмө командасы бар контексттик менюсу бар. Бул команданы тандоо мүнөздөмөлөр терезесин ачат. Анын «Макет» бөлүмү Обьектти форматтоо параметрлинен турат. «Маалыматтар» бөлүмү — маалыматтар булагынын түшүндүрмөсү, ар кандай чектөөлөр жана шарттардан турат. «Окуялар» бөлүмү ар кандай оукяларга болгон көз караштарды жазуу функциясын билдирет (мисалы, мыштын Обьектке жылдырылышы). Биринчи үч топко кирбеген параметрлер «Башкалар» бөлүмүндө жайгашкан. «Баары» бөлүмү бардык параметрлерди бир мезгилде пайдаланууну камсыз кылып турат.
2. Форманын каалагандай обьектисин мышты басуу менен белгилөөгө болот, мында анын тегерегинде каптал жана бурчтук Обьектти маштабдоочу маркелери бар ири рамка пайда болот. Обьекттин сол жогорку бурчунда чоң квадрат пайда болот, анын артында форманын чегинде Обьектти жылдырууга болот.
3. Жылып жүрүү маркерин мышң менен кармап, «Адрес» талаасын төмөнкү областка
жылдырыңыз.
4. Бул аткарылган кадамдарды калган талаалар үчүн да аткаргыла. 5.16-сүрөттөгүдөй
кылып аларды кол коюуну жөнгө салуу менен жайгаштыргыла
5.16-сүрөт. Даяр форма
5. «Көрүнүш» кнопкасын басып, форма режимине (маалыматтарды редакциялоо) өткүлө.
Формага «Контакттар» таблицасынын биринчи жазуусунун мааниси киргизилет.
Эскертүү: Талааны аны кол коюусу менен кошо жылдыруу үчүн, Обьектти кол коюунун телосунун артына алып баргыла (бирок жылып жүрүү маркеринин чыкпоосу керек).
4.8.3. Башкаруу элементтери
Формалар конструкторун ачууда экранда элементтер панели пайда болот. Эгер ал жок болсо «Элементтер панели» кнопкасын басыңыз. Элементтер панелинин кнопкаларыны жардамы менен формага түрдүү Обьекттерди кошуга болот. Формалар жана отчетторду башкаруу элементтери өз ара окшош болушат, ошон үчүн отчеттор конструкторунда да дал ушундай панелң бар, ал тууралуу бир ушул сабакта кийинчерээк айтабыз. Каралуучу көнүгүүлөрдөгү операциялар формаларда жана отчеттордо бирдей колдонулат.
Элементтер панелинин жардамы менен формага декоративдүү Обьекттерди кошуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
1. Мыштын көрсөткүчүн форма областынын төмөөнкү оң бурчуна жайгаштыргыла.
2. Бул бурчту оңго ылдый тарткыла, форма бир аз чоңоет.
3. «Оңдоо – Баарын белгилөө» командасынын жардамы менен форманын бардык
элементтерин белгилегиле.
4. «Ctrl» клавишасын баскыла жана аны кое бербестен жебе тартылган клавишаларды
басуу менен форманын элементтерин форманын жаңы чектерине карата
борборлоштуруп жылдыргыла.
5. Элементтер панелинин «Төрт бурчтук» кнопкасын баскыла.
6. Мыштын жардамы менен төрт бурчтуктун диагоналын форманын бардык элементтерин курчагыдай кылып жылдыргыла.
7. Куралдар панелинин ар кыл элементтерин колдонуу менен форманы жасалгалоодо
эксперимент жүргүзүп көргүлө.
8. Элементтер панелинен «Сүрөт» элементин тандагыла.
9. Форманын каалагандай жерине коюп, сүрөттү анын чектерин белгилөө үчүн чоңойткула.
10. Пайда болгон терезеден сүрөт тандап алып «ОК» баскыла.
Сүрөттөр формага элемент рамкасы аркылуу сүрөттү кесүү режиминде коюлат. Жайгашуу режимин өзгөртүү үчүн төмөнкү аракеттерди аткарыңыз:
11. Сүрөткө алып барып мыштын оң жагын басып, контексттик менюдан «Мүнөздөмө» командасын тандагыла
12. «Макет» бөлүмүнүн Өлчөмдөрүн орнотуу тизмесинен ачылган параметрлер терезесинен «Рамкага киргизүү (вписатң)» пунктун тандаңыз. Эми сүрөт элемент рамкасынын өлчөмдөрүнө карап, аны менен кошо чоңоюп жана кичирейет.
Таб. 5.3. Формалар жана отчетторду башкаруу элементтери
Аталышы Милдети
Жазуу (надписң)
Жазуулар тексттик талаа, тизмеси бар балаа ж.б. типтеги элементтер менен бирге автоматтык түрдө түзүлөт. Алар киргизүү талаасынын маанисин түшүндүрүп турат.
Кошумча жазуулар аталыштар жана түшүндүрмөлөр үчүн колдонулушу мүмкүн
Талаа
Таблицалар жана суроо-талап талааларынын маалыматтарын киргизүү жана көргөзүүдө колдонулат, андан сырткары эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын чыгаруу
үчүн да колдонулат
Өткөрүп тургучтар (переключатели) тобу
Өткөрүп тургучтар тобу таблицанын айрым талаасына көрсөтмө берип турат. Ар бир өткөрүп тургуч бул талаанынбелгилүү максат-сандык маанисине дал келет
Өчүргүч
Ооба/жок тибиндеги маалыматты киргизүүгө мүмкүндүк берет. «Ооба» же «чындык» чоңдугуна өчүргүчтүн чөктүрүлгөн абалы дал келет
Өткөрүп тургуч Өткөрүп тургучтар тобунун элементи, анда анын бирөө
гана белгиленип турат (анын айланасы карарып көрүнөт)
Желекче
Ооба/жок тибиндеги талааларды көрсөтүүгө арналган.
Белгиленген квадратча «ооба», а бошу – «жок» чоңдугуна дал келет
Тизмелүү талаа
Талаага түздөн-түз маани киргизүүгө да, алдын ала берилүүчү маанилердин тизмесинен тандап алууга да уруксат берет.
Тизме
Пункттардын топтомунан маалымат тандап алууга уруксат берет да, маанилерди түздөн-түз киргизүүгө уруксат бербейт.
Кнопка
Мындай кнопканы басуу башка формага өтүүгө, жазууларда жылып жүрүүгө, ж.б. көптөгөн операцияларды аткарууга боло турган команданы аткарат
Сүрөт
Рамкадагы каалагандай графикалык форматтагы сүрөт
Обьекттин бош рамкасы
Эч кандай маалымат булагы менен байланышпаган OLE Обьект Бириктирилген рамка таблица же суроо-талап маалыматтары талаасы менен байланышкан OLE Обьект
Бетти ажыратуу Форманы же отчетту принтерге чыгарууда беттин
которулушу жасалуучу сызык
Вкладкалар жыйнагы
Экрандын бир мейкиндигинде бир нече башкаруу элементтерин жайгаштырууга мүмкүндүк берет.
Элементтер логикалык топторго жеңил бөлүнгөн кырдаалдарда ыңгайлуу
Баш ийдирилген
форма/отчет
Формага (же отчетко) башкы форма менен байланышы бар башка форма (же отчетту) коет.
Сызык Түз сызык кошот
Төрт бурчтук Тунук же тунук эмес төрт бурчтукту каалагандай калыңдыктагы түстүү чеги бар кылып тартат
5.17-сүрөт. Конструктор режиминдеги форматталган сүрөтү бар форма
4.9. Көнүгүү
Болуп өткөн контакттар таблицасы үчүн мастердин жардамы менен дагы бир форма түзүңүз.
Сырткы көрүнүшүн ленталык, стилин – таш деп алыңыз. Форманы төмөнкү үлгү боюнча форматтагыла.
5.18-сүрөт. Болуп өткөн контакттар формасы
4.9.1. Аталыш жана эскертүү
Буга чейин сиз бир гана жазуу көрүнгөн форманы көрдүңүздөр. Бирок, форманын параметрлерин анын терезесинде таблицанын ар кандай жазууларын камтыган бирдей формалардын узун тизмеси көрүнгөндөй кылып жөнгө салууга да болот. Бул режимди иштетүү үчүн, төмөнкү аракеттерди аткарыңыз.
1. «Болуп өткөн контакттар» форма конструкторунун жогорку сол бурчун (5.19-сүр.)
мыштын оң кнопкасы менен басыңыз.
2. Контексттик менюдан «Мүнөздөрдөрү (свойства)» командасын басыңыз.
5.19-сүрөт. Форманы форматтоо параметрлери
3. Макет бөлүмүнүн Берилген режим тизмесиндеги «Ленталык форма» пунктун тандаңыз.
Мындай ленталык формаларда аталыштарды жана түшүндүрмө жазууларды жайгаштыруу үчүн кошумча бөлүмдөрдү колдонуу ыңгайлуу, анткени – лента формасын жылдырууда аталыштар жана форманын эскертүүлөрү жылбастан ордунда калат. Бул бөлүмдөрдү кошуу үчүн, төмөнкүлөрдү аткаргыла.
4. Форманын «Көрүнүш - Аталыш/эскертүү» командасын тандагыла, форма
конструкторунун терезесинде кошумча областтар пайда болот.
5. Элементтер панелинин «Жазуу» кнопкасын басыңыз.
6. Форманын аталышы бөлүмүндөгү төрт бурчтукту мыштын жардамы менен чоңойткула.
7. «Болуп өткөн контакттар тизмеси» текстин киргизгиле.
8. «Esc» клавишасын текстти редакциялоо режиминен чыгып, бирок жазуу белгиленген
бойдон калышы үчүн баскыла.
9. Форматтоо куралдар панелинин «Өлчөм» тизмесинен 14 санын тандагыла.
10. «Борборлошкон» кнопкасын басыңыз (5.20-сүрөт).
5.20-сүрөт. Аталыш жана эскертүүнү кошуу
11. Жогорку кадамдарды кайталап, эскертүүгө: «Эгер контакт кошууда сиз керектүү
адамды Фамилия тизмесинен таппай калсаңыз, Контакттар формасынын жардамы
менен бул адам тууралуу маалыматты кошуңуз» текстин киргизиңиз.
12. «Көрүнүш» кнопкасын басыңыз
Эми форма терезесинде дароо эки жазуу жайгашып калды. Мындай форманы барактоо
тилкелеринин жардамы менен барактоого болот. Форманын аталышы жана эскертүүсү
терезенин жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүндө көрүнөт, жазууларды жылдырууда алар жылбастан калат.
4.10. Отчет
Жалпысынан отчеттор формаларга окшош, бирок алар, эреже катары, маалымат базасынан маалыматтарды принтерге чыгаруу үчүн ылайыкташкан. Ошон үчүн отчеттордо маалыматтарды өз-өзүнчө барактарга жайгаштырууга ыңгайлуу болгондой кылып форматташат. Отчеттор жасалгалоонун ар түрдүү ыкмаларын колдонот жана маалыматтарды логикалык бирдиктүү бүтүн блоктордо топтоого шарт түзөт.
4.10.1. Отчеттор мастери
Ар кандай адамдар менен болгон контакт тууралуу отчетту тез түзүү үчүн мастерди колдонобуз.
1. Маалыматтар базасы терезесинен Отчетор кнопкасын басыңыз.
2. Отчетту мастердин жардамы менен түзүү белгисин эки жолу басыңыз.
Отчетко адамдар тууралуу маалыматты да, алар менен болгон контакт тууралуу маалыматта да киргизүү керек. Ал үчүн бир адам менен болгон контакттарды топтоштуруп, ал тизмелерди бул адам тууралуу маалыматтар областынын ылдый жагына чыгаруу керек. Андан соң кийинки адам тууралуу жана аны менен болгон контакттардын тизмесин чыгаруу керек. Жазууларды басуунун мындай тартиби сиздин коллегаларыңыздын каалаган адамы менен контакт тизмесин тез таап
алууга шарт түзөт.
3. Отчет мастеринин биринчи терезесинин Таблицалар жана суроо-талаптар ачылуучу
тизмесинен «Контакттар» таблицасын тандагыла.
4. Тандалган талаалар тизмесине басуу менен Фамилия, Аты, Адреси, Уюмдун аты, Кызмат орду, Жумушчу Телефонун кошкула .
Эскертүү: КодКонтакт талаасы эки таблицанын жазууларын байланыштыруу менен кызматтык маалыматты камтыйт. Мындай талааларды отчетко эч качан кошпоңуз.
5. Таблицалар жана суроо-талаптар тизмесинен «Болуп өткөн контакттар» таблицасын
тандаңыз.
6. Контакттар таблицасынын талааларына кошуу менен «Дата, Тема» жана «Түшүндүрмө» талааларын тизмеге карай жылдыргыла.
7. «Андан ары» кнопкасын басыңыз.
Мастердин кийинки терезелеринен маалыматтардын жайгашуу ыкмаларын тандоого болот –Контакттар таблицасынын жазуулары боюнча, андан соң Болуп өткөн контакттар таблицасынын жазуусу боюнча иреттелген, же тескерисинче. Топтоштуруу схемасы диалогдук терезенин оң жагынан көрүнүп турат.
8. «Структура 1» өткөрүп тургуч абалын тандагыла
5.21-сүрөт. Отчеттор мастери терезеси
9. Андан кийин «Андан ары» кнопкасын баскыла.
10. Мастердин кийинки терезесинен Катуу (строгий) тартипте жасалгалоо вариантын тандап алып, «Андан ары» кнопкасын басыңыз.
11. «Контакттар тизмеси» текстин аталыш катары киргизиңиз да, «Даяр» кнопкасын
басыңыз.
Мастер отчетту түзөт жана аны алдын ала көрүү режиминин өзүнчө терезесинде ачат. Анда адегенде биринчи адам жана аны менен болгон контакттардын тизмеси, андан соң экинчи адам, ж.д.у.с. катар маалыматтар берилет. Жалпысынан отчет жаман эмес түзүлгөнү көрүнөт да, ал талап коюуну билбеген колдонуучуга жагышы мүмкүн (5.22-сүрөт).
5.22-сүрөт. Мастер түзгөн отчеттун фрагменти
4.10.2. Отчеттор конструктору
1. Конструктор режимине өтүү үчүн «Көрүнүш - Конструктор» командасын тандаңыз.
5.23-сүрөт. Отчеттор конструктору
Отчеттун схемасында (5.23-сүрөт) бир канча бөлүмдөр бар. Алардын милдети 5.4-таблицада көрсөтүлгөн. Талааларды жана кол коюуларды отчеттун каалаган бөлүмүнө жайгаштырууга, алардын беттеги абалын жөнгө салууга болот.
Таб. 5.4. Отчеттун бөлүмдөрү
Бөлүм Милдети
Отчеттун аталышы
Отчеттун башында бир жолу басылат. Көрүнүш -Аталыш/отчеттун эскертүүсү командасы менен чыгарылат жана жашырылат
Жогорку колонтитул
Ар бир беттин жогорку талаасына басылат.
Көрүнүш – Колонтитулдар командасы менен чыгарылат жана жашырылат
КодКонтакт тобунун аталышы
КодКонтакттар талаасынын кезектеги маанисине дал келүүчү жазуулардын ар бир тобунун башында пайда болот (б.а. топтоштуруу берилген талаада)
Маалыматтар областы Отчеттун негизги маалыматтары
Ылдыйкы колонтитул Ар бир беттин төмөнкү талаасына басылат.. Көрүнүш –
Колонтитулдар командасы менен чыгарылат жана жашырылат
Отчеттун эскертүүсү
Отчеттун эң акырында басылат. Көрүнүш - Аталыш/ отчеттун эскертүүсү командасы менен чыгарылат жана жашырылат
2. ‘КодКонтакттар’ тобунун аталышынан ылдый жакка Сызык элементин кошуңуз
5.24-сүрөт. Бөлүмдөр ортосунда жазуулардын жылып жүрүшү
3. «ЖумушчуТелефон» жазуусун басыңыз. Аны кайталап басып редакциялоо режимин
иштетип «Жумушчу Телефон» текстине алмаштырыңыз.
4. КодКонтакт тобунун Аталыш бөлүмүнүн талааларын үч сапка бөлүп жайгаштыргыла.
«Фамилиясы жана аты» — биринчи сапта, «Уюмдун аты» жана «Жумушчу Телефон»
– экинчи сапта, а калган талаалар — үчүнчүсүндө.
5. «Дата» талаасын басыңыз. Анын горизонталдык өлчөмүн талаанын оң чегинин ортоңку маркерин тартуу менен чоңойтуңуз.
6. «Тема» жана «Түшүндүрмө» талааларынын ордун алмаштырыңыз.
7. «Көрүнүш Алдын ала көрүү» командасынын жардамы менен отчетту маалыматта
чыгаруу режимине өткөргүлө. Отчетту жапкыла.
5.25-сүрөт. Өзгөртүлгөн отчет
4.10.3. Топтоштуруу жана сорттоо
Отчеттор мастери автоматтык түрдө Болуп өткөн контакттар таблицасынын маалыматтарын алардын Контакттар таблицасынын тигил же бул жазуусуна тиешелүүлүгүнө карап топтоштурат, мындай топтоштуруу бул эки таблицанын КодКонтакт талааларынын ортосундагы байланышы менен аныкталат. Бул ыңгайсыз, жазуусунун саны көп отчеттордо керектүү адамды табуу оор болот. Сорттоо эрежесин өзгөртүү мааниге ээ болгон учурда, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз.
1. Конструктор режиминде Болуп өткөн контакттар отчету ачыңыз.
2. Куралдар панелинин Сорттоо жана топтоштуруу кнопкасын бассаңыз, диалогдук терезе ачылат.
Бул терезеде сорттоо деңгээли «КодКонтакт» талаасы боюнча өсүү тартибинде берилген.
«КодКонтакт» сабынын кнопкасында жазуулар ушул талаа боюнча топтоштурулаары, б.а. Контакттар таблицасынын жазуулары көп болгон учурда «КодКонтакт» талаасынын ар бир жаңы мааниси үчүн топтун аталышы генерацияланаары, анда адамдардын аты, фамилиясы жана башка мүнөздөмөлөрү берилери тууралуу билдирген белги көрүнүп турат.
КодКонтакт талаасын сорттоодо Фамилияга өзгөртүп койсо отчеттогу жазуулар алфавит боюнча тизилип калчудай жеңил эле көрүнөт. Бирок бул убакта төрт окшош Кадыров аттуу фамилиялуу адам үчүн бир гана топтун аталышы чыгарылат, анын ылдый жагында Кадыровдор менен болгон контакттын тизмеси жайгашып калат. Эстеп көрсөңүз, топтун жаңы аталышы талаанын ар бир топтоштуруу жүргүзүлө турган жаңы мааниси үчүн гана чыгарылат, «КодКонтакт» —Контакттар
таблицасынын жазууларын уникалдуу идентификациялоочусу, анда топтоштуруу бул
таблицанын бардык жазуусун отчетто чыгарууну камсыз кылат. Фамилиялары жана аттары боюнча жазууларды сорттоо үчүн Сорттоо жана топтоштуруу диалогдук терезесинин тизмесине тиешелүү талааларды кошуп, аларды КодКонтакт топтоштуруу талаасынан жогору жайгаштыруу керек.
5. «Талаа/сөз айкашы » ачыла турган тизмесинин кнопкасын экинчи саптан басыңыз.
6. «Фамилия» пунктун тандаңыз.
7. Үчүнчү саптын Талаа/сөз айкашы ачыла турган тизмесинен «Аты» пунктун тандаңыз.
8. Куралдар инструментинен «Көрүнүш» кнопкасын басыңыз, ал отчетту алдын ала көрүү режимине алып чыгат.
Эми жазуулар адегенде фамилиясы боюнча, андан соң аттары боюнча сорттолот (5.26-сүрөт).
5.26-сүрөт. Отчеттун акыркы көрүнүшү
4.11. Көнүгүү
Үйрөнгөн көндүмдөрүңүздү пайдаланып жогорку көнүгүүлөрдө түзүлгөн эки суроо-талап үчүн отчет түзүңүз